, 30.09.11 - 3-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Кубанычбек ИСАБЕКОВ:
"АР БИР УЛУТТУН ӨКҮЛҮ ӨЗҮН ЭРКИН АЛЫП ЖҮРҮШҮ КЕРЕК"
Бишкекте "Орус тилинде сүйлөгөн жарандарыбыз саясаттын барымтага алынгандарыбы же саясий күчпү?" деген темада тегерек стол болуп өттү. Бул жолугушуунун демилгечилеринин бири болгон экс-вице-спикер, саясий жана коомдук ишмер, азыркы учурда президенттикке талапкер Кубанычбек Исабеков коомчулукту биримдикке жана өз ара пикир келишүүгө чакырып өттү.

Тегерек столдун катышуучулары өлкөбүздөгү таанымал инсандар: Амангелди Муралиев, Ишенбай Абдразаков, Михаил Рудов, Ассоль Молдокматова, Османакун Ибраимов, Калнур Ормушев, Шамшыбек Медетбеков.
Башынан эле бул тема катышуучуларга кызыктуу жана маанилүү экени сезилип турду.
Тегерек столдун катышуучулары орус тилин абдан мыкты билген ар кайсы улуттун өкүлдөрү: кыргыздар, орустар, корейлер, дунгандар. Бир гана Садыр-ажы кыргыз тилинде сүйлөп жатып, экертип кетти "Кудай үчүн улут жок, баарыбыз анын астында бирдейбиз" деп.
Мамлекет үчүн да жарандардын кайсы улутта экендигине карабастан бардыгы тең болуу зарыл. Китептердин жоктугу, мугалимдердин жетишсиздиги орус тилинин да, кыргыз тилинин да өнүгүшүнө тоскоол болот.
- Кыргыз тили менин эне тилим. Өзүм кыргыз тилинде окуп, чоңойгом. Ошол эле мезгилде орус тилинин да менин жашоомдо мааниси өтө чоң экендигин түшүнөм. Орус тили аркылуу биз дүйнөлүк адабиятты тааныдык, көптөгөн башка өлкөлөр менен сүйлөшүүгө да мүмкүнчүлүк берет. Өлкөбүздүн өнүгүшү да бардык улуттардын эркин жүрүшү жана алардын коомдогу болуп турчу иштерге аралашып турганына байланыштуу болот, -деп баса белгиледи Кубанычбек Исабеков.
Кыргызстандагы Орус бириккен союзунун жетекчиси Александр Ивановдун айтымында, мамлекеттеги орус электораты барымтага алынгандар эмес жана саясий күч дагы эмес, алар саясий "өлүк". Мисал катары, славян улутундагы өкүлдөрдүн мамлекеттик же жергиликтүү бийликте жокко эсе экендигин белгилеп өттү.
Ага жооп катары москвалык эксперт Сергей Фуфаев азыркы таптагы белгилүү латвиялык саясатчыны эске салды. Рига шаарынын мэри Нил Ушаков өзүнүн "Макулдук борбору" аталыштагы саясий кыймылын ийгиликке алып келген. Анткени, ал эң негизги маселе катары ал шаардын бардык жашоочуларына бирдей караган социалдык, экономикалык көйгөйлөргө көңүл бурган. Анын орус тилинде да, латыш тилинде да бирдей эркин сүйлөгөнү саясатта ага жардам гана берип келээрин айтып өттү.
Эгерде Кыргызстандын орус тилдүү жарандары мамлекеттик тилди өздөштүрүүгө умтулбаса, анда өлкөнүн саясаты кандай болгон күндө дагы бүгүнкү тегерек столдун темасы актуалдуу болуп кала бермекчи.
Тегерек столдун катышуучулары өлкөбүздүн орус тилдүү жарандарын коомдук-саясий жана мамлекеттик иш-чараларга тартуу максатында коомдук кыймылды түзүүнү колдошту. Дароо демилге тобу түзүлүп, ишке киришти. Жакын арада коомчулукка өздөрүнүн пландарын тааныштырмакчы болушту.

Венера Кыдыралиева




"Республика" партиясы кимди колдой турганын ачыктады
Президенттикке шайлоо жакындаган сайын кимдердин ким менен иштешүүсү тууралуу ар кандай жоромол кептер айтылууда. Быйылкы шайлоонун өзгөчөлүгү баштаганда эле сексенден ашык талапкердин катталуусу менен башталган болсо, жыйынтыгында 83 талапкердин ичинен 20сы калды. Эми алардын тагдыры кандай чечилээри албетте шайлоочуларга байланыштуу болот. Жогоруда айтылып кеткендей ким кимди колдойт деген суроого жооптор да четинен чыгып жатат. Белгилей кете турган болсок "Республика" партиясы алдыдагы Президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевди колдой турганы тууралуу билдиришкен. Эгерде ал билдирүүгө толук токтоло кете турган болсок төмөндөгүдөй:

