, 02.09.11 - 5-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Беш
бармакта
беш-алты спикер
Акматбек Келдибеков
Акматбек мырзанын башка спикерлерден көп өзгөчөлүгү бар. А эң негизгиси парламенттик республика катары, анын башка спикерлерден жоопкерчилиги чоң. Мурунку депутаттардын анча-мынча деңгээлде болсо дагы ЖК төрагасына, президентке көз карандылыгы болгон.Азыркы депутаттар "өзү бий, өзү хан", ойду да сүйлөп тоону да сүйлөп, иш-аракет жасай берет. Депутаттардын кылык жоруктары үчүн жооп бере тургандай спикер баланын атасы эмес, же окуучунун мугалими эмес. Ошондуктан алар атамандыкты талашып мушташа да кетип атышат. Акылбек Жапаров айткандай атамандыкты талашуу сезимдери 1-2 класстан күч алат, 3 класстан баштап акыл-эстүү балдар токтоло баштайт, акыл дарамети кыскараак эркектер чал болсо деле, "уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы" - дегендей, "адын-адынге чыгасыңбы?" дегенди унутпай жүрө берет экен. Акматбек мырзада токтоолук, сабырдуулук бар экен. Анын ордуна каны кызуурак Султанов, Текебаев, Мадумаровко окшогондор болсо, жеңин түрүнүп алып кошо мушташып кирмек. Жетекчинин мыкты касиети сабырдуу, айкөл, калыс болуш керек.Ошондуктан өткөн парламенттик сессияларда дүйнөгө дүң болгон ызы-чууну спикер акырын ынтымак менен басып койду. Акматбек мырзанын дагы бир мыкты касиети азыркы саясатчылардын көпчүлүгүндө жок. Келдибеков амбицияга берилбейт экен. Болбосо анын чыпалагына тең келе албаган сексендей адам талапкер болобуз деп турганда, кыргыз элинин ынтымагы үчүн жулунуп чыккан жок.Муну менен ал өзүнө саясий упай топтоп алды. Ал эми президенттик талашка чыккандардан бирөө гана жеңишке жетишет, калгандары өз былык-кылыктарын элге жарыялап алып, көпчүлүккө жүздөрү ачылып берет. Акматбек мырзанын кыргыз элинин ынтымагы дегенде күйүп-жанып кеткендиги Ош жаңжалында дүң боло түштү. Анын кадыр-баркы менен "Ата-Журт"партиясы шыр эле биринчи орунду ээлеп алды. Кыргыз эли чыныгы демократ эл экенин тастыктап койду. Мейли Текебаевдей жыйырма жыл оппозицияда бол. Бирок жыйырма күн бийликке келгенде эле "маскасын" сыйырып, чыныгы жүзүн көрсөттү эле, эл иренжий түштү. Андайдардын сөзү гана бар ишке жарабайт экен да. Ош жаңжалында Башмыйзамга шылтоолоп үйүнө бекинип жатты. Ошол мезгилде вулкандай атырылып эли үчүн башын канжыгага байлап чыккан Акматбек мырзанын шайлоодо, андан соң спикер болушу мыйзам ченемдүү эле көрүнүш.
Бизде жөөттөрдөн жуккан бир жаман адат бар. Кимдин кадыр-баркы көтөрүлө баштаса, ошого ушак-айыңды шыбап киребиз. Азыркы учурда Акматбек мырзаны көрө албагандар көп. Ошондуктан ал тамак ичкени ашканага барса деле Бакиевке, Көлбаевге, Айдарга, Максимге жолуктуруп жиберишет. Менимче Акматбек мырза кызмат этикасын Мадумаровдон өйдө билет болуш керек. Ал ачык эле Рысбек Акматбаевдин тоюна барып жүргөнүн ким жашырат. Акматбек мырза башкалар ойноп-күлүп жүргөн отуз жашынан бери эле элге кызмат кылып келатат. Кайсы кызматка иштебесин майын чыгара иштеп, эл үчүн кызмат кылып келди. Бакиевдин учурунда ал ошол мезгилде бийликти бүт колуна топтоп алган "серый кардинал" маркум Медет Садыркуловдун кемчилигин тайманбай бетке айткандыгы үчүн, эч кызматка алынбай, бийликтен сүрүлүп калган. Башкаларча бийликтин алдына чөгөлөп барган жок, башкаларча бет тырмаарлык кылып оппозицияга кирип кеткен жок. Өз оокатын кылып жүрө берди. "Алтынды катып койсо деле дат баспайт эмеспи"- Келдибековко күнү түшкөндө бакиевдик бийлик жалынып атып кайра кызматка алып келишти. Акматбек мырза муну менен көк жал, жигитчилигин көрсөттү.
Мурунку парламентте эки гана киши Роза Отунбаева менен Иса Өмүркулов гана спикерлерди жүдөтүп коюшчу. Азыр 120 Отунбаева, 120 Өмүркулов бар. Ушуларды ийге келтирип, коалицияны сактап, парламенттеги иштерди жөнгө салып кеткендиги үчүн Акматбек Келдибековго кыргыз эли батасын бериш керек.


