Эл тандаган талапкер такка бараар,
эси болсо төмөнкү ойду эске алаар...
Кытай булагында: "Эртели кеч эрегишип кала турган элди жакшы нерселерин бүлдүрүп, эр-азаматтарын бузук ишке кириптер кылып койгула, керек кезде так ошол талуу жерден кармаганыңар жакшы.
Теңтайлаш элдин эң бузук, саткын адамдары менен жең ичинен ымала түзгүлө. Эл бийлеген башчыларынын иштерин канавайран түшүрүп, улам бири-биринин ортосуна от жагып, билгизбей нааразылык туудургула, жаштарын аксакалдарга каршы тукургула; адептүүлүктөн алаксытып, ниетти буза турган ыр-күүлөргө көндүргүлө, адамдын касиетин биротоло ыдыратыш үчүн аягы суюк, бузулган аялдарды аралаткыла; белек-бечкекке сараңдык кылбагыла, жылуу-жумшак сүйлөп, күлө багып убадаңарды аябагыла; жалган айтып, алдамайын иш жылбайт. Айрыкча байлыкка, дүйнөгө сараңдык кылбагыла.
Эң жогорку даражалуу төрөлөрдөн тартып, сага окшогон майда кызматчыларга чейин баары ушул эрежеге таянып кызмат кылууга милдеткер" - деп жазылганы азыркы заманга дал келип турган сыяктанат.