, 02.09.11 - 16-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Мода дүйнөсүнө саякат

Күз-кыш 2011-2012
Жай мезгили аяктап күз да кирип келди. Албетте, бул мезгилге керектүү кийим-жасалгаларын алып баштоо керектигин баардык эле айымдар билсе керек. Ошондуктан, мода дүйнөсүндө быйылкы күз эмнеси боюнча актуалдуу болоорун окурмандарыбыз менен тең бөлүшүүнү туура көрдүк.
Көйнөк ар убакта аялдардын кийим-кечелеринин маанилүү бир бөлүгү болуп келет. Дүйнөдөгү эң белгилүү дизайнерлер да башка кийимдерден көрө көйнөккө берилүү менен көңүл бурушат. Эмнеге дегенде, кандай түрдөгү, түстөгү, формадагы көйнөк болбосун ал дайыма айымдын сымбаттуулугун, назиктигин, сулуулугун даңазалап келген.
Кутюрьелердин 2011-2012-жылдардын күз-кыш мезгилине арналган көйнөктөрдүн фантазиясына да баа берсе болот.
Күз, кыш мезгилдери cуук болгондуктан дизайнерлер өздөрүнүн чыгармаларына түйүлгөн, кашемир, трикотаж сыяктуу жылуу кездемени тандап алышкан. Бул көйнөктөрдүн узундугу тизеге чейин болот.
Трикотаж көйнөктөрү тыкан болгону оң деп кеңеш беришет дизайнерлер. Түйүлгөн көйнөктөр да өз актуалдуулугун жоготпойт. Жана дагы, кашемир көйнөктөрү абдан жагымдуу, кымбат жана стильдүү көрсөтөт.
Модада бул жылы ретро да бар, тагыраак айтканда, винтаж жана хиппи стилиндеги көйнөктөр болмокчу. 70-жылдары "диско" стили жаштар арасында абдан популярдуу эле, бул жылы да дизайнерлер 70-жылдарга кайрылышкан. Мында бархат алдынкылардын бири болуп калууда.
Юбка-"карандаш" да өз актуалдуулугун жоготкон жок. Бул юбканын түрү ар кандай стилде кете берет. Өткөн жылдардагы юбкалар аябай эле кыска, же тескерисинче узун болгон болсо, быйыл анын узундугу тизеге чейин гана жетет.
Кийимдин дагы бир атрибуту сүрөт болуп эсептелет. Кооз сүрөт-чийимдер түшүрүлгөн көйнөктөр кызыктуу жана өзгөчөлөнүп турушат. Дизайнерлер көйнөктөргө чабалекей, үкү, түлкү сыяктуу жаныбарлардын сүрөттөрүн колдонушкан. Эгерде бул сизге өтө эле экстраваганттуу көрүнсө, анда сизге "буурчак" стилин сунуштайбыз.
Көбүнчө дизайнерлер ачык түскө басым кылышкан, бирок күз-кыш мезгилинин айныксыз жүзү болуп классикалык кара жана ак түс болуп кала бермекчи. Буга кошумча кочкул сары, жашыл изумруд, көк, ачык көк жана сыя көк түстөр да модада болмокчу.

Урматтуу окурман, дүйнөгө атагы чыккан дизайнерлердин колунан жаралган кандай кийим-кече модада экендиги тууралуу жогоруда айтып өттүк. А бирок, баардыгыбызга белгилүү стилист айым Замира Молдошеванын да күзгү мода тууралуу оюн угууну туура таптык.
- Акыркы мезгилде фольклор аябай модада болуп атпайбы, ошондуктан быйыл негизи ошого басым кылуу туура деп ойлойм. Бул нерсе өсүп-өнүгүш керек. Жергиликтүү дизайнерлер да өзүбүздүн этниканы кеңири жайылтуу максатын көздөп турушат. Мисалы, күзүндө сөзсүз биздин кандайдыр бир орнамент, оймо-чийме түшүрүлгөн же кийизден, бархаттан тигилген кийимдер модада болот. Батышты тууроонун кереги жок деп ойлойм, анткени өзүбүздүн тарыхыбыз, стилибиз бар.
Быйыл күз-кыш мезгилдеринде кандай кийимдер модада жана кайсыл түстөр суроо-талапта болоору тууралуу маалымат бердик. Күзгө кам көрүп, жарашыктуу кийинген ажарлуу айымдардын катарын толуктап, күз мезгилин жагымдуу өткөрүңүз демекчибиз.