, 24.06.11 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Беш
бармак
Оо, аялзаты улуусуң да, сулуусуң!
Кыз Сайкал
Аны дайыма кыз Сайкал деп келишет. Анын кыз экенин ким билиптир. Анын үстүндө Өмүрбек Абдырахмановдун ой-жоруусу боюнча бандит Манас ошол мезгилдеги ОПГнын бир бучкагын чойсо, "бандюга" кыз Сайкал Манастан "косяк" таап, аны менен кошо таймашып ОПГнын да бир бучкагын чоюп атпайбы. Ошол замандын "фуфлыжник-маслокраддары": Алооке, Коңурбай, Жолой, Нескара баш болгон кытай,калмактардын ОПГларынын таш-талканын чыгарып, Бээжинге чейин жетип барып "разборка" кылып аткан авторитет Манаска ким деген каршы чыга алмак эле.Албетте, ошол үчүн кыз болсо да, кыз Сайкалдын кылмышкерлер дүйнөсүндө абдан чоң авторитети болсо керек. Балким, аялдардан чыккан биринчи "вор в законе" болгондур. Азияны кылычы менен баш көтөртпөй турган шерлердин шери эр Манаска ким даап "разборкага" чыга алчу эле. Эптеп Абдырахмановдун "бандити" күчүнө күч толуп, "урунаарга тоо таппай, урушаарга жоо таппай" турган убакта, кыз Сайкал жекеме-жекеге чакырат. Мунун өзү эле кыз Сайкалдын баатырдыгын көрсөтүп турат. Манасты кой Кытайдан миграцияланып келип, ислам динине кирген Ал Мам Бетке эле ким даай алчу эле. Же болсо "Манастан Чубак кем бекен" деп, дайыма Манаска оппозицияда жүргөн Чубак менен эле күч сынашып көрсө болмок. Кыз Сайкал "бандиттердин авторитетине" теңелем деп, жүрөктүү неме экен.Жүрөгү аялзатыныкындай назик болбой эле ,жүрөгү тоодой болсо керек.
Неси болсо да андан кийинки замандарда кыз Сайкалды тартып, "Эркектер силер аялдарыңардын койнунда корголоп жата бергиле"-дешип, элди коргоого чыккан кыргыз кыз-келиндери көп эле болгон. Ошондуктан, кыз Сайкал эрдиктин символу катары түбөлүккө кала берет. Мейли Абдырахман, Бдырахмандар Манас экөөнү бандитке теңеп, ушактай берсин, бирок биз эр Манаска айбат берген кыз Сайкалдай сулууларыбызга сыймыктанабыз!
Жаңыл Мырза
Жаңыл Мырза тарыхий инсан. Манап бийдин чөбүрөлөрү, Сарысейит бийдин балдары Үчүке менен Түлкүнүн болуп турган убактары экен. Арийне, экөөнүн тең үй-бүлөөсү болгон. Үчүкенин үч эркек баласы, ал эми Түлкүдөн Тынай калган.Себеби, Сарысейит бийдин калмак кемпири Үчүке менен Түлкү Жаңыл мырзанын колунан өлгөн соң, Түлкүнүн эмчектеги баласы Тынайды алып калып, жаш келинди кетирип жиберет.Ошол кетээр алдында Тынайды эмизип атып, жаш келиндин боздогон кошогу бар, Үчүкенин үч баласы жалгыз Тынайымга күн көрсөтпөйт деген. Ымыркай баланы энесинен бөлүп, калмактар ошондо эле кыргызга жакшылык кылган эмес.
