, 24.06.11 - 12-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Самара Токтокунова:
"Азамат Алтайдын үйүндө болуу бактысы буйруптур"
(Башталышы мурунку санда)
- Ошол Европа сапарыңызга дагы бир аз токтоло кетсеңиз?
- Голландия менен Германияда болдук. Австрия менен Бельгияга бармакпыз. Менин саламаттыгыма байланыштуу жогоруда аттары аталган эки өлкөгө бара албай калдык. Голландиялыктар менен Германиялыктардын тоскону жогорку деңгээлде деп айтууга татыйт. Ал эки өлкөгө жөн гана көргөзмө концерт бердик. Мындайча жөнөкөй тил менен айтканда уулум экөөбүз өнөрүбүздү көрсөтүү, тааныштыруу эле. Мен жарым саат Актан жарым сааттан алмак-салмак чыгып жаттык. Мен мактанбай эле коеюн ар бир концерт өтө бийик деңгээлде өттү. Көрүүчүлөр - жаштар да, карылар да болушту. Алардын айтууларына караганда, "мындай концерт болот деп ойлогон эмеспиз",- дешип актан жарылып ыраазычылыктарын билдиришти. Алар: -Кайра да келгиле,- дешип аябай тамшанган бойдон калышканына уулум экөөбүз ыраазы болдук. Бир тууган сиңдимдин уулунун Голландияга кеткенине беш, алты жыл болуп калды. Ошол инимдин Голландияда достору бар экен. Ал дагы досторунун үйлөрүнө алып барышты. Алар миллионерлер экен. Алардын өзүнүн менчик радиосу бар экен, алар ошерден бир сааттык уктуруу уюштурушту. Үч күн кетиришпей, радиосуна жаздырышып, бизге алар, аларга биз таң калуу менен жакшылап иш да кылып, ойдогудай мейман да болуп үйүнүн төрүндө жаттык. Алар үйүн эле эмес бүт шаарын, эли, жерин кыдыртып көргөзүүнү да унутушкан жок. Ал гана эмес чарбачылыгына чейин көрсөтүштү. Биз алар менен ошончо күн аралашып жүрүп, жашоосуна ыраазы болуу менен: - Ушинтип жашоо гана керек,- деген сөзүбүздү кайталап гана турдук. Алардын иниме, деги эле кимге болсун жасашкан мамилелери эле бир керемет. Машиналарын берип: - Кана айдап кай жакка барсаң ошол жакка бар дешкен колу ачыктыктарын айтпа. Ал иним ал жакта жыргап жүрөт. Ал ошол жакта жөнөкөй эле бир иште иштейт экен. Ал ошол жактан үйлөнүп келинчеги да бир институтту бүтүп, диплом алды. Барган сапарыбыз да абдан ийгиликтүү болду, өзүбүзда абдан ыраазы болуп келдик.
- Сизди кыдырткан, канчалаган жерди элди аралаткан касиеттүү кыргыз комузу. Андан нары да улай сөз кылсак, өзүңүздүн башында бекеринен эскербегениңизди түшүнөбүз. Деги эле сиз өзүңүз менен канча комуз ала жүрөсүз? Эки үчтү ала жүрүп ар бир чыгышта улам башкасын чертип чыгасызбы, же, бирөө менен эле чертүүгө көнүп алгансызбы?
- Мен өмүр бою эле бир комуз менен келе жатам.
- Ал комузду кимден алып, качантан бери чертип келүүдөсүз?
- 1975-жылы биринчи жолу Ленин комсомолу сыйлыгын тапшырганда Өзгөн районуна караштуу Юкос деген айылдан Нуралы деген уста комуз чабат экен. Ошол киши Чынгыз Төрөкуловичке, мага бирден комуз берип кыргыз телекөрсөтүү аркылуу белекке тартуулаган. Ошол комузду Нуралы агабыз чын жүрөгүнөн, накта берилип чаап жасаса керек, ушул комуз мага жарашып калды. Бул комуз төрт тарабы төп келген комуз болду. Мен үчүн аны эч бир комуз менен алмашгыс сыйкырдуу комуз болду да калды. Ошол жылдан ушул күнгө чейин жаныман бир да күн алыстатпай бүт дүйнөнү кыдырып келүүдөмүн. Болгону ошончо кырк жылга чукул убактан бери бир ирээт гана капкагын алмаштырууга туура келди. Кореяга барганда аердин нымдуулугу жогору болгондуктан ошондо анын капкагы чыгып кеткен.
- Жарылбай кандайча чыгып кетти экен?
