, 30.09.11 - 5-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  маек

Азыркы тапта Кыргызстандын саясий абалы ар бир адамдын көңүл чордонунда эмеспи. Айрыкча, өлкөбүз үчүн чоң мааниге ээ, тарыхыбызда алгач жолу мындай жол менен өтө турчу алдыдагы президенттик шайлоо да тынчтандырып турат. Себеби, коомчулукта ар кандай маанидеги маалыматтар өтө эле арбын. Ошол эле Бакиевдер, алардын өлкөбүздөгү күчтөрү, Медет Садыркуловдун өлүмүнүн ачылышы да көптөгөн пикирди жаратууда. Булардын бардыгы канчалык деңгээлде чындыкка жакын экендигин анализдөө максатында Эл аралык университетинин Этнология институтунун жетекчиси, белгилүү саясий серепчи Табылды АКЕРОВго кайрылдык.

Табылды АКЕРОВ:
"АТАМБАЕВДИ ЭЛЕ ЖОК КЫЛСАК, АНДА ШАЙЛООНУ УТУП АЛАБЫЗ"
- Табылды мырза, ИИМ тарабынан алты ай мурда эле ачылган М.Садыркуловдун өлүмү боюнча эмнегедир коомчулукка жакында эле билдиришти. Ага кошумча Рысбек Акматбаевдин да өлүмү ачылат, жакында кылмышкерлердин аты аталат деген маалымат бар. Садыркуловдун иши боюнча А.Мадумаров көрсөтмө берээрин М.Турганбаев айткан эле. Р.Акматбаев боюнча да ал кездеги ИИМ министри Ө.Суваналиевден да көрсөтмө алышы толук ыктымал. Мындан улам ИИМдин кадамы шайлоо алдындагы саясий оюндардын эле бири деген да ой туулат экен. Сиз кандай деп ойлойсуз?
- Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча ИИМ тарабынан көп маалыматтар чыгып атат, айрымдары шайлоо алдындагы атайын шоу-кампанияга айландырып жатат деген пикирлерди да айтышууда. Менимче, Садыркуловдун өлүмүн изилдөө татаал, негизи эле бардык Бакиевдин доорундагы буйрутма өлтүрүүлөрдү изилдөө өтө кыйынга турат, себеп дегенде көп убакыт өттү, көпчүлүгү изин суутуп кетти. Бирок, кудайга шүгүр, биздин ИИМ кызматкерлери изин таап, кылмыш иштерин аракет кылып ачып жатышат. Туура, маалыматтардын чыгышы шайлоонун астында болду, бирок ошол эле учурда Мелис Турганбаев айтып жатат Мадумаров, Конгантиев, дагы башка тиешеси барларды чакырабыз деп. Бирок бул ишти дагы бир 2-3 ай изилдеп, анан толук бойдон жарыя кылабыз деди. Шайлоо болгону менен Мадумаровго кандайдыр бир тоскоол кылган аракеттер жасалбайт, бирок жакында Москвадан, Тажикстандан бир топ Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деген кылмышкерлерди кармап келип суралып жатышпайбы, ошолордун болобу, же башка бир ушуга тиешеси бар кылмышкерлердин сөзүнөн Мадумаровдун катышы анык болуп калса гана анда бир чара колдонушу мүмкүн. 7-апрелден кийин Кыргызстан демократиялык негизде өнүгүп баратат, ошондуктан мен ойлойм шайлоо учурунда ага тоскоолдук жаралбайт жана камабайт болуш керек. Шайлоодон кийин анык суроолор башталат деген ойдомун.

- Бакиевдин учурунда жалданма өлтүрүүлөр биринин артынан бири болуп жатты. Анын бардыгы бүгүнкү күнгө чейин ачылбай келет. Бул иштер кайра каралып, кылмышкерлер жазасын алаарына ишенүүгө болобу?
- Так ачылган кылмыштар боюнча бардыгы эле өз жазасын алат болуш керек, бирок качып кеткендер боюнча айтыш өтө эле татаал. Мисалы, Жаныш Бакиев Медет Садыркуловдун өлүмүнө тике күнөөлүү деп айтылып жатат, бирок анын кайда экенин эч ким билбейт. Ошого карабай иштин ачылып жатканы жакшы көрүнүш. Интерпол аркылуу, же жашынып жаткан мамлекеттердин бийлиги аркылуу аракеттенип, Кыргызстанга алып келип, жазасын тарттыргыдай кылат болуш керек. Албетте, аны таап, алып келиш абдан эле кыйынга турат.