Жаңыл мырзага келген болсок, ошол мезгилде эркектердей кийинип алып, эркектер менен чогуу жоого аттанып, атак-даңкы алыска кетип, кыргыздын мыкты манаптары Үчүке менен Түлкүнү да азгырып атпайбы.Кимиси аялдыкка алаарын ким билет, бирок өз өмүрлөрүнө өздөрү балта чаап, ооздору кычышып сүйлөп ийип атышат да. Ата-тегинен бери кыргызды бийлеп келатышкан көпкөн немелер, Жаңыл мырзанын ити жанына келсе, "Канчыктын канчыгы келди" деп атышпайбы. Бул сөздү укканда Жаңыл мырзанын төбө чачы тик туруп, кыжыры кайнап жаа менен "телохранителдери" жок келишкен Үчүке менен Түлкүнү атып салып атпайбы.Атса атып салгандыр, көп болсо эки сарбагыш өлгөндүр. Кеп башкада болуп атат. Ушул Жаңыл мырзанын колунан өлгөн эки баатыр, ошол учурда кыргыздар таянып, калмактарга такаат берип турган баатырлар болчу экен. Үчүке менен Түлкүнүн көзү өткөнүн уккан соң , анын иниси Кудаяр хандын убагында калмактар каптап кирип, "казактарды кайың саадырып, кыргыздарды Кысарга (Гиссар) чейин кууп" жиберип атышпайбы. Балким, Жаңыл мырза Үчүке менен Түлкүнү бирдей атып салбаганда,калмактардын катуу чабуулуна туруштук берип калмак беле, ким билет. Жаңыл мырза деле жыргап кеткен жок. Кыргыздын бары калмактарга таланып, чабылып атышса, нойгуттун бир кызы жыргамак беле.Жигиттерди чансаң мындай болот деп, бир чалга алып беришип, анын өмүрүнүн аягы бүдөмүк бүттү.
Арийне, Жаңыл мырза эркиндикти эңсеген кыргыз аялзатынын көксөгөн тилеги катары, кылымдардан бери жашап келатат.
Курманжан датка
Акылдын кеменгери Курманжандын өмүр-тарыхында деле кара тактары бар экен. Курманжан сулуу бир байкуш "беспартийный" бечарага тийет. Анан Кокон хандыгындагы белгилүү мамлекеттик ишмер, "тоолук кыргыздар фракциясынын лидери", Алайды титиретип турган, азыркы Абдыганы Эркебаевке, Ахматбек Келдибековко, Марат Султановко түспөлдөөш Алымбек датканы көргөндө, "любовь с первого взгляда" деп эстен танып, бечара күйөөсүн чанып,башын аттап Алымбекке токолдукка тийет. Эптеп Алымбек датканын башына чай кайнатып жүрүп №1-чи зайыбына айланат. Экинчи кара так мындай: Орус империясы "Алайдын ханышасы" атап,Түштүк жергесин ак падышанын кол алдына салып бергени үчүн Курманжан датканы сыйлоочу. Курманжан датканын сөзү орус бийлигине өтмөк. Эки көзүн жалдыратып өмүр тилеп турган уулуна: "өлүмгө тике кара"- деп айтпай эле, куткарып калууга болмок.Ал эң биринчи эне болчу.Эне эч качан өз баласын өлүмгө кыйбайт. Бирок бийлик, саясаттын сасык оюндары эненин да, атанын да жүрөктөрүн таш кылып салат экен.Бийлик талашып, Александрга окшогондор өз атасы Павелди өлтүрүшсө, бийликти алып коёт дешип өз балдарын өлтүргөндөр канча. Урдум ошондой бийликти. Бийликтин даамын таткан Курманжан датка да эш тутуп, энесинен кайырым күткөн Камчыбекти өзүнүн "авторитетин" көтөрүү үчүн, желдеттин даргасына салып берди.
Курманжан датка негизи феноменалдуу аялзат. Анын баскан изин карап отуруп, азыркы күндө дагы аялзатынын колунан келбеген нерселерди ошол заманда эле аткарыптыр. Анын Шабдан баатыр менен тил табышып. Түштүк жергесин дээрлик кан төгүүсүз Россиянын карамагына өткөрүп бергени прогрессивдүү кадам болгон. Американы он бешинчи кылымда ачышканы менен, Австралияны он алтынчы кылымда ачышканы менен, Антарктиданын он сегизинчи кылымда ачышканы менен, он тогузунчу кылымда дүйнөлүк географиялык уюмга Тянь-Шань, Ала-Тоо табышмак бойдон калган. Биздин аймакка көз артышып Чыгыштан ажыдаардай ооп тартып чүрчүттөр, түштүктөн Индия, Ооганстан аркылуу англис колонизаторлору, түндүктөн Россия империясы жылып келаткан. Албетте, кыргыз жеринин бир бөлүгү Кытай империясынын колунда калганы менен, көпчүлүк аймагы чабылып-чачылбай Россиянын курамына кошулганына Курманжан датканын эмгеги зор. Үч мамлекетке чачыраган курддар, баш көтөрө албай турган уйгурлар, эки мамлекетке бөлүнгөн осетиндер жана башка калктарга караганда өз мамлекетибизди түптөп алдык.Мына ушуга чоң салым кошкон аялзаты Курманжан датка-энебиз!
