, 10.06.11 - 8-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Нургазы Мусаев, коомдук ишмер:
Султан Палвандын
"Кыргыз Рухуна" тартуулаган
108 - диваны
"Кыргыз Руху" гезитинде иштеген күндөр жөнүндө эскергенде эң оболу бул гезитте өтө көп журналисттер иштеп кеткендиги ойго келет. Бакылдаган, шакылдаган, сөөгү-канына чейин таластык Бакай Садыров деген жигит айтып калаар эле: "Көчөдө эки журналист баратса, бири "Кыргыз Рухунда" иштеп кеткен болот". Мен "Рухта" 1998-1999-жылдары иштедим. Ал кезде саналуу гана эркин гезиттер болуп, кыргыз журналисттери "Асабадан" "Ааламга", "Ааламдан" "Рухка", же болбосо эки өкмөттүк гезиттердин бирине "көчүп", айланып жүрө беришчү.


Редакцияда чыныгы чыгармачылык тополоң (творческий беспорядок) өкүм сүрүп турар эле. Бул да болсо Султан Раевдин чыгармачыл натурасына байланыштуу го. Азган-тозгон, облус борборлорунан келген, же бир айылдардан чыгармачыл чөйрө жок, кысылып кеткен жазуучу, акын, журналисттерди Султан аке батыра берчү. Эки-үч күнгө Бишкекке келип, анан эки-үч айга калып кеткен журналисттерди көп эле көрдүм. Мисалы, Ошто Маматемин Рыскулов деген жакшы акын, журналист агабыз бар. Ал 1-2 күнгө келдим эле деп, анан бир кыш калып кетти. Султан аке үйүнөн бир эски диванды редакцияга жүктөп келип: "Мына колдонгула, бирок 108-диван (Кылмыш Кодексинин 108-статьясы жөнүндө тамашалап жатат) болуп кетпесин" деген экен. Ошол диванда эле жатып, редакцияда жашап жүрдү Маматемин аке. Компьютер бузулуп, верстка жасагандар ооруп калып, же басмаканага тыйын табылбай калып, гезит чыкпай редакцияда 2-3 күндөп жүрүп калган күндөр болду. Түн жарымда үйгө такси менен кеткенден көрө кеңседе калып кеткен жакшы деп, Бакбур аке Аленов эртеси көйнөгүн тескери кийип, жакасынын арткы таза жагын оодарып туруп, үстүнө жемпирин таштап Ак Үйгө же Көк Үйгө материал даярдаганы жөнөп кетчү.
Редакцияда керелден кечке кыраан-каткырык… Кыргыз коомундагы бардык неординардуу личносттор баш багып өтөт. Мисалы, Дооронбек Садырбаев депутаттыгына карабай, өзү келип материалдарды карашып калганын көп көрдүк. Колго илинген баракка же картонго чалды-куйду бир нерселерди чиймелеп Рамис Рыскулов, акындардын генийимин деп Алик Акималиев, имаратты бүт жаңыртып бакылдаган Бегиш Ааматов, коңгуроонун добушундай созолонуп сүйлөгөн Топчуке Тургуналиев (ошондо Топчуке Акаевдин "курортунан" жаңы эле келип, Осмонакун Ибраимов Акайычты Айкөл Манастын өзүнө теңеп жиберген) ж.б. толтура "башкалардан башкача" адамдар редакциянын чакырылбаган коноктору эле. Андан сырткары жер-жерлерден да кызыктай апенди чалыш адамдар көп келчү. Бир жолу Күнтуу айылынан бир конструктор киши келип, адам оюна келбеген тири шумдуктарды жасаарын айтып отурду. Ал киши жөнүндө "Күнтуудан чыккан Курчатов" деген өлө кызыктуу материал жарыяланган. "Челнокчулардын партиясын түзөм, кыскартканда ЧП болот. Бийликтин чекесине чыккан даана чыйкан болобуз" деп бир жигит келгени, ага тилегиң ишке ашсын деп, Кыргыз-Сибирь акыны Карбалас Бакиров бата бергени дале эсимде. Нобель сыйлыгына өзүн көрсөтүп, бир химик агай келип жүрдү… Иши кылып миң түркүн адамдардын жолугаар жери эле "Кыргыз Руху".
Султан аке эч кимге "жок" деп кесе айта албаган көңүлчөөк киши эмеспи. Жазуучу Мырзабек Тойбаев Чынгыз Айтматов менен түшкөн сүрөтүн берип, улам-улам качан чыгарасыңар деп чалат. Раев "20 кылымдын эки генийи" деп сүрөтүн кошо чыгарып бергени эсимде. Мырзабек аксакал ага чейин да, андан кийин да ошондо кубангандай кубанбаса керек.
