, 10.06.11 - 11-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Кайдасыңар,
кылымдын кадрлары?
(Башталышы 7-бетте)
Ар ким өз ишин кылбаса, башчынын айтканын жасабаса ал жамааттан сүрүлүп чыгарылып калган. Аны башка жамаат кабыл алган эмес. Бизче айтканда, элден чыгып калуу деген ал кыйынчылык мезгилде өлүмгө өкүм кылынганга тете болгон. Ошондуктан ар бир инсан жамаатта өз ордун табуу үчүн тырышып, эл менен бирге болууга, өнөктөштөрүн алдабоого, капа жана уят кылбоого жана колдоп-коргоого тарбияланган. Биз, кыргыздар болсо чоң материктин ортосунда эркин жүргөн көчмөн эл болуп, бир жерде мамилебиз туура келишпей калса түнү менен башка жерге көчүп кете бергенбиз. Ата-журтуна таарынып кетсе тага-журту кабыл алган. "Сенсиз деле күнүм өтөт" деген мүмкүнчүлүктөр жаралып, тарыхый эркеликте калыптанганбыз десек болот. Демек, япондор менен кыргыздар эки башка шарттарда тарбияланган эл болгондуктан кулк-мүнөздөрүбүз да эки башка. Биз эркиндикти баарынан жогору койгон элбиз. Ал эми япондордо кожоюнга кыңк этпей баш ийүү сапаты күч.
- Өзүң кандай максатта келгенсиң, дегеним окуп жүргөндө башкаларчылап чет өлкөлөрдүн биринде калып кеткенге мүмкүнчүлүк да болгондур?
- Албетте, АКШда да, Японияда да калып иштөөгө мүмкүнчүлүк бар эле. Болгону мен айылда өскөндүктөн өз жашоомду кыргыз чөйрөсүсүз, кыргыз маданияты жана тилисиз элестете албайм.
- Бизде "Чоңдун баласы чоң болот" деген принцип күчүн жоготчудай эмес?..
- Ошон үчүн "Аккан арыктан суу агат" деп коёт эмеспи. Бул эми нормалдуу эле көрүнүш, мындай Японияда деле бар - "экинчи муундун феномени" деп коюшат. Бирок, азыр ал жакта жалаң эле байлардын, чиновниктердин балдары эл бийлей беришеби деген чакырык таштап, ата-теги карапайым болсо да жөндөмдүү, идиреги бар балдарды топтошуп атайын элита мектебин уюштурушкандар да бар. Бизде деле акырындап болот: аз-аздан болсо да мыкты улан-кыздарыбыз өлкөбүзгө кызмат кыла баштагандары байкалат. Демек, мезгил өткөн сайын, Кудай буюрса, сөзсүз кан алмашат деп ишенем. Ал эми улуу муундун акырындап саясый аренадан сүрүлүп чыга бериши мыйзам ченемдүү нерсе.
- Азыркы жогорку бийлик бутактарында, айталы, парламентте жаңы муундун өкүлдөрүнөн кимдерди айта аласың?
- "Жаңы муун" деп жаш болсо эле эсептей бербеш керек. Жаш болгону менен ой жүгүртүүсү өзгөчөлөнбөгөн, бирөөлөрдүн жетегинде жүргөндөрдү же акчанын күчү менен эле келип калгандарды бул муундун өкүлдөрү деп айткандан алыс болот элем. Ал эми азыркы парламентте жаш депутаттар бир топ эле бар, бирок алар менен бетме-бет сүйлөшүп көрбөгөндөн кийин андай-мындай деш чынында кыйын.
- ТИМдин пресс-кызматында да бир топ иштеп такшалдың, көптөгөн чет өлкөлөрдө болуп дегендей. Алардын пайдалуу жактары, бизге сиңире ала турган нерселери канчалык?
