, 03.06.11 - 8-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

ПаПкестан
пародиялары
Үсөн Сыдыков
"Кой терисин жамынган карышкыр"
Союз убагында саяктын терисин жамынып, Кочкор-Жумгалдан Акназаровдун башын аттап, СССР Жогорку Советине депутат болуп, Акаевдин убагында оппозициянын терисин жамына коюп, кыргыздын ооз, кулагына "китлаб" илип, Бакиевдин убагында кембагалдын терисин жамына коюп, мамлкеттик төңкөрүш уюштуруп, Бакиевдин жыртык өтүгүн Ак үйдүн төрүнө илдирип, Отунбаеванын убагында Бакиевдин терисин жамына коюп,түшкө чейин эле Түштүктү көтөрүп, суудан кургак чыккандыгы үчүн
Сыдыков Үсөнгө "Кой терисин жамынган карышкыр" номинациясы ыйгарылат.


Сулайманов Алтынбек
"Тайсон"
Эркекби, аялбы, падышабы , малайбы, кичүүбү, улуубу, өңү суукбу, сулуубу тажаткан тарапты таамай талалуу жерге талкалай уруп, ташын өйдө жөргөлөткөндүгү үчүн
Сулайманов Алтынбекке бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук рекордсмен чемпиону "Тайсон" номинациясы ыйгарылат.
Бирок жаман жери кечиримди жөн сурабай ... болдум" сураган. Тайсон да жакшы баштап, начар бүткөн

Барыктабасов Урмат
"Күйдүм чок"
Кара таман элдин кадырына жетип, калың элдин каалоосу менен Ак үйдү алып, Бакиевди барымтага алаарда канкудасы Айтбаев Таштемир бир жагынан ашты кемирип, бир жагынан ташты кемирип атып чет өлкөгө кубалап күйгүзсө, Бакиев кубаланган соң түмөн элди түрүп чыгып баратып, абийир туткунуна айлангандыгы үчүн
Барыктабасов Урматка "Күйдүм чок" номинациясы ыйгарылат.


Рыскулова Айгүл
"Эстелик"
Бакиевдин убагында жылаңайлак, жыртык көйнөгү менен министрге келип, беш жыл ичинде кыргыздагы мен деген чиновнигинин катарына кошулат "Эл жатса да Элебай акемдин эки уулу жатпайт " дегендей Бакиевдин министрлери туш-тарапта качып жүрүшсө, Убактылуу Өкмөткө да, техникалык өкмөткө да, коалициялык өкмөткө да жылып киргенге жылчык таап алып, эстеликтей министрликте катып тургандыгы үчүн
Рыскулова Айгүлгө "Мен өзүмө эстелик куруп алдым" номинациясы ыйгарылат.


Коёналиев Турусбек
"Маляр"
Алыкулдан:
"Маляр келди бир чоң үйдү майлады,
Кайгы толгон капалыкты айдады"…-дегендей Турусбек мырза 7-апрелде Бакиевке кыжыры келгендер талкалап кетишкен Ак үйдү өз мөөнөтүндө капиталдык ремонт жасатып, актап, сырдап "малярдык" кылып, жаркыраган Акүйдү калыбына келтирип, элдик депутаттардын колуна тапшыргандыгы үчүн
Коёналиев Турусбекке "Эмгек сиңирген маляр" номинациясы ыйгарылат


Түлеев Нариман
"Кочегар"
Курманбек Бакиевке жагыныш үчүн Бишкектин так борборуна калмактардын айкелин орнотуп, жеңелерине барчу жолго желбирете желек илдирип, мисирейте тазалап, башка жолдорго өгөй мамиле кылып, Максим Бакиевдин оту менен кирип, күлү менен чыккандыгы үчүн
Нариман Түлеевке "Кочегар" номинациясы ыйгарылат.