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев мырзанын кыргыз саясатына кошкон салымы чоң. Бирок... кан улам тазарып туруш керек. Текебаев да улам-улам президенттикке коюп атып, "дүжүр" талапкер катары кыргыз элин тажатып жиберди. Өмүрбек мырза Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орунбасары кызматын кыянаттык менен пайдаланды десек жаңылышпайбыз. Ал Башмыйзамды кыргыз эли үчүн эмес, өзү үчүн гана жазды. Өзү спикер болом деп, спикердин полномочиесин көтөрүп, президенттикин түшүрүп, Батыштагы жөөттөрдүн батасын алды. Жөөттөр батасы менен кошо өз кишилерин "балиттехнолог" кылып жиберишти эле, Парламенттик шайлоодо Текебаевдин "балиттерин" чыгарып ийе жаздады. Текебаев башына күн түшкөндө шайтан менен деле кызматташа берет. Бирок колуна анча-мынча тизгин тийгенде, кечээки өзү менен чок кечип жүргөндөрдү бүтүн унутат да, ал эми өзүнө каршы иштегендерди унутпайт. Кекчилдик жетекчиге жат көрүнүш. Азыр кыргыз эли Текебаевден жадап баратышат. Өткөн шайлоодо муну сыпайы көрсөтүштү. Кокус Текебаевдин партиясы парламентке жетпей калса, ал Мадумаровго окшоп чыр чыгарып жибермек. Ал элдин тынчтыгын, стабилдүүлүктү уруп да ойнобойт, ага бийлик гана керек! Бийлик деп жүрүп анын өмүрүнүн жарымы өттү. Президенттик шайлоолорго да катышты, бирок деле караандап да койгон жок. Качан эл тынчып калган кезде, ал өзүн көрсөтүү үчүн популисттик кадамдарга барганды жакшы көрөт. "Мал ээсин тартпаса арам өлөт"- дейт партия лидеринин мындай кылык-жоруктарын партия мүчөлөрү жазбай өздөштүрүптүр. Ушундай абройлуу партиянын мүчөсү манасты бандит деп атса, көлөкөсү Текебаевке да тийет экен. Эмне Манаска асылгандай "Ата-Мекен" партиясы ким болуп кетиптир. Мисалы мага окшогондор башына күн түшүп турганда "Ата-Мекен" партиясын бычактын мизи менен жүрүп колдоп бергенбиз. Америкага качып кеткен жокпуз, же Карганбек мырзадай сейфке жашынып алган жокпуз. Муну "Ата-Мекен" партиясы билбесе да эл билет. Дардалаңдап Манаска асыла баштаган соң бул партиядан көңүлүбүз кайт болуп калды.
Спикер катары деле Текебаев кыйратып жиберген жок. Ал андан чоң бийликти президентикти ээлейм деп парламентти саясий майданга айлантып жибергени элге маалим.


Марат Султанов
Марат Султановдун спикерликке келиши эле, кыл көпүрөдөн өтүп келгендей болгон. Аны төрага катары деле киши эсептеген жок. Себеби, ал төрагалык кылып жаткан учурларда саясий кырдаал курчуп кетип, оппозициянын негизги төбөлдөрү депутаттардан болгондуктан, Султановду теңине алган деле киши болгон эмес. Марат мырза Бакиевдин коюп койгон эстелигиндей, ордунда каткан бойдон эле отурчу. Бакиевдин сөзүн парламентке кайталап айтып берген тоту куштай эле. Кээде гана өз тараптагыларын болуша кетип, эки жеңин түрүнүп, мушташууга даярданып чыга калчу. Акыры Бакиевдик бийлик менен соодалашып парламентти таратты да өзү жылуу-жумшак орунга барып отуруп алды.