- ИИМ Бакиевдерди издөөгө салып, кармайбыз деп айткандары менен, алар өлкөгө эркин эле келип-кетип жаткандыгы тууралуу көп эле маалыматтар бар. "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт демекчи", Сиздин баамыңызда бул канчалык деңгээлде чындыкка жатат?
- Бул жерде Бакиевдердин Кыргызстанга таасир береин деген ниети барбы, ушул маселе негизги ролду ойнойт. Мисалга алсак, парламенттик шайлоодо айрым партияларды каржылаган деген маалыматтар өтө көп болгон, эми болсо Жаныш Бакиев жакында келип, түштүк тараптан Мадумаров, Сатывалдиев болуп жолугуп, премьер-министр Алмазбек Атамбаевге каршы бир беткей чыккыла деген сөз тараган. Бул маалымат президенттикке кандидат, түштүктүн кулуну Калмаматовдун оозунан чыккан. Ал "мен өзүм уктум, колуна суу куйган, чай берген адамдарды тааныйм" деп айтып жатпайбы, демек мында чындык бардай. Экинчиден, Бакиевдердин Кыргызстандагы саясий процесстерге таасир берели деген аракетин да байкоого болот. Анткени, байкап көрсөк ар бир саясий процесстерде кандайдыр бир маалыматтар чыга баштайт. Мисалы, өткөн парламенттик шайлоолор учурунда 700 миң доллар чек арадан өтүп келе жаткан жеринен биздин коопсуздук кызматы тарабынан кармалган. Териштирүүлөр болуп иш сотко кеткен. Мындай өлчөмдөгү акча жашыруун түрдө, шайлоо убагында жөн жерден кирген жок да. Мында да, шайлоолор башталганда Жаныш Бакиевдин уулдары Кыргызстанга кирип жаткан жеринен кармалышты, андан мурдараак бакиевдердин келиндери, аялдарынын бири Кыргызстанга акча алып келиптир деген маалыматтар тараган. Мунун бардыгы эле демек, Бакиевдер чын эле Кыргызстандагы саясий процесстерге таасир берели деген ниети бар экендигин аныктап турат. Балким алар керек болсо чек арачылар балдарды токтотсун деген мааниде атайын мыйзамсыз өткөргөнгө аракеттенишкен. Себеп дегенде, "Бакиевдер балдарын коркпой эле киргизип атышыптыр, өздөрү да келет экен" дегендей бир миш-миш таралсын коомчулукка деген аракеттер жасалып атат да. Чындыгында, бизнесмен кишилер башка жактан жай таап алганда орду түбү менен жигин билгизбей кетип калат, а булар болсо аялдары, балдары келип атканы демек Кыргызстанга таасир берип, балким кайра келсекби деп, же болбосо өздөрүнө ынак бакиевчил саясатчыларды алып келип, Кыргызстанга оңой кирип чыгып турсак деген аракеттер болуп атканын байкасак болот.

- Талапкерлердин арасында "пробакиевдик" күчтөр бар экендигин Сиз да айтып келесиз. Ачык анализ жүргүзүп, талапкерлердин кимиси Бакиевдердин кызыкчылыгын көздөөрүн аныктап бере аласызбы?
- Кыргызстанда бир да саясатчы өзүнүн акчасы менен президенттик шайлоого барбайт, парламенттик шайлоого да парттиясын алып барбайт. Алар сөзсүз түрдө сырттан акча издешет. Өткөндө эле Нариман Түлеев айтпадыбы, парламенттик шайлоодо Москвага барып "мен, Ташиев, Келдибеков, Айдар Акаевге жолугуп, андан парламенттик шайлоого деп 500 миң доллар Келдибеков менен Ташиевге берген" депчи. Бүгүнкү күндө көрүп атабыз, он бештей Бакиевдин доорундагы өтө лөк саясатчылар катышып атат, айрымдарынын акчасы бар, айрымдарынын таптакыр эле акчасы жок. Мисалы, Мадумаров, Суваналиев, Кубанычбек Исабеков, ж.б. бул кампанияны толук каржылай тургандай акчалары жок, бирок алар билет, кайсы жактан канча акча келээрин. Мен ойлойм, булар атайын бир план менен кандидатураларын коюп атышат болуш керек деп. Мындан төрт-беш ай мурун маалымат кеткен Ж.Бакиев тарабынан план түзүлүп, ага ылайык бардык бакиевчил саястачыларды талапкер кылып койдуруп, добуштарды бөлүп кетип, экинчи турга чыкканда бардыгы биригип, бир кандидат үчүн иштеп, анан шайлоону утуп алабыз дегендей сөздөр айтылып жүргөн. Мына ошону биз азыр көрүп атабыз.
Экинчиден, демократиячыл саясатчылар Ө.Текебаев, Т.Сариев, А.Атамбаев ж.б. буларга деле маалыматтар түшүп турат. Ошондуктан деп ойлойм, түштүктө Ж.Бакиев, Э.Сатыбалдиев жана А.Мадумаров менен жолуккандыгы тууралуу маалымат тарагандан кийин Өмүрбек Текебаев өзүнүн кандидатурасын алып, "мен жана биздин партия демократияны курууга жана 7-апрелден кийинки реформаларды улантууга аракеттенген кандидатты колдойбуз" деген билдирүүсүн жарыялады. Т.Сариев да ачык Атамбаевди колдоорун айтып чыкты. Демек, буларда дагы кандайдыр бир маалыматтар бар, кооптуу абал түзүлүп аткандыгын көрүп, ошого демократиялык күчтөр биригип атат деп түшүнсө болот. Албетте, үч партиянын лидерлери катары булардын да ортосунда өз ара конкуренция бар, бирок, ошол эле учурда, пробакиевчил саясатчылардын биригип, бир багытта аракет жасап атканын көрүп, кооптонуп, алар дагы бирге иш алпарууну көздөшүүдө.