- Чапталган жери чыгып кеткендиктен кайра чаптап жатып саякатыбыздын аягына эптеп чыгып келдик. Ошондо капкак бир ирээт которулган боюнча жакшынакай калыбында келе жатат. Бул кишинин өзүнө мен ыраазымын ал жасап берген үч кыл комуз менен бүт дүйнөнү кыдырып келүүдөмүн. Ушул комуз мен үчүн чоң табылга болуп жакшы комуз чыкты. Айрым комузчулар алыскы сапарга чыгышканда бир, эки эмес үчкө чейин комуз алып жүрүшөт. Мен болсо бир эле комуз менен дүйнөнүн төрт бурчун түрө кыдырып келүүдөмүн. Ошол бир эле комуздан кудай айырбасын, ошол комуз мени чоң-чоң эрезеге жеткизип келүүдө. Мен бул комузумду туугандарыман да бийик деп ойлойм. Мени бийиктикке алып чыккан ушул комуз. Бул ажырагыс шеригим, бул комуздун касиетинен мен албаган наам, сый-урмат деле калган жок. Дагы-дагы кайталап айтайын Чалагыздын эмгеги ушуга жеткизди. Ырас, ага кошумча менин аракетим, далалатым да анча аз болгон жок. Демек, мен кудайга ыраазымын. Ошондой эле талантымды баалаган өкмөткө да ырахматымды айтам. Алчу наамдардын баарын алып бүткөм.
Ушундан улам менин бул күндөрдөгү тилегим, ишим менин артымда келе жатышкан уулдарым, кыздарыма комузчулугумду үйрөтүүнүн үстүндө иштеп жатам. Комузчулар мектебин ачайын деген оюм бар. Аны Самара Токтакунова комузчулар мектеби деп ал гана турсун аталышын да таап койгом. Бирок, бул оюм жүзөгө ашпай келүүдө. Себеби, аны жүзөгө ашырайын деп сурасам, акча каражаты берилбей жатат. Айрым алчулары алып жатышат, мага келгенде эле токтоп калууда. Канча аракет кылып он сотых да жер ала албай келүүдөмүн. Ойлогон кишиге бул мен үчүн эмес да, ал жалаң кыргыздын үч кыл комузунун келечеги үчүн экенин негедир түшүнүшпөй жатышат. Ана экинчи жылга аяк басып баратат DVD дискин чыгарган элем. Бул кыргызча которгондо жандуу сабак. Эми ушул жандуу сабак дискамды көп санда чыгаруу үчүн каржылоого кимдерге гана барып, кимдерге гана кайрылбадым. Акчанын азабынан ал чыкпай, чыкканы да өтө аз санда. Мен да кайталап айтсам бул мен үчүн эмес, бул биздин балдардын анын ичинен комузчулардын келечеги үчүн экенин түшүнүүгө убакыт деле жетти го? Ошондой эле Чалакыздын китеби чыкты, ал да өтө аз чыккандыктан миң нуска чыгарсам десем дагы каражат жок отурабыз. Мени тааныган ар бир киши, өзгөчө мектеп мугалимдери, музыканттар: - Эже, Чакемдин китебин качан алабыз,- деп сурашат. Ушул сыяктуу бир топ долбоорлордун үстүндө иштеп жатабыз. Алар анча аз эмес. Ал эми биздин чөнтөгүбүз канча экени айтпаса да түшүнүктүү го? Эки уулум, мен үчөөбүз тең мекемеде иштеген кишилербиз, демек биздин алгандарыбыз да чектелүү экени баарыбызга белгилүү. Бул үчүн көп акча тапкан ишкер болушубуз керек. Азыркы ишкерлерге барып кайрылсаң эле: -Акча жок, акча жок, - дешип эл ооздорун куу чөп менен аарчып турушат. Бирок эмне деген менчик кооз үйлөр, кафелер, түркүн имараттар салынып жатат. Мына ушул сыяктуу көрүнүштөр мени аябай өкүндүрөт.
- Эми айтып отурса арман көп, анын баарын сөз кылбайлы, жаркырап күн тийген учур да болгусу бардыр? Чакемдин арбагы колдосун, өзүңүз да жогоруда сөз кылган тилегиңизге жетиңиз. Аз-маз сыркоолоп жүрүпсүз, анын баары алыстап, ден соолугуңуз куландан соо болсун. Жогоруда сөз кылган эки таланттуу уулдарыңыздан дагы-дагы чоң жаратууларына аралашып алардын сый-урматына бөлөнүңүз. Уулуңузду ээрчитип Америка жерине Азамат Алтай сыяктанган кыргыздын чыгаан уулу жашап өткөн үйгө чейин барыпсыздар. Алдыда ылайым ушул сыяктуу чыгармачыл сапарлар көп болсун. Жашоо жаратуулар дагы алдыда сиз жетимишке деле жете элек курактасыз, келечек жашоо сапары көп болсун. Келечек жашоо сапарыңыз 80ди, 90ду карытсын. Биздеги, кыргыздын касиеттүү комузун урматтоочулардын айтары ушул. Чоң рахмат!
