, 10.06.11 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Беш
бармак
Дастан Сарыгулов
"Чиновниктер жейт экен" дешет. Жешсе жешсин, бирок сиңире жешип, жаңы бышкан боорсоктой болушуп чадырайып турушса жакшы эмеспи. Дастан мырза губернатор болуп, Таласты талкалап жеди.Эч нерсе сиңген жок, куурайдай болуп апарык. Акаев досу кичине толо түшсүн деп, эң эле сиңимдүү "Кыргызалтынга" президент кылып койду. Өзү жалгыз жесе тойбой калат экен деп инилери "мистер долларбай", "мистер евробайларды" кошуп кыргыздагы болгон май-талкан жерлерге койду. Дагы эле жеп-жеп, жегени менен куурайдай арыктай баштады. Ичеги карынын барын мите-курттар мекендеп алса керек. Балким, ичинде кур бака же жылан барбы? Бакиев аны башынан сылап мамлекеттик катчыга коюп койду. Бакиевдик бийлик машинасы шарыят деп шартылдап жума намазын окушуп, мусулмандарга жол ачып турса, теңирден тескери теңирчилик жолуна түшүп алган Дастан акабыз мамлекеттик катчы болуп деле жыргаткан жок. Өзү да жыргабады, элди да жыргатпады.Баягыдай эле түртүп ийсе жыгыла тургандай арыктап, жоор баскан кежир аттардай болуп, кетенчиктегенин койгон жок. Бакиев уюштурган ынтымак курултайына ынтызарын салып жүрдү. Негизи курултай десе куркулдап кеткени менен, жутта калган күлүк аттардай болуп териси да жылтырап койбоду, чиркиндики. Бүгүнкү, күнү да анысынан жазбады.Кайсы жерде болбосун курултай дегенде жантыгынан жата калып жүрөт.Кыргызды уруу-уруу болуп башкарыш керек деп, трайбализмдин чогун тутантканын койбоду.Ээгине эчкиникиндей сакалы бүттү. Акаев, Бакиев заманында сүлүк курттай элден соруп чогулткан байлыгы да, анын организмине кыпындай таасир эткен жок, Дастан аксакал карылыктын алгачкы стадиясында эле "скелетке" айланып баратат.Арийне, эскиден калган адатын тоту куштай кайталаганынан жанган жок.
Акылбек Жапаров
Акылбек мырза жөнүндө алыстан баштасак, кыргыздын тарыхында чолпон жылдыздай из калтырган ата-тектери тууралуу айтып кетпесе болбойт.Тээтиги миң жылдап келаткан кыргыз элинде не деген тың чыккан уруулар болбоду. Азыркы ичкилик , сол топторуна кошулган дөөлөс, багыш,кыпчак, кушчу, кытай, саруу, жедигер жана башка көптөгөн уруулар убагында кыргызга туу болуп, кыргыз элин башкарып турушкан. "Дөөлөс төрүн бербейт,өлсө көрүн бербейт" дешип, бекер жеринен айтылып калбаса керек. Буларга салыштырмалуу оң тобундагы өзгөчө Тагай бийдин уруулары кийинки беш жүз жылда жаралган жаңы уруулар. Тагай бийди кээ бир тарыхчылар тарыхий инсан катары Моголстанды бийлеп турган Мухаммед -кыргызга салыштырып келишет. "Моголстандын арстандары" деп Азияда атагы чыккан Тагай бийдин тукумдары. Өзбек, казак, башкыр,татар деги эле Чыңгыз-хандын буту жеткен жердин барын, Чыңгыз-хандын тукумдары Октябрь революциясына чейин бийлеп келишкен. Бир гана кыргыздар эл башчысын кыргыздан коюшкан. Жанагы уруулардын ичинен Тагай бийге чейин багыштар мыкты чыгып, кыргызды мыкчып келишкен. Эми санжырага келсек азыркы аркалыктар жерлеген жерлердин көпчүлүгү Тагай бийдин тукумударынан тарагандардын жерлери. Богорстондон: солто,шалта,көгөй, Кылжырдан : Орозбакты, Дөөлөс,андан башка сарт аялынан: Кара чоро жана "азь" элинен калгандарды "азык" деп, сак элинен калгандарды "саяк" деп, калмактардан колго түшкөн чедирейген баласын "черик" деп, коңур ат минип келген баласын "коңурат" деп "тондуу бала" кылып асырап алган. Тагай бийдин Кылжырынын балдары бийликке эптүү келип, эл ичинде булар багыштан да зор болду, зор багыш болду дешип, Кылжырдын балдары "зорбагыш" аталат. Дөөлөстүн баласы Манап бий калмактарга каршы жоого бет алып, атагы таш жарып турганда, Дөөлөстүн балдары гана "зорбагыш" наамын приватташтырып алып, Орозбактынын балдары "бугу" аталып кетет. Манап бийдин тукумдары Жарбаң баатыр, Сарысейит, Тукур бий, Үчүке-Түлкү,(Жаңыл мырза атып өлтүргөн) Кудаян хан, Мааматкул бий, Атаке бий, Ниязбек баатыр,Калыгул олуя,Ормон хан, Төрөгелди баатыр, Жантай хан, Шамен, Шабдан баатыр, Балбак, Канат хан, Баялы Исакеев, Турдакун Усубалиев, Султан Ибраимовдор кыргыз эли үчүн кыйла эмгек сиңирген инсандар. Кыргызда "манап" деген титул, Манап бийдин атынан калган. Манап бийдин тукумдары: "Биз манаптын тукумдарыбыз" деп жүрүшүп, аркалык кыргыздарда "манап" деген кыргыздын элитасы пайда болот.
