, 23.09.11 - 10-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Сейтек Качкынбаев:
"Жаштардын эмес, жаңыча ойлонгондордун партиясы"
Эгемендүүлүктүн шарапаты менен Кыргызстан Республикасында жыйырма жыл аралыгында көптөгөн саясий партиялар пайда болду. СССР убагында бир гана партиялуу система болуп келген болсо, акыркы маалыматтарга караганда азыр Кыргызстанда 150дөн ашык саясий партия бар. Бирок, булардын дээрлик көпчүлүгү кагаз беттеринде гана калып, иш жүзүндө өзүн көргөзө алышкан жок.
Жакында Кыргыз либерал демократиялык партиясы да адилет министрлигинен каттоодон өтүп, өздөрүн жаңыча ойлонгон адамдардын партиясы болот деп ишендиришүүдө.
Партиянын жетекчиси Сейтек Качкынбаев жаңы партия тууралуу учкай маек куруп берди.


- Жаңы партия түзүлүп, ишти жоктон баштоо оор болсо керек? Коом арасында кандай ой-пикирлер жаралып жатат?

- Азыр коомдо партиянын айланасында ар түрдүү пикирлер айтылып, жазылып жатат. Көпчүлүгү чет өлкөдө окуп келген жаштардын партиясы дегендей түшүнүп, маалымат дагы ушул багытта берилип жаткансыйт. Бирок, мен айтаар элем биздин партия жаңыча ой жүгүрткөн жаңы адамдардын партиясы. 50 жаштагы, 60 жаштагы адам деле жаңыча ой жүгүртүп, жаңыча иштеши мүмкүн. Ал эми 25-30 жаштагы адам коррупциялык жол менен жумушка орношуп, паракорчулук жолуна багыт алып алышы мүмкүн. Андыктан бул партия жалаң гана жаштардан түзүлдү деген ой туура эмес. Баягы чет жакта окуса эле булар акчаларды уурдаган байлардын балдары деген түшүнүк коомчулукта калыптанып калгандай. Бирок, чынында андай эмес. Биздин катарда Орусия, Казакстанда жана башка чет жакта иштеп окуп жүргөндөр, эмгек мигранттары да бар.

- Интернет сайттарын, гезит беттерин барактай турган болсок жаңы партиянын көпчүлүк мүчөлөрү чет жактан билим алгандыктан Кыргызстандын ичинде болуп жаткан саясий, социалдык маселелерден кабарсыз дегендей ой айтылып жатат?

- Мен мындай ойго кошулбайт элем. Биздин партияга азыр мүчө болууну каалаган Кыргыз Республикасынын көптөгөн тургундары, жаштары кайрылып жатат. Арабызга көбүн-эсе ушул жердеги эле кишилер катталып жатышат ар түрдүү курактагы куруучулар, дыйкандар, малчылар, таксисттер, окутуучулар, инженерлер, банкирлер, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, эмгектин ветерандары, ишкерлер, жана башка жөнөкөй эле карапайым эл катарындагы атуулдар, студенттер. Андыктан Кыргыз Республикасында болуп жаткан окуялардан, саясий, социялдык аракеттерден артта калды деп айтууга болбойт. Азыр биздин саясий кеңеште 8 адам болсо, ошонун 3 гана чет жакта билим алып келгендер, калган 5сү ушул Кыргыз Республикасында көп жылдар бою жашап, бул жактын абалын, шартын түшүнгөн адамдар. Жалаң эле тыштан билим алып келгендердин партиясы деп айтууга болбойт. Мен дагы бир жолу кайталап айткым келет, биздин партия чет жактан билим алып келген жаштардын гана партиясы эмес, биздин партия жаңыча ойлонгон адамдардын партиясы.
Жыйырма жыл аралыганда Кыргыз Республикасында ар кандай партиялар түзүлүп, алар абдан эле көп болуп кетти. Ошондуктан коомдун бир партияга, же болбоосо саясий топко болгон ишеничи абдан эле төмөндөп кеткен экен. Буга чейин түзүлүп иштеп келген партиялар ого эле көп болуп, алар элдин ишеничин актаган эмес. Ошондуктан партиянын айланасында дагы күмөндүү ойлор туулуп жатканы ошондон болушу мүмкүн.

