, 10.06.11 - 16-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

АКЧАНЫ кандай колдоносуз?
Кой
Эгер кой жылдызындагыларга татыктуу акы төлөнсө кандай жумуш болбосун майын чыгара аткарат. Акчаны жөн гана сактап жата бербестен тобокелчиликке барып аны кандай жол менен болсо да көбөйтүүнүн, өстүрүүнүн аракетин көрүп келет. Кокус бирөөлөргө акча карызга берсе артынан кууп жүрүп болсо да алат. Булардын маанайы чөнтөгүндө канча акча болсо, ошого жараша болот.

Букачар
Кайсыл жерден акча көп түшөөрүн, жумуштун кайсыл тармагында киреше бар экенин ички туюму менен мыкты сезет. Каражатты көбүнчө курулушка, үй тиричилигине жумшаганды жакшы көрүшөт. Акча үчүн колунан келбесе деле бир топ жоопкерчиликти өзүнө ала бериши мүмкүн. Көпчүлүк учурларда Букачарлар өзүнө ыңгайлуу шарттарды жаратам деп ашыкча чыгымга учурашат. Катуу иштеп көп акча чогултуп алышып, кийин аны четинен коротуп эс алганды кыялданышат.

Эгиздер
Эгиздердин канча каражаты бар экенин, акчаны кантип урунаарын билүүгө аракет кылбай эле койсоңуз болот. Финансылык абалын эгиздер катуу сыр бойдон сактайт. Карызга акча сурагандарды жаман көргөнү менен өздөрү көп учурда карызга акча сураганга аргасыз болушат. Оор жумуштан качпай көбүрөөк каражат табыш үчүн жанын аябай карч уруп иштешет. Тапкан-ташыганын колдорунан келишинче бекем сактап, акчаны үнөмдүү урунушат.

Бөйөн
Бөйөндөр акчаны сыйлап, кандай оор жол менен келсе ошончолук баркташат. Бардык жылдыз белгилердин арасынан акча Бөйөндөрдү көбүрөөк жакшы көрөт. Акчасы ашып турса да өзүн жөнөкөй, кедей кылып көрсөткөнгө эптүү. Ири суммадагы акчаны жанына көп алып жүргөндүктөн дайыма сактанып, коркунучта жүрөт. Кокус бирөө менен жаңыдан таанышса анын канча акча табаарын, бир айлык кирешесин дароо сурап билишет. Бул кадам алардын акчага кызыгаарынан кабар бербейт.

Арстан
Арстандар чыгармачыл, жан дүйнөсү артистердикиндей болгондуктан, акча үчүн тердеп-кургап иштегенди анча жактырышпайт. Лотерея ойноп көп акча тапкан аларга алда канча жеңил сезилет. Бирок, кээде гана утканы болбосо, көпчүлүк учурда утулушат. Көп учурда арстандар аз эмгек жумшап, көп акча тапканга жөндөмдүү келишет. Эгерде Арстандардын жанында акча көп болсо жанындагылардан аябай акыркы тыйынына чейин чачышат. Мындай политикасы менен Арстандарды "түштүгүнө жорго минип жүрүшкөндөргө" киргизсе болчудай.

Бийкеч
Бийкечтер акчалуу адамды көрсө колтугуна кирип, тамырын тартканга аракет кылышат. Булардын бир өзгөчөлүгү- акчаны дайыма сарамжалдуу урунушуп, өзүн эс нерседен кем кылбайт. Колуна акча тие электе эле аны кайда жумшап, эмне алышаарын күн мурунтан чечип коюшат. Бир нерседен улам санаасы менен байып жүргөн акчасы колуна тийбей калса жашоосу бүткөндөй абалга туш болуп калмайлары бар. Бийкечтер менен чоң суммадагы акча коротуп иш баштай турган болсоңуз жылдыздар сак болууңузду эскертет.
Тараза:
Чөнтөгүндө сокур тыйыны жок болсо да өзүн сыртынан бай көрсөтүүгө баарынан да Таразалар аябай жөндөмдүү. Ошондуктан Таразаларды сыртынан бир карап анын материалдык абалын билүү дээрлик мүмкүн эмес. Таразалар өз күчү менен акча таппайт, бирок, алар үчүн дайыма башкалар иштешет. Акчага кайдыгер мамиле жасагандай түр көрсөткөнү менен чынында андай эмес. Арстандарга салыштырмалуу акчаны жөнү жок чачпай, орундуу урунушат. Финансылык жактан таразалар эч качан тобокелге барышпайт, башка бирөөдөн карызга акча алса бергенче шашат.

