Кыргыз гезиттери



  Эмгек баатырынан сунуш

Администрациялык реформа кандай болуусу керек?
Жакында административдик реформа боюнча Жогорку Кеңештин биринчи окуудан өткөрүп кабыл алган чечимин мен аябай туура деп эсептейм. Мындай чечимди 1990 - жылдардын ичинде эле өткөрсө жакшы болмок.Ошондон бери канча миллиондогон сомдук каражаттар үнөмдөлүп, бүгүнкү күнгө көп маселелер жөнгө түшүп калмак. Биздин республиканын көлөмүндө, 7 областын, кырктан ашык райондордун болушу ашыкча жүк экендиги баарына белгилүү. Кыргызтандын аянты боюнча 3-4 эсе чон Монголияда 17 эле аймагы бар. 1930 - жылдардын ичинде Кыргызстанда деле райондордун саны 20-25тен ашкан эмес. Мисалы: Талас бир эле "кантон", Аксы, Ала-бука, Чаткал бир эле Кызыл Жар району, Кочкор, Жумгал, Суусамыр, Тоң районунун күн батыш жагы биригип бир Сталин району болгон. Ал мезгилде телефон, машиналардын ордуна атчан гана байланыш болгон
Жогорку Кеңештин чечиминен кийин радиодо, телевидениеде, төгөрөк столдордо талкуулар жана айрым адамдардын үн кошуулары болуп жатат. Мен дагы Кыргызстандын түштүк жана түндүгүндө жайгашкан бир нече райондордо көп жылдар бою иштеген адам катары ушул маселе боюнча ойлорумду ачык - айрым айтууну туура таптым.
Мен административдик бөлүнүштөрдүн 3 вариантын сунуш кылат элем:

I.Вариант
Чек арадагы маселелерге байланыштуу Баткен областын толук калтырып, калган областарды, райондорду жоюп, анын ордуна 14 аймак түзүү:
1. Талас аймагы (төрт районду жоюп)
2. Батыш Чүй аймагы (Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук райондорун жоюп)
3. Чыгыш Чүй аймагы (Аламүдүн, Ысык Ата, Чүй , Кемин райондорун жоюп)
4. Ысык - Көл аймагы ( Ысык- Көл, Түп. Ак- Суу, Жети - Өгүз. Тоң райондорун жоюп)
5. Кочкор (Кочкор, Жумгал райондорун жоюп, Тоң районунун күн батыштагы эки айыл өкмөтүн кошуп )
6. Нарын аймагы ( Нарын , Ат - Башы. Ак - Талаа райондорун жоюп)
7. Токтогул аймагы (Кара Көл шаарын кошуп)
8. Аксы аймагы ( Ала - Бука, Аксы, Чаткал райондорун жоюп)
9. Ноокен аймагы ( Ноокен, Базар - коргон райондорун жоюп)
10. Сузак аймагы ( Сузак, Тогуз Торо райондорун жоюп)
11. Өзгөн аймагы ( Өзгөн, Кара Кулжа райондорун жоюп )
12 . Кара Суу аймагы
13. Алай аймагы ( Алай, Чон Алай райондорун жоюп)
14. Ноокат аймагы ( Ноокат , Араван райондорун жоюп )

II.Вариант
Баткен областын калтырып райондорду ирилештирип , 21 район калтыруу
1. Кара - Буура району (Манас районун кошуп)
2. Талас району (Бакай Ата районун кошуп)
3. Жайыл району (Панфилов районун кошуп )
4. Сокулук району (Москва районун кошуп)
5. Ысык - Ата району (Аламүдүн районун кошуп)
6. Кемин району (Чүй районун кошуп)
7 . Ысык - Көл району (Түп районун кошуп)
8. Жети - Өгүз району (Ак - Суу, Тоң райондорун кошуп)
9. Кочкор району (Жумгал районун, Тоң районунун күн батыштагы эки айыл өкмөтүн кошуп)
10. Нарын району (Ат - Башы, Ак- Талаа райондорун кошуп)
11. Токтогул району (Кара - Көл щаарын кошуп)
12. Аксы району (Ала - Бука, Чаткал райондорун кошуп)
13. Ноокен району (Базар - Коргон районун кошуп)
14. Сузак району (Тогуз - Торо районун кошуп)
15. Өзгөн району (Кара - Кулжа районун кошуп)
16. Кара Суу району
17. Алай району (Чоң - Алай районун кошуп)
18. Ноокат району (Араван районун кошуп)

