, 03.06.11 - 7-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  коом

Июнь окуясынын келип чыгуу себептерин буга чейин улуттук комиссия, эл аралык комиссия, депутаттык комиссия иликтеп өздөрүнүн баасын беришти. Бирок, бул комиссиялардын чыгарган корутундулары бир-бирине карама-каршы келген учурлар да кездешти. Ансыз да кан жутуп, жараты айыкпай жакындарын жоктоп тургандардын жарасын кайрадан сыйрып салгандай болуп турган кези. Киммо Кильюнен жетектеген 7 адамдан турган эларалык комиссиянын чыгарган жыйынтыгы менен депутаттар макул эместигин билдирип, Кильюненге персона нон-грата деген чечим чыгарышты. Деги эле эларалык комиссиянын чыгарган чечимине ишенүүгө болобу жана бул каргашалуу окуяга ким чекит коюш керек? деген суроолордун тегерегинде саясый серепчилер менен укук коргоочуларга кайрылып алардын оюн билип көрдүк.


Азиза Абдрасулова, "Кылым шамы" адам укугун коргоо борборунун жетекчиси
"Парламент өзү комитет түзүп алганы туура эмес"
- Июнь коогасынын болгонуна бир жылдын жүзү болуп калды. Бул кооганы иликтеген бир нече комиссия өз жыйынтыктарын, корутундуларын чыгарышты. Алардын бир-бирине карама каршы келген учурлары да жок эмес. Эмне себептен мындай болуп жатат?
- Бул суроо абдан татаал маселе. 500гө жакын адамдын курман болушу деген өзү эң оор. Бул абдан оор меселе андыктан жыйынтыктары туура келбей атат дегендин өзү дагы туура болбойт. 11нен 14түнө чейин абдан кан төгүлүп абал өтө оор болуп турган. Биздин маалымат боюнча үч миңден ашык адам жарадар болгон. 471 курман болгон адамдын тизмеси бар Кылым шамында. 2 миңден ашык менчик үйлөр күйгөн. Жүздөгөн чакан бизнестер күйгөн. Анан ушундай чоң трагедияда бул күнөөлүү деп айтыш өтө оор маселе.
Мени эң өкүндүргөнү биринчи окту ким атты, ким тарабынан атылды, канча адам каза болуп кетти, ошону так айта албай жатышат. Ошону мамлекеттен суранып, айттыра албай жатабыз. Ошону билишет, Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук кызматы керек болсо президентке чейин билишет ким атканын, кайсыл жерден атканын.
Бүгүнкү күнгө чейин Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук кызматы, Коргоо министри өзүнүн отчетун чыгарган жок. Канча курал жаракты элге тарттырып жиберди? аны айтышы керек эле. Бүгүн кандай болуп жатат, эртең дагы ушундай абал болуп кетүү коркунучу жокпу, кооптонууга негиз жокпу ушуларды айтышы керек эле. Мына Ички иштер министрлиги дагы отчетун жарыялаш керек болчу. Анткени бул орган кооганын башынан аягына чейин ошол жакта жүрдү. Алар кимдер тарабынан биринчи башталды. Ошол тууралуу маалыматтары жок эмес, бар. Ошолорду жарыялашы керек. Мен муну күйгөнүмөн айтып жатам. Бардык маалыматты катып алышып, сырттан комиссия чакырышып, бир туруп улуттук комиссия, эларалык комиссия, депутаттык комиссия деп элдин башын айлантып жатышат. Ар бир ведомство элдин алдында өздрүнүн отчетун бериши керек болчу. Мына бир жыл болду, эч ким эч кандай отчетун бере алышкан жок.
- Мына жакында эларалык комиссия июнь коогасы боюнча өзүнүн жыйынтыгын айтты. Бирок, жыйынтыкты депутаттар бир тараптуу, ачык айкын болбой калган деп анын жыйынтыгына өздөрүнүн пикирин билдирип, Комиссияны жетектеген Кильюненге персона нон-грата деген чечим кабыл алышты. Парламенттин чечимин бир нече укук коргоочулар сынга да алды. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?
- Эми бул жерде парламент менен укук коргоочулар деп экөөнү бир-бирине карама-каршы койбой эле коелу. Экөө тең өзүнүн ишин жасап жатат. Менин айтайын дегеним, биз азыр парламенттик башкаруу системасына өттүк да, туурабы? Парламент бардык системалардын үстүнөн көзөмөл кылып туруусу керек да. Керек болсо прокуратура, ГКНБны чакырып алып отчетун уга турган орган. Парламент өзү комитет түзүп алганы таптакыр туура эмес. Парламент Улуттук комиссиянын жыйынтыгын, эларалык комиссиянын жыйынтыгын алып, ошонун ар бир пунктун анализдеп карап чыгып, ар бир пункту боюнча тиешелүү органдарга тапшырма бериши керек болчу. Булар минтип жазып жатат, келгиле ушуну текшергиле деп. Кайсыл жеринде калп, кайсыл жеринде чын. Ушуну тактап бергиле деп аларды милдеттендирип, аларды көзөмөлдөп турушу керек болчу. Парламентте мындай күч бар болчу. Бирок алар аны аткарбастан 25 кишиден турган комиссия түзүп алышып, анысы да үчкө бөлүнүп кетип, үч башка жыйынтык чыгарып жатат. өздөрү бири-бири менен тытышып жатат. Эми эмне болду? Аны көрүп жатабыз. Андыктан парламент бардык комиссиянын жыйынтыктарын дыкаттык менен карап чыгып, керек болсо президентти, улуттук коопсуздук комитетин чакырып алып, алардан ар бир пункту боюнча сурашы керек эле. Тилекке каршы андай болгон жок.
Эларалык комиссиянын чыгарган жыйынтыгынын 60-70 пайызга чейинкиси чындыкка жакын. Бул жерде баягы эмоцияга алдырбаш керек. Ошол жазылгандарын тескерисинче иликтеп, изилдеп, чынында ошондой болгонбу же болгон эмеспи деп анын чын төгүнүн текшериш керек. Биз баягы кыйкырып чыга калганыбыз менен эч нерседен утпайбыз. Тескерисинче Кыргызстандан аброюна көө жаап алышыбыз мүмкүн. Андыктан эларалык комиссия минтип жазыптыр деп аны күнөөлөгөндөн эч майнап чыкпайт. Жанагы айткандай анын чын-төгүнүн иликтеп коомчулукка маалымат беришибиз керек.
Азыр мына эл деле өзү түшүнүп калды ким күнөлүү экендигин. Эч кандай комиссиясы жок эле алар деле билип калды. Мен бир нерсени баса белгилеп айткым келип жатат. Мамлекеттик органдар өздөрү чындыкты айта албай, жоопкерчиликтен качуу максатында ар кандай комиссияларды түзө салып, алардын жыйынтыгына жоопкерчиликти жүктөй салып, жоопкерчиликтен качуунун амалын эле кылып жатат. Кыргызстандын жарандарынын ар бир органдан отчет сураганга укугу бар. Силер эмне кылдыңар, эмне үчүн мындай кылдыңар деп сураганга укугубуз бар.




