, 09.09.11 - 2-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

"Аферисттер" кимди беттейт?

"Аферисттердин" чуулгандуу жылдызы Юджин Гурьевич, бизче Евгений Гуревич биздин шайлоого мойнун буруптур деген кеп чыкты. Кыргызстандан оңой оокатынан ажыраган Южикең Максим досу аркылуу мурдун кайра тыкса керек. Максим Бакиевдин аты угулаар менен "Единый Киргизстан"дын ээси эске түшүп кетет экен.


Бааң канча талапкер?

Шайлоого күн жакындаган сайын президенттикке талапкерлердин баасы бычыла баштады. Ташиевди 20 миллионго сатып алган атам деп "Бүтүн Кыргызстан" лидери айгай салып жүрөт дешет. Ташиев акчага сатылгандай эси жок эмес да. Ташиев деген улут дегенде күйгөн чыныгы патриот инсан.


Миллер, миллион, миллиард, му...

Мунайзатгаз менен дүйнөнү дүңгүрөтүп турган "Газпромдун" ээси Миллер Бишкекке келип, өкмөт башчысы Алмаз Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кетти. Мунайзатгаз алпы Кыргызстандагы мунайзат жана газды чалгындоого 3 миллиард рубль чөнтөгүнөн санап бермей болду. Балким бизде алардын түгөнгүс запасы болсо, оо анда камчы салдырбай кетет белек.


Артыкбаев артык кылабы же тыртык кылабы?

Алтын маселеси айкын болуш керек деп "Азаттык " үналгысынан " Кыргызалтын" мамлекеттик акционердик ишканасынан жетекчиси Осмонбек Артыкбаев кыйкырып чыкты. Мейли, айкын болсун, деги аны айкын болбосун деп ким кармап атыптыр.
Батыров ЖКны сотко берди,
Батыровду ким сотко берет?

"Тыйк" эткен кыз, "тыйк" этпеген кыздын бетин тырмаптыр дейт. Ош окуясында "тыйк" этип коюп качып жүргөн, чуулгандуу Батыров, "тыйк" этпеген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин Конституциялык палатага ишин кароого берип атыптыр. Албетте, ЖКнын комиссиясынын чечимдери жакпай калса керек.

Көлбаев ким үчүн бошотулду?
Алыскы Аравияда колго түшүп, абакта жаткан кыргыз кылмышкерлер чөйрөсүнүн лидери, мыйзамдагы "вор" Камчы Көлбаев шайлоонун алдында бошотулганы эмнени каңкуулайт. Аравияга кээде коноктоп бара калчу экс-президент Курманбек Бакиевдин көлөкөсү жокпу?


Салиев "сальдосу"

2008-жылдын башында Россиялык студент Асылбек Салиев жол кокустугуна кабылып кимдир-бирөөлөр жапа чегип калат. Студент Салиев бул иштин көзүн тез эле жаап коёт. Бул чындыкты алгач оппозициялык "Алиби" гезити , андан соң оппозициялык "Де-Факто" гезити көтөрүп чыгат. Студент Салиевдин алы ушунчалык күчтүү экен, өзү кутулганы аз келгенсип, кыргыздын эки килтейген оппозициялык гезиттерине сотко берип, ар биринин мойнуна 1 миллиондон илип жаптыртып салат. Ошол Асылбек Салиев коопсуздук кызматкерлери тарабынан колго түшүптүр. Көрсө, Бакиев Жаныш Салиевичтин баласы турбайбы.