III.Вариант
Төрт область 21 район.
Чуй-Талас областы
1. Кара - Буура району (Манас районун кошуп)
2. Талас району (Бакай Ата районун кошуп)
3. Жайыл району (Панфилов районун кошуп )
4. Сокулук району (Москва районун кошуп)
5. Ысык - Ата району (Аламүдүн районун кошуп)
6. Кемин району (Чүй районун кошуп)

Ысык - Көл областынын

курамында 4 район болот
1. Ысык - Көл району (Түп районун кошуп)
2. Жети - Өгүз району ( Ак- Суу , Тоң райондорун кошуп)
3. Кочкор району ( Жумгал районун, Тоң районунун күн батыштагы эки айыл өкмөтүн кошуп)
4. Нарын району (Ат - Башы, Ак-Талаа райондорун кошуп)

Ош областы
1. Токтогул району (Кара - Көл шаарын кошуп)
2. Аксы району (Ала - Бука, Чаткал райондорун кошуп)
3. Ноокен району (Базар - Коргон районун кошуп)
4. Сузак району (Тогуз - Торо районун кошуп)
5. Өзгөн району (Кара - Кулжа районун кошуп)
6. Кара Суу району
7. Алай району (Чоң - Алай районун кошуп)
8. Ноокат району (Араван районун кошуп)

Баткен областы
1. Кадамжай району
2. Лейлек району
3. Баткен району
Эгерде биринчи варианттагы "аймак" деген бөлүнүү боло турган болсо, анын башчыларын "аймак - өкмөтү" же "аймак - акими" деп атасак туура болот
"Бий" деп аталыш, менин оюмча жеке бийлөөчүлүккө ээ болгондой көрүнөт, өзү бий -өзү хан деген бар эмеспи.
Аймак жетекчилеринин укуктары жана жоопкерчиликтери кеңейтилсе туура болор эле. Кадрларды тандап кызматтарга жайгаштыруу, аларды жумуштан бошотуу укуктары толук берилсе жакшы болор эле. Албетте, тийиштүү жетекчилерди республикалык министирликтер менен макулдашуу иретинде. Бүгүнкү күнү ушундай макулдашуулардын жоктугунан Сүлүктүдө жана Кочкор - Атада эки-үч айдан бери болуп келе жаткан кадырдык маселелер чатагындай нерселерге келечекте эч жол бербеш керек. Жергиликтүү бийликке айыл өкмөттөрүн тандоо жана ишке орноштуруу укуктары толук берилсе.
Аймак жетекчилерине билимдүү иш билги, ою, колу таза Эл арасында кадыр барка ээ болгон эң мыкты адамдардан коюлса. Өз аймагынан эмес республиканын түндүк, түштүк, батыш, чыгыш тараптарынан жиберилсе.
Кадрларды ыгы жок эле бат эле алмаштыра берүүнүн пайдасынан зыяны көп. Мен Кочкор районунда 17 жыл иштедим, менден кийин 17 жылдын ичинде 9 аким алмашылган. Башка райондордо деле ушундай көрүнүштөр өкүм сүрүүдө. Ушул бат-бат алмашылган кадрлардын ичинде деле билимдүү иш билги, мыкты кадрлар көп болгон.
Менин оюмча айыл өкмөттөрүн азырынча ирилештирүүнүн кажети жок, алардын дагы укуктарын жоопкерчиликтерин кеңейтүү керек.
К.Акназаров, социалисттик эмгектин баатыры





  Элдик баатырдан үмүт

Акылыбыз - кутман карылар, күчүбүз - жаш баатырлар

Өткөнүн сыйлап, келечегине кам көргөн эл ар дайым дөөлөтү ташып турарын карт тарых ар дайым далилдеп келет. Кайсыл элдин өнүгүү саясатынын өзөгүн ушул баланстуу эки принцип түзүп турса, ошол мамлекеттин бакыбаттуулугу артып турарын байкаса болот. Булардын бирөөсүн эле сактабай карыларга көңүл бурбай койсок, өткөндү тапанча менен атса, келечек сени замбирек менен аткандай бат эле кунубуз кетип, ээ-жаа бербеген ажаан аялдар менен, атасын тааныбаган зөөкүр балдардын барымтасында калган саясат жүргүзүп, мамлекеттин тагдырын дал ошолор чечип каларын көрдүк. Тескерисинче, жаштарды өстүрбөй, жалаң ичип-жеп көнгөн карт карышкырларга өлкөнү майкандаткандан да мамлекеттин супурасы курук калып, жаштарыбыз талаалап жумуш издеп кетерине да күбө болдук. Ал эми өсөр эл бул балансты жакшы сактап келет. Тарыхын, каада салтын сыйлаган байыркы Японияны айтпаганда деле кечээки эле кайра куруудан кийин держава катары талкаланып, араң турган Россия дал ушундай саясаттын үзүрү менен бул кезде СССР державасынын ордуна Россия державасы болуп кайра өсүп чыга келди. Бул саясатты жакшы түшүнгөн Владимир Путин ага чейинки устаты Ельцинден айырмаланып, коммунисттерге тишин кайрабай, өткөнүн сыйлап, коммунисттерди сыйлуу төргө өткөрүп, ошол эле учурда жаш кадрларды жогорку постторго көтөрүү менен Россиянын жогорку бийлигин тарыхта болуп көрбөгөндөй жашартты. Азыркы Россиянын жаш министрлерин айтпай эле коёлу, президенти Дмитрий Медведев 43 жашында өлкөдөгү биринчи бийликке келди.