- Толтура. Көп инсандарыбыз чет өлкөгө чыкканда жөн эле барат, келет. Б.а. денеси гана барып келет. Барган жерине эч нерсе бербейт, бизге эч нерсе алып келбейт. "Көз көргөн нерсе көзгө жугуп калбайт" дегендей эле. Ошондуктан мен ар дайым кайсы гана мамлекетке болбосун бара жатканда алдыма эки негизги максат коём: биринчиси, кыргыз элимди мүмкүн болушунча жакшы жагынан таанытуу, экинчиси, ал жактын жакшы жактарын өзүмө сиңирип алып келүү. Жакында эле Японияда окуп жүргөндө алган таасирлер топтомун "Япон кереметинин сыры" деген ат менен өзүнчө китеп кылып чыгардым. Анда алардын үнөмдүүлүгү, уюшумдуулугу, күжүрмөндүгү, кичипейилдиги, табигатка, адамдарга болгон аяр мамилелери, экономикасын көтөрүүнүн сырлары, айтор, элибиз билсе пайдалуу гана болчу жактары чагылдырылды. Деген менен, өзүбүз байкай бербесек да, кыргыз элимдин башкаларга өрнөк болчу сапаттары огеле көп. Бирок, Санчы сынчы: "Кайсы бир мезгил келет, кыргыздар да майдаланып кетет" деп айткан экен. Азыр ошо бир аз майдаланып турган учурубуз: бөлүнүп-жарылып, көйгөйлөрүбүз абдан көбөйүп дегендей. Бирок, биздин ата-бабаларыбыздын укмуштуу асыл сапаттары баары бир сакталып кала берет деп ишенем. Демек, "Кыргыз керемети" тууралуу да китептер жарык көрчү мезгилдер келет деп ишенели.
- Негедир чыгармаларыңда, сүйлөгөн сөздөрүңдө Жаратканды көп эстейт экенсиң. Динге мамилең кандай?
- Мамилем түз. Ар кимдин өз чындыгы бар. Дүйнөдө 6,5 млрд адам болсо ошончо көз караш, баалуулук, дөөлөт, ошончо сандагы чындык бар. Бирок, акыйкат бирөө гана. Ал - адеп-ахлактын, жүрүм-турумдун, адамдык нарк-насилдин, башка макулуктардан бизди алда канча урматтуу кылган универсалдуу кодекси сыяктуу. Бакытка жетем деген киши ошол кодекстин ченемдерин сакташы керек. Чыныгы ыйман - адамдын руханий байышынын, туура багытта адашпай кетишинин бирден-бир берекелүү жолу деп эсептейм.
- Чет жерлерде окуп, иштеп келген муун өкүлдөрү өз ара мамилеңер, кандайдыр бир карым-катнашыңар барбы?
- Бейформалдуу жолугушуулар гана болуп турат. Кандайдыр бир акциялар мезгилдеринде гана бирикпесек, саясый максаттарды көздөп бириккен учурлар боло элек. Негизинен бул жаңы муундун туруктуу күчкө айлануу аракети, жараяны жүрбөй жатат. Балким, бул өкүнүчтүү. Биригүү үчүн албетте көп факторлор; биринчиден, каалоо керек. Чет жерден жүз адам бүтүп келсе ошонун эки-үчөөсүндө гана чоң максаттарга чогуу кадам коюу каалоосу болот экен, калгандары болсо кош көңүл. Негизгиси, каалоо болсо көп нерсе кылса болот. Экинчиси - каражат маселеси. Анткени, уюм түзүлүп, такай иш алып баруу үчүн сөзсүз түрдө каражат ресурсу керек. Эгерде, ошол илим-билим алып, жаңыча ойлонгон адамдардын башын кошом, алдыга сүйрөп кетем деп вагондорду сүйрөгөн "паравоз" сымал кыраан, көрөгөч инсан чыкса - жаңы муунда корпоративдик дух менен чоң күчкө айлана турган потенциал бар.
- Саясый иш-чараларда, мисалы, шайлоолордо жаңы муундун акыл ресурстарын пайдаланып келген учурлар барбы?
