, 19.08.11 - 14-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бактыгүл Чотурова:
"Кел баарын, чарчоолорду унутабыз,
Бактылуу болсун ар бир минутабыз"
Көз дарыгерлерине
Жакшылыктын добулбасы кагылсын,
Жашообузда көз доктурлар арбысын.
Миң сандаган көз көрбөгөн жарандын,
Ак батасы дарыгерге кабылсын.

Жесирликтин көк көйнөгүн жамынып,
Алдыңарда турам бүгүн сабылып.
Кандай болот мындан аркы жашоом деп,
Көкүрөктө үмүт оту зарыгып.

Канаттарым кайгы-муңдан кайрылып,
Көз көрбөгөн оңбос дартка чалдыгып.
Каары келип айыкпаган бул оору,
Алды го дейм мени өзүнө багынтып.

А балким бул жараткандын кылганы,
Кайгыланбай сиздин кеп-кеңешти угалы.
Эгер силер дартка даба берсеңер,
Аздыр-көптүр өмүр жолун улайлы.

Кош данек
( Дарыгер жубайлар Арапбаев Абдумалик жана жубайы Алиева Альбина Султановнага)
Кош данектер бирге жарашып,
Тагдыр жолдо бирге жанашып.
Дарыгерлик кесипти аркалап келдиңер,
Оорулууга жакшы маанай жаратып.

Ишеничин актап кыргыз калкыңдын,
Ак эмгектен баар таптыңар.
37-42 жыл үстүңөрдөн ак халатыңар түшпөстөн,
Сом жеткис өмүрлөрдү сактап калдыңар.

Үй-бүлөдө 52 жыл бирге түтүн булатып,
Үу кызыңүыз чынара, Лада, Асел ата-эне кесиптерин улантып.
Азыр Москва шаарында эмгектенип жатышат,
Кыргызстандын атак-даңкын чыгарып.

Малик, Альбина ырыскынын айдап кемесин,
Кош жылдыздай бирге жангыла.
Байсалдуу өмүр сүрүп, небереңиз Арапбайды жетелеп,
100 жашка да бирге баргыла.
Майрамыңыздар куттуу болсун!

Бакыт!
Жарык берип ар бир жаран көзүнө,
Дарылайсың кылдат карап көзүнө.
Дарыгердин назик мамилеси байкалып,
Үмүт оту бул-күйөт көөдөндө.

Көзүм көрбөй көңүл чөгүп турганда,
Кубанычтын өмүр күлүн чачасың.
Дем күч берип орулууну аздектеп,
Үмүт оту балбылдатып жагасың.

Бүгүнкү күн сенин дагы майрамың,
Жашап өткүн жакшы турмуш майданын.
Аман болгун арзуу айым дарыгер,
Чын дилимен рахматымды айтамын.
Гүлмира Каипова


Достор эй!
Достор эй, мен бир акын ырын өпкөн,
Жазга окшош кирпигинен жамгыр төккөн.
Бирөөнү сүйгөн бойдон өтөрмүн мен,
Атынан ыр артынып нардай чөккөн.

Достор эй, силер күбө, сүрөп демди,
Кантейин акылымды жүрөк жеңди.
Күмүштөй ырга чайкап өтөрмүн мен,
Күлкүбүз жылдыз чачкан мүнөттөрдү.

Достор эй, ыйлаганым, күлгөнүмдү,
Сыр кылып жүрөгүмдү тилбедимби.
Эрте-кеч ырга токуп өтөрмүн мен,
Эңсеткен эрке кыял күндөрүмдү.

Достор эй, аяп турган сынганымды,
Көңүлгө мендей күтүп ким зарылды?!
Саймалап ырлар менен өтөрмүн мен,
Сагынып коңгуроолуу жылдарымды.

Асмандай көзүңө чөгөрүлүп
Көгүлтүр асмандай көзүң менен,
келген нур орогон кезинде мен,
Кубанчым учуруп, токтотпойт не,
Куш сымал убакыт сезилбеген.

Саамайың койгонсуп алтындаган,
Сапсары чачтарың жалтылдаган.
Сынбастай оролуп тармалданат,
Сырлардай буралып айтылбаган.

Сезимим жол күтүп сага деген,
Семирип жүргөнсүйм санаа менен.
Бирикпес болсок да эки жээктей,
Оюмда сен менен кала берем.

Адамдын кыялы неге күлүк,
Алдыда үмүткө өңөрүлүп.
Чексиздик чакырып, калгым келет.
Асмандай көзүңө чөгөрүлүп.

Өзүмдү жеңүү кандай оор
Бийлетсең дагы санаага,
Билемин мендик эмессиң.
Түндүгүң бөлөк, а мага
Түшүнбөйм, неге керексиң?!

Башкарып жүрөк сыдырган,
Башыңдан өтпөйт не бир доор,
Башканы жеңген учурдан,
Өзүмдү жеңүү кандай оор.

Ушул ой мени эзүүдө,
Күтүүдөн көзүм тешилди.
Жек көрүп сени, кетүүгө,
Жеңалбай койдум өзүмдү.

