, 30.09.11 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Беш
бармак
Замирбек Эсенаманов

Илгери Жумгалдын бийи Качыкенин Баласы Эралы Ормонду улук тартышып жатканда ыза кылып койсо керек. Кийинчерээк Качыке бий Ниязбек бийден жайыт сурап барып калат. Ал мезгилде Ниязбекти Ормон бийлеп калган убак. Ормон Качыке бийге: "Карыганда калжаңдабай үйүңүздө отурбайсызбы, эмне кызмат кылганга балдарыңыз жокпу?" - деп кагып коёт. Анын сыңарындай Эсенаманов өзү менен тең чамалаш депутаттар балдарын депутат, чиновник кылып, өздөрү жылуу-жумшак төрдө отурса карыганда калжаңдап министрликти талашып жүрөт. Жаштарга өрнөк көрсөтүүнүн ордуна эки күндүн биринде өкмөт башчыдан тил угуп, сөгүш алганы көнүмүш болуп калды. Башка бирөөлөр "тойдум байдын кызына"-деп басып кетип калмак. Партиянын убагында тил угуп көнүп калган неме тултуюп отурат, эки бетин табактай кылып. Акаевдин убагында, Бакиевдин убагында аким болуп көпкөн неменин жели бир жылда чыкты. "Кытайга кендин баарын берген атабыз" - деп кыргыз патриотторун аз жерден козгоп жибере жаздады. Көрсө, түшүндө көргөн окшойт. Атамбаев ашата сөктү эле, башын жерге салып отурду. Эми баласындай Бабанов эмне кылар экен? Деги Эсенаманов эсен-аман жүрсө эле болду го.

Учкунбек Ташбаев

Биз өткөндө жаздык эле Учкунбек мырза Максим Бакиевге алтындан чүкө тартуулап, ЦАРИИге орун басар болуп барган деп. Териштирип көрсөк, алтын чүкөнү Макска Ташбаев эмес, ташы өйдө кулаган башка бирөө тартуулаган экен. Анын анык бышыгына жеткенде айтабыз. Анткени Максим Бакиев алтындан жасалган чүкөлөрүн сатып алган жок, кимдир-бирөө тартуулады, бул чындык. Эми Учкунбек Ташбаевге келсек, кайсы бийлик болсо да акылдуу, башы иштеген кызматкерлерди баалайт. Акылы иштеп турса мамлекет үчүн иштегенге жок демек беле. Мамлекет башчысы шайтан болсо дагы эл үчүн кызмат кылып бериш , ар бир адамдын милдети. Учкунбек мырзанын министр болуп келгенине бир жылга чукулдап баратат. Байкаган элге күч-кубатын аябай катуу иштеп жатканы көрүнүп турат. Көп элге керектүү мыйзамдар ушул Ташбаев башкарган министрлик аркылуу элге жетип атат. Ошондуктан Учкунбек мырзанын иштерине көз жуумп койгондо болбойт. Министрлердин баары Ташбаевдей иштегенде Кыргызстандын экономикасы учкан куштай көтөрүлүп, эскиче айтканда коммунизмде жашап калмакпыз.

Бакыт Сүйүнбаев

Материалдык резервдерди Акаевдин убагында да, Бакиевдин убагында да үй-бүлөгө өтө жакын адамдар тейлеп, май-талкандуу бул орундун "май-талканын" чыгарышчу. Ошонун айынан материалдык резервдерибиз элге жетпей таланып, баалар учкан куштай көтөрүлгөнү белгилүү. Кыргыздар сүйүнө турган убак келди, анткени Сүйүнбаев материалдык резервдерди тейлеп калганы, кытып алуу, коррупцияга бөгөт коюлуп, пейили жакшы кыргыз калкынын дасторкону кенен, пейили ого бетер ачык болуп турушу үчүн, күн-түнү жаны тынбай чапкылап иштеп жүрөт. Албетте, кампабызда бир нерсе болсо, көңүлүбүз да ток болот эмеспи. Ал эми кампабыздын бөксөрбөй турганы биздин мамлекетибиздин материалдык резервдерине көз каранды. Эгерде Акаевдин жана Бакиевдин убагындай бир гана үй-бүлөнүн материалдык резервине айланса, эли журттун убалы кимге? "Ак төөнүн карды жарылган" күз келди. Эмки жылдын камын күздө көрүш керек. Ошол үчүн бүгүнкү күнү Сүйүнбаев күн-түнү жок чапкылап иштеп жаткан убагы. Анын акыбети кайтат. Элдин батасынан жакшы нерсе барбы? Деги кыргыз жеринде, дүйнө жүзүндө токчулук болуп турсунчу.

Төрөгул Беков

Айыл чарба министри Төрөгул мырзанын басып өткөн эмгек жолун аярлап караган киши, кимдир бирөөнүн ишмердүүлүгү менен дал келерин байкайт. 1997-98 жылдары Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясында иштеген, эмне болуп иштегенин ким билет, бут тазалагычыбы же андан чоңураак кызматпы? Кызыгы, ошол мезгилде ал жерде губернатор Курманбек Бакиев болгон. Андан кийин Беков Чүй облустук мамлекеттик администрацияга которулат. Көрсө Курманбек Салиевичи ошол жакка губернатор болгон экен да. Бакиевди көлөкөдөй ээрчиген Беков, ал премьер-министр болгондо айыл чарба министрлигинде жооптуу кызматты ээлейт. Бакиев президент болгондо агробизнесте конкуренцияны жаратуу Борборунда директор болот. Бакиев качып кеткенде Бабановко жармашып "Республика"партиясы менен бийликке келет. Мына Бабановдун "любимчик" кадрлары.
Эми Беков элди ойлобой эле 14 миң айлык менен кантип үй-бүлөнү багам деп кан ыйлап атат. Ал министрдин айлыктан башка мыйзамдуу "премияларын", мыйзамсыз шабашкаларын эсептеген жок. Кыргыздын көпчүлүгү 14 миң сом айлыкка жетпей жүрбөйбү. Эгерде кыргыздар 14 миңден айлык алса, анда бийлик менен кармашпай эле, жамбаштап үйүндө жатмак эмес беле. Бүгүнкү күндө азык-түлүккө болгон баанын өсүп жатышы да Төрөгул төрөнүн абийиринде. Иштеген министрлер иштеп эле кетип атпайбы.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