Марс Сариев,
саясый серепчи:
"Провокациядан баары башталып, аягы кагылышууга алып келди"
- Июнь окуясы боюнча иликтеген комиссиянын жыйынтыктары эмнеге ар түрдүү болуп жатат?
- Менин оюмча канча көп комиссия болсо ошончо жакшы. Себеби, түбүнө чейин жетиш керек. Эмне үчүн ушул окуялар болду? Каримов айтып жаткан үчүнчү күч, комиссиялардын жыйынтыгынан чыгап калды. Менин оюмча провокациядан баары башталып анан аягы кагылышууга алып келбедиби. Ошондуктан провокацияны ким жасаган, кайдан келген ошону изилдеген жок. Канча комиссиянын жыйынтыгын карасам бул изилденген эмес. Комиссиядан комиссия келип иликтеп атат, бирок өзөгүн таба албай жатат. Мен ойлойм дагы комиссия керек. Түбүнө чейин жетишсе. Ошондой изилдей турган канча көп комиссия болсо, ошончо жакшы.
- Эларалык комиссиянын чыгарган корутундусу депутаттардын колдоосун тапкан жок. Алар корутундуну бир тараптуу болуп калган деген негиз менен Кильюненге персона нон-грата деген чечим чыгарышты. Ошол эле маалда кээбир бейөкмөт уюмдар депутаттарды өтө эле аша чаап кеткендигин белгилешүүдө?
- Персона нон-грата деп депутаттар аша чаап кетишти. Андай кылбай эле койсо болмок. Бул дагы профессионалдык жактан карап көргөндө төмөн болуп калды. Себеби, мындай кадам чет жактын бизге болгон мамилесине өз таасирин тийгизет. Персона нон-грата деп чечим кабыл алгандан кийин комиссиянын 7 мүчөсүнө тең чыгарыш керек эле. жыйынтыкты бир гана Кильюнин чыгарган жок да. Депутаттар комиссиянын корутундусуна өздөрүнүн пикирин, коментарийлерин мыйзамдын негизинде эларалык нормаларга таянып туруп билдирсе, комиссиянын корутундусунда жазылган мындай фактылар туура эмес, чындыкка коошпойт дегендей кылып айтышса эң сонун болмок. Эми тышкы саясатта абал татаалдашы ыктымал. Батыш мамлекеттери, Америка менен. Алар мындай кадамды жоопсуз калтырбайт деп ойлойм. Ошондуктан кылдаттык менен ойлонуп бир жыйынтыкка келиш керек. Чукул чечим кабыл алуудан сак болуп, этияттык менен мамиле жасоо керек. Парламент болгондон кийин алар алган чечимине жоопкерчиликтүү болушу керек. Азыр аша чаап кетип анан, кайра артка кайткан да туура эмес.
- Июнь коогасына акыркы чечимди ким коюш керек. Же дагы да комиссия чечим чыгарат деп башка комиссиялардын корутундусун күтүүбүз керекпи?
- Мен ойлойм ага биздин Жогорку Кеңеш коюш керек. Албетте, азыр улуттук кандайдыр бир ойгонуулар болуп жатканы жакшы. Ички саясатты гана ойлоп, тышкы саясатты чыгарып ийген ал туура эмес. Андыктан парламенттик өлкө болгондон кийин эки жагын тең салмактап туура чечим кабыл алышыбыз керек.





