Кыргыз гезиттери



"ПаПкелүүлөрдөн" тосттор
Катышуучулар: А.Кела, ХИПИКар, Мыйзампашаа, Шер-хан, Т.Багира, Чык татытпас Чыныбай, Каа, С.Маугли, Эр Ташытюк, Алтышка, Картаңбек.С.С, Бдырахман, Култик, Бдылда, Нар (Иман),С.Жаапбар, Балтажутар(Жунгли парламентинен), Хатамба, Бабашка, Жугундус (Жунгли өкмөтүнөн) Брэйкназар (Жунгли президентинин өкүлү), Данилич (өкмөт өкүлү)


А.Кела:
- Урматтуу коллегалар, дайыма эле биз иш үстүндө жолугушуп жүрөбүз.Бүгүн адаттан тышкары эс алууга чыгаардын алдында, сый тамак үстүндө жолугушууну эп көрдүк. Мына жарым жылдан бери бук болгон оюңуздарды , ушул сый тамак үстүндө тост аркылуу айтып алыңыздар. Колдон келсе ар бириңиздерге тост берүүгө аракет кылайын.Эмесе биринчи тостту "чөмүчтөп чачкан" эл оокатын "кашыктап" жыйган, ою эл дегени менен, кулагы кошоматчыларды уккан Жунглинин өкмөт башчысы Хатамбага берилет.
Хатамба:
- Урматтуу акшакалдар жана жашшакалдар, мен: "Атам бай болсо, атам бай болсо экен деп жүрүп, кантип бай болгонумду өзүм да билбей калдым, чоң атам бий болсо экен деп жүрүп, министрден премьер-министрге чейин жеттим.Эми чоң атамдын атасы хандардын колуна суу куюп жүрчү эле да, Рахматуллонун колуна суу куйганы Бишкектеги ала чапандардын чебине чейин келип, биякта калып калыптыр. Эмесе ушул тостту көтөрүп коюңуздар, ошол хандардан бирдеме жугуп хан болуп калсам экен?!
Мыйзампашаа:
- Сүйлөсөңүз да, тост айтсаңыз да, хан болуу оюңуздан да , түшүңүздөн да кетпей калды. Мен сизге "мешайт" этиш үчүн Жунглинин хандыгына талапкердигимди коём.
А.Кела:
- Сиздин айта турган тостуңуз ушулбу?
Мыйзампашаа:
- Мына менин тосттум. Мен "козёл" деген сөздү колдонгум келбейт. Аны ким колдоноорун сиздер жакшы билесиздер. Жунглинин төрт-беш Башмыйзамын жазууга катыштым. Биринчисин биз Прериядан көчүрүп алганбыз, ал узак жашабай кара теке сүзүп, чөлдүн чөөлөрү келип оңдотуп кетишти. Анан бөксө тоонун диктаторлорунан көчүрдүк. Кайрадан ар кимден алып жаздык эле ботко болуп эле калды.Эки айга жетпей кара теке сүзүп, бийик тоонун диктаторлорунун Башмыйзамына оодук. Анан мен өзүм баш болуп Европа түздүгүнүн Башмыйзамын көчүрүп келип ошол боюнча Жунгли жашап атабыз. Эмесе ушул тостту көтөрүп коюңуздар, ушул Башмыйзамыбызды кара теке сүзбөй, аман-эсен узакка жашаса экен.
Картаңбек.С.С:
- Урматтуу А.Кела мага тост берип коёсузбу?
А.Кела:
- Сиз той баштала электе эле кызуу болуп калсаңыз керек.
Картаңбек.С.С:
- Мен тиги Жунглинин бийик тоолорунун арасында жалаң арак сатып, арак ичип жүрүп өскөн жигитмин да. Бул дагы таза арак экен мен сатып, мен ичкен арактар кытайдын спиртине ылай суудан кошуп алып эле иче беребиз. Ошол Кытайдын спиртин ичкендер чогулуп алып, мындай тыянакка келип атабыз да. Бөтөлкөнүн сырты көгүш жашыл болот да.Эмне үчүн биздин Жунглинин Туусу да көгүш болбойт.Бул чоң "бопрос". Давай Тууну биз көгүш кылышыбыз керек, бөтөлкө менен түспөлдөш болуш керек. Биздин фракцияда Мыйзампашаа мени колдобой атат.
