Кыргыз гезиттери



  Парламентке сунуш

"Алга,Кыргызстан" эмес, алдыга Кыргызстан!
Кыргызстанга "Ак жол" эмес, жолуң ачылсын Кыргызстан!
Апрель революциясы элдин бийликке болгон ишенич отун тутанта баштады.Бакиевдик бийликке болгон нааразычылык жүрүп отуруп,аны бийликтен сүрүп чыгарды.Азыркы парламентте кээ бир депутаттар оозу менен оттоп атышса, кээ бир депутаттар элдин жашоо- турмушун жеңилдетүүнүн жолун издеп атышат. Эң негизги бюджеттеги миллиардаган тартыштыкты жоюш керек. Москва шаарынын жартысындай калкы бар чакан Кыргызстан үчүн жети областтын кереги барбы? Бул тууралуу парламентте да сөз болуп келет. Арийне, азыр президенттик шайлоого камылга көрүү учурунда бул маселе алдыга, президентти шайлагандан кийинкиге жылдырылды. Ошентсе да парламент оюна алып жүрсө экен деп, өз сунушубузда жаран катары кийирип жатабыз.

1.Мамлекеттик бюджет
Бюджет деген сөз англисчеден (budget) которгондо "капчык" деген маанини берет экен. Арийне, бюджетти түзмө-түз капчык деп которуп алганда да мааниси туура болбой калат. Бюджет- мамлекеттин белгилүү мөөнөттөгү акчалай кирешеси жана чыгымдары. Негизинен бюджет бир жылга жана башка мөөнөттөргө түзүлөт. Акыркы жылдары 3 жылдык бюджет тууралуу да сөз болуп жатты. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгону бир гана Алмаз Атамбаев өкмөт башчы болуп турган 2007-жылы гана профициттүү бюджетти кабыл алганы болбосо, дайыма дефициттүү бюджет менен келатат.Союз учурунда беш баскычтуу бюджет болсо, 2007-жылы эки баскычтуу бюджетке өтөбүз деп убара чектик. Негизи бюджет үч баскычтуу болгону туура экенин турмуш аныктады. союз убагында : союздук, республикалык, областтык, райондук, айылдык бюджет болсо, эми республикалык, дубандык,аймактык бюджет менен гана мамлекеттин киреше, чыгашасын аныктап койсо болот. Бул үчүн эң биринчи административдик реформага кадам таштоо керек.
2. Административдик-аймактык реформа керекпи?
Албетте ,керек. Бул үчүн дүйнөлүк практикада колдонуп келаткан жагдайларды да салыштырып көрүш керек. Мына ,мурунку союздаштарыбыздын бири Грузия, калкы 5 жарым миллиондон ашуун, бирок курамынан Абхаз автономиялуу республикасы менен Түштүк Осетия автономиялуу областы чыгып атат. Андан башка Ажар автономиялуу областы менен республикага баш ийген 66 району бар. Область дегени жок.
Албаниянын 4 миллионго жакын калкы бар, 26 районго бөлүнгөн. Арменияда да 4миллион калкы менен 36 районго бөлүнгөн. Даниянын калкы биздин Кыргызстан менен тең чамал, 5 миллиондон бир аз көбүрөөк, Гренландияны кошкондо 14 эле административдик бөлүктөн турат. Финляндиянын калкы да биз менен чамалаш, административдик жактан 12 губернияга бөлүнөт. Гондурас республикасы калкы 5 миллиондон ары ооп кетет, 18 гана департаменти бар болсо,ошол менен тең чамалаш Иорданиянын калкы 8 гана провинцияга бөлүнөт экен.
Биз менен калкынын саны бирдей Лаос 16 провинцияга,Ливия 10 мухафазага (округ), Парагвай 16 департаментке бөлүнсө, биздин мамлекеттен калкы бир аз азыраак Норвегия 20 фюлькелерге, Молдова 36 районго, Литва 44 районго бөлүнөт.
Башка мамлекеттердин административдик-аймактык бөлүнүштөрүн карап отуруп, бизде облус,район деген бюджетибизден ашыкча "жем" жегендер, жүк болуп атканын байкасак болот. Якут туугандарыбызда бир райондун эле аянты биздин республикабыздын аймагына барабар болуп калат.Ошондуктан. бюджетибиздин жүгүн жеңилдетүү үчүн административдик-аймактык реформага барышыбыз зарыл.
3.Мухафаза, Фюльке, департамент, провинция, дубан…
Ар мамлекет өзүнүн административдик бирдигин өзү каалагандай коюп алышса болот. Эмне үчүн биз союздан калган область, район дешибиз керек? Кыргызда дубан деген, аймак деген бирдиктер бар.Ушуларды колдонсок биздин чапаныбызды бирөө чечип алмак беле? Өткөн кылымда Кыргызстанда административдик-аймактык көптөгөн реформалар болгон. ХХ- кылымдын башында Россияга караган кыргыз аймагы түндүгү Пишпек, Пржевальский жана Олуя -Ата уездерине, Түштүгү Наманган, Анжиян, Ош, Маргалаң, Кокон жана Хожент уездерине өзбек, тажик, казак менен аралашып баш ийген. Россия империясы майда улуттардын кызыкчылыгын коргогон эмес. Уездер болуштуктарга бөлүнгөн.
СССР түзүлгөндөн кийин деле бир топ административдик-аймактык өзгөрүүлөр болду. Областты жоюп кайра, түзүп отурушуп, СССР тараар алдында Ош жана Ысык-Көл облусу калган. Биздин мамлекетке жарым пашаа боло турган супероблустардын кереги жок.
Кыргызстанда өрөөндөр бири-биринен тоо кыркалары менен бөлүнүп , экономикалык жана жана башка шарттары бирдей калыптанган. тарыхий өнүгүү шарты бирдей аймактар бар.
(Уландысы 10-бетте)