- Алдыдагы президенттик шайлоолордо өтө курч тирешүүлөр болот. Керек болсо президенттик такта үчүн талапкерлер жалданма өлтүрүүлөргө да баруулары мүмкүн деген сөздөр да бар. Дегеле бүгүнкү кандидаттардын ортосундагы абалды кандай баалайт элеңиз?
- Мындай ушактар парламенттик шайлоолор учурунда да тараган. Мен дагы бакиевчил саясатчынын өзүнүн оозунан уккам, "революционерлердин ичинен Атамбаев эле курч анан кыйын экен, ошону өлтүрсө эле калганы качканы качып жок болуп, биз кайра бийликке келет экенбиз" деп айтканын. Мындайча айтканда, күч менен, психологиялык жактан элге кандайдыр бир таасир берүүнү көздөп жаткан кайсы бир топтор байкалып атат. Ушундай абалды биз 7-апрелден кийин түштүктө көрбөдүкбү, күч органдары, коопсуздук кызматы, прокуратура, сот Бакиевдер келип калса эмне болобуз деп коркушуп, иштей албай калбадыбы. Процесстердин баары контролсуз болуп, аягында Ош, Жалал-Абад окуялары чыгып кетти. Менимче, азыр да ар кандай ушактарды таратып, коомчулукту коркутуп, бир паника абалга түшсө анан өзүбүздүн планды ишке ашырып алабыз деген негизде жазалып атса керек. Р.Отунбаева АКШга барганда дүйнөлүк коомчулук менен пикир алмашып, саясатчылар менен сүйлөшүп, билдирүүлөрдү жазап жатат. Демек, Бакиевдер дагы мындан кийин өтө чочуп калышты, анын кылмыштуу иштери ачылып калса кайсыл жака барбасын экстрадиция кылынаарын түшүнүп турат, ошондуктан болгон күч аракетин жумшап атат. Бүгүнкү күндө кандидаттардын арасынан Атамбаев эле демократиялык күчтөрдүн өкүлү катары калды, ушундан улам "Атамбаевди эле жок кылсак, сөзсүз түрдө биздин кандидаттардан бирөөсү шайлоону утуп алышы мүмкүн" деген да пландары болуш мүмкүн. Мындай маалыматтардын саясий процесстердин башталышы менен кайталанып жатканы бекеринен болбосо керек.

- Өткөн жылдын апрель окуялары боюнча сот дагы да уланууда. Буга УӨтү да күнөөлөшүүдө. Сот апрель окуясы боюнча таза, адилеттүү чечим чыгарат деген ишеним барбы?


- 7-апрель окуясы чынында өтө эле узакка созулуп кетти. Бирок мунун да жакшы жери бар болуш керек деп ойлойм. Себеп дегенде, эгерде буга чейин иш каралып, кайсы бир чечимдер чыгып кетсе М.Садыркуловдун өлүмү ошо чечимден кийин каралып калмак да. Буга чейин болгон бир топ буйрутма өлтүрүүлөрдүн бардыгы тең ачылып, Бакиевдердин ошого тиешеси бар экендиги аныкталса анда анын жоопкерчилигин жеке эле Кыргызстандык сотунда эмес балким адам эркине, адам баласынын жашоосуна каршы аракеттенген деген жобо менен эл аралык трибуналарда каралып калышы мүмкүн. Анткени, Курманбек Бакиев бийликке келгенден баштап Кудайбергенов, Тынчтыкбек, Рысбек Акматбаевдер, Баяман Эркинбаев, Кыдыралиев, Раатбек Санатбаев, Шаботоев дагы көптөгөн эртең же бүгүн өлөт деп ойлобогон адамдар киши колдуу болуп өлүшкөн. Мунун бардыгында тең саясаттын негизи бар, ошондуктан аркасында Бакиевдер турушу мүмкүн. Эгерде дагы бир бакиевдердин тиешеси бар деген 2-3 иш ачылып кала турган болсо, анда 7-апрель окуясы менен биригип, балким эл аралык негизде да каралып калышы мүмкүн деп ойлойм. Мурда эле кан жолу менен кетип коркунуч туудура турган саясатчыларды жок кылып келген да. Ал эми 7-апрелде болсо, бийликтен ажыраарын анык билгенден кийин түздөн түз элди аткыла деген буйрук беришээри шексиз эле да.