Чаян:
Кандайдыр бир ишке аз каражат жумшап, көп киреше таба турган жөндөм Чаяндарда мыкты өөрчүгөн. Акчаны түрдүү жол менен көбөйтүштүн жолун үйрөнүшкөндөн тажабайт. Акча - Чаяндар үчүн жакшы көргөн оюнчукка барабар. Аны каалагандай калчап ойногонду каалашат. Бир ишке ири суммадагы акча салып жатканда өзүнүн убактылуу тиричилигине акча алып калууну да унутуп калышат.

Жаачы:
Жаачылар туруктуу жумуш, туруктуу эмгек акы алса болду. Акчаны коротууга олуттуу мамиле жасашат. Жети өлчөп бир кесип жатып акчасы каякка кеткенин, эмне алганынын эсебин таппай кыйналышат. Эгерде колунда акчасы бар болсо боорукерликке салып берип коюшу мүмкүн. Жаачы жылдызындагы айымдар акча кармаганга жумшак болгондуктан анын, сырын билип алгандар каалагандай калчашат. Ал эми жаачы жылдызындагы эркектер аялдарына каражатты оңой менен карматышпай өздөрү коротконду жакшы көрүшөт.

Текечер:
Акча деген түшүнүктү текечерлердин көпчүлүгү эркиндик менен алмаштырышат. Эч кимге көз каранды болбой эркин жүрүш үчүн көп акча керек деген ой булардын мээсине катуу сиңген. Текечерлердин бир тубаса таланты- өздөрүнө оңой жерден демөөрчү таап, акчага байланышкан ишин оңой бүтүрө алышат. Акча үчүн Текечерлер кээде кара мүртөздүккө, таш боорлукка да барышы ыктымал. Кара күчкө караганда акыл менен акча тапканды жакшы көрүшөт. Кайсыл акчаны кандай багытка жумшап, канча киреше тапса болоорун текечерлерден тактап сурап алсаңыз болот.

Суупери:
Акча үчүн жулунбаган жалгыз жылдыз белги - Сууперилер. Өздөрү акчасы жок калса да жакындарынын, үй-бүлөсүнүн материалдык абалын сурап кабар алып турат. Акчанын артынан чуркабай, байлыктын өзүнүн келишин күтүп жата бермейлери бар. Каражат кармаганга эби жок болгондуктан, көп алданып, акчаны ирети жок урунушат. Эгерде башка бирөөлөр акча каттырып койсо жоопкерчиликтүү мамиле жасап, бирөөнүн байлыгына эч убакта кол салбайт.

Балык:
Балыктар өзүнүн акчасын эч качан эч кимге ишенип карматпайт. Кокус балыктар кайсыл бир тармактан кирешелүү сунуштар түшөөрүн кулагы чалып калса, сөзсүз тобокелчиликке салып иш баштайт. Көбүнчө тапкан каражатын кыймылсыз мүлккө, билимин жогорулатууга жумшашат. Кээде жок жерден кетирген чыгымдарды тыйынына чейин эсептеп, майдачыл болушат.
А. Көчкөнбаева