Адахам Мадумаров
Спикер Мадумаров кантип спикер болду? Бул өзүнчө маселе. Себеби мамлекеттик катчылыкты оңдуруп жибербеген соң Мадумаров талаада кала турган болот. Ал мезгилде Үсөн акенин сөзү сөз болуп турган убак. Өзүнүн "Жаңы Кыргызстан" партиясындагы мыкчыгерлерди Медет Садыркулов "Ак Жол" партиясына тартып алып, бирок "Бөрү карыса бир койлук алы бар" дегендей "Жаңы Кыргызстан" күчүн жогото элек кез. Ошондо Мадумаров Үсөн акеге ыйлап келет. Үсөн аке Курманбек үкасы менен кеңешип, анын шарты боюнча "Жаңы Кыргызстан" партиясы 2007-жылдагы парламенттик шайлоого барбай ,"Ак Жолду" колдой турган болот. Ушундан пайдаланып Мадумаров "Ак Жол" партиясында №2-лидер катары күрөшкө аттанат. Легитимсиз шайлоодон жеңип чыккан "Ак Жол" спикерликке талапкерликти көрсөтөөрдө, Мадумаров кайрадан Үсөн акасына ыйлап барат. Бул жолу да Курманбек үкасы анын сөзүн угуп, спикерликке Мадумаровду көтөрөт. Бул мезгилде Текебаев оппозицияда болсо, Келдибеков кызматсыз, Курманов депутат, ал эми Султанов министрлик деңгээлде болчу. Мадумаров спикер болоор менен регламенттик парламент диктатурасын орнотот. Ал "Ак Жолчулардын" оозун "скоч" менен чаптайт. Союз убагында кол көтөрмөй парламентке айланат. Ушунун кесепетинен Бакиевдик бийлик элге зыяндуу, өзүлөрү үчүн пайдалуу мыйзамдарды кол көтөртүп өткөрө беришкен. Анын башкысы Каркыра менен төрт пансионаттын казакка кетиши. Алар кайрылып келмейин бул Бакиев менен Мадумаровдун бетине жабылган көө бойдон калат. Мадумаров баягы колдоо көрсөтүп келген Үсөн акесинин жакшылыгын унутат. Ошондо Үсөн аке башын чайкаган дешет. Эми анысын унутуп коюп, Үсөн аке сакалын сүйрөп алып Мадумаров үчүн чуркап жүргөнү кызык.


Айтибай Тагаев

Айтибай Тагаев саунада сайрандап атса эле, президент Бакиев чакырып атат дейт. Эси дартынын бары бийликти эңсеген Тагаев жылаңач экенин унутуп коюп учкан куштай жөнөптүр. Кирип барса эле Бакиев:
- Эми сен бүгүндөн баштап жылаңач Итибай-Чотубай эмессиң, сен эми спикер Айтибайсың" - деген имиш. Бул чын болгонбу, калп болгонбу ким билет бирок Бакиевдин убагында Итибай-Чотубайлар деле спикер боло беришкен. Султанов эстелик болсо, Итибай-Чотубайлар "арбак "эле болгон. Анын мойнуна Азизбек Турсунбаевдер минип алып, желишсе деле чыдап көтөрө берчү. Өзбекстанга тоо сатып жүрүп "тоо сатар Тагаев" аталган Айтибай мырзаны кантип спикер кылдык?
Мына Мисирге барып келген кесиптешибиз айтып атпайбы. Мисирден бир кыз гүл сатып алса, учакка түшкөн атсак ошол гүлдүн топурагын түшүрүп калды дейт. Көп болсо бир ууч топурак! Ал эми биз болсок тоону сатсак спикер кылчубуз.


Зайнидин Курманов
Зайнидин Курманов спикерликтин даамын көп тата албай калды. Курсташы Медет Садыркулов жетелеп жүрүп адам кылган Зайникеңе оор болду. Ал мурун депутатка өткөн беш жылын кыргыз тилин үйрөнүү менен өткөрсө, эмки эки жылын "байбиче" менен "токолдун" айырмасын үйрөнүп жүрүп өткөзүп жаткан. Анан "Ак жолчулар" байбиченин балдары сыяктуубуз, калгандары токолдун балдарындай"- деген канаттуу сөзү Бакиевке куп жаккан экен. Түз эле спикерге коюп койду. Арийне, Зайнидин Курмановду баалаш керек. Ал спикер болсо да кайра бийликке жутунбай, эл сыяктуу эле көчөдө жан сакчылары жок эле басып жүрөт. Же Садыркулов досу калтырып кеткен акчалары түгөнүп калдыбы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