Сагыныч саргайткан өңдүү,
Чачтарың алтын буусундай.
Түшүмдө унтуп ийемби,,
Бал сунуп турам уу сунбай.

Кирпигим түртүп таң атат,
Сүрөтүң чийип калемим,
Карабайм десем каратат,
Көгөргөн көктөй карегиң.

Түбөлүк эмес өмүрдөй,
Сүйүүдөн кимдин боору эсен.
Башканы жеңүү жеңилдей,
Өзүмдү жеңүү оор экен...

Сиз
Жолугуу жакшы сиз менен,
Пейлиңиз таза, түз, кенен.
Эртеңдер үчүн сырдашып,
Жолдорду табам издеген.

Кандай деп сөздү улайсыз,
Кандайын гана сурайсыз.
Тирүүлүк бакыт болсо да,
Убакыт барбы убайсыз.

Кечеги күлкү жок бүгүн,
Келмеги кандай деп күнүм.
Көңүлүм азып турмуштун,
Көтөрүп келем көп жүгүн.

Адамга керек кеп-кеңеш,
Акылды эч ким кеч дебес.
Жакшылар сиздей барында,
Жашоонун орду бөксө эмес.

Сүйүү кандай?
Асмандын чексиздигиндей,
Жүрөктүн эссиздигиндей.
Сары оору кылган ичти жеп,
Санаанын кеткис жүгүндөй.

Тартылып бүтпөс сүрөттөй,
Жыгылып тойбос күрөштөй.
Жетеби, жетпей калабы,
Сүйлөмдө күчтүү илептей!

Кыялдын күлүк жолундай,
Кыпкызыл оттун чогундай.
Жаныңды берип жалп этип,
Мылтыктын тийген огундай.

Кел баарын унутабыз акын досум
Кел, баарын жолукканда унутабыз,
Бактылуу болсун ар бир минутабыз.
Чачтан да көп түйшүктөр түгөнбөстөн,
Чарчатты, калсынчы ары жумуш алыс.

Жатпаса өлбөй турган өмүр күтүп,
Эмнеге калуу керек көңүл үшүп.
Айрымдар күндө бирди кийип-чечип,
Алыптыр бизден кыйын көрүнүшүп.

Бир чети туура кылат алар деле,
Башка жок көрсөтүүгө жарар неме.
Атанын жыйганы да балдарына,
Түбөлүк буйругандай калар беле?!

А бизге башка тагдыр берген үчүн,
Бакыт деп сезимдердин жеңген күчүн.
Бакыт деп ырлар менен өрүлүшкөн,
Түбөлүк эртеңдерди көргөн түшүн.

Жашоону ошондо да билип өскөн,
Жакшы окшойт күнүмдүктө күлүп өткөн.
Суулуктан алат экен кээде турмуш,
Суурулган күлүктөрдү терин төккөн.
Бирок да, сатып алгыс алтын берип,
Өнөр дейт түбөлүктүү түбү келип.
Өткөн күн кайрып бергис өмүрдү да,
Бийикке алып чыккан жерден эңип.

Андыктан, сезимге ысык отун алып,
Сагыныч, кыялдарды кошуп алып.
Кел баарын унутабыз, акын досум,
Жылдыздай жааган ырды тосуп алып.

"Сен" дегенге өткөндөр
Сурандың сен бирөөлөр менен барган,
Ийгилигин ишиңдин албан, албан.
Керек окшойт мактатып көңүл алыш,
Угушумча бейтааныш деген жандан.

Чоочун аял жалаңдап кирип келип,
Жабышчудай аз калды сени көрүп.
Атын "билбей жатканың" унтуп калып,
Саламдаштың "сенге" өтүп дениң өлүп.

Мен кирпигим ирмебей карап турдум,
Өзгөрүүңө жүрөгүм канаттырдым.
Сен жаркылдап жанашып атын атап,
Даңазалап дарегин санат кылдың.

"Сен" дегенге кандайдыр акың бардай,
Баатыр боло түштүң го батынгандай.
Эстей албай мага эмне атын мурун,
Жасалмалуу айткансың жашыргандай.

"Сен" дегенге өткөндөр-сезимдештер,
Сейрек болчу бир көргөн... кезин эстээр.
Эмне бирок качкансып кетип калдың,
Көздөрүмө жалтаңдап карап көздөр...

Чоочун аял жана мен ортосунда,
Бөлүнөт деп жаныңдан коркосуң да.
Шагы сынган күтүүнүн, кайра келсең,
Барбайт эми үмүтүм жол тосууга.

Бир көргөнгө "сен" дештин барбы наркы,
Жеңилдиктин тандабас тайыз арты.
"Сен" дегенин, дос, тууган, курбулардын,
Салыштырып окшотпо ага жалпы.

Насип буйруп кай убак жүргөн жерде,
Мен эч качан "сен" дебейм бир көргөнгө.
А сен кантип алдыма чакыргансың,
Маани бербей мен үчүн ким келгенге.