, 19.08.11 - 3-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

"Максим жана анын командасы"
Кыргыз коомчулугу накта эле эки жаатка жарылып баратат. Бул жерде Түндүктүн да, Түштүктүн да, фракциянын да, партиянын да, уруунун да, уруктун да жыты жок. Бул жерде эки күч тирешкени туру. Биринчи күч жыйырма жылдык авторитардык режимдин пардасын сыйырып, бирок там-туң баса албай телчигип бараткан демократиялык күчтөр. Экинчи күч элдин канын соруп, миллиарддарды ашап, өз элин жарга түртүп келген авторитардык диктатураны жактаган антидемократиялык күчтөр же "семьякраттар". Тиреш башталды…

"Кол куурчак" ким?
Чындыгы эле акаевчил, бакиевчил деп азыр бөлүүгө болбойт. Жыйырма жыл иштебеген киши бомж болуп кетпейби. Короо шыпырдыбы же министр болдубу, ал заманда бардыгыбыз тең эле иштеп жан багып аттык. Акаевдин авторитардык режимине каршы кыргыздын мен деген адамдары баш кошуп, каршы чыгышты. Бирок, кээ бирлери Бакиевдин авторитардык режиминин туткунунда калып, сыртынан "Курманбек Салиевич"-дешкендери менен, ичтеринен сызып, зулум заманга туш болгонун сезип эле турушту.Арийне, алар баш көтөрө алышмак эмес. Биринчиден, Бакиев алардын куйругуна "калбыр" байлап койгон. Экинчиден, мураскор Максим Бакиев бийликке келсе, алардын бийлиги түбөлүккө калчудай сезилчү. Ошентсе деле, бычактын мизи менен жүрүп Бакиевдик бийликке каршы адамдар чыгышып, Кыргызстанга чыныгы демократияны алып келишти. Демократиянын шарданы менен кечээ эле Бакиев менен коюн-колтук алышып жүргөндөрдүн көпчүлүгү кайрадан бийликке келишти. Бирок, коом өзгөрүлдү. Башмыйзам боюнча президент көптөгөн ыйгарым укуктарынан айрылган. Буга биз көнө албай койдук. Велосипедди кайра жасап чыгарууга болбойт, ошонун сыңарындай мындай түзүлүштөгү мамлекеттер ондоп саналат. Анда эмне үчүн президенттик орун үчүн жанталашабыз. Себеби мындай, же ушул демократиялуу жолдор менен кетүү, же кайрадан авторитардык режимди калыбына келтирүү.
Демократиялык күчтөрдүн башына Алмазбек Атамбаев көч баштаганы калды. Ал эми авторитардык режимди калыбына келтирүүнү самаган күчтүн башында баарыбызга белгилүү Максим Бакиев турат. Максим Бакиевдин үстүнөн кылмыш иши козголгондуктан жана анын кадыр-баркы элге тескери таасир тийгизе тургандыктан улам, "семьякраттар" өзүнө ылайыктуу талапкер издешти. Авторитардык режимди жактагандар өзгөчө кадыр-баркы, эл-журтта таасири бар деп, өздөрүнө имергиси келген Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев артты көздөй жол жок экенин сезишти. Ошондуктан булар элдик, демократиялык бийлик тарапта экени сезилип турат. Максим Бакиев туу кылып көтөргөн Нариман Тюлеев "тюлендердин" арасында эле баркы болбосо, Нарикеңди туулуп өскөн Нарынында Ишенбай Кадырбеков менен Карганбек Самаков "эки чайнап, бир жутуп" салат. Ошондуктан, "семьякраттар" издешпей табышкансып, кечээ колдорунда бийлик турганда көчөгө кубалап чыккан Адахам Мадумаровду "кол куурчакка" айлантышмай болушту.

