, 30.09.11 - 11-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

"2016-ЖЫЛГА ЧЕЙИН КЫРГЫЗ ҮЧҮН КЫЙЫН МЕЗГИЛ БОЛОТ"
Кыргыздар таланттарга бай элбиз. Байыртадан нечендеген баатыр, инсандар чыккан жерибизден. Алардын бири Байзак баатыр болгон. Тарыхта ал жөнүндө көптөгөн маалыматтар бар, а бирок Байзактын алдын ала айтуучу олуялык касиети бар экенин көбү билбесе керек. Дүйнө жүзүнө белгилүү болгон Нострадамус, Ванга өңдүү анын дагы кыргыз элинин келечегин айткандыгы тууралуу канча жылдан бери тарых баракчаларын барактап, Байзактын өмүр жолун изилдеп келген Жума Шах бизге кызыктуу маек куруп берди.


"АҢ-СЕЗИМИ
ЭРТЕ ОЙГОНГОН"

Азыркы мезгилде көзү ачыктар абдан көбөйдү. 7-апрелден кийин ошол өздөрүн олуя дегендер "кут түштү бизге, Манастын энергиясын алып, жиберип атам силерге" деп эле телевизордон кулак-мээни жеп салышты. Андан эки ай өтпөй эки шаар кырылып калбадыбы. Өткөндө эле дагы бир көзү ачык сүйлөп жатат "2012-жылы алтын доор түшөт" деп, ага кошулуп премьер-министрибиз "Манастын эстелиги менен кошо кут келди" деп жар салды, же ошолорду туурап атканыбы.
Мен окурмандарга Байзак баатыр жөнүндө айткым келип турат. Биздин көрүнүктүү тарыхчыбыз Дөөлөт Сапаралиев 2003-жылы Алматы шаарынан Байзактын араб тилинде жазылган, мөөрү басылган жазылмаларын алып келген, быйыл Ташкенттен алып келди. Орусияда да бар, ошону алып келсек, балким анда дагы жакшы баалуу маалыматтар бар.
Бала кезинде эле Байзакка аян берген түштөр кирчү экен. Анын аң-сезими эрте ойгонгон. Алгач манасчы катары белгилүү болгон, өзү ыр жандуу киши эле. Кытай, орус, араб тилдерин өздөштүргөн.
Өз атасы аял алып берем дегенде, атасынын Атагелди деген бир тууганы "жок, бул Манас айтат, куранды шар айтат, кагылсын, согулсун, жолун тоспо. Аял алса калды байланып. Андан көрө эл көрсүн, жер көрсүн" деп, кербен менен өткөн соодагерлерге кошуп берген. Тагдырдын буйругу экен, кербенди коштоп жүргөн кезде аттан жыгылып, мурду бырбыйып калат, ошондо ал ыр менен: "Мурда коңко Байзак болсом, эми кеңке Байзак боломбу?" деген экен. Ошондон кийин Байзак Манасты булгабайын (кеңкилдеп кантип айтат элем) деп, өзүнүн манасчылык өнөрүн баласы жок болгондуктан 38 жаш кичүү болгонуна карабай, Куйручукка үйрөтүп, ага устаттык кылган.
ӨМҮР МЕНЕН ӨЛҮМДҮН
ОРТОСУНДА

Кербенди коштоп жүргөндө Үрүмчүгө жетпей соодагерлерге каракчылар кол салып, Байзактын башына кылыч тийип, баш сөөктү кыйып кеткен. Ошондо дайыма аны коштоп жүргөн Сапарбек уулу Түркмөн деген табыбы чөп баса коюп, кан токтоп калган экен. Бирок ал жети күн эсине келбей жатат. Соодагерлер жолун улашат, бирок алар кетип баратып, курман болгон бир каракчынын белинде бармактын башындай алтыны бар экен, ошону алып "Байзак өлсө көмүп койгула" деп тапшырып кетишет. Анан Түркмөн табып баш сөөгү жок болсо мээси чыгып калат да деп алтынды жанагы баш сөөгү ачылып калган жерге кадаган экен. Дүйнөгө белгилүү болгон Ванганы да эки метр куюн көтөрүп барып жерге таштаганда башы менен жерге тийип эсин жоготкон, андан кийин көзү көрбөй калган да. Мындай адамдарды бул дүйнө менен тигил дүйнөнүн ортосунда калган адам катары кабылдайбыз.

"КАЛК ТӨРӨСҮ КЫРГЫЗ"

