п»ї
  Күнбүгүн

БАКИЕВДИН КЕЛИШИН КИМДЕР КААЛАШАТ?
Президенттик шайлоо жакындаган сайын өлкөбүздө ар кандай пикир, ушак, саясий оюндар да өтө эле көбөйдү. Мындай ушак-сөздөрдү жөнөкөй эл эмес, өлкөбүздүн стабилдүүлүгүн, тынчтыгын камсыз кыла турган биздин аттуу-баштуу аткаминерлерибизден да чыгып кетет. Улам биринин чыныгы жүзү ачылып, биринин кылмышка, контрабандага түздөн-түз байланышы бар болуп чыкса, кээ бирлери тойдо атышып, дагы бири мушташып. . . Биздин өлкөбүздү башкарып турган парламентарийлердин жүзү ушул болсо, Кыргызстандын жаркын келечеги күмөн туудурат. Ошентсе да, 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоо таза өтүп, өлкөбүздүн келечегин, элинин кызыкчылыгын ойлогон татыктуу инсан келээрине ишенген оптимисттер да жок эмес.
Өмүр бою өлкө башчысы болуп өтөөрүн көздөп, ошол кыялына бекем ишенген К. Бакиев үчүн алдыда өтө турчу шайлоо кайрадан бийлигин кайтарып алууга чоң мүмкүнчүлүк экени түшүнүктүү. Бийлигин оңой менен бербесин апрель жана июнь окуялары далилдеди. Президенттик такта үчүн 80ден ашык адамдын өмүрүн кыйган, бийлиги үчүн түштүктө улуттар арасындагы жаңжалды жараткан Бакиевдерге бийликти коёюн жөн гана кыргыз жараны катары Кыргызстанда жашоо укугу барбы? Албетте, жок.
Азыркы тапта эски бийликти орнотууну көздөп, президентикке талапкерлердин арасында Бакиевдин да кишилери бар экендиги айтылып келет. Суюлуп отуруп 20дан ашык талапкерлердин арасынан "бакиевдик" топтордун баштары көрүнүп турат. А бирок, экс-президент К. Бакиев менен байланышта экендигин жана ал каржылап жаткандыгын билген күндө дагы юридикалык жактан далил болбогон соң унчукпай гана кала бересиң. Жакында эле Жаныш Бакиевдин "баарыңар биригип, блок түзгүлө. Бирдиктүү команда түзгөнүңөр тууралуу коомчулукка тез арада жарыялагыла" деп бараандуу талапкерлерге буйрук бергени боюнча ММКларга каңшаар тарады.
Мындай буйруктан соң эски режимдин камчысын катыра чапкан аткаминерлер биригип, блоктун жаралышы канчалык деңгээлде реалдуу жана өлкөдө кандай кырдаал жаратышы мүмкүн? Бул жана башка суроолор боюнча белгилүү коомдук ишмер, саясий серепчилердин пикирин угууну туура көрдүк.


"ЭЛ АНЫ КИРГИЗБЕЙТ"

Жумакадыр Акенеев:
- Бакиевдин бийликке келүүсү болбогон окуя, таптакыр келе албайт. Менин оюм боюнча Бакиев эмес, Акаев да келе албайт. Анын да туура эмес жасаган иштери көп, ошол эле "Кумтөр" боюнча. А Бакиев жөн кетпестен кан төгүп кетти, июндагы коогалаңды да анын негизги жасаган иши деп эсептейм. Ал эч качан келбейт, ал эмес бир туугандары да келе албайт. Анын иниси Жаныш Бакиевдин шайлоо алдындагы бул аракети айла кеткендин иши. Бакиевди эч ким алып келе да албайт. Балким анын акчасын алыш үчүн аны кайра бийликке алып келем деп айтылгандыр кээ бирөөлөр тарабынан. Эл аны киргизбейт, ошол эле апрель окуясынан каза тапкан балдардын ата-энелери келген замат аларды жок кылат.
Негизи, бийликке элге таанымал, авторитети бар адам келиши керек. Эч кандай түштүк, түндүк, Талас, Көл деп бөлбөгөн, Кыргызстанга таза иштеп берген адамды шайлап алыш керек. "Министрлер да Таластан болуп кетти, Көлдөн болуп кетти" дегенге да кошулбайм. Кайсыл жактан болбосун өз ишин билген мыкты кадрлар болушу зарыл.
- Кыргызстанга таза иштеп берген адамды шайлап алалы деп калдыңыз, талапкерлердин арасында мындай адам барбы?
- Азыркы талапкерлердин арасынан элге таанымал, авторитеттүү төрт киши бар. Алар А. Атамбаев, Ө. Текебаев, М. Султанов, К. Ташиев. Элге таанылып калган күчтүү талапкерлердин арасында эле болот талаш-тартыш, а калгандары жөн эле катыш менен эле чектелет. Татыктуусун эл өзү тандап алат.