"Кош Ала-Тоо, уулуң кетти АКШга"
Оюндун сценарийи боюнча авторитардык режимди жактагандар апрель айында Бакиев запкы жеди деп Түштүктүн карапайым элин Түндүккө каршы тукуруу. Бул үчүн ченебеген каражат керек. Албетте, каражаттардын төбөлү "Максим Бакиев болгону менен Түштүктү көтөрүүгө Жаныш Бакиевдин барааны калдайып турат.Үгүт иштери негизинен апрель революциясынан кийин болгон кемчиликтерди чукуп, Бакиевдин заманында жыргал заман болчу деген эйфорияны, ошол Бакиевдин убагында акчага туйтунушкан Үсөн аке, Адахам Мадумаров сыяктуулар аркылуу таратуу. Өткөн жыл өтө оор жылдардан болду. Ошол оор жылды да Акаевке окшоп жөн эле кете бербей, улам бир жерден өрткө "ширеңке" чагып жаткан Бакиевдин айлана-тегереги уюштуруп,шыкак болду. Алардын колунан келсе римдиктерче: "Бөлүп жарып, башкар"-деп, Түштүктү бөлүп-жаргандан кайра тартмак эмес. "Оюндан от чыгып" Түштүктө да улут аралык кагылышуу болуп кетти. Күзүндө парламенттик демократиялуу шайлоодо Максим Бакиев акча каражатын аяган жок.Бирок анын акча каражаты текке кетти. Себеби, парламентке өткөн партиялардын лидерлери Максим Бакиевди кайта алып келип алдына титирегиси келишкен жок. "Поезд ушёл!" Бир гана парламентке өтпөй калган кечээ эле Максимден запкы көрүп жүргөн Адахам Мадумаровдун поюзу артты көздөй жүрүп баратат. Аны көпчүлүк түшүнгөн эмес. Мадумаров менен альянска алгач Аликбек Жекшенкулов бара турган болгон. Андан кийин Темир Сариев, Кубат Байболов өңдүү бийликке таарынычы барлар Мадумаровдун айланасына чогула турган болгон. Бул Түндүктү ала турган амал болчу. Түндүктүн дагы бир топ кеңкелестери Мадумаровду туу тута баштаган. Түндүктүн демөөрчүсү Мирослав Ниязовдун "совбез" боюнча орун басары болуп иштеген, "битин сыгып канын жалаган", кыргыздардын эсебинен байлыгын миллиардка жүгүртүп бараткан Вячеслав Хан. Бакиевдин убагында бул мартабалуу мансабынан Темир Сариевдин айгайы менен айдалган. Көрсө ВХ Кыргызстандын эле эмес, Казакстандын, Россиянын да жарандыгын алып жүрүптүр. Ошол мезгилде парламенттте болгон ызы-чуудан улам анын ичегисиндеги калдыктары чубалып чыгып атпайбы. Ханбы, хандроспу же хан доспу башкы демөөрчүсү болсо, ал эми бул оюндун башкы фигурасы болуп Максим Бакиев турса, "кол куурчак" Мадумаровдун артынан ким ээрчимек эле? Угушубузча, Темир Сариев, Аликбек Жекшенкулов, Кубат Байболов сыяктуу Максим Бакиевдин бийлигинен запкы жегендер Мадумаров менен кызматтташуудан баш тартышып жаткан имиш. Бул деле туура да. Эгерде 7-апрель болбогондо Темир Сариевди, Аликбек Жекшенкуловду Максим Бакиев түрмөнүн түбүнө чиритсе, Кубат Байболов "Кош Ала-Тоо, уулуң кетти АКШка" деген бойдон мекенине кайрылып келмек эмес. Балким Сталин Троцкийди Америкада жайлаткандай, Максим Бакиев деле Кубат Байболовду Америкадан жок кылып коюшу да мүмкүн болмок.

Акаевдик десант
Авторитардык режимди калыбына келтирүү жеке эле Максим Бакиевди кызыктырбайт.Авторитардык режимдин "энеси" болгон Аскар Акаевди да Кыргызстандын демократиялуу жолго түшүшү түн уйкусун бөлүп түйшөлдүрүп жаткандай. Элден соруп алган миллиардарын басып жаткан Аскар Акаевке да Убактылуу Өкмөт тескери мамиле жасап кыргыз жерине кайтып келүүсүнө каршы болуп койгон соң, ал дагы ага-туугандары,жек-жааттары аркылуу кыргыз саясатына кийлигишүүгө аракет кыла баштады. Былтыркы парламенттик шайлоодо ал бажасы Азамат Кангелдиевди "Ата-Журт" аркылуу депутаттыкка түртсө, быйылкы президенттик шайлоодо, өзү келе албаса да "десант" түшүрүүгө аракеттерин баштады. Анын десанты учурунда УКК министри, президенттик администрация жетекчиси, коопсуздук секретары деген абройлуу кызматтарды аркалаган,Мелис Эшимкановдун сөзү менен айтканда "доссекретарь" Мисир Ашыркулов. "Доссекретарь" Ашыркулов Акаевдин убагында оппозиция менен бийликтин ортосуна көпүрө болуп, тең салмактуулукту сактап турчу. Ошондуктан, ал ошол мезгилдеги жаш оппозиционерлер Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов, Марат Султанов, Мелис Эшимканов, Адахам Мадумаровдор менен кылдат мамиле түзүп Акаевдик текебер, зулум бийликти жымсалдап турган. Аяшы Майрам Акаеванын кылык-жоруктарын ал досу Аскарга ачык айткандыгы үчүн, ошол мезгилдеги "всесильный" таластык кландардын душманына айланат. Бир кудай билет, ага гранатаны ким ыргытканын, гранатадан аман-эсен калган соң, "эсиң барда этегиңди жый"- дегендей оппозиция жакка ого бетер ооп, акыры Акаевке каршы граждандык союзду түзгөн.Бул союзду активдүү жактагандар Текебаев, Мадумаров, Султановдор эле. Кийинчерээк оппозициянын Акаевке эң каршы күчтөрү КЭКти түзгөндө, Ашыркулов КЭКтин жетекчиси Курманбек Бакиев менен сүйлөшүүлөргө барганын сүрөттөр тастыктап турат. Бирок, Бакиев бийликке келген соң негедир "доссекретарь" бийликтен устукан талашпай досунун артынан Москвага кеткен. Бир топ убакыттан бери "доссекретардын" сөлөкөтү Кыргызстанда пайда болду. Аңыз сөздөргө караганда Акаевдин "десанты" катары Кыргыз Республикасында авторитардык диктатураны калыбына келтирүү максатында Адахам Мадумаровдун талапкердигин колдойт имиш.Эгерде ушул чындык болсо, кечээ эле Мадумаровду колдоп келген эзил кайран Апсамат Масалиев көрүндө өкүрөт.Кантсе да ал киши демократиячыл таза инсан эмес беле.

