, 19.08.11 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

"Бакырчаак төөнү" бийликке байласа болобу
же саясий "труптун" кыргызга кереги барбы?
Кыргыз саясатчыларынын ичинен ээн ооздугу жагынан алдына ат салбаган саясатчы Мадумаров. Башка мыкты саясатчылардын оозунан секундуна эки ооз сөз чыкса, Адакеңдин оозунан секундуна жети ооз сөз чыгат. Ошол сөздөрүнүн салмагын өзү деле түшүнбөйт. Анткени, эптеп карапайым элди алдаш керек.


Мадумаровдун "ат" кумары

Акаевдин убагында кесиптешибиз Мадумаровду бото кезинде, таңдайынан чаң чыгат деп, телеберүүдөн мурдунан жетелеп, ошол мезгилдеги Басма министри Абдыганы Эркебаев бутун сүрткүч кылып алып келген.Ал мезгилде Адакең эшек кылып алып келсе да макул болмок.Лекин,ал мансап дегенде эки көзү кызарып турган мезгил эле. Анын жытчыл мурду кантип депутатка жетишти сезди. Анткени, 1995- жылы Өмүрбек Абдрахманов айга күнгө теңеген Акаевдин аптыракты түшүп, Түштүктө ачык А.Масалиев, Д.Садырбаев, Ө. Текебаев сыяктуулар муштумун түйүп турса, жабык А.Эркебаев жана башка чиновниктер бут тосууга аракет кылып келишкен. Ушундай убакта жаш "бакырчаак төө" керек эле. Бул ролго Адакең издетпей табылды. Оппозиционерлер "ботону" "боздотуп" чыгышты эле, Өзгөндүн эли башкаларды өзөртө коюп, Адакеңди адыраңдата парламентке алып келишти. Депутат Мадумаров эми оозун кенен ачты. Анын оозунан Акаев дегенде "ак ит кирип, кара ит чыгып" атты. Албетте, бул элге жакканы менен ЖКда жыргаткан деле мыйзам бүтүргөн жок. Популизмдин чокусуна чыккан Мадумаров, оппозициянын көзүрүнө айланганы менен, тайлактай тайраңдап жүрдү. Ал экинчи ирет депутатка шайланганы өз жери Өзгөнүнө барганда: "Садагаң кетейин эл журт силер үчүн каруумду казык кылам.Силер үчүн араба тарткан ат болом" деген сөзүн барган жеринде кан какшап жүрүп, бул сөзү Мадумаровдун төл сөзү болуп калды. Бирок өзгөндүк Мадумаров бул сөзүнүн өтөсүнө чыктыбы? Кеп мына ушунда.

Мадумаровдун "крим" кумары

Акаевке каршы турган күчтөрдүн ана баштары март төңкөрүшүнүн алдында, Мадумаровко окшоп аялдарынын дамбалдарына баштарын катышты.Ал эмес кечээ эле жектеп аткан Акаевди айга күнгө теңеп колдой баштады. Бирок кыргызда бар экен. Жапаров Кочкорду көтөрсө, Малиев Тоңду көтөрүп, Атамбаев,Отунбаева, Бекназаров,Тургуналиев сыяктуу түбөлүк революционерлерди шыктандырып койду. Арийне, кайдан жайдан чыкканы белгисиз, кечээки Акаевдин сүймөнчүгү болгон Бакиев оң колу менен Түштүктүн "авторитети" Эркинбаевди, сол колу менен Түндүктүн "авторитети" Акматбаевди сыга кучактап, оппозиционерлердин оозун Ошту каратып бийликти мыкчып алды. Акаев дегенде ак эткенден так эте баштаган Мадумаров эң биринчи "ботодой боздоп", чөгөлөп Бакиевдин алдына келет. Кечээки эле "эл үчүн араба тарткан ат болом" деп жүргөн Адакеңди, Бакиев акасы ээр токуду да эшек кылып минип алды. Ага алгач вице -премьер деген мансапты бере салды. Бийликке жылаңайлак келген Мадумаров,тез эле крим чөйрө менен кирип чыгышып, ресторандарда шаракташып, "өз көмөчүнө күл тартып" Акаевдин көз кычыштырган мүлктөрүн мүлжүп, томаяк Мадумаров миллионер Мадумаровко айланды. Ошол мезгилде кыргыз бийлигин титиретип турган Рысбек Акматбаев сөөмөйүн булгап чакырды эле, Мадумаров анын тоюна жөргөлөп жетип барды. Угушубузча Рысбек Акматбаев Мадумаров келдиби, же бирөө келдиби, көңүл деле бурган эмес экен. Мадумаров аны менен стакан кагыштырам деп телтеңдеп жетип барса, шарият жолундагы Рыскең, жаман көзү менен карап койсо,Адакеңдин жүрөгү түшүп кирерге тешик таппай калыптыр. Ошол бойдон куйругун түйүп жоголгон имиш. Анын Рысбек менен мамиле түзөм деген ою таш каап, лекин Рысбектин жан -жөкөрлөрү менен эптеп тил табышып Акаевден калган тарпка дардая тойгону барыбызга маалим.

