Кыргыз гезиттери



Самара Токтакунова:
"Эстен чыккыс жолугушуулардын күбөсү болгонбуз"
Биз жер алдынан кайнап чыгып турган жерлерине да барып көрдүк. Ал суулар абдан ысык болгондуктан ага кол тийгизүүгө да мүмкүн эмес. Алар алгач бир метр, эки метр атылып чыгып бир маалда 40-50 метр бийиктикке көтөрүлүп атылып чыгат экен. Бир күнү ошондой оргума сууга көз салып анын жанында эс алып отурганбыз. Бир метр, эки метр бийиктикке атылып турган суу бир убакта эле 30-40 метр бийиктикке атырылып кеткен доошунан чочуп чалкабыздан кетип да кала жаздадык. Буларда борборлоштурулган жылуулук берүү деген жок экен. Ошол эле жака белинде 40 метрге чейин атылып кайнап жаткан сууну үйлөрүнө киргизип алышат экен.
- Биздердики сыяктуу ТЭЦтердин зарылчылыгы жок да!
- Ооба, андайдын кереги жок, үйлөрү жылуу, таза жашоо кечиришкен эл экенин өз көзүбүз менен көрүп накта жомоктогуларды элестеттик. Дагы бир кызыгы, ал жерде беш мүнөттө туман каптап, кайра беш мүнөттө жарк этип күн ачылып турганы да өзүнчө көрүнүш! Жашоо турмуштары абдан жакшы.
- Кандай жагынан жакшы деп жатасыз?
- Бир эле жагы эмес, үйлөрүнүн курулушу тазалыгы, тамак-ашына чейин айтып отурса анысы да өзүнчө жомок. Исландияда эч нерсе өспөгөн жер. Бардык тамак-аштын түрлөрүн дүйнөнүн булуң-бурчунан ташылып келинет. Эми аерде биз татыган сүттүн даамын эле айтпа? Сөздүн кыскасы бөдөнөнүн жумурткасынан, уйдун, койдун, эликтин этинен баштап бүт баары жайнап турат. Биз көпчүлүгү ресторандардан тамактанганда тамак-аштын не бир түрүн көрдүк жана жеп, ичүүгө туура келди. Алар жасашкан тамактарынын даамы, көрүнүш кебетеси ушунча кооз, татына жөн эле карап отургуң келет. Ошерде бизди бир эсе таңдаткан дагы бир нерсе болду. Өтө чоң эмес орточо күмүш чакалар баарына белгилүү эмеспи. Ошондой чакаларга кызыл икра менен кара икраны толтуруп ар бир столдун катарына коюшат экен. Ага чоң чөмүш кашыктарды салып коюшат. Ошону менен канча кааласаң, ошончо сузуп жей бер. Ага аз жедиңби, көп жедиңби чеги жок. Ал эми бизде икранын 20 граммы эле 400, 500 сом болуп жатпайбы. Чынында чоң сыр кашык менен сузуп жей албайсың да! Андан бир, эки эле аш кашык менен салып алсаң эле тойгузат да. Ушуга байланыштуу дагы бир көрүнүштү айта кетсем ашыкча болбос. Борборубуздагы кайсы бир заводдон жумушчу болуп иштеген бир киши бизге кошулуп барган. Ал кезде жалаң эле өнөр адамдары эмес ар кайсы тармактан кошуп, өзүнчө топ түзүп жиберишчү. Анан ошол киши ошондогу бекер тамак, арзан турмушту өз көзү көргөн неме:
- Мен кайра Кыргызстанга кетпейм, ушул жерде каламын - деп чыр чыгарса болобу. Анын андай сөзүнө бизди жетектеп барган Кунакунов:
- Сенде уят деген барбы, кетпейм дегениң менен сени бул жерге эч ким калтырбайт. Антигүүгө биздин акыбыз да жок. Калам десең эле булар сени кабыл алат бекен? -деп айтканы эсимде. Ошентип жатып алып биз менен кайра келди. Негизи эле Европага барасыңбы, кайсы жерде болсоң да, тамакты жегендин да чоң маданияты бар. Алдыңдагы табакка канча салып алышың керек, ал гана турсун аш айрыны кандай кармашың парз. Ушул сыяктуу толгон токой жол-жобосу, эрежеси бар эмеспи. Ал киши байкуш андайды биринчи көрүшү экен, ал түрдүү-түрдүү тамактарды алдындагы идишине толтура салып түгөтө албай калтырган учурлары болду. Өзгөчө жогоруда эскерген икраны көргөндө ошондой окуяга туш болбодубу? Европа жана башка мамлекеттерде экинчи тамакты сала турган табактары кыйла чоң болот. Баякы замандашыбыз ошондой чоң табакка икрадан дөбө кылып салып алыптыр… Балээниби? Баягы салынгандын чекеси оюлган жок. Ошол табак баягы калыбында калып калды. Аягында делегациябыздын жетекчисине:
