, 07.10.11 - 12-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Бир тууганым менен аялымдын айынан көчөлөп калдым
Жашоого келген адам баласынын тагдыры оош-кыйыш, өйдө-төмөн сыноолор менен коштолот тура. Ал сыноону көтөрүп кеткени да, ийилип сынгандар да болот. Бүгүнкү маектешибиз Темиров Пурстанбек да жашоодон ордун жоготуп алгандардын бири. Жонуна чаарала баштыгын көтөрүп, таштандылардан бөтөлкө чогулткан бул адам менен маектешип жатып андагы адамдык сапат, бир учурдагы маданияттуу мамиле дагы эле сакталып калганын байкадым.

- Сиздин ушул абалга келишиңиздин себеби эмнеде?
- Мен 1961-жылы Ош областтынын Өзгөн районундагы Кызыл-Сеңир айылында туулгам. Убагында эки окуу жайды бүтүргөм. Дене тарбия жана Политехникалык институтун, андан соң ИИМдин өрт өчүрүү башкармалыгына комендант болуп кирдим. Ал жактан капитан деген наам алдым. Кийин Дордой базары тараптан ашкана алып, ошону иштетип жүргөн кезде балдар сабап кетишти, ошол себептен беш жыл төшөктө жаттым. 1991-жылдан баштап темир жолдо бөтөлкө алдым. Бөтөлкө алып, иштеп жаткан кезде аялым өзүмдүн бир тууган байкем менен ынак мамиледе болуп, жүрүп кетти. Ушундан кийин аракка баш-отум менен кирип, ушул абалга жеттим. Мурда бөтөлкө алсам, азыр эми минтип бөтөлкө сатып күн көрө баштадым.
- Үй-бүлөңүз тууралуу айтып кетсеңиз, азыр алар менен байланышып турасызбы?
- Бир уул, бир кызым бар. Угушума караганда кызым быйыл Медакадемияга тапшырыптыр. Уулум болсо Курулуш техникумунда окуйт экен. Үй-бүлөмдү көрө элекмин, көргүм дагы келбейт. Кечээ күнү Абай көчөсүндө Арапбай деген бөтөлкө алган киши бар, ошого аялым келип айтыптыр, күйөөмдү алып кетип, чогуу жашайлы деп жатам деп. Эртең келем дептир, бүгүн барсам келбептир. Каякта жашагандарын да билбейм, байкемдин колунда турушса керек. Биздин үй-бүлөдө эгиз балдар бар, аялым жакта да эгиздер бар. Эми аялым айтат экен байкеме, эгиз эмес сегиз төрөп берем, үч эм төрөп берем деп.
- Ал эми кыштын ызгаарында эмне кылып жан багасыңар?
- Ушул жерде люкта жашайм. Ысык суу чыккандыктан кышкысын жылуу болот. Жакында кыш келе жатат, былтыр жылуу болгон, мурдагы жылы суук болуп 18 адам көз жумган. Кээ бирөө түрмөдөн чыгат, жашай турган жери жок бизге аралашып кетишет. Өзүмдун ашканам бар. Мына бул шапкемден чоңураак ашканам бар, 3 адам кеңири тоет. Өзүм 6-даражадагы ашпозчумун, анча-мынча аялдарга караганда тамакты жакшы жасайм. Колумдан бардыгы келет. Азык-түлүгүм бекер, кээ бир байлар машинасы менен келип беришет, кээ бирөөсү дарбазанын сыртына илип коюшат. Алардын кээде жумуштарын жасап берем.
- Бул жерде сизден башка дагы адамдар жашайбы? Алар кандайдыр бир себептерден улам жакшы жашоого бирөөлөрдүн жардамы менен кеткендери болобу?
- Ооба, бул жакта мага окшогондор көп. Акырын кеткендер бар. Эми алар дайыма жумушка, бирөөнүн малын багат, үй жумуштарын жасашат. Кээ бирөөлөрдүн үй-бүлөсү келип алып кеткендер болот. Менин көргөндөрүмдөн экөө кетти. Баргандан кийин 2 ай өтпөй бирөөсү каза болду. Жогоруда айтпадымбы, мурдагы жылы 18 адам каза болду деп, ошолордун арасында бир токтогулдук жигит каза болду. Жата турган жери жок, мен люкка алып барып тамак берип карадым. Бирок ал дагы ошол суукта каза болуп калды.
- Азыркы убактагы мамлекетибизде болуп жаткан саясий кырдаалга кандай карайсыз?
- Саясатка кызыкпайм, түшүнүгүм да жок. Өзүм менен алекмин.