А.Кела:
- Сиздин айта турган тостуңуз ушулбу?
Картаңбек.С.С:
- Тост мындай, мен жаңы төрөлгөндө мени менен кеңешпей туруп, жыйырма жашында башкарма болуп көпкөн атам менин атымды Картаңбек деп коюп коюптур. Бала кезимди, жаштык кезимди ушул Картаңбек деген ысым менен өткөздүм. Эми элүүгө келип карылыкка ооп баратам, депутат катары ЗАГС, паспорт бергендерге тишим өтөт. Эмесе ушул тостту урматтуу коллегалар мындан ары менин атым Картаңбек эмес Жаштыкбек болуш үчүн алып жиберели.
А.Кела:
- Тост экономиканы чемичкедей чаккан, жерди чукуса да элин баккан, бирде жакпай журтуна, бирде жаккан, акылды тез тапкан, сакадай бою менен кенедей тешиктен баткан ХИПИКарга берилет.
ХИПИКар:
- Глубокоуважаемые ваше высокосиятельства коллегалар. Кокон хандыгынан кол жууганы көчүп келген кул-кутандардын тукумдары деле хан болобуз деп жутунуп атканда, хандын тукумдары кантип чыдап отурат элек. Мен жети атамды санасам жетөө тең эл бийлеп өткөндөр, он беш атамды санасам он бешөө тең эл бийлеп өткөндөр. Ушул Жунглиге келген тышкы душмандарды менин ата-тегим сүрүп чыгарганын кимдер билбейт. Менин ата-тегим деле колун жуудурганы жети кулдарды, карасарттарды алып келген.Алардын тукумдары байып кетпей эле эмгиче кол жууп жүрүшөт. Кулдун тукуму кул болуш керек, хандын тукуму хан болуш керек. Эмесе ушул тостту аталар жеткен жолго тукумдары жетсин, ошол үчүн көтөрүп жиберели.
Т.Багира:
- Менин сакалымды сыйлап мага деле тост берип койсоңуз.
А.Кела:
- Текеде деле сакал бар дечи, лекин сакалыңызды сыйладык тост айтыңыз.
Т.Багира:
- Ушул теке-пеке деген сөздөрдү токтотсоңуздар боло. Менин айта турган тостум мындай жанагы мышыктыкындай муруту бар, ач күзөндөй болгон Жунглинин омбудсмени Т.Ак Унду президенттик шайлоогожолотпой, жоготуш керек.Мен тост айтпайм, анткени мен шарыят жолунда жүргөн адаммын.Кээде, кээде шарапка мүрөктүн суусунан тамызып коюп, тост айтпай эле "мусалла" ичем. Ага шарыят жол берет. Мен Т.Ак Ундун кызматына "жихад" жарыялайм.
Балтажутар:
- Сакалдууласаңыздар тостту мага берсеңиздер болмок. Мен Жунглинин депутаттарынын ичинен эң сакалдуусу эмесминби. Күзүндө сакалдуу катары бир ай спикер болбодум беле.
А.Кела:
- Тост сизде.
Балтажутар:
- "Намыстуулар" бүт коалицияга кошулуп, оппозицияга тиешелүү кызматтар бизге артып калса экен. Биздикилердин кызмат оруну көбөйүшү үчүн алып жиберели.
Данилич:
- Аларга Башмыйзам боюнча тоскоолдуктар жок.
Мыйзампашаа:
- Тоскоолдуктарды кошуш керек.
Брэйкназар:
- Жунглинин Президенти бүгүнкү сый тамак учурунда иш тууралуу маселелер козголбосун деген.
Каа:
- Сиздин интеллектиңиз жок.
