, 24.06.11 - 14-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Жаңы китеп

Редакциядан: Жакында эле Кыргызпатенттин колдоосу менен бир нече автордун китептери жарык корду. Алардын бири газетабыздын редактору Айзада Абазованын "Адашкан каркыра" аттуу чакан аңгемелер жыйнагы. Төмөндө ошол жыйнактан бир чыгарманы окурмандарга сунуш кылмакчыбыз.

Адашкан
каркыра
(мини роман)
1- глава
Таанышуу
Кыз орто мектепти бүтүрүү классында окуп жаткан. Сезими жаш талдай дирилдеп турган учуру. Ошондой учурда ал бирөөгө жолукту. Мектептин чоң тыныгуусунда эшикке чыгышкан эле. Жигит аны обочорокто карап турган экен. Кыз караганда көздөр кездеше түштү.
- Сиз кимсиз?,- деди кыздын көзү.
- Мен ошолмун, - жигит да көзү менен жооп берди.
- Түшүндүм,- деди жооп көз караш.
Жигит ыраазы боло жылмайды. Кыз өз оюн көзү менен окутуп койгонун сезип уяла түштү да, бурулуп басып кетти. Өзүнчө калганда жанагы кездешкен көздү эстөөгө аракет кылды. Бир жерден көргөнсүйт. Жомоктон беле? Кинодон беле? Же түшүндө көрдү беле? Бирок, бир билгени бул көздөр анын көңүлүнө орноп калган жападан жалгыз, эч кимге алмаштыргыс көздүн дал өзү болуучу. Алар ошентип таанышкан эле.

2-глава
Изилдөө
Кыз көз караш менен таанышкан жигитти жомоктон эмес, кинодон да эмес, түшүнөн да эмес, өңүндө кездештиргенин мойнуна алды. Мойнуна алды да изилдей баштады. Айылды териштирсең алаканыңа бат эле түшүп берет. Жигит таэжесинин классташы болот экен.
Классташы жөнүндө таэже көп деле маани бербей кайдыгер сүйлөп жатты.
"Ал бизге алтынчы класста келип кошулган. Эч кандай деле өзгөчөлөнчү эмес. Жакшы да, начар да окуганын эстей албайм. Эч качан кол көтөрчү эмес. Мугалим сураса, билсе - жооп берүүчү, билбесе-унчукпай кутулчу. Жаңы келгенде бир чети жаңы келгендиги, бир чети сырткы келбети кызыктыргандыктан бир топ кыз жакшы көрүп калганын билдирип жиберүүгө да үлгүрүшкөн. Бирок, ак дегенди да, көк дегенди да билбеген ал мелтейматтан акыры тажаганбыз".
Көп өтпөй эле кыз ал жигиттин жеңеси менен тамеки талаасында кошуна экенин да билип, тамеки чаап жатып, кайнилери жөнүндө апасы аркылуу акырын жылдырып койду. Ал аңгыча кетти: эки аял бир топко божурап, жигиттин жеңеси апасына үч кайнисин бирден талдап берди.
"Баары катар-катар бой жетип, кутуруп турган кези. Же күндүзү үйгө токтошпойт, же түндөсү үйгө токтошпойт. Кеңештен гана бир аз жардам болот. Унчукпаганы менен эмгекчил. Жумшаган жагыңа жок дебейт. Шамшы(күйөөсүн айтып жатат) жумуштан бошобогондуктан, тамекини да ага сугарттым. Чабышканга да жардам бер дейин дедим эле, бирок, батынбадым. Көп сүйлөбөгөн немеге киши батынбайт дагы экен", -деген жеңе кыздын апасына арызданып алды.
Ушундай эле изилдөөнү кыз эле эмес, жигит да жүргүзүп жатканын кыз курбусунан билди.
- Билесиңби, ылдыйкы көчөдөгү Кеңеш сени жактырып калса керек, - деди курбусу бир күнү.
- Эмне дейт?
- "Айжандын курбусу болосуңбу?" дейт, "Ооба" десем, "кандай кыз?" дейт. "Жакшы" десем, "билем" дейт. Билсең, эмне сурайсың десем, "билбейм" дейт. Кызык неме экен. "Билем", "билбейм" дегенден башка сөз билбейт окшойт аның.
"Аның" деген сөз кызга жага түштү. Курбусу ал жигитти өзүнө энчилей сүйлөгөнүнө ичи элжирей жылмайып алды.
- Эмне күлөсүң?
- Жөн эле. Анын эмнесине сүйлөбөйт деп ачууланып жатасың. Баардыгы эле сүйлөш үчүн жаралса, уга турган да киши керек го, акыры.