Көзү ачыктар айтып жатышпайбы, алтын доор түшөт, ошондо эле жыргап жатып калабыз деп. Бул жөн гана айтылган кеп. Анткени Байзактын олуялык да касиети болгон, анын айткандары дал келген. Сөзүм кур болбош үчүн далилдерди келтире кетейин.
1915-жылы Байзак Жолдубай деген жигит менен азыркы Кемин, Бишкек, Каракол, Нарын өрөөндөрүн кыдырып, "Айланайын 40 уруу кыргызымдын башчылары, алиги азгырык ниетиңерден кайткыла. Орус калкы түмөн калк. Өздөрү менен өздөрү тирешпесе силер тең келбейсиңер" деп кайрылган. Бул менен ал 1917-жылдагы ыңкылапты айткан эле. Ошондо Байзак Жолдубайды карап: "Мына, жарым айдан бери баарына эскертип чыктым. Шүйкүмдөрү жаман. Менин бул сөзүмдү эмдиги жылы дал ушу күндөрү эстейсиңер. Кагылайын Сары-Өзөн жерим ай? Кайран элим ай? Бекер кыргынга кабылбасаңар экен" деп турган. Анда Жолдубай: "Жарыктык Шамшынын белинде акыркы ирет түнөгөндөй көзүңүздөн жаш кылгырып коштоштуңуз го..." деген сөзүнө терең маани бербеген. 1915-жылдын 19 сентябрында Байзак кайтыш болду. Өлөөр алдында ал "мен өлгөндө жерге берүү зыйнатым менен ашымды чогуу бергиле, себеби козголоң болот дагы берилбей калат" деп керез калтырат. Айтканындай үч күн көмүп, үч күн аш беришкен. Жыл айланып, 1916-жылы Үркүн болду. Байзак өлөөр алдында эскерте айткан экен, "мен өлөм, бир жылдан кийин козголоң болот. Орустар келгенде алардын мага берген майордук наамын илип койгула" деген. Чын эле ал наам бир райондун элин алып калган.
Андан бери келе турган болсок, совет доорун "кыргызга кайридин учур болот" деген, бул дин жок дегенди билдирет. Андан кийин эмне болот деп Жолдубай сураганда, "кыргыз ит жээр, бит жээр: ар ким өзүн хан шайлаган заман келет" дейт. Эгемендик алдык, демократия деп эле калпакты алып ыргыттык, 20 жылдан бери өнүкпөй эле кайра артка кетип жатабыз го. Ыңкылап дегениңер негизи эле мааниси артка кетүү дегенди түшүндүрөт. А биз эки жолу революция кылдык "ура-а" деп жатканыбыз менен эки жолу артка кеттик. "Кылым ортосу кыргыздардын көбү кырылат" деген. 40-жылдардагы согушту айткан. Мисалы, биздин айылдан эле 54 киши согушка кетип , үч гана киши кайткан.
"Кыргыз эли 2016-жылга чейин эң оор күндөрдү башынан кечирет. Андан соң кыргыз кыр ашкан заман келет" деген. Муну чечмелей келгенде, кыйынчылыктан өткөн убакты айткан. Байзактын айтымында, кылым ортосу жер тарып, кыргыз тоо таянган катаал заман келет. Ал кылым ортосу деп 2040-жылдарды айткан, а "кыргыз тоо таянат" дегендин мааниси жер тарыйт, эл тарыйт дегенди түшүндүрөт.
Дагы бир факт: "Нух пайгамбардын учурунда жазалган кеме мөңгүлөрдүн учунда сайылган" деп айтканын кийин эле окумуштуулар Арарат тоолорунун арасынан кеменин тумшугун табышкан.
"Акыры дүйнөнү кытайлар басат. Калк төрөсү кыргыз. Кыргыз жалаң салт-санаасын артык көргөн эл. Жебейт десе суусунда балык батпай турса дагы жебейт. Ал эми кытайлар намыс деп атанын ат касыгын айланып өлө бербейт. Алар эмгекчил, кайда барбасын жашап кетишет" деп Байзактын кытайлар жөнүндө да айткандары бар. Мына, олуялык деп ушуну айтат.

"МАНАС БИЗДИН
ТАРЫХЫБЫЗ"

Олуясын айтпаганда деле, кыргыздар үчүн дагы бир чоң салымы бар. Бизге чектеш төрт мамлекет бар: казак, өзбек, тажик, кытай. Чек араны ушу киши түптөгөн. 1882-жылы Кытайдан Оёз, оурстар чогулуп чек араны Нарын дарыясынан бери кылмакчы болгондо, Байзак "жок, андай болбойт, биздин жер Текестен бери" деп тоскоолдук кылган. Ошондо орустун полковниги кантип далилдейсиң дегенде "далилдей албасам башымды алгыла" деген экен. Анан ал "келгениң чек, кеткениң чек. Сендей элем, сен да мендей болосуң" деп жазып шишеге салып, аны чек болчу жерге көмгөн экен, ошол жерге баары барышып, баягы катылган шишенин ичиндеги кагазды алып чыкса, ал жерде бир гана "чек" деген жазуу сакталып калыптыр. Ушундан улам чек ара түптөлгөн.
Чек ара бөлүштүрүп жатканда Тыныбек болуш орустарга таң атканча Манас айткан экен. Эртең менен Оёз туруп бул жомогуңар бүтпөйт го дегенде Байзак "жомок эмес, бул биздин тарыхыбыз" деген. Анын артыкчылыгы ушунда болгон, ал Манасты жөн эле жомок эмес, реалдуу киши көргөн.
Эң кызык факты, ататегибиз кыргыздар деген кытайдын окумуштуулары бар экен. Архивге кирелик десек 5 миллион доллар сурашат, а казактарда акча көп экен да, Назарбаев берип, эми "кыргыз" деген документтерди алып "казактар" деп өтө тарыхый мааниге ээ 100 томдук чыгарып жатышат. Башкасын коёюн Манасыбызды алдыра жаздадык го.
Байзактын ушул күнгө чейин айткандары аткарылып келген, мындан аркысын убакыт көрсөтөөр.
Гүлжан АБЫЛКАСИЕВА