- Структуралык, системалуу болбосо да фрагментардуу мүнөздө орун алат андай көрүнүш. "Сен бизге мындай жардам бер, биз сага мындай иш кылабыз…" дегендер болот. Саясаттагы адамдар, негизинен бир аз эгосу күчтүүрөк келишет экен. Кимдин кандай көрөңгөсү болсо ошо мага иштесин деген нерсени байкадым белгилүү саясатчылардан. Бирок, саясый партия, саясый күч деген - бул чоң машина, демек, анда ар түрдүү бөлүктөр бар. Алардын баалуулуктары, дөөлөттөрү башка болсо арасында сеники көрүнбөй, таасир деле этпей калат. Ошондуктан тилектештер, баалуулуктары бирдей инсандар менен бир күч болуп чыксаң берекеси да, жыйынтыгы да жемиштүү болот деп ойлойм.
- Мындай учурларда өз көз караштарын, позицияларын жоготуп, аларды ээрчип калбайбы?
- Массага киргенде адамдар ошого жараша бирдей болуп калат экен, акылдуусунун акылы бир аз төмөндөп, аздарыныкы көтөрүлүп, ортодо жалпы бир деңгээл түзүлөт. Бекеринен Ленин, Гитлер, Кастро ж.б.белгилүү ораторлор масса менен сүйлөшүүнү - максаттарына жетүүнүн ийгиликтүү "куралы" кылышпагандыр. Ошон үчүн массада сөзсүз түрдө бирине-бири таасир этет. Анан реалдуулукту эске албай туруп, жалаң өзүңдүн баалуулуктарыңды түртүп, алдыга чыгаруу да оор. Ошондуктан бул турмуш компромисттерден турат, кээде көз жуумп койгонго, кээде кайгырып турсаң да макул болууга туура келет, ансыз турмушта көп нерсеге жетүү кыйын. Бирок, өз турумуңдун тууралыгына ишенсең "сен көпчүлүккө ыңгайлашпа, көпчүлүк сага ыңгайлашсын" деген принципти туу тутуш шарт.
- Өлкөбүздөгү азыркы саясый абалы жөнүндө эмне айтаар элең?
- Өлкөдөгү саясый абалды бир жактуу карашка болбойт. Ар бир жаман нерсенин артынан жакшы нерсе, же тескерисинче болушу мүмкүн, ак менен кара аралашып кезек-кезеги менен келет эмеспи. Ошол сыяктуу эле азыркы сыноолордон кийин не бир керемет учурлар келет деп ишенем. Ылайланган суу деле бир күнү тунуйт го. Өзүм оптимистмин. Кыргызстандын келечегине ишенимим негедир абдан чоң. Болгону асыл максаттар үчүн жеке кызыкчылыктарды садага чабуу маданиятын жайылтышыбыз керек. Адам жалаң өз кызыкчылыгын жогору коё бергенде бир күнү мамлекеттин коопсуздугуна күч келип калышы мүмкүн. Башыбыздан апрель, июнь окуялары өттү. Жырткычтар сыяктуу оңдон, солдон "мындан пайдаланып кетели" деген күчтөр чыга каларын көрдүк го. "Эң чоң эрдик, эң чоң акылмандык - өзүңдүн каалооңду жеңе билүү, напсиңди тыя билүү" деп коёт эмеспи. Анын сыңарындай саясатчыларда ушул нерсе болбосо өнүгүү кыйын. Балким, бул утопия катары көрүнөттүр. Бирок, кээ бир өлкөлөрдө мындай нерселер болгон. Мисалы, Малайзиядагы Махаткирдин убагындагы саясатты карайлы. Эрдогандын учурундагы азыркы Түркиячы... Мезгилинде булар жетектеген саясый партиялар да маргиналдар болгон. Бирок, мезгил келип коом даяр болгондо аларды алдыга түртүп чыгарды эле, алар өз кезегинде өлкөлөрүн өргө тартып кете алышты. Эл ээрчип кетти. Эл баарын түшүнөт. Ошол эле мезгилде "Ар бир элдин өзүнө ылайык башчысы болот" деген түшүнүк да бар. Эми бул ар бирибиз өзүбүздүн үстүбүздөн иштей турган маселе.
- Эмне себептен ишкерлер чөйрөсүн тандап алдың?