- Мындай кылууга болбойт, -деп эскертип жатпайбы? Эмне кылат элек анын айтканы туура деп жетекчибиз мойнуна алууга аргасыз болду. Андай жерде, өзгөчө бөтөн жер, бөтөн элде андай адепсиздикке барбаш керек. Биз бүтүн делегациянын 6 мүчөлөрү бир киши үчүн ошентип чоң уят болгонбуз. Акырында бизди саякаттатып шаарды кыдыртып чыгышты. Ошол шаардан анча алыс эмес аралыктан орун алган жанар тоонун башына чыктык. Анын эң жогору жагында туруп ортодогу чуңкурга карадык. Алар бизге:
- Бул жүз жыл мурун атылып бүтүп аяктаган жанар тоо, -деп түшүндүрдү. Баягы жерден төмөнгө карап көрсөк, өчкөн деген тоонун так ортосунан от жалындап күйүп турат. Ошондон чыккан ысыктын табы таманыбызга кадимкидей сезилип турду. Ошондо биз:
- Ой, ии! Бул Исландия өлкөсү шумдуктуу жер болот тура, -деп таңгалдык. Акырында Рекьявик деген борборунда болдук. Ошол шаарга бизден аз эле күн мурун Горбачев келип, Американын президенти Рейген менен жолугушкан экен. Ал жерде эки өлкөнүн башчылары келишимге кол коюшкан бөлмөгө, анын ичиндеги кресло-отургучка отуруп сүрөткө түшүп, "алардын жакшылык жышаанасы жуксун, сапарыбыз да ийгиликтүү болсун", -деп ырым кылганбыз. Ал жерде Эстебес байке, жана башка баарыбыз чогулуп да бирден, экиден да сүрөт эстеликтерди жаңырттык.
- Самарбүбү сиз жогоруда татына эскердиңиз. Исландиянын жеринин өзгөчүлүгүн көрүп, берген тамак-аштарына чейин кыйла даасын эскердиңиз. Ошол сапарда кыргыздын комузун, чоорун жана башка силердин концертиңиздерди кандай кабыл алышты?
- Негизинен кайсы элге, кайсы жерге барбайлык комуз баш болгон нукура элдик асбаптарга кызыгуу өтө эле жогору. Алар абдан таңдануу менен карашты. Алар:
- Мына мунун үнү кандай чыгат? Кантип ойнойсуңар? Мындан добуш кантип чыгат, -дешип толгон суроолор жаадырышат. Дагы эле кызыгууларын улантышып: - Скрипка сыяктуу бөлүнгөндөрү жок, кантип таап чертесиңер, -деп өзгөчө комузга таңдануулары чексиз.
Биздин чоңдор, министрлер катар-катар машиналардын коштосунда жүрүшөт эмеспи. Бизди бөтөнчө таң калтырган нерсе, министрлерин, чоң, чоң жетекчи кызматчыларды кой, азыркы биздин тил менен айтканда премьер-министри эч коштоосуз шаар көчөлөрүн велосипедчен кыдырып жүргөнү болду. Демек, өтө жөнөкөй менменсинүү деген жок, элинин ортосунда, ар ким кайрылса ага жообун кайтарып аралашып жүрөт экен.
- Мындан эки жыл мурда Чыкем жөнүндө Казат Акматов менен бир саатка чукул курулган маегимди эске түшүрүп жатасыз. Ошондо Чынгыз Төрөкулович жашаган өлкөнүн премьер-министринин кабыл алуусунда экөөнүн болгонун эскерген. Алар киришсе премьер-министрдин жанында бир киши да жок, жада калса кире беришинде отурган секретары да жок экен деп Казаттын да таң калганы бар. Бул кандай, бул эң сонун көрүнүш да!!
(Уландысы кийинки санда)
Тенти ОРОКЧИЕВ





Жаштардын бүгүнкү жеңиши -
келечектин жемиши

Май айында Бишкек шаарындагы №62 - мектепте Жаш балдар жана өспүрүмдөрдүн арасындагы волейбол боюнча Республикалык турнир болуп өттү. Жети областтын жана Бишкек шаарынын орто мектептеринин 10 - 11 - классынын окуучуларынан куралган сегиз команда ат салышты. Жети команда алгач эки топко бөлүнүп ич ара күч сынашты. Биринчи тайпада - Баткен, Чүй, Ысык - Көл, Жалалабат областтарынан келген өспүрүмдөр ойношсо, экинчи тайпада - Бишкек шаарынын, Нарын, Талас, Ош областтарынын командары таймашышып, финалга Бишкек менен Жалал-Абат жергесинин командалары чыгышты. Жыйынтыгында финалда 3:1 эсебинде Жалалабат областынын атынан ат салышкан команда жеңүүчү болуп табылды.