Роза Отунбаева
"Восток- тонкое дело"-деп коёт эмеспи. Чыгыш чындыгы эле таң калтырат.Чыгышта аялзатынын укугу тебелендиде калган сыяктуу сезилет.Себеби, Чыгышта негизинен шарыят жолун тутушат эмеспи. Ал эми шарыят боюнча аялзатынын укуктары басмырланган.Ошол эле мезгилде эл бийлеп атагы таш жаргандардын бардыгы Чыгыштан чыгат. Тамара, Назира,Курманжан датка, Индира Ганди, Беназир Бхутто… эми булардын катарына Роза Отунбаеваны кошуп койсо болот. Роза Отунбаеванын референдум аркылуу президент болгонуна бир жыл болду. Ал Кошмо Штаттардын Президенти Барак Обама менен бет маңдай отуруп бир нече ирет баарлашып келди.Ошондо Роза Исаковна сураса болмок: "Сиздерде демократия барбы?"-деп. Албетте, Обама: "Бар"-демек. Ошондо Отунбаева: "Элүүгө чукул президенттин арасында эмне үчүн бир аялзаты жок?"-деп суроону кабыргасынан койсо, жараша түшмөк. Канчалык демократпыз деп мактанышканы менен Кошмо Штаттардын бирөө да аялзатынан боло элек.Бул жагынан биздин мамлекет элге үлгү берерлик иш кылдык. Эки опкок эркек президенттен соң, аялзатына кезек бере койдук эле, калыс, адилеттүү иштеп берип атат.Ошондо да эркектанаалар ичтерибиз тар келет эмеспи, эл үчүн иштеп аткан аялзатына да мүмкүнчүлүк бербей, убакыттан кызганып, бир жарым жылга эле мөөнөт бердик.Эч бир Башмыйзамда Президенттин мөөнөтү бир жарым жыл болсун деген берене жок. Бул жөн гана Убактылуу Өкмөттүн убактылуу мүчөлөрү, "ичтерине таруу айланбай" Отунбаевага ушундай шарт койгон.Ал мезгилде ал-абал өтө оор болчу. Кыргызстан кылдын учунда турган, анан президент бир жарым жыл болсун деген жөрөмөлдөргө ойлонбой макул болууга туура келген. Бирок, саясатта мындай "жигиттик макулдашууга" түкүрүп да койбойт. Путин менен Медведевдин ортосунда Медведев президент болоордо "жигиттик макулдашуулар" болгон, Медведев ага түкүрүп койдубу? "Ата-Журт" менен "Ар-Намыс" парламентке келгенде "жигиттик макулдашуу" түзгөн. Жөн эле сөз бойдон калды. Ал эми Роза Отунбаева сөзүнө турду.Бул мындай: "Эй, алкы бузук эркектер көзүңөрдү ачкыла,президенттик орун түбөлүктүү эмес",- деген эскертүү сыяктуу.Эркектер эртең талашып бийликти алышат да , өз авторитардык режимин орното баштайт.Кантсе да кыргыздар да монархиянын каны бар азиялыктар эмеспи.Ошондо,Роза Отунбаеванын кадыр-баркы мүнөт сайын көтөрүлөт. Роза Исааковна тарыхта кала турган инсан! Арийне, тарыхтан Акаевди да,Бакиевди да чийип сала албайбыз.Алар деле тарыхта калат.Акаевдин аты тарыхка жакырлардын көз жаштары менен жазыла турган болсо, Бакиевдин аты тарыхта курман болгондордун каны менен жазылып,ал эми Отунбаеванын аты кыргыз тарыхында акыйкаттуулук бар экенин билдирип, кыргыз мамлекетин аз башкарса да алтын тамгалар менен жазылып калат!