- Кечээ жакында эркиндикке чыккан Максат Абакиров кайсы бир газетага интервью берип, ал жерде: "Мен Бакиевдин учурунда ага каршы чыккан адамды колдойм. Акаевге да, Бакиевге да каршы турган Алмазбек Шаршенович болгон" деген. Бул тууралуу Ө.Текебаев кылмышкерлерди ММКлар баатыр кылып интервью алып, алар өз кезегинде ачык эле кимди колдоорун, а бул болсо бийлик өкүлдөрүнүн кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар экендигин билдирет деп сындап чыкты. Буга кандай баа бересиз?
- Саясатта оппонент катары сын айтыла берет, бирок алар далилдүү болушу керек. Бул жерде бир нече вариант болушу мүмкүн. "Водолаз" шайлоочу катары өзүнүн билдирүүсүн жасай берет, бирок Атамбаев менен түздөн түз байланышы бар экен деп айтыш кыйын. Бакиевдин убагында криминал бийлик менен чырмалышып кеткен. Ошондуктан Абакиров криминал чөйрөсүндөгү өзүнүн атаандаштарына мунун артында Атамбаев турат турбайбы деген өзүнүн таасирин, кызыкчылыгын көздөп билдирүү жасап коюшу мүмкүн. Балким ошол эле "Водолазга" бир топ акча берип бакиевчил саясатчылар айттырып алышы мүмкүн.

- Азыркы бийлик өкүлдөрү бардык тармактарды бөлүштүрүп алышып, өз кишилерин дайындап коюшту. Буга сиздин көз карашыңыз?
- Чынында 7-апрелден кийин парламенттик шайлоодо бир да партия ута алган жок, бардыгы эле эптеп добуштарды чогултуп, Өкмөт болсо коалиция негизде түзүлдү. Сүйлөшүү жолу менен министрлик, губернаторлук кызматтарды бөлүштүрүп алышты. Эми бул демократиялык өлкөлөрдө болуп келген туура эле процесс. Бирок, бир кемчилиги, айрым партиялар коомчулук менен иштебегенден кийин татыктуу министрлерди алып келе алган жок. Азыр кайсы бир кандидаттын рекламасында эки саясатчылардын тобу кызматтарды бөлүштүрө албай мушташып, мен келсем мунун баары токтойт деген лозунг кетип атат. Бирок саясатта кандай гана болбосун, компромисске келишип, кызматтарды бөлүштүрүү болот. Ошол рекламага эл өзү баа берип, бул дагы өзүнүн эки жүздүүлүгүн көрсөтүп атат, себеп дегенде өзү деле ушинтип жүрбөдүбү беле деген сөз да болуп атат. Кандай гана болбосун, ушул бийликти бөлүштүрүүнүн өзү Кыргызстанда балансты сактап тураарын көрсөттү. Бакиевдин убагында бир партия бүт бийликти ээлеп алып, билгендерин кылышса, бул жолу тескерисинче, бир дагы партия үстөмдүк кыла албай жатат. Ошондуктан так ушул система Кыргызстанга керек экенин көрсөтүп атат.

- Бюджет тууралуу сөз кыла турган болсок, А.Атамбаев убадасын аткарып айлык, пенсияларды көтөргөнү менен бюджетте акча жок такыр отуруп калабыз, муну түшүнгөн Атамбаев жоопкерчиликтен качып президенттикке умтулууда деген айрым саясатчылардын пикирине кандай баа бересиз?
- Ооба, мындай маалымат кетип жатат. Бюджет өтө тартыш, бюджетниктерге көбөйтүп койду, бул популизм, эмки бюджетти түзгөндө акча жок, шайлоодон кийин такыр эле отуруп калабыз деген пикирди жайылтып жатышат. Бул Атамбаевдин оппоненттеринин таратып аткан маалыматтары, алар негизги конкурент болоорун билип, коомдогу рейтингин түшүрүү үчүн жүргүзгөн аракеттери катары көрсөк болот. Атамбаевдин акыркы Өкмөт отурумунда бүгүнкү күндө 1 млрд. акча бар экендигин ачык айткан. Демек, сөздүн өзү эле көрсөтүп тургандай, Премьер-министр жана Өкмөт бардык нерсени алдын ала план менен ишти алып барып жатканын баамдасак болот. Бул иштердин бардыгын Өкмөт алты -жети айдын ичинде жасады, муну унутпашыбыз керек.

- Кенен маек куруп бергениңизге чоң рахмат.

Маектешкен
Гүлжан АБЫЛКАСИЕВА