"ӨЗҮНҮН КИШИСИН ӨТКӨРГӨНГӨ АРАКЕТ КЫЛЫШЫ МҮМКҮН"

Кубанычбек Идинов:
- Бакиевдин кайра келиши, албетте, мүмкүн эмес. Өзү каалаган бир кишини колдоп, өткөргөнгө аракет кылышы мүмкүн. Себеби, ага карата көп күнөө коюлууда, ошондуктан ал актанууну көздөйт. А бирок, реалдуу түрдө бийликке эч убакта келе албайт. Өткөндө Нариман Түлеев да айтып алды, "чогулуп бир кандитат менен чыгабыз" деп. Балким ал да ошол идея астында иштеп жатат деген да ой болушу мүмкүн.
"ТҮШТҮКТӨ ТУУРА ЭМЕС ИДЕОЛОГИЯ ЖҮРГҮЗҮҮДӨ"

Мукар Чолпонбаев:
- Бүгүнкү күндө Бакиевдин жана үй-бүлөсүнүн бийликке келиши мүмкүн эмес. Бирок, Бакиевдин тарапташтары, анын койгон кишилери бийликке келиши толук ыктымал. Анткени, Бакиев ар кайсы адамдарды каржылап, ушул шайлоого алып чыгып жатат да. Өзгөчө түштүк жергесиндеги элдерди бузуп-жаруу, "кандай болгон күндө дагы мамлекет башчысы түштүктөн болуу керек" деген идея жана идеология өтө катуу таратылып жатат. Андан сырткары, Атамбаевдин кээ бир туура эмес кылып жаткан кадамдарынан да ушундай жыйынтык күтүүгө болуп атат. Анткен себеби, Атамбаев жүздөгөн-миңдеген граждандык кийим кийинген адамдарды куралдантып, аларды түштүк жергесине коюп койду. "Биз да ошолордон коргонушубуз керек, бийликти ошондон алышыбыз керек" деген пропаганда, агитация жүрүп жатат. Мына ушулардын бардыгы бакиведерди колдоо максатында болуп аткан нерсе.

"КОРКУНУЧТУУ КЫРДААЛ ЖАРАЛЫШЫ МҮМКҮН"

Табылды Акеров:
- Бул нерсе өтө коркунучтуу кырдаалды жаратышы мүмкүн. Себеп дегенде, алар чындыгында эле Медет Садыркуловдун кылмыш иштери ачылып жаткандыгынан коркуп турушат. Ошондуктан, шайлоого таасирин тийгизүү максатын көздөп, азыркы маалыматтарга караганда, бүтүндөй "пробакиевдик" кандидаттардын баардыгын бир кишиге иштетүүгө аракет кылып жатышат да. Эгерде, алар, түндүк-түштүк картасын дагы ойнотуп жиберсе, өтө коркунучтуу абал түзүлүшү ыктымал. Бакиевдер бир нече максатты көздөшү мүмкүн:
1. Кайра бийликке кайтып келүү;
2. Бийликке өзүнүн жакын адамын алып келүү;
3. Эгерде эч нерсе болбой калса түштүк-түндүк болобу, улуттар аралык болобу бир жаңжал чыгарып жиберүү.
Бакиевдин бийликке келиши мүмкүн эмес, а бирок өзүнүн күчтөрүн бийликке алып келип, ошонун негизинде бул жакка келип, улутташтырылган ишканаларынын баарын кайтарып алганга аракет кылып атышат.

"БУЛ ШАЙЛООНУН АЛДЫНДАГЫ САЯСИЙ ОЮНДАРДЫН БИРИ"

Турат Акимов:
- "Тарых эч убакта кайталанбайт" деген сөз бар. Бакиевдер эч кандай жол менен келе албайт. Бул жерде алардын капиталдары, бизнесдери калган, алардын барын сактап калыш керек да. Эгерде, алар өздөрүнүн кишисин бийликке алып келсе, бул кызыкчылыктарын ишке ашырууга шарт түзүлөт. Ошондуктан, кайра кайтуунун амалын издешет. Күчкө салып, жулунуп, кайра бийликке келүү мүмкүн эмес, бул тарых бети жабылган.
Дагы бир нерсени айтып кетейин. Азыркы Садыркуловдун өлүмүнүн ачылышы туурасындагы болбогон сөздөр. Анткени, мындай адамды жокко чыгарганда 30-40 кишини жыйып алып, алар менен кеңешип анан өлтүрбөйт. Муну деген тымызын 2-3 киши эле бүтүргөн. Ошол 40-50 киши "Жиптин" ичинде ким отурат, аны өлтүрөөрүн деле билген эместир. Машина чек арадан өткөндүгүн, кайсыл тарапты көздөй кетти, саат канчада, жанында канча киши бар экендиги тууралуу маалымат берсе бергендир. Бирок аны оперативдүү маалымат катары бериши мүмкүн. Мындай чоң кылмышты жасаганда эч кимге жар салбай 2-3 киши гана билет. Ошондуктан, бүгүнкү айтылып жаткан күбөлөрдүн көбү соттун чечими менен эртеңки күнү эле акталышы мүмкүн. Мен ойлойм, бул жөн гана шайлоонун алдындагы саясий оюндардын бири.

Гүлжан АБЫЛКАСИЕВА










кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??