, 09.09.11 - 5-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

"Какшык казан"
Мурун

Адахам Мадумаров

Адахам мырзага өткөндө күң жилик сунсак тойбой калыптыр, өзүнүн мурду ортозаар болгону менен мурунду кишилер колдоп жүрбөйбү, деп мурундун "ичиндегиси" менен кошо суналы дедик. Тойбой калып жүрбөсүн. Ал Акаевдин убагында кашыктап чогултуп алган кадыр-баркын, Бакиевдик бийликте турганда "чөмүчтөп" чачып атып "талпакка" айланган. Өкмөттүн вице-премьер-министри кримавторитеттин тоюна жаап-жашырынбай баргандыгы эле эмнени каңкуулайт? Көшөгөнүн артында жаап-жашырып кримдер менен эмне кылганын ким билет? Же болбосо Аксыга барган "выскопоставленный чиновник" келин-кыздарды машинасына салып, эркектигимди көрсөтөм дегени канчалык даражада этикага жатат? Мамлекеттик катчы катары ыйыгыбыз Манаска асылганы зөөкүрлүктүн белгиси да. Манас жакпаса Тамерланды туу тутуп жүрө берсин. Же гимндин текстин өзгөртүү керек деп жулунуп жүргөнү калп беле? Акаевдин убагында Үзөңгү-Кууш үчүн үзүлө чуркап жүргөн "патриот" жигит Каркыраны казактын колуна, Түштүктөгү бир топ жерди өзбек менен тажиктин колуна салып бергени, анын Бакиевдик бийликке "талпак" болуп калганын айгинелейт. Анын кызматтан Максим көчүккө тээп кубалап чыкканда, "Азатыкка" барып Бакиевдин бетине көө жабайын дегенде, Максим сотка менен "досьесун" чубап чыгарын эстеткенде эстеликтей катты. Эми ошол Максимдин акчалары менен президенттикке аттанганы туру. Кокус Мадумаров президент болсо Башмыйзам өзгөрүлүп, СИЗОнун ичи саясатчыларга толоору бышык. Арийне, бир жылга жетпей Курманбек акасынын артынан кетери да бышык.


Шыйрак

Нариман Түлеев

2010-жылдын 7-апрелинде Максимдин шыйрагына айланган Бишкектин мэри Нариман Түлеев, адилеттүүлүк үчүн көчөгө чыккан элден чоочулап шефи Курманбек Салиевичтин кабинетине кире албай, Бишкекке коменданттык саатты кийирүүнүн далалатын кылып жүргөн. Коменданттык саатты кийирди, бирок ачууланган эл коменданттык саатты уруп да ойногон жок. Бийлик тарабынан нечендеген мыкты жигиттерибиздин өмүрү кыйылды. Ошол мезгилде Бишкекте бийликтин башында ким турган? Нариман Түлеев. Ошол жылы 14-майда Бишкекте ызы-чууну ким уюштурган. Нариман Түлеев! "7-апрель" деген кыймыл эмне деген кыймыл, арасында кимдер бар экенин ким билет? Бакиевке каршы күрөшкөн бир ууч эле оппозиционерлер, анан анча-мынча эле журналисттер бар болчубуз. Азыр элдин бары эле баатыр. Кечээ Бакиевдин алдында талпак болуп жүргөндөр деле баатыр. Эми ошол баатырларды Нариман деген баатыр жетектеп президент болгусу келет. Шейит кеткендердин алдында уят болмой болдук.


Ума

Шамшыбек Медетбеков

Шамшыбек Медетбеков Акаевдин учурундагы эң кошоматчы депутаттардын бири болгон. Ал Кочкор элин алдап, парламентке келген соң, эптеп Акаевке жабышып бир кызмат ээлеп калбаса, кайрадан депутат кылып эл шайлабасын билген. Ошондуктан, Акаев туалетке кирсе кагазын көтөрө чуркап жүрүп Нарынга губернатор болуп калат. Бишкектен "приказын" алып Нарынга бараткан жолдо, Кочкордо козголоң чыгып кетип "новоиспеченный" губернатор "залогго" түшүп калып атпайбы, катыгүн десе. Анын мурдун Конгантиевдей кылып түздөп салабыз деп жулунгандар чыккан. Себеби депутат болом дегенде алдангандар көп эле. Козголоңду уюштурган Акылбек Жапаровдор аны туалетке катып, сыртынан кароол коюп коёт. Губернатордун куркурап курсагы ачат. Жалынып ыйлап тамак ичип келейин деп эшикке чыккан бойдон, 180 км/саат ылдамдык менен артын карабай качып жөнөйт. Анын артынан кубалаган жаш спортсмен балдар жетпей калыптыр. Губернатор боло элек жатып элге маскара болгон Медетбеков эми президент болом дейт экен. Бакиевдин алдына талпак болуп барайын десе да, Бакиев да талпак кылгандан баш тарткан. Айласы жок Кадыржон Батыров акесинин алдында талпак болуп, "Ватан" партиясында жүргөн. Балким ошол Кадыржон акеси каржылап аткандыр. Неси болсо да ушундайлар талапкердикти умага айлантты.


Жүрөк

Борончу Кудайбергенов

Илгерки заманда сарбагыш, саруу, солто, кушчу, бугу элдеринин мыкты жигиттери казактын жылкыларын чаап келишчү экен. Эми ал өтө оор жумуш болсо керек. Төрөгелди, Балбай сыяктуу жүрөктүүлөрдүн жүрөктүүлөрү гана барышчу да. Анан аларга баатыр деген наамды эл берип койчу. Ал эми саяктарда кошуна жаткан сарбагыш, бугу, чериктин жылкысына тийип келгендерди эле баатыр дей беришкен. Борончу "баатыр" ата-бабаларына окшоп сарбагыш, бугу, чериктин ырларын уурдабайт. Алардын ырларын уурдаса билинип калбайбы. Борончу саяктан чыккан накта баатыр, ал Астанага чейин барып казактардын обондуу ырларын уурдап келет. Өзү обон чыгара албаса жан багыш керек да. Казактын ырын уурдап келсең, эч ким сени ууру дебейт. Түрктүн ырларын уурдаган Кубик деле жүрбөйбү. Мен ушул бийликке нааразымын да эмне үчүн Борончу, Кубиктерге "эл баатыры" деген наам бербейт? Илгери ата-бабабыздын салты боюнча буларга баатыр деген наам ылайык. "Баатыр" Борончу деле талапкерлердин арасында жүрөт. Ушул "баатырды" президент кылып шайлап алсак, чет мамлекеттен инвестицияларды уурдап келип кыргыз элин бакмак беле?


Баштын тазы

Жамбыл Камчиев

Кудай өңдү-түстү берип койсо, өңүн-түсүн пайдаланып оокат кыла берсе болот экен. Жеке таз Акаевден айырмаланып Жети таздын бири Жамбыл Камчиев томаяктардын арасынан. Бирок өзүнүн томаяк экенин жаап-жашырып өзүнүн маймылга окшогон өңү- түсүн пластикалык операция кылдырып Акаевке окшоштуруп алып, Акаевдин ролун аткарып жүрүп, оокатын түздөп алган. Акаев аренадан кеткенден кийин эч кимге кереги жок Жамбыкең унутулуп деле калган. "Атың чыкпаса жер өрттө" дейт, эми минтип, президенттик шайлоону пародияга айлантып, талапкерлердин катарын толуктап отурат. Балким өң-түспөл жагынан окшош эмес белек деп Аскар Акайич миллиондордон жаап-жашырып берип атса керек. Президенттик шайлоону сатирага айлантпасак деле болмок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