Азыркы күндө Манап бийдин тукумдарынын мыктысы эле "Атка жеңил, тайга чак" Акылбек Жапаров. Албетте, Аскар Акаевди энеси кимден тууганын ким билет. Бирок, санжыра боюнча Абыла Манап бийдин бир тууганы Токонун асыранды баласы. Токонун жалгыз кызы болгон. Кыш-күрөөдө Токо каза болуп, Таластагы кызына күн жылып, ашуу ачылганда кабар берилет Ошондо Токонун кызы:
Өзүк менен Молойум өзүм тапкан кул эле,
Абыла менен Чонойум атам тапкан кул эле.
деп кошкон экен да. Ошол кулдун тукуму деле, он төрт жыл кыргызды бийлеп турду го. Ага караганда накта Манап бийдин тукуму Акылбек Жапаровко чүйгүн майлуу "устукандар" тийбей келатат. Бакиевдин убагында өкмөт башчысына көрсөтүлгөн экен, бирок Жапаров сарбагыш, бүгүн өкмөт башчысы болсо, эртең президентти алып кетет дешип, жең-учунан ушактап, өкмөт башчысын ыраа көрбөй коёт. Жакында президенттик шайлоонун мөөнөтү белгиленип, талапкерлер коюла баштайт. Азыр президент үчүн жүз миң сом койсо да төлөп, талапкердигин коё тургандар жүздөп саналат.Мейли, эми алар элден соргон акчаларын элге чачсын. Бирок, президент боло турган талапкерлердин ата-тегин да сүрүштүрүп койбосо, кулдун тукумдарды көзү тойбой кыргыздын мүлкүн соруп, кылчайбай кете беришет экен. Байыртадан эле манаптын тукумдары өлүү дүнүйөгө жутунбай элге кайрымдуу болушкан эмеспи.
Данияр Үсөнов
Советтик Армияда : "Уулуң ефрейтор болгуча, кызың сойку болсун"- деп коюшчу. Эмнеге ал жерде ефрейторду мынчалык кемсинтип жаман көрөрүн ким билет, бир гана миңден бир жоокерлердин арасында ефрейторду мансап көрүп, ефрейтор болууга умтулган ары жок адамдар деле болушкан. Ошолордун бири Данияр Үсөнов. Данияр Үсөнов ефрейтор болуш үчүн офицерлерге канча акча, канча чучук бергени деле белгисиз, бирок ефрейтор болгон соң дымагы күчөп, аягы сержантты сатып алып Армиядан кайтат. Ошол мезгилде аяш атасы Апас Жумагулов итапкан жерге барып калган. Тез эле Кыргыз ССРинин министрлер Советине төрага болуп калат. Ар кимдин ичи койнуна кирип жаш кезинен эле пионерди,комсомолду, ефрейторду сатып алып көнгөн, Данчик аяш атасынын көңүлүн алып, кайра куруу учурунда коммерцияга кирет.