"2011-жылдын 30-октябрында Кыргызстандын өнүгүүсүндө маанилүү саясий окуя болуп өткөнү турат.
Мамлекеттүүлүктү сактоо жана өлкөнүн мындан ары да өнүгүшү үчүн учурдагы шайлоо мыйзам чегинде так өтүшү жана өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги принциби жана түркүгү - элдин биримдиги болушу керектигин "Республика" партиясы буга чейин эле билдирген.
Бир канча ай мурда башталган шайлоо процесси мурдакы шайлоолордон өзгөчөлөнүп, демократиялык эрежелерге ылайык өтүп жатат.
Ошону менен бирге биз шайлоо процессинин убагында кээ бир кандидаттардын, популизмге берилип, же билип-билбей, мүмкүн атайын максаттуу багытталган элдин биримдигин бөлүп жарганга да аракеттерди колдонуп жатканына күбө болуп жатабыз. Бирок, Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн коомдогу ынтымакты жана стабилдүүлүктү бекемдөөнү эң негизги маселе катары караган талапкерлер да бар.
Алардын бири - Алмазбек Атамбаев акыркы жылдары өзүнүн жашоодогу туруктуу позициясы, принципиалдуулугу, акыйкатчылыгы менен, жеке саясий амбициядан мамлекеттин кызыкчылыгын бийик койо алган чыныгы мамлекеттик-саясатчы экендигин көрсөтө алды. Ал мамлекеттин кызыкчылыгы, өлкөнүн биримдиги үчүн өзүнүн саясий карьерасын курмандыкка чалып койгон учурлар болгонун биз билебиз жана эсибизде. Белгилүү болгондой адам баласы бир заматта эмес, ал көп жылдар бою түрдүү кыйынчылыктардан өтүү менен калыптанат.
Анын демократиялык баалуулуктарга ыктаганы, авторитаризмден баш тартуу сыяктуу иш аракеттери, ошондой эле 9 ай Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри кызматында иштеп турган мезгилиндеги иш-аракеттери "Республика" партиясынын программасы менен да айкаш келгендигин белгилейбиз. Коомдогу башка зирек күчтөр сыяктуу "республикачылар", Алмазбек Атамбаевдин уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөштө катуу позициясын жана экономика тармагында системалык өзгөрүүлөрдүн болушун колдогондугун баса белгилейбиз.
Кыргызстандыктардын биримдигин жана бүтүндүгүн башкы максат кылуу менен "Республика" партиясы учурдагы президенттик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин талапкерлигин колдоо чечимин кабыл алды".
Ушул сыяктуу ачык билдирүүлөр шайлоочулардын дагы күмөн ойлорун жокко чыгарып, шайлоонун таза өтүшүнө кандайдыр бир деңгээлде салым кошорун белиглей кетүү керек. Анткени ар кандай имиш-имиштер эмес, алар тигил же бул талапкерди колдойт деген ачык-айкындуулук болот.

Алишер Жакыпов




  Шайлоо алдындагы шакабалар

Ким кимге кызмат кылат?
Жыл сайын болуп туручу шайлоолордон кынык алып калган Абыл аксакал беш баласын жанына чакырды да:
- Кана балдарым, биз үчүн кирешелүү, болгондо да Президенттик шайлоо жакындап келатат. Кимиңер кайсы талапкер үчүн чуркайсыңар? Акылдашалы,-деп маселени кабыргасынан койду.
Улуу баласы өткөн жылкы парламенттик шайлоодо "Республика" партиясы үчүн чуркап жакшы эле акча тапкандыктан үйлөрүн евроремонт жасатып алышкан. Тилекке каршы Президенттик шайлоого бул партия катышпай калды. Ошон үчүн бул жолу "Ата Журттун" көрсөткөн талапкери үчүн кызмат кылууну чечти. Атасына баласынын чечими жакты. Андан кийинки баласы өткөн жылкы шайлоодо "Ата Мекен" үчүн чуркап жүрүп эмгеги талаага кеткен. Анткени шайлоодо партия алдыңкы орунга чыга албай калгандыктан убада кылынып айтылган акчаны алалган эмес. Агасынын жолун жолдоп эле "Ата Журттун" талапкери үчүн иштей турганын айтты. Анткени эл арасында баарынан ушулар март экен деген сөздөр көп айтылып жүрөт. Атасы аны да кубаттап:
- Бирок сен балам, агаң экөөң талашып-тартышпаш үчүн башка жерде иштөөң керек, - деп эскертти.
Ортончу баласы болсо "Бакубат Кыргызстан" партиясы көрсөткөн Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлиги үчүн кызмат кылаарын билдирди эле атасы:
- Эмнеге аны тандадың? - деп сурады.
- Губернатор, министр, мэр, депутат болгон. Азыр Ош менен Жалал-Абадда заңгыраган үйлөрдү курдуруп жатат. Балким ошолордон өзүмчө үй алып калгым бардыр, ата, - деп баласы кудуңдап жооп берди.
Кийинки эки баласы кимдерге чуркаарын билишпей атасына үн-сөзсүз жалдырап карап турушканда атасы:
- Кичүү болсоң иттин күчүгү бол дейт. Силер үгүт иштерди баштачу кез сентябрдын аягында ошол талапкердин штабдарын кыдыргыла да: "Эмне иш болсо да биз даярбыз" дегиле. Акыры талапкердин машинасын жаркыратып жууп, бут кийимин мизилдетип тазалап, галстугу кыйшайып калса түздөп туруучу да киши керектир. Анткени күндө короздой койкоюп эл менен жолугушууга барыш керек да. Кантип эле ошончо талапкерден сылаңкороздору жок болсун. Кудай буйруса силерге да иш табылат. Кудай деген куру калбайт, - деп балдарына батасын берди.
Ошентип талапкерлердин штабдарына гана эмес башка жерлерде да шайлоо шаңына даярдыктар көрүлө баштады.

Жума Мамбетов