3-глава
Жолугушуу мүнөттөрү
Бир күнү кыздын иниси ооруп калып, кыз тамеки талаасын сугарганга өзү жөнөдү. Жигит да тамеки сугарганы барып, а түгүл сугарып бүтүп калыптыр. Кыз алышты көргүчө, алыштын жанында турган жигит унчукпай сууну башын ачып, кыздын тамеки талаасына бура баштады. Кыз унчукпай туруп калды. Жигит да унчукпай өз талаасын сугарып жаткандай жайбаракат арыктын нугун түздөп суу жая берди. Кыз кошо аралашуудан тартынып, сугарып бүткөн соң, рахмат айтармын дегендей тура берди. Бирок, жигит жумушун талаанын аркы башынан бүттү да, кызды бир карап, жылмайып коюп, андан ары унчукпай узап кете берди. Кыз жигиттин бул жоругуна капаланган жок. Мындай жолугушуу ага негедир жакты. Алар кийин да ошентип жолугуп жүрүштү. Кыз тамеки талаасына барып, жигит эки талааны тең сугарып бүткүчө карап турат да унчукпай тарап кете беришет. Ойдогудай сугарылган талаа үчүн кызды үйүндө алкай башташты. Кызга бул алкоо жагат. Өзүн макташканы үчүн эмес, бул мактоо анын жигит менен жолугушууга кайрадан баруучу жолдомо болгондугу үчүн үйдөгүлөрдүн өзүн алкап жатканына ыраазы.

4-глава
Күтүү
Кыз окуусун бүтүп шаарга чоң окуу жайына тапшырды. Жаштыктын романтикалуу күндөрү жигитти бат эле унуткарды. Кээде гана эстей калып, жылмайып койбосо, бул жөнүндө эч кимге айтуучу эмес. Айта турган окуя деле болбосо, эмнени айтмак элем дечү өзүнчө.
Ошентип биринчи курсту бүтүп каникулда үйүнө келди. Жигиттин үйүнүн жанын өтө берерде бир эстеп алды да, үй жакты карады. Жигит эшиктин алдында турган экен. Кызды көрүп, баягыдай жылмайды. Көзүнүн тереңинде көп сөздөр бар эле. "Каякта жүрдүң? Мынча неге күттүрдүң? Мени унуткан жоксуңбу? Мен баягыдай эле сени күтүп жүрөм" деген өңдүү көп сөздөрдү сүйлөп жатты көздөр. Кыз жигитти такыр эсинен чыгарып койгонун ойлоп, уялып кетти да тетири бурулуп, бат-бат басып узай берди.
Эки-үч күн өтпөй алар кайрадан кездешти. "Бая күнү неге тетири бурулуп кеттиң? Таарындыңбы?" деди жигиттин көздөрү. "Жок, эмнеге таарынмак элем. Баары жайында" деди жооп көз караш. "Менде да баары жайында. Сенин кайда экениңи билем. Окууңду бүткөндө кездешербиз. Сен мени унутпай жүр, ээ? Мен сени, күтөм" деген көз караш кызды узатып кала берди.