Дамира Ниязалиева
"Жаман аял күйөөсү өлгөндөн кийин көбөт"- деп илгеркилер айтышчу. Эмки заманда: "Жаман аял мансапка жетип, күйөөсүн башкаргандан кийин көбөт"-деп калды. Бул эки кеп тең Дамира Ниязалиевага тиешелүү. "Күчүк кезинде асырадым эле, чоңоюп ит болуп алган соң өзүмө асылды"- деп Мусулманкул Кудаяр ханды айтат эмеспи. Дамира айымды КСДП жоктон таап келип, депутат кылган. Ооба, КСДПнын эшигин шыпыруучу беле, же машинисткасы беле, депутат болоор менен шарт өзгөрүлдү. Өзүнүн териси да хамалеондукуна окшошуп кетет.Эшик шыпыруучунун терисин депутаттын терисине алмаштырып, сулуулар салонуна кирип, таптатынакай аялзатына айланып чыга келди. Кызыгы, анын кыз, тоюз аялзаты болуп калганы. Эркек болгондо КСДП анын чокоюн парламенттин төрүнө илип коймок. Кимге көз кысып атып депутат болгонун ким билет? Эшик шыпырып жүрүп бук болуп калган Дамира Ниязалиева легитимсиз "Ак жолчулардын" парламентине келгенде алгач сүйлөгөндү үйрөнөөр менен, КСДПга таянып алып катуу, орой сөздөрдү сүйлөй баштады. Ал мезгилде "ак жолчуларды" Адахан Мадумаров ооздоруна талкан сугунтуп коюп, сессияга алып келгендиктен алар сүйлөй алышчу эмес.Отунбаева, Өмүркулов, Бешимов Масалиев төртөө гана тескери сүйлөп кээде Ниязалиева кошулуп калчу.
Бирок, Ниязалиеванын жытчыл муруну тез эле "деликатестер" каяктан келээрин айныбай сезди.Ал акырындык менен "күчүк кезинде асырап алып келген" КСДП партиясына сыртын салып, "Ак Жол" партиясына тилектештердин катарына кошулду. Ал жактан "шорпонун" жыты жыттанып турган. "Мойнунан байланган иттей болуп" КСДПга моюн толгоп, Бешимов дыргаяктап кетип бийликке каршы сүйлөгөн Отунбаева менен Өмүркуловко колдоо көрсөтмөк тургай, "жең ичинен" Бакиевдердин бийлигин колдой баштаган. Жанагы Жээнбеков деген партиялашы КСДПны ачык сатып, Бакиевди мөөнөтсүз президент кылууга түрткү болсо, Ниязалиева куйтуланып, бекинип алып "Ак Жолду" колдоп жүрдү. Таң калычтуусу бийлик алмашкан 7-апрель күнү Дамира Ниязалиева да терисин хамалеончо алмаштырып тез эле күйүп-бышкан революционер болуп чыга келди. Кадрга суусап аткан Убактылуу Өкмөт жакшы кадр жок "дөңгөчтөрдү" деле убактылуу министрликке дайындап атты. Ошолордун бири Саламаттыкты сактоо министри Дамира Ниязалиева элди көзүнө илбей, этиканы кармабай көчөдөн эле буркан-шаркан түшүп "шопуруна" оройлонуп өкүрүп-бакырып атканын көрүп, министрге тойгон экенбиз деп жийиркенгендер да болгон. "Доңуздай далысынан сезген" Дамира айым парламенттик шайлоо алдында, дагы кимге көз кысканы белгисиз, партиялык тизмеге илинип, парламентке келди. Эми болсо КСДПны колдогула деп, мурунку "ак жолчу" коллегаларына көз кысып жүрөт дейт. Эмне экен ал деле КСДПнын мүчөсү болуп жүрүп, "Ак Жолду" колдободу беле. Эми экс-мамилелештер ал пир тутуп жүргөн адамды президенттик шайлоодо колдоп берип койсо, "майлуу устукандарды" ээлеп алышпайбы. Анткени, "Ак Жолдо" жалаң "майлуу устукан" жегендер, "Күн тийген жердин күкүтөрү" чогулушкан эмес беле. "СОС"- Дамира Ниязалиева аркылуу бийликке "Ак Жолчулар" келатат!!!


Азизбек КЕЛДИБЕКОВ