Брэйкназар:
- Экөөбүзгө интеллекти байлап коюптурбу. Сен эмне Кашкулактын биографиясын жазганың үчүн өзүңдү интеллектуалдуумун деп ойлоп атасыңбы?
Каа:
- Сиз ким бийликке келсе эле "тергеймин" деп жулунасыз. Кана жыйынтык чыкканы.
А.Кела:
- Болду талашыңарды токтоткула. Азыркы тостту айткан кеби да, муштаган муштуму да аткан октой түз, ташы бирде өйдө, бирде ылдый кулаган Эр Ташытюкка беребиз.
Эр Ташытюк:
- Быйылкы жылы ташым өйдө кулап бараткан, бирок өзүм бир-эки ирет "косяк" кетирип койдум. Алтышка менен тайм-аутка чыгыш үчүн күзгө чейин машыгам. Лекин, эл алдында кетип бараткан аптыракатымды кантип ордуна толтурам? Эмесе ушул тостту менин аптыракатымдын өсүшү үчүн алалы.
А.Кела:
Эмесе эмки тосту ЖКга келсе момпосуйдай момурайып отурган, ийненин жылчыган да өтүп кете турган илбериңки либерал Култикке берели.
Култик:
- Скоро мне шестьдесят три, это пайгамбарский, магометанский лет. Я предпочитаю поддержать Кур Бака, то есть Хатамба, дальше время покажет. Я поднимаю этот тост за Великую Тайгу, за великую Сары-Арка! Да здравствует Тайга, да здравствует Сары-Арка!
А.Кела:
- Каршылаштарына жолборстой качырып кол салган, эр жүрөк,тайманбас, Токтогулдун Алымканындай "Бирде оору,бирде соо" тост Шер-ханга берилет.
Шер-хан:
- Биз Тайга менен Сары-Арканын алдында чөгөлөбөйбүз деп мактанып калабыз. Биз алардын алдында чөгөлөмөк түгүл, бүк түшүп жатып калсак кантип чөгөлөйт элек. Ушул тостту Жунгли үчүн алып жиберели.
Чык татытпас Чыныбай:
- Мен бизнестен келдим эле…
А.Кела:
- Бизнестен келгендер аягында тост айтасыздар.Муштаган жерден кан чыгарган, азыркы замандын баатыры Алтышкага тост берилет.
Алтышка:
- М…Ммм…да
Картаңбек.С.С:
- Ачууңузду келтире көрбөңүз.
Алтышка:
- М…Ммм…да (муштумун көрсөтөт)
А.Кела:
- Мыкты тост болду. Эмки тост "өрдөк жокто чулдук бий" дегендей, Алтышка жокто чоң муштумдугун алы жеткендерге көрсөткөн С.Жаапбарга беребиз.
С.Жаапбар:
- Мен тосттон "самоотвод" алдым. Алтышка жок жерде сүйлөйм.
А.Кела:
- Кезектеги тост "Мата баркы менен бөз өтөт, ата баркы менен кыз өтөт" дегендей, ата баркы менен Жунгли элитасына аралашып, үка баркы менен Жунгли хандыгын көздөп турган С.Мауглиге берилет.
С.Маугли:
- Жунгли парламентинде 120 депутат болсок, жүз жыйырмабыз тең президент болобуз дегенде ак эткенден, так этип турабыз.Өкмөт тарапта канча чиновник болсо, ошонун бары жулунуп турушат. "Жүгүргөндүкү эмес,буюргандыкы" дешет, жүгүрсөк да буюрганыбыз алар. "Жетинин бири кыдыр" дегендей, "Жүз жыйырманын бири Кыдыр" болуп, депутаттын ичинен кимдир бирөөбүз президенттикти алсак экен.Ошол үчүн алып жибергиле.
Бабашка:
- С.Маугли байке, мунуңуз шоона эшпей калды. Өкмөттөгүлөр эмне "Быржыбайды там басты" бололубу?