Республикалык турнирдин жеңишине ээ болгон топ Жалал-Абаттын Чаткал районунун мектептеринен топтолгон окуучулар экен. Алыскы тоолуу райондун келечек ээлери алгач өз областынын райондорунан куралган командалар менен бет келишип, областтык жеңишке жетишкенден кийин борборго келишкен. Борбордон биринчи оюнду Баткен областы менен ойноп 3:0, экинчи оюн - Чүй областы 3:1, үчүнчү оюн - Ысык - Көл областы 3:1, төртүнчү оюн - Нарын 3:2 эсебинде байге ташын өздөрүнө топтошкондон кийин финалга экинчи топтун жеңүүчүсү Бишкек шаарынын курама командасы менен чогуу чыгып, атаандаштарын 3:1 эсебинде жеңип, республикалык турнирде татыктуу орунду ээлей алышты.
Узун бойлуу, шамдагай балдар мектептин бүтүрүүчү классынын окуучулары. Командада жети бала бар. Алар: Орозматов Бексултан, Аликеев Мунарбек, Арыкбаев Жумадыл, Канатбеков Эрлан, Асанбеков Азамат, Асанбеков Арслан, Тилляев Үмөт. Алыскы райондон келип, шамдагайлыгы, эпчилдиги менен көңүл борборунда болгон өспүрүмдөргө борбордун Жогорку окуу жайларынан, мектептеринен "билим алууну бизден уланткыла" деген сунуштар түшкөн. Бул жигиттердин машыктыруучулары Козубаев Мирбек менен Сатимбай уулу Нурбек.
Козубаев Мирбек, өспүрүмдөрдүн машыктыруучусу:
- Чаткал алыскы район. Тоолуу, климаты татаалыраак болгону менен билимдин кени, адамдардын тазалыгы бизде жайгашкан деп тартынбай эле айталам. Замандын өзгөргөнүнө жараша азыркы кичи муундардын да талабы, эңсөөсү өзгөрдү. Жаш балдарды тескери жолдон кармап, адамдык,өзгөчө эркектик бийик, татыктуу сапаттарды берүүдө көбүнчө спорт жардамга келет. Биздин райондо ушул багыт катуу колго алынган. Сабактан кийин көчө таптап, эки жакка ээн баскандан, алаксырга иш калбай калгандан жаштардын көңүлү терс адаттарга бузулат. А биздин, улуулардын милдети аларды жаман жолдон арачылоо. Кантип? Алар кызыга турган, көңүлдөрүнө төп келип, эртеңки күнүнө стимул бере турган нерсе менен алаксытуу, башкача айтканда "байлап" алуу. Бизде спорттун көп тармагы өнүккөн. Бүгүнкү жеңишке жетишкен менин балдарым алардын бир бөлүгү гана. Спортко бар ынтаасын коюп, ичпей - чекпей келечекке таза организми менен таза кадамын таштап бараткан, жалын жүрөк, көкүрөгү менен өспүрүмдөрүбүз биздин эртеңки таза коомубуз, сыймыгыбыз, мактанычыбыз. Бул жеңиш биздин район үчүн акыркы эмес. Буйруса далай жеңиштер алдыда, спорттун башка тармактары менен да өспүрүмдөрүбүздү бийиктикке жетелейбиз. Ар бир өсүп келаткан бала биздин, улуулардын жоопкерчилигинде эмеспи. Бала начар чыкса бала эмес, ага туура тарбия бере албаган биз күнөөлүүбүз. Андыктан жалпы өлкө боюнча ушундай жакшы саамалыктар колго алынып, өспүрүмдөрдү, жаштарды таза жашоого чакырган, демөөр байлаттыра турган турнирлер болуп турса балдарыбызга бараар багытын аныктап бергенибиз эмей эмне. Мына, менин балдарым бүгүнкү жеңишинен канат байлап калышты, эмнеси болсо да балапан да али булар, мындай жеңиш адамдын эркине эрк, каруусуна каруу кошот. Буйруса, балдарымдан мамлекетке керегин тийгизер азаматтар чыгат деп ишенем.
Жеңиштерине толкундана көздөрүнө кубаныч жайнаткан өспүрүмдөрдү көрүп, өлкөбүздүн бара турган жолу бар экенине топук кыласың. Чын эле, өспүрүмдөр арасында ар кандай таймаштар уюштурулуп турса, ага катышууга, жеңишке жетишүүгө аракеттенген жаштардын көңүлүн алдыга умтулуу ыкласы бийлейт, жакшыга кол созуп жүрүп, жаман адаттарга алаксыганга убакыт таба алышпай калышат. Жеңүүчүлөрдүн жеңиши кут болсун, Кыргызстандын келечеги экенин эмитеден сезе билип, жоопкерчилигин көтөрө алган эр азаматтар эл ичинде аман болушсун.
Гүлмайрам ТУРУСБЕКОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"