Марат Казакбаев,
саясый талдоочу:
"Комиссиянын жыйынтыгы бир тараптуу болуп, объективдүү болбой калды"
- Эларалык комиссиянын чыгарган жыйынтыгына депутаттар макул эместигин билдиришти. Бул комиссиянын чыгарган жыйынтыгы канчалык деңгээлде чындыкка жакындашат деп айтууга болот?
- Менин оюча комиссиянын жыйынтыгы бир тараптуу болуп объективдүү болбой калбадыбы. Алар бир жагын гана айтып коюшту. Кооганы ким баштаганын айткан жок да. Мындай карап көргөндө аны бирөө баштады да. Жөн жерден эч нерсе чыкпайт да. Анан депутаттардын персона нон-грата деп чечим чыгарып койгону катуу кетип калды окшойт. Эмне кылыш керек. Кыргызстан эларалык конвенцияларга кол койгондон кийин мындай комиссия дагы болуш керек. Менин пикирим ушундай.
- Мына депутаттык комиссия дагы өз ара ичинен бөлүнүп, үч түрдүү отчет даярдашпадыбы. Негизи эле комиссиялардын ишин кандай баалоого болот?
- Негизинен бул туура эмес. Ансыз деле парламентте комиссия деген абдан көп болуп кетпедиби. Бабановдун иши боюнча комиссия, июнь коогасы боюнча комиссия, Байбаловдун иши боюнча комиссия болуп эле аябай көп болуп кетти. Элдин башы да айланып кетти. Негизинен мындай депутаттык комитеттин көп болгону туура эмес. Депутаттык комиссия болуш керек бирок бирөө гана жетиштүү. Мына парламентте ар бир багыт боюнча комитеттер бар. Ошолор иштерин кылыш керек.
- Июнь коогасына ким акыркы чекитти коюш керек. Дагы болсо комитеттин чечимдерин күтүп жүрүшүбүз керекпи?
- Мындай айтканда комиссиялар боло берет. Мына улуттук комиссия, эларалык комиссия, депутаттык комиссия деп. Алар өздөрүнүн жыйынтыгын корутундусун чыгара берет. Аларга мүмкүнчүлүк бериш керек. Алардын жыйынтыктарын жарандык коом салыштырат. Комиссиялар канчалык көп болсо ал жакшы. Кыргызстан демократиялуу мамлекет болгондон кийин акыркы жыйынтыкты бийлик өкүлдөрү коюусу керек, башкача айтканда парламент.





Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу:
"Кильюнен жетектеген комиссиянын бир күчтүү жагы Кыргызстанда геноцид болгон эмес деген жыйынтык чыгарды"
- Эларалык комиссиянын чыгарган чечимине депутаттар макул эмес экендигин билдирди. Сиз пикириңиз кандай?
- Бул жапайы саясаттын кесепети десек болот. Кыргызда жакшы сөз бар, атка учкашпа учкашкандан кийин түшө качпа деген. Эларалык комиссияны президент чакырганын эске сала кетишибиз керек. Эларалык комиссия чыгарып берген жыйынтык Жогорку Кеңештин депутаттарына жакпай жатат. Жакпаганынын себеби, бир партиянын мүчөлөрүнүн, же депутаттын жакындарынын жоопкерчиликсиз ишине мамиле жасагандыгы үчүн жоопко тартылып калышы мүмкүн болуп жатат.
Кильюнен жетектеген комиссиянын бир күчтүү жагы Кыргызстанда геноцид болгон эмес деген жыйынтык чыгарды. Эларалык укук боюнча адамзатка жасалган кылмыштуулук деген статьяга такалып жатат. Адамзатка жасалган кылмыштуулук деген түшүнүк мамлекеттик кызматты аткарып жаткан губернатор, мэр, айыл өкмөттөрү, прокурор, улуттук коопсуздук кызматкерлери, милиция аскер башчылары мына ушулар баардыгы тең жоопко тартылууга жол ачылып калып жатат. Мисалга, Милошевичтей, Караджичтей аларды чакырып күнөө таккан сыяктуу мүмкүнчүлүк ачылып жатат.
Эларалык комиссиянын жыйынтыгын минтип чукул карабастан, аны анализдеп, тактап туруп чечим кабыл алыш керек болчу. Себеби, эларалык комиссиянын жыйынтыгын эларалык коомчулук тааныйт. Мындай учурда Кыргызстан оор абалга түшүп калуу коркунучу туулуп жатат.
Расул Үсөналиев