(Аягы)
Тенти Орокчиев, акын жана журналист
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер




Бексултан Жакиев менен маек
- Бексултан ага, 75 жашка чыккан курагыңыз кут болсун.
- Ырахмат, 75 жашка кимдер келбеген, кимдер чыкпаган, аман жүргөн чыгат экен да, бирок бул куракка келгенде көп нерсени ойлонууга туура келет тура: буга чейин кантип жашадым, кандай өмүр кечирдим, эмнелерди бүтүрүп, эмнелерди бүтүрө албай калдым? Кимдер менен достоштум, кимдердин көңүлүн ооруттум? Мындан кийиңки өмүр кандай болот? Эл-жер кандай, заман кайсы жакка айланат?-деген сыяктуу ойлор келе берет экен.
- Бексултан ага, буга чейин сиз менен маектешкенбиз. Ошол маектердин башында эле, ана 50 жылдан бери жашоосун улантып келе жаткан өзүңүздүн тунуңуз "Атанын тагдырынан" баштаган адатыбыз бар. Бирок ошол драмадан кем эмес бир топ драмаларды жаздыңыз. Алып айтсак "Миң кыял", "Алтын аяк", "Өкүм", "Эртең жаңы жыл", "Жолугушуу", "Күттүргөн жаз да келер", "Саадак какты", "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай" сыяктуу толук болбосо да бир тобун атайын. Мына бул чыгармалар жөнүндө негедир сөз болот, болсо да азыраак болуп жүрөт... Кыскасы, "Атанын тагдырынын" атагы адегенден эле катуу келатат. Ушунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Ооба, өзүң белгилегендей, алар жөнүндө деле кеп-сөз болуп жүрөт, бирок "Атанын тагдырындай" эмес. Журналист болобу, кабарчы, же жөн эле көрүүчү, окурман болобу, менин чыгармачылыгым жөнүндө сөз баштаса эле, биринчи суроосу- "Атанын тагдыры" болот. Дайым ушундай: бул драманы кандай жаздың эле, анда канча жашта элең, кимдин турмушун көрсөткөнсүң?-дегендей суроолор. Мунун жөндүү себеби бар деп ойлойм. Ал адеп театрга коюлар замат элге аябай жакты. Жакпаса, суроолор, кызыгуулар болбойт эле да. Биз адабиятка адеп аралашкандан башкача тарбияланганбыз. Өз чыгармабыз жөнүндө, айрыкча, ийгилигибизди өзүбүз айтканыбыз адепсиздик катары эсептелчү. Азыр айта берсек боло берет болуш керек. Анын үстүнө, "Атанын тагдырынын" сахнада коюлуп келатканына элүү жылдан ашты. Бул пьеса совет доорунда, идеологиялык талап катаал учурда жазылган чыгарма. Ал талапка ылайык совет жазуучусунун чыгармасы, анын финалы социалистик жашоонун жыргалчылыгын, совет адамынын куунак көңүлүн милдеттүү түрдө көрсөтүү зарыл болчу. Кейиштүү, өкүнүчтүү, кайгылуу турмушту көрсөткөн чыгарма жарык көрбөй калыш мүмкүн эле. "Атанын тагдырында" идеологиялык бул талап аткарылган эмес. Согуштун оор чындыгы көрсөтүлгөн. Мына ушул жагдай элдин көңүлүнө туура келген деп ойлойм. Бул, биринчиден. Экинчиден, каармандардын тагдыры, мүнөзү ачык, даана айтылып, калктын тагдыры менен үндөшүп турбаса, чыгарма эч кимди кызыктыра албайт. Анан дагы-мындан кийин эмне болоор экен дегендей кызыгуу да өчпөй турушу керек. Анан, сөзсүз, көркөмдүк деңгээл деген да талап бар эмеспи...
- Бексултан ага, мунун баары түшүнүктүү нерсе. Мен сурайын дегеним, жогорууда сиз жазган чыгармалардын кыйласын атап өтпөдүмбү. Ошолордун ичинен өзүңүздүн купулуңузга толгон чыгармаңызды атасаңыз. Албетте, эне-ата үчүн балдардын баары тең ысык, баары тең бирдей... Ошондой болгон күндө да?..