Кайдасыңар,
кылымдын кадрлары?
Коомчулук саясат казанында кайнай берип жедеп бүткөн саясатчылардан көңүлү калганы эчак. "Ойноло берип, жыртылып өңүнө чыккан карталардай" кадрлар бул жактан кетсе тигил жактан, ал жактан кетсе бул креслодон башы чыга калып, "жашынмак оюну" бүтпөй келет. Жаңы муунга муктаж болуп турган коомубуз канчалык жаңы толкунду, жаңы күчтү каалап, күтүп келгени менен аны кабыл алуу, элге иштетүү жараяны да оор бойдон калууда. Болбосо А.Акаев мезгилинде баштаган "XXI кылымдын кадрлары" деген ураан менен өнүккөн өлкөлөрдөн заманбап билим алып, жаңыча ой жүгүрткөн улан-кыздарыбыздын мындай өткөөл, оор мезгилде мекен, эл-жер үчүн иштеп берүүгө мезгили жеткени качан? Үмүт арткан кадрларыбыз башка өлкө же жеке кызыкчылыктары үчүн иштесе иштеп жатышкандыр, асти, Кыргызстан эли үчүн "жарк" этип жанып чыга калган, топ жарган жаңы күчтөрдү көрбөй турабыз. Эмне себептен булар бугуп чыкпай келет? Эмнеге басымдуулары кеткен боюнча кайра артка кайрылгылары келишпейт? Дегеле эл башына жаңы муун келеби, же базар шарты деп эле ар ким өз арбайын согуп калганбы?..
Эл, жер, мекен деп күйгөн жаштар, XXI кылымдын кадрлары! Үн кошкула!


Алгачкы коногубуз - Нуржигит Кадырбеков.
ОшМУнун юридикалык факультетин аяктаган. Студент мезгилинен тарта Польша, Молдова, Түркия, Казакстан, Прибалтика өлкөлөрүндө эл аралык бир нече семинар, тренинг, симпозиум, конференцияларга катышып такшалган. Билимин андан ары АКШнын Канзас университетинде тереңдеткен. Япониянын Кобе университетинин эл аралык кызматташуу боюнча магистратурасын аяктаган. Эмгек жолун ОшМунун катардагы окутуучулугунан баштап, кийин ТИМде, КР Президентинин катчылыгында иштеген. Мындан башка ОшМунун Студенттер союзунун төрагасы, АКШдагы күн сайын чыгуучу "Daily Каnsan" гезитинин баяндамачысы, Борбор Азиядагы ММКларды изилдөө боюнча профессордун ассистенти, "Кыргыз Туусу" гезитинин Япониядагы өз кабарчысы, "Заман-Кыргызстан" гезитинин баяндамачысы коомдук иштерин аркалаган.
Учурда Кыргызстан ишкерлер союзунун аткаруучу директору.