5-глава
Сүйүүсүн билдирүү
Адаттагы жайкы каникул. Айжан суу алганы келип, аркы өйүздө классташтары менен эс алып жүргөн жигитти көрдү. Адаттагыдай көздөрү менен учурашып коюшту. Кызык жери кыздын иниси менен бир жүргөн экен. Кечинде келгенде кыз инисин суракка ала баштады.
- Каякта жүрдүң?
- 66лардын (1966-жылы төрөлгөндөр) 10 жылдыгында (мектепти бүткөнүнүн 10 жылдыгында ) айдап кел, байлап кел болуп чапкылап жүрдүм.
- Кечке эле чапкылап жүрдүңбү?
- Жок, көбүнчө Кеңеш менен сүйлөшүп отурдум.
- Ошондой досуң бар беле?
- Жок, бүгүн тааныштык.
- Теңтушуңдай сүйлөйсүң да. Сенсирегениң үчүн токмок жеп калган жоксуңбу?
- Сиз деп сүйлөгөндө жүдөп кетем, братан. Эгер капа болбосоң, сен деп сүйлөшөлү десем, макул болду.
- Эмнени сүйлөштүңөр.
(Уландысы 16-бетте)
Айзада Абазова




Акылдын

тунук асманы!

(Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылдык Агротехсервизинин директору Сагалиев Сапарбек Азатовичтин Соц-фондго мектеп мечит жана кыргыз маданиятына дамамат жардамы эске алынып жазылганы)


… Аныктап айтсак негизин,
Ала-Тоо сонун жер үчүн,
Ырыстап айткан улуулар:
"Ысык-Көл -жердин бейиши!"
Сапатын ачык көрсөттү.
Сапарбек иштеп эл үчүн.
"Толукту" алгач топтогон,
Толкутуп ойдун негизин,
Эчендер айтып келатат,
Эмгекчил жандын жеңиши.

Бир кезде союз тараган,
Бийиги төмөн караган.
Топтолгон элдик байлыкты,
Тоолуктар өзү талаган.
Жүздөгөн элдин мүлкү үчүн,
Жүрөгү далай канаган.
Сактайлы ! -деген ой айтып,
Сапарбек кыйла тажаган.
Жөнү бар акыл - ой менен,
Жөнөкөй элди аяган.

Жамбаштап жатпай тынч алып,
"Жаракты" түзгөн ал адам.
Кыргызда сонун жерлер бар,
Кызыгып мында келген бар,
Супсулуу "Ысык-Көл турат
Сураса… "- Кана, эмнең бар?.."
Кажыбай акыл чогултуп
Калк үчүн иштеп берген бар.
Заманды ыкчам түшүнгөн
Мында сындуу Эрлер бар!

Колдошуп жакшы "Жаракты"
Коомуна иши жарашты.
Өкмөт-министрлик дагы
Өзгөчө сыйда карашты.
Ардак-сый, грамоталар
Авага даана жарашты.
Эл жердин кызыкчылыгын
Депутат болуп талашты.
Алп уруп далай иштерди,
Ак эмгек менен жаратты.
Мекенин сүйдү жакт ады,
Мезгилден өзүн таптады.
Бакыбай бай түп Чынардай
Бактысы гүлдөп шактады.
Жалкоолук -деген душманды,
Жар -зоодон алыс таштады.
Кызыгып үлгү алышты,
Кыргыздын ишкер жаштары.
Эмгеги менен талыкпас,
Эл журтун алга баштады.
Албетте ишке жараптыр,
Акылдын тунук асманы.

Барскоондун кулуну,
Бакыбат үлгү сактады.
- Ысык-Көлдүк жаран - деп
Ардактуу атты актады.
- Дүйнөнүн, Жердин, Ааламдын,
Ордосу! -десе Кашкары.
Так ошол жерден Сапарбек,
Тагдырга болду жакканы.

Сабаты ачык оңолгон,
Санжыра угуп чоңойгон.
Кылымга сейрек көз салып,
Кып кыргыз болуп төрөлгөн.
Үркүндү уккан кайышып,
Үшкүрүп турган боорондон.
Өзгөчө баалап алганын,
Өстүрүп жабык балдарын,
Эл үчүн келет бөлүшүп,
Эмгектен иштеп алганын.
Соцфондго, Мектеп, Мечитке
Жакшылап берип жардамын.
Теңдикти, кыргыз өссүн деп,
Тер төгүп келет ар дайым.

Ийгилик айтып эми биз
Иштерден үзүр көрүңүз.
Көпчүлүк баалайт дагы да,
Көл болуп толкуй бериңиз!
Токсон жаш жүздүн тоосуна,
Толукшуп шашпай келиңиз!

Иса Мусаев

Сүрөтү Турат ХашимОВДУКУ