- Мен ушундай суроого анча түшүнө бербейм. Сен өзүң эне-ата үчүн бардык балдары бирдей деп туура айттың. Мындан кыйла жыл мурда сеникиңдей суроого берген жообум эсиме түшүп жатат. Илгери колхоз, совхоздордо чабан аялдар да болгон да. Бир чабан аялдын 7-8 баласы бар экен. Анын короосуна чет өлкөдөн меймандар келип, чурулдап ойноп жүргөн балдарды көрүп:-Балдарыңыз көп экен. Булардын кимисин жакшы көрөсүз? -деген суроосуна чабан аял:-Кимиси ооруп калса, ошонусун жакшы көрөм,-дептир. Мен да ошо сыңары, кайсы пьесам начар коюлуп калса, ошого көбүрөөк жаным ачыйт. Театрлардын баарында тең бирдей жакшы коюла бербейт. Бир режиссер түшүнүп жакшы коёт, экинчиси анча түшүнбөй калышы мүмкүн.
- Эми ошондой тагдырга туш келген чыгармаларыңыз жөнүндө кеп кылсаңыз? Мисалы кайсы чыгармаңыз ойдогудай коюлду? Бул сапар "Атанын тагдыры" пьесаңызды айтпай кеп башкалар жөнүндө болсун.
- Андай жакшы коюлган чыгармаларымдын катарында Искендер Рыскулов деген таланттуу режиссерубуз жеке эле Кыргызстан эмес, чет өлкөлөргө чейин кабары угулган. Ал кыйла жылдар Ош кыргыз драма театрында, кийин борбордогу академиялык кыргыз драма театрында иштеди. Искендер койгон спектаклдерим дээрлик мага жакчу. Бообек Ибраев да абдан кырааны, таланттуу режиссер болчу. Ал дагы менин бир топ пьесаларыңды ийине жеткире койду. "Атанын тагдырын" мыкты койгону үчүн кезинде Ысык-Көл театрынын башкы режиссеру Жалил Абдыкадыровду борборубузга көтөрүп келгенин кантип айтпайм? Ал эми башка жактарда менин пьесаларымды жогорку деңгээде койгон режиссерлордон, Түркмөнстанда-Дурдымамед Ораевди, Абдылда Якубов, Өзбекстанда -Хамидулавди, Каракалпакстанда-Нажиматдин Ансатбаев ("Атанын тагдырында" ойногон айрым артистери ("Каракалпак Ленин комсомолу сыйлыгынын 1991-жылы лауреаттары болгон), Казакстанда-Мен Дон Ук, Байтен Омаров, Есмухан Обаев, Эрсайын Тапенов дагы бир кыйласын билем. Көбүн билбейм. Бул күндөрдө биз режиссура жактан өп-чап болуп турабыз. Эгемендүүлүк алганы театрларыбыз кароосуз калган да! Совет доорунда режиссерлорду Москөөдөн, Ташкенден жана башка шаарларда даярдалчу эмес беле. Андай мүмкүнчүлүктөр болбой, эми азыр кудая шүгүр, жаңы жаш жигиттер келе баштады. Үмүт бар, алар келип иштешсе, театрларыбыз мурдагыдай абалга келсе, элибиз көбүрөөк театрларга жакындашса, театрларыбыз өнүгүп кетет деген тилекти айтууга болот.
- Бексултан ага, сиз өзүңүздүн 75 жылдан берки келе жаткан сапарыңыз тууралуу учкай болсо да кеп салдыңыз. Мен билгенден 15, 20 жылдардан бери "Манас" эпосуна кайрылуудасыз. Мен буерде "Манас" жөнүндө сизге кайрадан түшүнүк берүүдөн алысмын. Анын көлөмү, окуясы, тарых-таржымалы жөнүндө кеп кылсак, далай кеч кирер да далай таң атаар? Бул улуу эпостун айланасында кыргыз уулу катары көп иштерди аткардыңыз. Мен сиздин бүткөргөн дооруңузду айтып отурбайын. Анын баарын өз оозуңуздан угалы, ошондой эле угуучулар менен окуучуларыңыз да кабардар болушсун. Ошол эмгектердин бири "Манас". Кыргыздын баатырдык эпосу" деген китепти түзүп, кыргыз окуучуларыңызга сунуш кылганыңызга эле беш жылга чукулдап калыптыр.
- Өзүң да көлөмү жагынан эле эмес көркөмдүгү жагынан да баа жеткис элдик чыгарма деп, "Манас" жагдайында жөндүү айтып жатасың. Бул маңызы, философиясы, мазмууну жагынан өтө терең.
(Уландысы кийинки санда)
Маектешкен
Тенти ОРОКЧИЕВ