Султан акенин унутчаактыгы, баскан-турганы өзүнчө эле бир комедиялуу чоң китеп. Бир күнү Жогорку Кеңештен чыксам, Раевдин кээде гана ордунан от алган, болбосо көбүнесе түртүп жүргүзчү "Мерседеси" турат. "А, шеф ЖКда турбайбы", - деп баса бердим. Редакцияга келсем Султан Акимович кабинетинде отурат. "Султан Акимович, бюрократ болуп кеттиңиз, кечээтен бери сизге кире албайм", - деп Бакай Садыров бакылдап, башкалары күлүп отурушуптур. "Машинаңыз ЖКнын алдында турат го?" - десем, Султан аке катуу чочуп, "А, ошоякта турабы? Докенин машинасы менен баса бердим эле. Унутуп калган турбаймынбы! Ме, Бакбур, айдап кел!" - деп ачкычты берди. 2002-жыл болуш керек. Султан Раев Улуу Британия ханышасына барып жолугуп келген. Ал окуя дуу-дуу кеп болгону эсибизде. "Ханыша 9 миң доллар берди. Миң долларына расса ойнодум. Калганына сонун машина алып минип алсамбы деп аттым эле. Кээде аялдардын башы жакшы иштеп кетет. Жеңеңин акылы менен "Көк-Жардан" бир бүтө элек особняк алып койдум", - деп күлдүрдү эле Султан аке. Раев менен Мамат Сабыровдун Аскар Акаевге киргенин Султан акенин өз оозунан уксаңар арманда калбайт элеңер.
Баш редакторго жараша жамаатта да "апендилер" арбын эле. Ондон ашык чет тил билген полиглот, аскиянын акесин тааныткан Турусбек Мадылбаев бир түрдүү кийимди 3 ай кийип, кийими да, өзү да эскирип кеткендей туюлчу мага…
Эскере берсе сөз көп… Санап отурсак жөн жай жүргөн эч ким жок. Мага чейин жана менден кийин иштеп кетишкен Кубан Мамбеталиев, Үсөн Касыбеков, Мамат Сабыров, Айданбек Акматов, Жаркын Темирбаева, Мамат Раимжанов, Бекен Назаралиев ж.б. журналисттерсиз бүгүнкү кыргыз журналистикасын элестетүүгө болбойт.
Орус жазуучулары Гогольдун "Шинелинен" чыккандай эле, биз Султан Палвандын "Рухунан" чыкканбыз.
Гүлмайрам ТУРУСБЕКОВА





Мугалимдерди кантип алдашты?
Жыл жаңыргандан бери мугалимдердин айлык-акысын көбөйтүү тууралуу сөз көп болду. Өткөн жылдын декабрь айында мугалимдердин митингинен улам алардын маянасын көтөрүү тууралуу премьер-министр баш болуп сөз беришкен эле. Алгач 1-январдан баштап маянаны 3 эсеге жогорулатуу тууралуу сөз болуп, кийин бул айтылган убада 1-майга жылган. Эгемендүүлүк алгандан бери мугалимдердин маянасы эч кандай алгылыктуу жогорулатууга учураган эмес.

Премьер-министрдин берген убадасы мугалимдерди бир кыйла сүйүндүрдү эле. Ансыз да акыркы 20 жылдан бери мугалимдер маселеси мамлекеттик чиновниктердин башын да ооруткан эмес. Билим сапатын аныктаган эларалык уюмдардын иликтөөлөрүндө Кыргызстандын окуучулары билим сапаты жагынан акыркы орундарды алган. Албетте мындай көрсөткүчтүн чыгышы бизде билим сапатынын начардыгын тастыктайт. Бирок, бир да жолу ушул билимди берип жаткан окутуучулардын абалы кандай деген маселе мамлекеттик деңгээлде талкууланбай келди. Адистердин баамында 20 жыл аралыгында билим берүүдө туура эмес жасалган аракеттердин натыйжасын азыр көрүп жатабыз. Окутуучулардын жаңы муунун тарбиялап өстүрүүдө такталып, таразаланган багыт болбогонун белгилешет. Мына ушундай чар жайыт саясаттын айынан келечектен көптү үмүттөндүргөн жаштар өз бактысын, өз жашоосун чет мамлекеттен издөөгө дуушар болушту. Анткени педагогдорго төлөнгөн жарыбаган акча мугалимдин тиричилиги тургай басып турганына да жетпейт эле. Мына ушул кендирди кескен акчанын аздыгы жаштардын бул кесипти тандабоосуна өз таасирин тийгизген.
Өлкө жетекчилиги айткан маянанын жогорулоосу май айында айткандай 3 эсеге көбөйбөгөнүн жер-жерлердеги мугалимдер билдиришүүдө. Интернет булактарында чыккан материалдарда мугалимдердин алды алган айлыгына нааразы болушуп митинге чыга баштады. Алардын айтымында эгер өлкө жетекчилиги айтылган убадасын аткара албаса, анда эмнеге ооз көптүрүп, популисттик кылып мугалимдерди алдайт. Колунан келбесе азырынча 3 эсеге чейин көбөйтө албайбыз деп ачык эле айтпайбы, деп нааразы болгондору да бар.