- Партиянын алдыга койгон максаттары кандай?
- Негизги максаттардын бири көчө демократиясынан шайлоо демократиясына көчүү, улуттук, регионалдык, кландык патриотизмдерден арылып, атуулдук патриотизмге көчүү кан төгүүлөрдүн, кагылышуулардын алдын алуу. Баары тең таза саясий атаандаштыктын негизинде өз нугуна түшкөнү туура деп эсептейбиз. Буйурса жаштардын арасында коомдун көйгөйлөрүн терең иликтеп мамлекетти башкаруу илимин, эркин маркет экономикасын, коомдо укуктук теңдик менен адилеттүүлүктү канткенде ортнотуу мүмкүн экендигин изилдеп үйрөнгөн кишилер көп экен. Албетте жаңы муун улуу муундардын турмуш тажрыйбасын, жасаган иштеринин оң-терс жактарын зиректик менен үйрөнүп өз тажрыйбасында колдонот. Улуу муундарга таянат. Бул табигый көрүнүш, табигый процесс.

- Маек куруп бергениңизге рахмат.
Расул Үсөналиев




  Көйгөй

Мамлекеттик тил:
абал алымсындырбайт
"Кайсы элдин жерин жердесең , ошол элдин ырын ырда"-деп кыргыз эли тээ илгертен эле өтө билгичтик менен көсөм ойду айтып келет. Бирок, ачыгын айтканда бүгүнкү күндө бул учкул ойдун төркүнүн түшүнбөй, түшүнгүсү да келбей жүргөн башка улуттун өкүлдөрү четтен табылат. Алар эмес өзүбүздүн каны, жаны кыргыз болуп жаралган "киргиздер"кыргыз тилин кадырлап, сыйлап аны билүүгө, өздөштүрүүгө далалат жасабаса, тили, дили болок улуттун өкүлү кыргыз тилине карата кайдыгер мамиле кылаары турган иш. Буга ким күнөөлү?
Бирок, ачык айтып, ак сүйлөсөк, мамлекеттик денгээлди коелу, жөнөкөй турмушта сүйлөшкөнгө кудурети жок болгону менен Кыргызстандагы болжол менен 3, 5 млн. кыргыздар үчүн канынан бүткөн кыргыз тили азыркы эгеменбиз деп ооз көптүрүп жаткан учурда атактуу орус акыны А. С. Пушкиндин белгилүү жомогундагы балыкчы абышка-кемпирдин сынык таштегинин кейпин кийип турат. Анткенимдин себеби, адеп СССР куларга чукул кайра куруунун шарапаты менен бир аз болсо дагы демократиянын илеби келип, анан өлкөбүз эгемендикти алганда өзүбүздү-өзүбүз көтөрмөлөп жатып, мамилекеттик тил деп жарыялап, кагаз жүзүндө мыйзамдык статус алып, жогорудагы жомоктогу чалпоо кемпирдей көз ачып жумганча "алтын-сарайлуу" болгону менен, арадан 22-жыл өтсө дагы кыргыз тили өнүкмөк турмак, жоголуп бараткандай. . .
Сөзүм кургак болбосун деп өзүбүз жашап жаткан Бишкек шаарынын мисалында кыргыз тилин колдонуунун абалын айтайын. Адегенде мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу кандай деген суроо коюп, чечмелеп көрөлү. Анда-санда мамлекеттик жогорку органдарга кайрылууга туура келет, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамында каралганга карабастан, дээрлик бардык министрликтерде, мамкомдордо жана агенттиктерде иш кагаздар 100% орусча алынып барылат; орусча кагаз жаза албагандар мамкызматка алынбайт, жумушка кабыл алуу жана бошотуу арыздары да ошо тилде толтурулат. Кыргыз Республикасынын министри жана орун басарлары жумушка байланыштуу иш кагаздарына көрсөтмөлөрдү Россия Федерациясында резолюциялар кайсы тилде жазылса, ошол тилде жорголотушат. Кириш жана чыгыш кагаздарын толтуруу, ага жоопторду даярдоо орусчалангандан таптакыр арыла элек. Кабинеттер, көрнөктөр дагы орусча. Бир сөз менен Кыргызстандын мамлекеттик жогорку органдарына кайрылып калганда