, 02.09.11 - 11-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Интеллигенциянын
кетирген үч каталыгы
Советтик доордогу 70 жылдан ашык маданияттуу колония мезгилинде кыргыз элине жалпы билим берип, туташ сабатсыздыкты жоюп, 7 жаштан 70 жашка чейинки эки муунду билимдүү кылганы менен кандайдыр бир деңгээлде советтик идеологияга тымызын туташтырып, эзелтен берки учтан түпкө уланып келаткан улуу мурасыбыз "Манас" эпосуна салкын мамиле жасаганы жашыруун эмес. Өз тарыхыбызды өздөштүрүүнүн ордуна Россиянын тарыхын окуп, биздин тарыхыбыз көмүскөдө калып, улутубуздун уңгусу үзүлүп калаар мезгилинде (эгерде дагы 50 жыл маани бербегенибизде) улуу рухтун күчү селт этип ойготту окшойт. Советтик доордо биз "Манасты" аздектеп өздөштүрүүнүн ордуна биздин интелигенция үч ирет катачылык кетирди. Бул мисалдарды факты менен далилдөөгө аракет кылайын:
Биринчиси- 1960-жылдары Түркиядан атайын белгилүү "Манас" изилдөөчү окумуштуу -Абдулкадыр Инан Кыргызстанга келип, Жала-Абад курортунда эс алып жатып, ошол жерде чогуу эс алып жаткан жазуучу Насирдин Байтемировдон "Манас" жана Саякбай тууралуу сурайт. Ал эч жооп айта албай эмнеси болсо да жердеши, ары санжырачы деп Акмат Карыбаевге жиберет. Абдулкадыр Инан Акмат Карыбаевге келет. Ал киши да билбейм дегенден уялып Мухтар Ауэзовдун "Абай" романын жаңы эле окуп бүткөн экен, болду-болбоду Абайдын өмүрүнө окшош болсо керек деп уруп-согуп Саякбайдын ата-тегин бай-манап, залим манап болгон деп айта баштаганда "...токтоңуз аксакал, сиз Саякбайды билбейт экенсиз, Саякбайдын көзү тирүүсүндө өз оозунан сурап жазып коюңуз, кийин бул табылгыс, баа жеткис дастан болот" деп уяткарган экен. Ошондон көп өтпөй эле Акмат Карыбаев Саякбайды жандап жүрүп көп маалыматтарды топтой баштайт.
Экинчиси- Саякбай Каралаевдин варинатын КТРдин үн жаздыфруучу студиясында 60-жылдары улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен жаздырып жатканда биздин жетекчилер тиерин тигинтип айт, бул жерин минтип айт, көп канкор кылба, жоокерчилик чабыштарын азайт деген тыюулар болгон. Ошондо Саякбай: "Эмне Манасты коммунист кыл дегени турасыңарбы!" деп студиядан сөгүнүп чыгып кеткен күндөрү болгон (санжырачы А. Карыбаевдин эскерүүлөрүндө). Ушундай киришүүлөрдөн соң Саякбайдын варианты толук деңгээлде жазылып калдыбы деген суроо туулат. Улам-улам киришүүлөр айтуучуну транстык байланыштан ажыратып, сюжеттен чыгып кетүүлөр албетте варианттын толук жазылышына кедергисин тийгизген. Үндү жазып алууда эң сонун (ал учурда мындай студия союз боюнча алты эле мамлекетте болгон) студиялык шарт түзүлгөнү менен бурмалап айттыруу негизги өзөктүн бузулушуна алып келген. Бул каталыгын ошол мезгилдеги жетекчилер сезе билишкен эмес, болгону ошол учурдагы идеологиянын саясатын аткаруу менен чектелип, улуттун уңгусу болгон рухий дөөлөтүбүздүн кендирин кесишкен. Рух-арбактар алдында кечирилгис күнөө. Ал тургай Саякбайга гонорар акысын төлөбөй аз жерден Мухтар Ауэзов Казакстанга алып кетип, жакшы айлык, гонорар төлөп берем дегенде Саякбай макул болбой койгон (Саякбайдын кичүү кызы Күлсүндүн эскерүүсүнөн).