"Биттин ичегисин артып" чоңойгон Данчик бул жерден таянган аяш атасы турса оозду ачып турмак беле, кыргыздын энчисин ары карап жулунуп, бери карап күлүп кайсай баштайт.Тез эле мээси жок ефрейтордон, эси жок бизнесменге айланып чыга келет. Акаевдин заманында анын ирбити кайра жанат. Чүйгө губернатор болгон аяш атасы кайрадан премьер-министр болуп, элдин энчисин дүңүнөн сугунууга жол ачат. Миллиондорду эчак сугунуп алган Данияр мырза, мамлекеттин мүлктөрүн ит бекер сатып ала баштайт. Анын көзү тойбостугу Акаевдик бийликке маалым болот. Албетте, алар да өздөрүнөн мурда байып бараткан Үсөновду көрө алышпай бут тосуша баштаганда оппозицияга өткөн көпкөн депутат Үсөнов катындар менен жакалашып жүрүп, атагын чыгарып алат. Аяш атасы бийликтен кеткен соң аны Казакстанга айдап жиберишет.Ошол мезгилде Манасты "бандитке" теңеген Өмүрбек Абдырахманов жолугуп: "Акаевке каршы баш кошуп чыкпайлыбы?"-деп сунуш кийирип калат. Ошондо Көпкөн көпөс Үсөнов: "Кыргыздын энесин с… экинчи кыргызга жакшылык кылбайм"-деп терс бурулуп кетет.
Кыргызга жакшылык кылбаса дагы, кыргыз "ичкен кудугу" эмеспи. 2005-жылы КЭКтин төрагасы Бакиевдин "ашпозчусу" болуп орношот.Ошол жылдын 24-мартында куураган Кукеңдин курсагы ачып турганын байкаган "шеф-повар" Үсөнов шефине "Жалал-Абад" ресторанында мантайган мантуу алып берип жаткан учурда эл Ак үйдү алат. Курсагы ачып турган Кукең ысык мантуу оозун күйгүзгөнүнө карабай, бурдап сугунуп бийликти алганы жөнөйт.Бакиев бийликке кайрадан "мантуу алып берген" Үсөновдун жолу ачылды. "Издешпей табышкан" "Бакиев-Үсөнов экономикалык кланы" кыргызды четинен кемире баштайт. Акаевдин сугунганын табам деп Либерманга жарым миллион долларын жедиргени менен, биринчи вице-премьер болом деп Мадумаров аркылуу 300 миң долларын жедиргени менен, элдин энчисин талап отуруп, "Криссталды" криссталдай таза жеп, элдин жек көрүүнүсүнө дуушар болду.Анын эпсиз сугунганы андан да катуу сугунган шефине жаккан жок, ошол үчүн аны "туалеттин төрагасы" деңгээлдеги кызматка айдап жиберет.Ал жерде деле иштеп жүрүп, шефинин көңүлүн таап Бишкекке мэр болуп келет. Бул жерден Нариман Түлеев деген "2" коюп кубалап чыкты. Бакиевдин номенклатурасында №1 тизмеде турган Үсөнов тез эле президенттик администрацияда "опальный" Медет Садыркуловду алмаштырып, ордуна келди.Бирок, "жерден бийик, чөптөн жапыз" абалында эми дардаңдабай, билгизбей жей баштады.Бакиев ишенимдүү "ашпозчусун" талаага калтырган жок.Ишенип өкмөттү бере койду эле, шар сыяктуу көөп кеткени менен, ЦАРИИнин "царынын" алдында бөйпөңдөп "второстепенный" фигурага айланды. Элдин кыжырына тийип,электрге тарифти көтөрүп, электораттан айрылды. 2010-жылдын 7-апрелинде парламентке келип, баш көтөргөндөрдү басып коёбуз деп дардалаңдап ооз көптүрө сүйлөп, Бишкекке коменданттык саатты киргизди. Ак үйгө качырып кирген кыргыздын кабыландарына ок жаадырткан Үсөнов, өз жанын жашынып жүрүшүп, бийликти алаарда пайда болгон Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө канча сомго баалаганы азырынча белгисиз, эптеп "колго түшкөн коёнду коё берген оңорбу" дегендей, колго түшкөн Үсөнов, "буйт" этип кайсы тешиктен суурулуп чыкканы белгисиз. Азыр ал дагы араб өлкөлөрүндө "восточный танецти" көрүп жанын багып жүргөн кербези. Кез-кезде депутат болгон көрөр көзүн көрүш үчүн Алматыга чейин келип кетет дешет.Бийликтегилер аны көрмөксөн болушат, кокус тийише турган болушса, "мен жанымды баланча миллионго баалап, баланчага баланча миллион бергемин" деп айтып жиберишсе, бийлик эгелери уят болуп калышпайбы.