С.Маугли:
- Өкмөт биринчи элдин курсагын тойгузгулачы. Анан президент болобуз деп жулунбайсыңарбы. Кымбатчылыкты ооздуктай албай жатып, Жунглини да жадатып жибердиңер. Эми силерди кайсы эл колдойт? Акчаны көргөн жерден көздөрүңөр кызарат. Президентке бизге окшогон элди ойлогондор аттаныш керек.
А.Кела:
- Тост Бдырахманга берилет.
Бдырахман:
- Мен Прерияда качып жүрүп көп нерсеге көзүм жетти. Көрсө Манас деген бандит турбайбы. Давай ушул тостту самурай Коңурбай үчүн алып жиберели!
Нар (Иман):
- Бир гана Коңурбай үчүн гана эмес, Жолой үчүн, Нескара үчүн, Шыпшайдар үчүн!
А.Кела:
- Тост Бдылдага берилет. Өх, аягына чыкканча чарчап да баратабыз.
Бдылда:
- Менин канкудам өз ордуна келди. Эми инилерим мурунку кызмат ордуларына келсе экен. Ошол үчүн алып жиберели!
А.Кела:
- Жугундус сиз дагы тост айтып коёсузбу?
Жугундус:
- Ата-Журт! Ата-Журт! Ата-Журт!
Бабашка:
- Республикам! Республикам! Республикам!
А.Кела:
- Тост узарып кетти окшойт. Хатамба мырза сиз жыйынтыктап коёсузбу?
Хатамба:
- Менин иштегенимди бардыгыңыздар сезип турасыздар. Бабашканын бир министрин "сразы" садага чаптым.Эки-үч министрге,губернаторго сөгүш бердим. Байлыктар дагы, айлыктар дагы жогорулап баратат. Мына бүгүн эле азыркы айтылган тост боюнча токтом чыгарам. Биринчи токтом Башмыйзамды кара теке сүзгөнгө жол берилбесин. Экинчи токтомдун негизинде Картаңбек.С.С.тин аты Жаштыкбек.С.С болуп өзгөртүлсүн. Омбудсмен Т.Ак Ун кызматын өткөрүп бермейин президентке талапкер боло албайт. Интеллекти жоктордун катарына токтом менен Брэйкназар менен Каа кошулсун. Эр Ташытюктун аптыракаты өссүн деп токтом чыгарып коёбуз. Бдылданын инилерин шайлоодо мени колдошсо, сөз жок катта мансап менен камсыз кылам.
Мыйзампашаа:
- Тээтиги ким, башын чүмкөнүп жатып калыптыр.
А.кела:
- Эй жансакчылар, аны тургузуп жөлөп-таяп кызматтык унаасына жеткизгиле, шопуру эптеп үйүнө жеткизип койсун. Ушундай коомдук жерден өтө мас болгондон сактаныш керек да.
Жаштыкбек.С.С (энтиге чуркап жетип келет):
- Эшикте тигилер… эки-экиден… мушташып…бири-биринин тумшуктарын… талкалап… атышат…
А.Кела:
- Жан сакчылар ажыратканга жөнөгүлө. ( эки жагын каранып) Мен жан сакчысыз калдым го.
Хатамба:
- Ничего, президент болуп калсам сизге жүз жансакчыга айлык төлөттүрүп турам.
ХИПИКар:
- Жансакчылардын санын кыскартсак, бюджетке миллиард сом каржы түшүп турат экен.
Хатамба:
- Кызык, анан биздин жаныбызды ким сактайт? Биздин жаныбыз таттуу да.
ХИПИКар:
- Жансакчыларга кеткен акчаны элге бөлүп берсек, кичине тыгын болмок.
Хатамба:
- Тыгын-пыгынын билемби. Мага сырттан карызка берип атканда, карыз алып жашай беребиз.
Мыйзампашаа:
- Карыз алып жашагандар Маскөө, Минсктарда башын калкалап жүрүшөт.
Хатамба:
- Башты оорутпагыла, ушул силерге келсем эле башымды оорутуп жиберчү болдуңар. (саатын карап) Убакыт болду тарайлы.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"