Үчүнчүсү - бул катачылык кырыг интелигенциясынын такыр кечирилгис катачылыгы. КТРдеги кесиптештерим бетке айткан үчүн кечирип коюшсун, биз бири-бирибизге тике айтпасак, сын көз менен карабасак бул катачылыгыбызды тарых да кечирбейт. Азыркы муундар кечиргис одоно иш кылдык.
1995-жылы 25-августта ООНдун , ЮНЕСКОнун, 2000ден ашык чет элдик коноктордун, жалпы түркологдордун катышуусунда "Манас" эпосубуздун миң жылдык мааракесин өткөрдүк. Албетте бул жакшы жөрөлгө. Биз той, мааракелерди эт-бетибизден түшүп дүңгүрөтө өткөрөбүз, бирок бир жери бул мааракеде биз кылымдар бою элибиз ооз эки жатка айтып, муундан-муунга мурас кылып келаткан эпосубуз "Манасты" өз деңгээлинде даңазалай алдыкпы? Бул мааракени Түркиянын Евразия телеканалы дүйнөгө спутник байланышы аркылуу түз чагылдырып берди. Бир мезгилде техникалык катачылыктан журналисттерге комментарий берүү учуру талап кылынып калды, ошондо түрк журналисти биздин сүйүктүү дикторубуз Гүлшан Молдоевага кайрылып, эфирден эки тилде түрк жана кыргыз тилинде комментарий берүүнү сунуш кылды. Түркиялык журналист комментарий жасап, кезекти Гүлшан Молдоевага бергенде "Манас" тууралуу эки ооз сөздү айта албай күлүп гана туруп берди. Бул не деген көрүнүш. Улуттук интелигенциянын деңгээли ушулбу? "Манас"-1000 мааракесине алып баруучулук милдет жүктөлгөндөн кийин эмнеге даярданып албайт.
Экинчи ирет техникалык мүчүлүш болуп эфирге дагы комментарий керек болуп калды. Анда дагы көрүнүктүү баяндамачыбыз Дүйшөк Мамбетөмүров эфирден өзүнүн чыгарган махабат ырларын бадыратып айтып кирди. Ошол учурда анын лирикаларын жарыялай турган учур беле? Эмне үчүн эки теле кызматкер тең "Манастын" өзөктүү окуяларынан же кыргыз радиофондусунда сакталып турган бай мурастарыбыздын көлөмүн, же жазылып калган манасчыларды, изилдөөчүлөрдү айтышпайт. Дүйнөгө жар салып даңазалоочу учурду текке кетиришти. Түрк дүйнөсү кулак төшөп турганда теңдеши жок дастаныбыз "Манас" эпосун даңазалай турган учурду пайдалана алган жокпус. Ошол учурдагы мааракени уюштурган бардык кызматкерлер, түз эфирди көрүп тургандар буга күбө.
Ушул жерден бир нерсе кылт этет, биз ата-бабаларыбыздан кыргыздын кандай нарк-дөөлөттөрүн, рухий мурастарын өздөштүрө алдык. Бул суроо мен кыргызмын деген ар ьбир инсандын парасатында каны менен тең жүгүрүп, жүрөгү менен согуп турушу керек. Жогоркудай үч катачылыктан улам рух-арбактар бизди кечирбей, уругум майдаланды деп нааразы болуп тургандыр.
Мен кандай болсо да Макелек Өмүрбайдын "... силер "Манасты" асырай албайсыңар" деген сыны төгүн жерден чыкпаса керек. Кыргыз эли орто кылымдардан бери башка улуттардан айырмаланып дастандарын жазуусуз ооз эки башына сактап, муундан муунга өткөрүп келген дүйнөдө жалгыз феномен калк. Биз учурда улуттун энчилүү уңгусу "Манас" эпосун толук өздөштүрө албай, жүдөп турганыбызды мезгил өзү кечирбейт. Бар байлыгыбызга, бай мурасыбызга ээ боло албай тургандын өзү-рухий жакырчылыктын жеткен чеги.

Саадат Муратова,
илим изилдөөчү