Мадумаровдун
"эркектик" кумары

Жөө жүргөн, Мадумаров төө минери менен кыз- келиндерге болгон аңчылыгы күчөйт. Бирок көрөр көзү казактын "крутойлорунун" кызы болгондуктан, анын тиешелүү жерин тиктирип салат.Ошого да болбой ал аңыраңдап, мурун атмын десе, эми "аңгимин" деп жар сала баштайт.Эми жөн эле сойкуканаларда же ресторандарда бакылдаганын айтпай эле коёлу.Элдин эсинен кетпесе Кыргыз Республикасынын вице -премьер- министри Аксыда ачынган элдин алдына барып алып кыз- келиндерди кымбат баалуу супермашинасына салып алып аңгилигин көрсөтөм деп, бүт дүйнөгө жар салганы бар. Аңгилик жагынан устаты Бакиев аны башка ишке которот. Эми ал кыргыздын идеологиясын көздөгөн мамлекеттик секретарга барып конот. Коммунисттик идеологиядан кийин, эптеп Манасыбызды туу тутуп, салтыбызды сактайлы деп жүрсөк, мадыраңдаган Мадумаров Манаска асылып кирсе болобу. Балким Амир Темирди туу туткусу келдиби. Ал заманда кимдерди гана туу тутпадык Жолойду, Шыпшайдарды, Коңурбайды.
Эркектик кумары "төөнөлүп" калган Мадумаров кыргыздын ыйыктарына асылбаган жери калбады. Ал гимнден да ката тапты.Дагы далайдан ката тапмак, мамлекеттик секретарь катары экинчи Осмонакунга айланган Адакеңден элдин көңүлү кайт болду.

"Нөлөбөй класстын эжейи"

"Ак жол" партиясы анын багын ачты. Легитимсиз парламенттик шайлоодон соң Мадумаров "нөлөбөй класстын эжейине" айланды. Парламентке жаңы кирген "ак жолчу" депутаттарды колуңарды түз алып, оозуңарды "скоч" менен бекитип отургула деген спикер, мен эмне десем колуңарды көтөрөсүңөр деп турчу.Көрсө көрөр көзүнүн көзү менен тең айланган Мадумаров Каркыраны кайын журтуна кантип берердин айласын таппай жүрүптүр да. Каркыраны го берди, мейли эми бир жигитибиздин калыңына кетти деп коёлу.Эртең ажо болсо дагы канча жерди кайындарына берип жиберет. Мурун каршы чыккан адамдарды тооктун жумурткасы менен тостуруп алса, эми төө куш бактырып, төө куштун жумурткасы менен тостуруп алам деп жүрөт имиш. Мекенин саткан адам кантип ажого барам дейт. Мадумар, Адахам, Кимсанбай, Бакы, Салы, Закирбай, Акай, Макайлар келип алып эле кыргыздын жерин четинен сата берсинби?
Сатканы го саткан, таптатынакай турган Көк үйдү миллиондогон доллар сугунуп, жаңгак үйгө айлантам деп, жардан учуп кетти.Тойбогон адам тойбойт экен. Ал байлыкка да, мансапка да тойбоду. Илгери ирегилеш жүргөн Исмаил акесин түрмөнү көздөй түз "виза" колуна алып берип ордун тартып алды да, коопсуздук катчы катары көнүп алган адаты боюнча кыргыз жерлерин тажик, өзбектерге тартуулап, ошол тараптан "токол" алгысы келип жүрчү эле, кыргыз эли көчүккө тээп бийликтен кууп чыккан. Өчтү жигит, чөктү жигит… анан эсине келип элди ойлоп "Азаттыкка" барды. Максим үкасы "сотка" менен эмне дегенин ким билет, шымын булгап алган боюнча эстеликтей катты.

Сөз аягында

Апрель революциясынын шарданы эстеликтей каткан Мадумаровду жибитти. Демократиялык шайлоодо күрмөлбөй калган тили күрмөөгө келди. Албетте,Бакиев акасынын акчасы анын кернейдей алкымына чак келген жок.Ошондуктан партиясына Акаевдин кишилеринен кошо коюп, бирок элдин ишеничинен эбак чыгып калгандыктан, парламентке жетпей калды.
"Бакырчаак төөнүн" күнү эми келди.Анткени президентикке шайлоо башталды. Түштүктө анын мурдун талкалай коё турган Ташиев турат. Түндүктө эмес өз мекени Өзгөндө ал бийликте турганда бетине жаба түкүргүсү келе тургандар толуп кеткен. Бирок колдой тургандар бар баягы бийлик десе барын сатып кете турган Сариев,Эшимканов, "АЙ!" деп койсо Айовага кире качкан суу жүрөк Байболов, Абдрахманов сыяктуулар колдошу мүмкүн. Анткени Мадумаров саясатчы катары саясий "трупка" айланган. Түштүктө Келдибеков,Ташиев, Сулайманов сыяктуу эли үчүн жүрөгүн окко тоскон жигиттер бар. Саясий "трупту" колдосок Кыргызстан эртең "трупка" айланабыз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