Максим жана анын командасы
Ошентип, президенттик шайлоонун алдында ачыкпы, жабыкпы Кыргызстанга сук арткандар көздөрүн кайрадан биздин мамлекетке кадай баштады. Кыргыз элин канча сорсо да тойбогон көздөр, кыргыздын жерине ашык боло баштады. Алар тилинен бал да,уу да тамган демагог Мадумаровду бет кап кылып эптеп Кыргызстанга киришип, анан кайрадан мүлжүй баштагысы келишет. Ансыз деле жыйырма жылда мүлжүнүп бүттүк айланайын кыргыздар. Бир жыл ичинде жыйырма жыл мүлжүнгөндөрдү калыбына келтирүүгө кантип жетише алмак эле. Бирок да, кымбатчылыкты эсепке албаганда алдыга карай жылыштар бар. Парламентке демократиялуу шайлоолор болду. Ошол эле парламентке акаевдик,бакиевдик калдыктар өтүп алып, парламенттин ишине кедерги кылып турушту. "Көч жүрө-жүрө оңолот" дейт парламенттин иши да жүрө баштады. ЖКнын спикери Акматбек Келдибеков парламенттин ишин туура жолго салууда чоң күч жумшаса, Акылбек Жапаров,Өмүрбек Текебаев сыяктуу бир топ депутаттар эл үчүн канчалаган мыйзамдарды даярдап берип жатышат. Ортодо, кайрадан күрөш башталып элдин көңүлү ошол жакка бурулууда. Шайлоо шайлоо менен ,бирок элдин жашоо-турмушу артты көздөй сүрүлбөш керек. Азыркы күндө Лондондо Березовский досунун жанында шапар тээп жүргөн Максим Бакиев ойгонду. Ал кайрадан өз диктатурасын Кыргызстанга орнотуу үчүн Березовскийдин акчасын да аягысы келбейт. Кымындай орустун бир шаарындай болгон Кыргызстан эмес, Березовский Путинге каршы Россияны көтөрүп коюуга кудурети жетет. Березовскийдин бекер акчасына манчыркаган Мадумаров, эмитеден эле чиренип өзүн президент сезип калды. Баягы Мадумаров жок. "Президент" Мадумаров! Эми аны менен сүйлөшүү да оор болуп калды. Былтыр Түштүктөгү кырдаалды жөнгө келтирип, элге кадыр-баркы сиңген Келдибеков Оштон 120 миң добуш алса, Ташиев Жалал-Абаддан 40 миңден ашык добуш алганы белгилүү. Азыр "Ата-Журт" партиясы Ташиевди президенттикке түртүп жатышат. Ушундай күчтүү партиянын лидери "президент" Мадумаров менен ынтымак үчүн сүйлөшүүгө барса, Адакең: "Сенин башың быша элек молодойсуң"-деп коюптур. Элдин ынтымагына караганда өзүнүн дымагын жогору көтөргөн Мадумаров Максим, Березовский эмес Рокфеллердин миллиардарын алып келсе да кыргыз эли каршы турушубуз керек. Бизге авторитардык диктатуранын кереги жок. Диктаторлордун алдында ачка болсоң да үн ката албайсың, ал эми демократиялуу заманда ачка болсоң жок дегенде бийликти ашата сөгүп аласың.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