Россиянын кабинеттерине барып калгандай болуп кетем. Дагы бир себеби өз энесин же эжесин өз тилинде куттуктай албаган "киргиздерби" же "кыргыздарбы", башка бирөөгө орусча жазылган куттуктоосунун көчүрмөсүн гезит беттерине беришип жетекчиси мамкызматкер, мыйзамдуу тилибиздин мамлекеттик деңгээлдерде колдонулбай жаткандыгына аябай кыжырданып да, арданып да кетем. Мисалы, "Руханият"коомунун К. Кондучалованын 90 жылдыгына жазган куттктоосунда бир орус жок, жалаң кыргыздар орусча жазганы жарашабы?
Тамырыбыз, өзөгүбүз айылдан болгондон кийин, айылдан келгендер менен көп жолугуп калам. Азыркы тартыш учурунда айылдык чоң калаага же балдарын окууга алып келет, же ооруп доктурга көрүнгөнү келет, же бирөөнүн үстүнөн арызданып келет. Аргасыз ар кыл органдарга барат, анан орус тилин анча билбеген кыргызбай тууганым мамлекеттик жогорку органдарга кайрылышса, ал жердеги орус тилинде кабыл алуучуларга же ойлорун толук айта алышпайт, же алардын орусча берген жоопторун толук түшүнбөйт. Кыргыз тили күндөлүк турмушта бекем орун алмайын кыргыз коому эч качан өнүгө албайт. Улуттук идеология деп эмдигиче бир нерсени издеп эле жүргөндөй болобуз. Идеология деген мына ушул: кыргыз тилин бардык жерде колдонуу. Ошондо кыргыз орус тилдүүгө кыргызча сүйлөйт деп капа болбойт, орус тилдүү кыргызга өз тууган болуп калат. "Балык башынан сасыйт", дейт кыргыз. Биринчи кезекте кайсы денгээлде болсун президент, өкмөт башчы, министр, депутат, айтор жетекчи, мамлекет кызматкер кыргызча суйлөмөйүн, мамлекеттик органдарда кыргыз тили эч качан колдонулбайт, кыргыз тилин жакшы билбегенинен орусча кагаз жаза албаган кыргыз жаштары ал органдарга кызматка алынбайт. Мына ушул жерден кыргыз жаштары сынып турат же жеке эле жаштар эмес кыргыз тили дили, руху тебеленип жаткандай. Муну айрыкча саясатка арлашып алган кыргыз жакшы эле түшүнүп турат. Бирок бийликке келгенде эле өз көмөчүнө күл тартып көр оокаттын айынан аны унутуп калат же менден кийин эмне болсо ошо болууга өтөт. Мына ошентип, жерибизде бөтөнчө улутубуздун жүрөгү-Бишкекти кыргыз тилибизге, уул-кыздарыбыздын кайдыгерлигинен калың туман басып жатат. Башка өлкөнү улуттун карап көрөлүчү: тетиги өзбектерди, чечендерди, еврейди карачы Израилде еврейлер эзелки иврит тилин баладай багып, эне-тилин отун алоолонтуп жагып турат. Эне-тилге еврейдин сүйүүсү дайра болуп ташкындап агып турат. Ал эми Бишкекте күндөлүк турмушта. Көчөдөн көздөрү жүлжүйгөн, анда-санда ак калпак кийген кыргыздарды көргөнүң менен сүйлөшкөндөрүн укканда Россиянын кайсы бир шаарында жүргөндөй болосуң. Айтылбай калган тармактар толтура. Кыргыз өз тилине аркасын салып, уй сыяктуу маңроо кепшеп турат.
"Убагында айтпасаң, сөз атасы өлөт эмеспи" дегендей улутубуздун уңгусу кыргыз тилибиздин 22 жылдыгы белгиленип жатса дагы чабал тил экендигине кыргыз пенделеринин кайдыгерлигине жараша болууда
Табиятта алма, өрүк, коон, дарбыз деп жемиштерди, сан түс гүлдөрдү түрлөп жараткан сыяктуу эле улуттарды да ар түркүн жараткан эмеспи. Андыктан, ар бир намыстуу атуул өз улутун сактоого жоопкер! Демек, кыргыз элин, кыргыз мамлекетин сактоо үчүн биз ириде кыргыз тилин коргоп, өнүктүрүшүбүз керек.

Наргиза Эмильбек кызы,
БГУнун студенти