Айгүл Дүйшөнбек кызы




  Тиш дарыгери Лейля Адилова:

"Чет өлкөлүктөрдөн калышпоо аракетиндебиз"
- Лейля айым, бул мамлекеттик атайын бейтапканада иштегениңизге канча убакыт болду?
- Оо, ары-бери карагыча эле он үч жыл болуп калыптыр.
- Тиш дарыгерлик кесипти тандоодо ата-энеңиздин кеңеши болдубу, же өзүңүздөн каалооңуз менен медициналык окуу жайына тапшырдыңыз беле?
- Бул кесипти тандоо бала кезимден эле оюма келген десем болот. Апам өзү дарыгер болгондуктан "Сен да дарыгерлик кесипке бар" деген кеңешин эртели-кеч кайталап да, түшүндүрүп да турса керек. Ошентип мединститутка кирип беш жыл окудум. Эки жыл Украинанын Запорожья деген шаарында клиникалык ординатурасынан билим алдым. Ошентип Кыргызстанга келдим. Республикалык стоматологиялык бейтапканаларда иштеген беш жылдан соң ушул жерде ишимди улантып келүүдөмүн. Менин ишке аралашышымдын жалпы мөөнөтү 25 жылга чукулдап калды.
- Стоматология медицина илиминин чоң бир бөлүгү экени көпчүлүккө маалым. Ким болбосун кайсы жери ооруса жан ошол жерде болуп ооруган жердин кадырын билет экен. Сиз иштеген бейтапканага кайрылгандардын дээрлик баары интеллигенттер, чыгармачыл адамдар эмеспи. Ишиңизде оор учурлар деле көп болсо керек?
- Туура айтасыз, бизге ар кыл адамдардын келиши кадимки эле көрүнүш. Чиновниктер, саясий, коомдук ишмерлер жана катардагы эле адамдар да келишет. Демек алардын баары кыргыз элине, өлкөбүзгө эмгегин арнаган адамдар, ал эми аларды дарылаган кесипкөй дарыгерлер. Алар жүрөк туюмдары, Гиппократтын анты боюнча ак дилден иштерин жүзөгө ашыруу аракетинде болушат. Ошондуктан алардын ар бирине бирдей аракетте ден соолуктарын калыбына келтирүү жагын оюбуздан чыгарбайбыз. Анын ичинен өзүм иштеп келе жаткан стоматология кызматы кыйла өзгөчөрөөк деп айтаар элем. Чын-чынына келгенде тиш ооруу адамды уйкудан ажыраткан өтө чыргай ооруу экенин башынан кечиришкендер жакшы билишет. Ошондуктан эң алгач бул ооруну жок кылыш керек.
- Леиля айым, бул жерден мага кызык бир маселе жаралууда, сиздин ишиңиз дарыгерлик менен катар техникалык кызматка көбүрөөк жакын го деген ойдо калдым. Анткени жабыркаган тиштин сыныктарын өгөөлөө сыяктуу иштерди да жасап жатасыз, ушул жагын түшүндүрө кетсеңиз?
- Жок, бул түздөн түз дарыгерлик иш. Мындан 20 жыл мурун эле дарылоо мындай жүргүзүлчү эмес, дарылоонун көп жолу башкача болчу. Жыл өткөн сайын дарылоонун ыкмасы улам өркүндөөнүн, жаңылануунун үстүндө. Стоматология тармагы биздин республика эгемендик алгандын жыйырма жылында эле таанылгыс болуп өзгөрдү десем болот. Биз кийин эң мыкты препараттар менен катар жакшы пломбуларды пайдаланып келүүдөбүз, аларды чет өлкөлүктөр кандай пайдаланышса биз дагы алардан калышпоо аракетиндебиз. Ал эми дарылоонун техникасы болсо мурдагыга салыштырмалуу кыйла өзгөрүлгөн. Дарылануучуга кылдат мамиле жасап, дарылаган жерге инфекция кирип кетип тынчын албасын үчүн болгон аракеттерди жасайбыз.
- Ар бир адамдын кыялы ар түркүм болот эмеспи, сиздерге кайрылган адамдардын мүнөзүнө жараша мамиле жасоо сиздерди психолог кылып койсо керек?
- Ар бир дарыгер аздыр-көптүр психолог болот. Дарыланууга келе жаткан адамдын өң-келбетине бир ирет көз чаптырып анын кандай адам экенин билип коюуга болот. Ал адамдын мүнөзүнө жараша мамиле жасоого туура келет. Мүнөзү зымга тарткандай адамдар канча, аларга да өзүнө жараша жылуу-жумшак мамилебизди аябайбыз. Албетте, дарыгердин милдети булар эмес, биздин милдет-жабырлануучунун оорусу кандай эң алгач жай сөз менен түшүндүрүү. Андан соң дарылап айыктыруунун жолун табуу жана аны жүзөгө ашыруу. Акырында жакшынакай айыктырып узатуу. Ал үчүн дарыгер жөн гана дарыгер эмес кайсы бир деңгээлде психолог да болушу керек.
- Эми үй-бүлөңүзгө аздыр-көптүр токтоло кетсеңиз?
- Бир кызым бар, быйыл онунчу классты аяктады, кийинки жылы жогорку окуу жайларынын бирине окутушубуз керек деп бүгүнтөн баштап анын камын көрүүдөбүз. Менин оюмча кимге болбосун үй-бүлөсү биринчи орунда турушу керек, ошондо гана ал адам кызматын да жакшы аркалай алат. Жолдошум Сагын Өмүралиев кесиби боюнча юрист, ишиме түшүнүү менен мамиле кылган адам.

Тенти Орокчиев