  Кызык экен

Адамдын
Мээси жана эстутуму жөнүндө
Окумуштуулар акыркы учурларда адамдын мнемикалык (эске тутуу) жөндөмдүүлүгүнүн начарлап баратканын айтышууда. Мунун эң биринчи себеби - электрондук маалымат ташуучулардын пайда болушу. Мисалы, сиз, окурман, бардык эле жакындарыңыздын телефондорун жатка биле бербесеңиз керек. Мунун кажети деле жок, себеби, керектүү маалымат уюлдук телефонуңузда сакталуу.
Заманбап адамдын эс-тутумунун начарлашынын дагы бир себеби - анын маалымат доорунда жашап жатканы. Башкача айтканда, адамдын мээси бүгүнкү күндөгү-дөй чоң көлөмдөгү маалыматты сактап жүргөнгө алы жетпейт.
Окумуштуулар: "Ар бир адам өзүнүн эс-тутумун жакшырта алат",- дешет. Бул үчүн атайын тесттерден өтүү керек. Төмөндөгү адамдын эс-тутуму жана мээси тууралуу кызыктуу далилдерди да билип алсаңыз ашыктык болбос:
1. Аялдын мээси эркектикинен салмактуураак. Мээ булчуңга окшош. Аны канчалык машыктырсаң, ошончолук чоңоёт. Чоң эркек кишинин мээси 1420, ал эми аял кишиники 1560 грамм. Картайган сайын мээнин салмагы азаят.
2. Адамдын мээси аялдыкына караганда эркектин үнүн тез кабыл алат. Эркектин үнү мээнин башка бөлүгүнө, аялдыкы башка бөлүккө таасир этет. Аялдын үнү "музыкалуу" жана бийигирээк тондо болгондуктан, мээ аны "чечмелегенге" аракет кылат. Европада мектеп мугалимдеринин көбү эркек болгондугу ушундан улам болсо керек.
3. Билимдүү адамдар мээ оорулары менен азыраак оорушат. Мээге интеллектуалдык күч келген сайын жабыркаган ткандар жаңы ткандар менен алмашып турат.
4. Биз мээбиздин 5-7 гана пайызын колдонобуз. Эгерде мындан 2 эсе көбүрөөк колдоно турган болсок, дүйнөлүк цивилизация эки эсе өнүккөн болоор эле. Мээнин калган "запасы" эмне үчүн керек экени окумуштуулар үчүн али белгисиз.
5. Акылдуулар менен дос болуу керек. Мээнин иштешин өөрчүтүү үчүн интеллектуалдык жактан өзүңүздөн акылдуураак адам менен баарлашышыңыз керек.
6. Жаңы өнөр пайдалуу. Адамдын өзүнө жат, эч качан жасап көрбөгөн ишти аткаруусу мээ үчүн абдан жакшы дары.
7. Сыйынуу, намаз окуу, медитация мээнин иштешин жакшыртат. Сыйынуу учурунда адам реалдык дүйнөдөн алыстайт, мээнин аналитикалык бөлүгү иштебейт, мээ толкундары жана кан басымы нормалдашат. Балким, ушул себептенби, кайсы динде болбосун, көп дуба кылган адамдар ооруканага азыраак кайрылышаары тастыкталган.
8. Реакция ылдамдыгы. Мээге келип- кеткен нерв сигналдарынын ылдамдыгы саатына 288 чакырым. Улгайганда бул ылдамдык 15 пайызга азаят.
9. Дүйнөдөгү эң акылдуу калк - жапондор. Алардын орто IQ көрсөткүчү (IQ - интеллектуалдык коэффициент) 111ге барабар. Катардагы адамдын IQ көрсөткүчү - 56.
10. Жөнөкөй адам кыска мөөнөттүк эс-тутумуна 7 маалымат сактай алат. Мисалы, "көйнөк, калем, алма, үй, акча, элик, жүрөк, пияз, аялдама, саат, отургуч, топчу, сезим, алтымыш" деген сөздөр чынжырчасынан жетөөнү сөзсүз жаттап каласыз (эгерде андан көбүн жаттап калсаңыз, сиз жөнөкөй адам эмессиз).
11. Ички туюмуңуз өзүңүздөн акылдуураак. Илимий изилдөө учурунда адамдарга татаал сүрөт көрсөтүлгөн. Биринчи жолу изилдөөнүн катышуучулары сүрөттө эмне көрсөтүлгөнүн эч ойлонбостон айтышкан да, жооптордун 92 пайызы туура чыккан. Экинчи жолу сүрөттү шашпай карап, изилдеп, ойлонуп туруп, анда эмне чагылдырылганын айтууну сунушташканда адамдардын эч кимиси туура жооп бере алган эмес.
12. Мээ эч качан чарчабайт. Бир күн кечке физикалык жумуш аткарган адамдын канында "чарчоо токсиндери" көбөйөт. Ал эми бир күн кечке интеллектуалдык жумуш аткарган адамдын мээсинде жүгүргөн кандын курамы эч өзгөрүлбөйт.
13. Мээнин 75 пайызы суудан турат. Андыктан, эс-тутумуңуз мыкты болуш үчүн күн сайын жетишинче суусундук ичишиңиз керек. Ал эми "арыктайм" деп керектелгенден аз тамак жегендер ашыкча салмак менен кошо эс-тутумун да жоготуп жаткандарын унутушпасын.
14. Мээ денеден кийин ойгонот. Эртең менен жаңы ойгонгон адамдын мээси эки түн катары менен эмгектенген адамдын же мас абалындагы адамдын мээсинен да жаман иштейт. Таң эрте денени ойготуу үчүн кандай көнүгүүлөр жасалса, мээ үчүн да бир аз интеллектуалдык көнүгүү пайда. Мисалы, ойгоноор замат сыналгы көрүүнүн ордуна кроссворд чечкен жакшы.
15. 5 жашар бала 50 жаштагы адамдан акылдуу. Адамдын мээсинин өнүгүү мезгили 2-11 жашка туура келет. Андыктан, так ушул мезгилден пайдаланып, балдардын акыл-эсине мүмкүн болушунча көбүрөөк "жем" берүү кажет.