- Мага бир топ сунуштар болуп, арасынан ушуну тандадым. Биринчиден, Японияда макроэкономиканы да окугам. Демек, бул чөйрөдө чоочун эмесмин, экономика тармагында да аздыр-көптүр маалыматым, илим-билимим бар. Экинчиден, экономиканы өнүктүрбөсөк көп маселе чечилбейт, ал эми базар шартында болсо экономиканы көтөрчү негизги күч бул- ишкерлер. Өнүккөн өлкөлөрдө чакан жана орто ишканалар улуттук кирешенин 60-80%ын берет, жумушчу орундардын басымдуу көпчүлүгүн түзөт. Кыргызстанда болсо бул тармак кирешенин ашып кетсе 35%ын берет жана 15% гана жумуш орундарын камсыз кылат. Ушуну көрүп-билип туруп, эмнеге мындай экенин жакындан, ичинен билейинчи деп ойлодум. Ишкерлерге Жараткандын ыраазылыгы үчүн колдон келген кызматымды кылайын деп чечтим. Анткени, ишкерлердин абалы жакшырып, экономикалык маселелер чечилсе калган көп көйгөйлөр өзүнөн-өзү чечилет.
- "Түшүнөйүн, көрөйүн" дегенден бул чөйрөдөн эмнени көрүп, түшүнүп жатасың?
- Биздин ишкерлер дүйнөсүнүн бир чоң маселеси бар: киреше боло турган болсо гана бир аракеттерди кылат. "Бул мага эмне берет?" деген түшүнүк ишкерлерде биринчи орунда туруп келет. Бизде соопчулук иш, адамдардын батасы деген түшүнүктөрдү жүрөгү менен кабыл алгандар, келечек муун жана мекен алдында зор жоопкерчилигин аңдагандар азырынча көп болбой жаткандай. Бирок, буга баары бир акырындап келебиз деп ойлойм. Мисалы, Японияда Бивако көлүн куткарып калуу үчүн анын тегерегиндеги бизнесмендер "биздин завод-фабрикалардан түшкөн агындылардан суу булганбасын" деп ал жердеги ишмердүүлүктөрүнөн баш тартышкан. Ошентип, коомдун, табияттын, элдин кызыкчылыгын өздөрүнүн кызыкчылыктарынан жогору коюшкан. Ишкерлерибизде да ушундай түшүнүк кенен жайылса сонун болмок.
- Быйылкы цунами апаатында япон ишкерлери муну дагы бир ирет далилдешти?..
- Баарыбыз көрдүк. Ишкерлер мындай кырдаалдарда азык-түлүк тартыш болуп жатканда, бааларды асманга көтөрүп байлыкка маарышса деле болмок да. А Япониядагы дүкөн ээлери анткен жок, тескерисинче, керек болсо сууларды бекер таркатып, эшиктерди ачып ташташты. Көрдүңүзбү, "Бирөө бардыгы үчүн, бардыгы бирөө үчүн" деген жамааттык сезимдин күчтүүлүгүн. Ошондо да алуучулар ашыкча берилгендерди кайра кайтарып жатышат. Бул эми үлгү болчу нерсе. Менин оюмча бүткүл дүйнө эли ушулардан адептүүлүк, сабырдуулук сабагын алсын деп Кудай таала сыноону ушуларга жиберди болуш керек. "Бир жылаанга эки жолу чактырба" дегенди бул калк жакшы түшүнөт, т.а. бир нерседен сабак ала алышат. Мен окуган Кобе шаарында 1995-жылы цунами болбогону менен мындан да катуу жер титирөө болуп 6434 адам өлгөн, 10 триллион йенден ашык, т.а. 102млрд. доллардын тегерегинде чыгашага учураган. Ал кырсыкта жергиликтүү дарыгерлер жетишпей катуу кыйналышкан. Мындан сабак алышкан япондор ошондон тартып дарыгерлерди даярдоо багытына чоң басым жасашкан, жыйынтыгында быйылкы жаздагы кырсыкта анын үзүрү кайтты. Кобе шаары болсо талкаланып калганына карабастан 10 жыл ичинде кайрадан курулуп, өнүп-өсүп олтуруп, Азиядагы эң мыкты 5 шаардын катарына кирүүгө жетишкен. Мындай ийгиликтерди жаратуу үчүн япондордукундай дух керек. Кыргыз элинин духу да укмуш күчтүү! Буюрса, биздин келечегибиз абдан кенен.
Бакыт Молдалиев