, 07.10.11 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Мода-2011

Президентке баруучу
"кыл көпүрөдөн" ким өтөт?
Президентке талапкердигин коюу - быйылкы 2011-жылдын модасы. 3 миллионго жетпеген кыргыздын 35 жаштан өтүп 70 жашка чейинкилердин көпчүлүгү талапкер болуп катталмай болду. Шайлоочудан талапкери көп бул шайлоодо ким талапкер, ким шайлоочу экени билинбей мээ кайкы болмой болдук.

Кыргызга ажо керектир,
Кыйын, оор заман себептир.
Дорулдап эми кыргыздар,
Добушту салып келет бир.

Алтынын чубап катылган,
Т. Бакир эми чачылган.
Темселеп өткөн шайлоодо,
Турсукең деле сатылган.

Жүрөктө дале от калган,
Миллионду тапкан соткадан.
Азикең дале жулунат
Аксысын сүрөп ок алган.

Жибектей болуп созулган,
"Скочту" алып оозунан.
Бук болуп калган Топчукең,
Бакырып чыгаар Ошунан.

Уйгур эл көңүл буруп кет,
Шайлоодо колдоп, туруп кет.
Ормондой кылып опуза,
Ормонов сүрөйт Улукбек.

Тердесең, мейли тердесең,
Ташиев жакты жердесең.
Талкалап коёт мурдуңду,
Шайлоодо добуш бербесең.

Колуна бийлик тийиппи,
Бийикти, эңсеп бийикти.
Акматбек мырза Түркияда,
Кубалап кеткен кийикти.

ААШты колдоп коюптур,
Жылкыны жүздөп союптур.
Бабашка иштеп бат эле,
"Мегаком" жактан тоюптур.

Султанов Марат турат бек,
Чет элден миллиард сурап жеп.
Өтүшсө өтсүн башкалар,
Өтө албай Маке, кулап кет!

Нариман аке ал дагы,
Байлыктан бир топ салмагы.
Эстелик курган борборго,
Батасын берет калмагы.

Каттани акең генерал,
Каткандан элге бере кал.
Бийликке келсе Нарындан,
Көп болсо, кытай жер алаар.

Оозумду эптеп тыйсам деп,
Добушту көп-көп жыйсам деп.
Чалынып өзү мыйзамга,
Өмүкең жүрөт мыйзам деп.

Калматов деген тепеңдейт,
Ажого мен да жетем дейт.
Беш жылы күйшөп миллиардды,
Мен дагы качып кетем дейт.

"Токбайдын тоюн" бериптир.
Он миңдеп конок келиптир.
"Шут" болуп жүргөн Жунусов,
Шайлаймын деп желиптир.

Аялы басып желкелейт,
Байболов чуркап энтелейт.
Садага чаап кызматын,
Сауна жакта эркелейт.

"Аянбай акча төгөм" дейт
Адахам мырза: "көрөм" дейт.
"Ажого эгер жетпесем,
Асынып эле өлөм"- дейт.

Бүлүк салып тынч жаткан,
Айыл-апа, кыштактан…
Атамбаев коркутат,
Аламын деп кызматтан.

Ажыга кеткен Арабка,
Малынып башы аракка.
Сөккөндүн жолун үйрөтүп,
Данчик акең дабатта.

Жалгыз калып охулап,
Курманбек ака отурат.
Туулган жер асыл Сузактан,
Буюрса деп топурак.
Кыргызстан деген жер кандай!
Кабары жок эч кандай.
"Канайым" менен тиктешип ,
Отурат Аскең бет маңдай.

Ажолор качып тырактап,
Оор заман барат ыраактап.
Ордуна бекем жабышпай,
Роза эже сизге ырахмат!

Калганы эми чабактар,
Убакыт келди аяктар.
Шайтаның алсын ажону,
Албаса экен саяктар!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