- Жаңы муундун бир команда катары бийликке келиши бул оңой-олтоң жараян эмес. Биринчиден, азыркы элита эч качан өз ордун жөн эле бошотуп бере койбойт. Бул эбегейсиз аракеттердин, күрөштөрдүн негизинде болчу нерсе. Экинчи фактор: эл-журттун, коомчулуктун канчалык деңгээлде буга даярдыгы?.. Мисалы, шайлоодо саясый күчтөрдүн интеллектуалдык деңгээли, программалары, жакшы ойлору 2-5-пландарга калып, алдыңкы орунга баягы эле жердешчилик, тууган-таанышчылык, байлык чыгып кетет. Бул жаңы муундун бир тайпа катары саясый аренага чыгышына олуттуу тоскоолдук жаратат. О.э. сырттан окуп келген, заманбап ой жүгүрткөн жаштарда, негедир, ыктыярдуу биригүү демилгеси дээрлик жок. Анын үстүнө, бири батышта, бири чыгышта дегендей. Бириккен күндө да акча ресурсу керек. Акыл ресурсу кудайга шүгүр, жетишээрлик десек болот. Жаңы муун жаңыча ой жүгүрткөндүктөн алар азыркы саясатчылар байыган жолдор менен баюуну каалашпайт.
- Күн чыгыш өлкөсү туурасындагы макалаларыңды окурман журтчулугу жакшы билет. Ошол эле Япон өлкөсү бир мезгилдерде биздикинен да кыйын өткөөл заманды башынан кечирген. Андагы муун алмашуу процесси туурасында эмне айтат элең?
- Экинчи дүйнөлүк согушта Япония оор жеңилүүгө дуушар болгон. Атом бомбасынын түшкөнү эле кандай трагедия… Деген менен 18 жылда улуттук киреше согушка чейинки мезгилдегиден 2 эсе көбөйгөн. Токио шаары болсо Брюссель, Вена, Детроит шаарларын жеңип, Олимпиадалык оюндарды өткөзүү укугун алган. Жаштарын бизчилеп мамлекет эсебинен заманбап билим алдыруу үчүн Европа өлкөлөрүнө, Америкага жиберген. Биздикинен айырмасы алар окуусун бүтүп келген соң өлкө кызыкчылыгы үчүн иштешкен. Буга мамлекет да мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө аракет көргөн. Бизде кандай болду? Күнкорсуз мамлекетибизге ээ болгонубузга 20 жылдан ашып баратса да өтө деле прогресс байкалбайт. Коррупциянын айынан алгачкы жылдары "ХХI кылымдын кадрлары" программасы аркылуу өнүккөн чет өлкөлөргө окууга эл кеп кылбасын деп айрым бей-бечаралардын жакшы окуган балдарын кошуп койгону эле болбосо, негизинен бийликтегилердин, акчалуулардын балдары жөнөтүлгөн. Алардын ата-энелеринен "ошол жакта калып кала бер, бул жакка келсең келечегиң жок" деп кеңеш бергендер да болгон. Туура, кийинки чет өлкөлүк программаларга күчү менен өткөн жаштар бара башташкан. Мага деле Жараткандан башка эч ким жардам берген жок да. Бирок, "өлкөбүзгө иштейли" деп кайтып келгендерине мамлекет кош көңүл мамиле жасап жатат. Пайдаланалы, иштетели деген ой, аракеттер жок. Система кабыл албай жатса эмне кылышат? Кайра чет өлкөгө кетет, же эл аралык уюмдарга, жеке секторлорго кетүүгө аргасыз. Япондордо болсо тескерисинче болгон, ар бир бала окууга "окуйм, үйрөнөм, мекениме кызмат кылам. Оор сыноого кабылып, талкаланган мекеним бир мезгилде дүйнөдөгү эң өрнөктүү өлкө болушу керек" деген ниетте кеткендей идеялык таалим-тарбиядан өткөн. Мамлекет аларды зарыгып күткөн. Ошолор мамлекетти көтөрүп кетишти. Бизде болсо инсанды баалаганды билбей жатабыз. Мына, 37-жылы улут каймактарын аттырып алдык, И.Раззаковдун, А.Масалиевдин тагдырлары кандай болду. Башкасын айтпайын, эгерде, Ч.Айтматов башка улуттун өкүлү болгондо төбөсүнө көтөрүп алышмак.
- Балким, мындай патриоттук өзгөчөлүктөр алардын канында, улуттук маданиятында жаткандыр?
- Баарын эле маданиятына байланыштыра берген болбойт. Кеп алардын өткөн турмуштан, сыноолордон сабак алып, туура жыйынтык чыгара алышкандыгында. О.э. тарыхый шарттар да жашап кетүү мүмкүнчүлүктөрдү шарттагандыгында жатат. Айталы, Япония чакан арал, айланасы суу менен курчалган, жери кичинекей, кен-байлыгы болсо жокко эсе. Мындай кыйынчылыктар топ-топ, жамаат-жамаат болуп жашап кетүү мүмкүнчүлүгүн шарттаган. Жамаатта болсо ар кимдин өз орду, милдети бар болгон. Баары башчыга баш ийген, анын дегени дегендей жасалган.
(Уландысы 11-бетте)





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"