Мугалимдердин айлыгын жаңыча эсептөөдө анын категориясы эске алынган эмес. Болгону мугалимдик стаж жана берген сааты гана эске алынган. Жаңыча мындай ыкма көпчүлүк мугалимдердин нааразычылыгын жаратууда. Анткени, мурда ушул мугалимдин категориясына жараша да айлык эсептелчү. Көпчүлүк мугалимдердин айтымында ушул категория дагы мугалимдин окутуу жөндөмдүүлүгүн аныктап турчу дешет. Азыркы бул жаңы ыкма кайдыгер мугалимдердин санын толуктайт деп кооптонушууда.
Билим берүү министрлиги нааразы болгон ар бир мугалимдин арызы өз-өзүнчө териштирилээрин "Азаттыкка" билдирген. Аталган министрликтин экономика бөлүмүнүн башчысы Салмоор Асанов "Азаттыкка" жалпысынан мугалимдер курулай доомат артып жатат деди:
- Республикада 125 миң мугалим бар. Эгерде алардын баары кайрылса мен алардын баарына жетише албайм. Ошондуктан нааразычылык болсо, конкреттүү мектеп болсо, фамилия болсо так карап беребиз. Болбосо жөн эле бербей атат деген сөз болуп жатат. Мисалы бизге Тогуз-Тородон айлыкты бербей жатышат деп чалышты. Анан чалсак, 6-июнда беребиз дешти. Бул жерде кээ бир күчтөр саясатка айландырып жатышат, деди ал.
Бул арада бир гана алыскы аймактардагы мугалимдер нааразы болбостон Бишкек шаарында эмгектенген мугалимдер дагы нааразы. Мурда шаардык бюджеттен мугалимдерге 500дөн 1,5 миңге чейин кошумча акча төлөнүп берилчү. Айлык-акы көбөйгөндөн кийин бул каралган кошумча каражат төлөнбөй тургандыгы тууралуу токтом кабыл алынганын Салмоор Асанов "Азаттыкка" айткан. Бирок, шаардык мэриянын Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Айнагүл Ниязова мэрия мугалимдердин айлыгына байланыштуу чечим кабыл албаганын "Азаттыкка" билдирген:
- Эч кандай токтом кабыл алынган жок. Кыскарткан да, азайткан да жок. Баары туура эле саналып жатат. Азыр төлөнбөй калгандардын баары кийинки айда кайра эсептелип берилет. Ар бир мугалимдин айлыгын өзүнчө санап чыгыш керек. Себеби педагогикалык стаж деген бар. Стажы каралат, дептер текшергени эсептелет. Жаңы торчодо дагы бир топ нерселер бар. Азыр аны талкуулай бергендин пайдасы жок, майдыкын жаңы эле алышты, дейт ал.
Мугалимдердин жогорулатылган айлык акысы тууралуу интернетте дагы катуу талкуу болууда. Азаттыктын талкуулоо бурчуна өзүн Бишкектен Руслан деп тааныштырган жаран мындай деген оюн билдирген.
"Мындай болоорун көпчүлүгү эле сезип жаткан. Популизм үчүн азыр ар ким каалагандай сүйлөйт да, саясий упай топтоо үчүн. Мен деле Бишкектеги ЖОЖдордун биринде окутуучумун. Бизге деле кыйраткан акча кошулган жок. Болгону 0,75 ставкада бюджетте иштегендерге 2000 сом кошуп, контрактан 500 сом кемитип коюшту. Ошондо мурдагы айлыкка болгону 1,5 мин сом гана кошулган экен. Буга чейин өкмөт мугалимдердин оозун жаап туруу үчүн гана чоң айлыктар боюнча убада берип, убактылуу "упчу" салып койду да. Болбосо, эмнеге май айынан баштап көбөйөт, эмнеге апрелде эмес деген суроону өкмөткө коюш керек эле. Алар билген нааразычылыктар болоорун, нааразылык күчөп кетсе окуу процессине таасир тийгизет деп май айында көтөрөбүз деди да. Май айынын айлыгын июнда алса, а июнда окуу процесстери дээрлик токтоп калган учур болду. Эми сентябрга чейин дагы бир амал таап дагы убактылуу "УПЧУНУ" салып коёт оозубузга. Бул өкмөт деле жарытпайт. Бир нерсе десе колубуздан келгенди жасап жатабыз ошол кошулганына сүйүнгүлө дейт. Базар баасы андан үч эселеп ашып түшүп жаткан менен иштери жок. Дүйнөлүк баага шылташат, а ошол эле учурда өзүбүздө өндүрүп жаткан алтындын баасы да көтөрулуп жатканын айткылары келбейт…
Айта берсе сөз бүтпөйт. Кыскасы баардыгы 7-кабатка жеткен соң "ажыдаар" болуп кетишти…"
Кыргызстандын келечеги болгон жаштарга билим берүүдө, аларды тарбиялоодо мугалимдердин жасаган эмгеги атан төө көтөргүс.

Расул Үсөналиев