Биз да мамлекетибизде ушундай саясат жүрүшүн каалар элек. Кийинки кездери жаштар чоң бийликке тартылбаган менен мамлекеттин тагдырына кайдыгер карабаган кыргыз жаштары болгондо да 25ке чыгып-чыга элек кыргыз жаштары өткөн жылы эки жолку оор учурда канын төгүү менен мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калганын бүгүн мойнубузга алышыбыз керек. Биринчи жолу Бакиев бийлиги мамлекетти сатып, тоноп, жоготордо 7-апрель көтөрүлүшүнө чыгып, миңдеген жапжаш жигиттерибиз окко төшүн тосуп, кандуу бийликти кулатса, 10-июндагы улутчул-сепаратисттердин жаңы бийликтин алсыздыгынан пайдаланып Кыргыз мамлекетин бөлүп-жарууга кылган аракетин таш каптырган да дал ушул жаштар болду. Албетте, эки элден тең бөөдө курмандыкка учурагандар болду. Каны кызуу жаштарыбыз чыныгы күнөөлүүлөрдү эмес, бейкүнөө жарандарга кол салган учурлар да болду. Бирок, кыргыз жаштары оор иш башка түшкөн кыйын кырдаалдарда үйлөрүнө жашынып отура бербеген көкжал экендиктерин, кандыбулоон болуп, армия, милиция кире албай жаткан оор аймактарды көздөй түндүктөн түштүккө карай, тоолуу айылдардан чөлгө карай жардамга деп агылган жаштардын агымы көрсөтүп койду. Албетте, мындай кандыбулоондун аягы эмне менен бүтөрүн эч ким болжой алмак эмес, эгерде демилге ошол бойдон жаштардын колуна өтүп, акылман карыларыбыз такыр аралашпаган болсо. Ошол учурда аксакалдарыбыз жаштарды сабырдуулукка чакырып, эки элдин кадырман аксакалдары арачыга түшүп жатып, акыры уруш токтотулду. Ылайым экинчи мындай окуя кайталанбай, эки элдин ортосунан ынтымак кетпей, тынччылык болсун, бирок, кыйын учурда таянар тообуз, күчүбүз баары бир жаштар болорун да унутпайлы.Болгону ошол жаштардын курчтугу менен карыларыбыздын акылмандыгын туура пайдаланып, туура жолго багыттап, кыйратман эмес жаратман ишке сала билели. Карыларыбыз дүжүр чалдар эмес, кутман карылар, жаштарыбыз зөөкүр балдар эмес, патриот жаштар болушу үчүн мамлекет ошондой саясат жүргүзө билүүсү керек.

Учурда Ош окуясынын бир жылдыгына карата элдин тынчсыздануусун басыш үчүн да дал ушул саясат жүргүзүлүп жатат. Былтыркы Ош окуясында армия менен бийликке элдин ишеними кетип, эл өзүн өзү коргоп, алды алдынан тал кармап турган учурда, ондогон милиция командирлеринин арасынан өзүнүн тайманбастыгы, кыйын кырдаалдан жол табарлыгы менен көптүн арасынан суурулуп чыгып, милицияга болгон элдин ишенимин жандырууга көп салым кошуп, жаш баатырга айланган Курсан Асановдун түштүккө барышы элдин кыйын учурда коргоочусу бар экенинен шерденип, үмүт артып турушкан кездери. Элдин үмүтү акталып, быйылкы жыл тынч өтсө, алдыдагы президенттик шайлоо белгиленүүгө тийиш. Дал ушул түштүк окуясынын кайталанып кетүүсүнөн чоочуулоо президенттик шайлоонун мөөнөтүнүн аныкталбай жатышына өз таасирин тийгизип жатат өңдүү.
Айзада Абазова








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"