Марат Султанов
Акаевдин көңүлүн табыш оңой иш болгон эмес. Башы миң иштесе да,арамдык менен элдин мүлкүн жебей ак иштегендерди, Майрам Акаева бийликке жуутчу эмес. Жанагы "токту сурамай" деген балдардын улуттук оюну бар го: "былк-былк былк семиз" деп тандайт. Ошол сымаал Майрам Дүйшөновна, чиновниктерди кошелёкторунан "былк семиз" деп тандай турган. Улуттук банкты чимирип турган Султанов, үкасы президенттик администрацияны жетектесе, өзү май-талкандуу Каржы министрлигине келет. Негизи ал министр болуп турганда кыргыздын заманы ушунчалык таарып, кыргыз эли карыпка айланат.Ким башынан сыласа күчүктөй болуп эркелеген Макең, Бакиевдин заманында күчкө толо баштайт. "Сүткө тойгон күчүктөй" демине-дем,этине-эт кошулат. "Бригада" түзүп штурмалап атып спикерди "көк бөрү" тартышта сууруп чыгып, кошоматчы спикерге айланат.Ага караганда Акылбек Жапаров Акаевке каршы Кочкор элин көтөрүп, Март революциясынын башаты болуп берген. Ал эми Марат Султанов даяр оокатка келе калып, Тажикан Калимбетовадан соң, кайрадан көнгөн Каржы министрлигине келет. Ошол мезгилде Россия Федерациясы Кыргызстанга 2 миллиард доллар берем деп турган. Сугалак Султанов 300 миллион долларын жана грант катары 150 миллион долларды алып келдим деп дардаңдап жүргөнү эмгиче элдин эсинде. Арийне, ал акча каяка кетти? Муну Каржы министри сөзсүз билиши керек. Ушул 450 миллион Каржы министрлиги тарабынан дайынсыз жок болуп кеткендиктен Путин ачууланып,калган1 миллиард 700 миллион долларды бербей коюп атпайбы. Албетте, анын барын миң сугалак болсо дагы Султанов жесе ичи жарылып калбайбы. Бул жерде акасы Курманбек Бакиевдин, үкасы Максим Бакиевдин үлүшү жок эмес. Бирок элге ачыгын айтыш керек да, "мында сирке,мында бит", бул миллион биякка кеткен, тиги миллион тиякка кеткен деп. Ошончо акчаны кыргыздын мойнуна илип коюп деле чедирейип эч нерсе болбогонсуп Марат Султанов парламентке келди. Келгенде да фракцияны бөлүп жарып, коалицияга кирбей койду. Жүрөт, аман -эсен эле болсун, кокус көзү өтүп кетсе 450 миллион долларды кимден доолайбыз?
Табылды Акеров
Кыргызда саясат таануучулар жамгырдан кийинки козу карындай жабырап кетти.Сүйлөшкөндөрүнүн деле мааниси жок. Кокустан бир чиновник кетип баратып чалынып кетсе деле, ошол жөнүндө бардык теле берүүдөн, бардык гезиттерден айта беришип тажатышат. Албетте, алардын кимди мактап, кимди жамандап атканына карап, кайсы чиновник чидерлеп алганын түшүнсө болот. Ошол чиновниктин "кол бала" "куурчагындай", эмнени айт десе, ошону какшаганы какшаган.Ал менен өздөрүнө аброй эмес, шылдың алып келатканы менен иши жок. Акеров аларга салыштырмалуу сөздүн ток этер жерин, калыс, адилеттүү айткан саясат таануучу. Ал майда-чүйдө ушак-айыңдарга берилип, "кара пиар" жасабайт. Ал кыргыздын жүрөгүн өйүгөн салабаттуу маселелерге өз позициясында туруп, акыйкат мамиле кылган, бирден-бир элдик саясат таануучу. Кимдир бирөөлөргө кошомат айтып, ичи койнуна кирип жүргөнүн көрө элекпиз.Бирок да талуулуу жерден "тарс" эткизе оюн айтып, булактай таза, мукам үнү менен элдин жүрөгүнө жеткизе баа бере алат. Бул жагынан ал профессионалдык өнөрдүн туу чокусуна чыккан деп баса айта кетсе болот. Азыркы заманда кыргыз саясат таануучуларын мындай эле коёлу, россиялык, дүйнөлүк саясат таануучулар да Акеровдун этегине келип намаз окуп, Акеровдон үлгү алса болот. Кыргыздар ушундай таланттуу саясат таануучубуз бар экенине сыймыктанышыбыз керек. Мен сунуш кылат элем, Акеров өзү жаш болсо да, биздин мекенибизде "Акеровдун мектебин" түзүшү зарыл. Жаштардан саясат таануучуларды тарбиялап, туура жолго салыш керек.Ал эми башка саясат таануучулар жөнүндө сөз кылып деле кереги жок. Аларды мөөнөтүнөн мурда пенсияга айдап жиберсе деле болот.Болбосо алардын "мордалары", тантыраган сөздөрү кыргызды тажатып бүттү.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