, 03.06.11 - 6-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Элдик адамдар эл уулун эскерет
Жигит өлбөс болсочу... Атайбек Бөдөшов:
- Мухтар саясатка таза келди. Башкаларчылап ага жетүү үчүн ар кандай ыпластыктарга барган жок. Ушул даражага ак эмгеги, маңдай тери менен жетти. Элдин эмгегин жеген жок, кайра элге берди. Эмгекчил, мээнеткеч эле. Кыйынчылыктын баарын көтөрө билген, артында жаманаттысы жок, төгөрөгү төп келишкен, акыл-парасаттуу, таза иштеген инсан эле. Ушундай жаш саясатчыларга суусап турган кезибизде кырсык басып, кайран жигитти жоготуп алдык. Мындай жандар чанда жаралат.


Каныкей Эралиева:
- Жакшы адамдын өмүрү кыска болот тура. Кыргыз эли дагы бир кыраанынан айрылып калбадыбы. Бир катар өнөр адамдарынын катарында биз да анын жардамын көп алдык. Шайлоо учурунда "акча бир аз тартыш болуп калбадыбы, эже. Буюрса мен сизге жүз миң долларлык иш жасап берем" деп жүрдү. Адамгерчиликтүү, жөнөкөй болчу. Мансапкор эмес, карапайым элге жакын, жоомарт жан эле. Аттиң, эми ушинтип эскерип гана калабыз да. Жаткан жери жайлуу болсун!


Нуржамал Байболова:
- Мен Мухтарды сыртынан угуп-билип жүргөнүм менен биринчи жолу 2004-жылы "Замандаш" журналынын "Жыл мыктылары" сынагында көрдүм. Ал эми Шаардык кеңешке депутат болуп өткөндөн кийин жакындан билип, жакшы таанып калдым. Мухтар салабаттуу, оор басырыктуу, токтоо жигит эле. Сессияда аз, бирок саз сүйлөчү. Бизнести жакшы өздөштүргөндүктөн көп нерсеге көзү жетип турар эле. Айрыкча, өзүнүн округу Ак-Өргөнүн маселелерин аябай күйүп-бышып көтөрчү. Мухтар кыргыз элинин жашоо-турмушуна, коомчулукка "Жыл мыктылары" өңдүү башкача бир жаңылыктарды киргизгенге аракет кылды. Мамлекет жасабаган иштерге белсенип киришкен патриот атуул болчу. Акыл-эси, күчү, иш тажрыйбасы толуп, бардык нерсеге көзү каныгып, эл үчүн иштеп берейин деп турганда өмүрү кыйылганы өкүнүчтүү. Эмне дейбиз? Ата-эне, бир туугандарына, жакындарына, балдарына, жубайы Чынарага көңүл айтам. Кайрат кылгыла! Мухтардын жаткан жери жайлуу болсун.


Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, "Ата Мекен" партиясынын лидери, ЖК депутаты:
- Мухтарды алгач чыгаан ишкер катары тааныган элем. Катардагы жөнөкөй балдарыбыздын деңгээлинен Мухтар Кыргызстандагы белгилүү бизнесменге айлана алды. Алгач жөн гана жеке ишкер болсо, кийин өлкөдөн тыш жүргөн эмгек мигранттарынын тагдырына көңүл кош боло албай, алардын укугун коргоо ниетинде Россиянын бир топ шаарларында мигранттардын башын бириктирип, "Замандаш" эл аралык уюмун түптөдү. Россия, Казакстандагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын укугун коргоо багытында иш алпарып, бизнесмендиктен укук коргоочулук багытка да өткөн. Алгач Россия жана Казакстандагы эмгек мигранттарын укуктарын коргоп келсе, бара-бара Мухтар жалпы мигранттардын көйгөйлөрүн мамлекеттик деңгээлге көтөрүп чыкты. Койгон максаттарына жетүү үчүн массалык маалымат каражаттарын да ачкан. Мигранттардын эмгек укугун коргоо боюнча Мухтардын аракети кийин алардын жалпы эле социалдык-саясый укугун коргоо масштабына көтөрүлгөн. Эмгек мигранттарынын тагдыры, алардын кейиштүү абалы жалпы Кыргызстандагы кырдаал менен байланышкан. Ошондуктан, Мухтар акырындап олтуруп, саясатка келди. Бул - эволюциянын логикалык жыйынтыгы. Өз алдынча саясый күч болуп, мурда демилгелеп келген спецификалык маселелерди көтөрүү үчүн партия түздү. Анткени, саясатка аралашпаса, ал маселелерди чечүү мүмкүн эмес эле. Мигранттардын көйгөйлөрү, алардын оор тагдырынын булагы Кыргызстанда. Мухтар жетектеп келген "Замандаш" партиясы өлкөдөгү саясый процесстерге, анын ичинде шайлоого да активдүү катыша баштаган. Мухтар өзү жаш лидер, анын алдында чоң келечек бар эле… Ал эми Мухтар түптөп кеткен "Замандаш" - бул жаш партия, бул саясый күчтүн алдында чоң келечек жана чоң тапшырмалар күтүп турат.
...Мындай кокустуктун болгону баарыбыз үчүн күтүүсүз болду. Кыргыз ишкер чөйрөсү, кыргыз саясаты орду толгус жоготууга учурады.


Топчугүл Шайдуллаева, партиялашы: "Мухтарды бир тууганымдай көрчүмүн"
Мухтар менен 2007-жылы "Замандаш" партиясы түзүлгөндөн тартып тыгыз иштешип калдык. Партия алгач ачылып жатканда анын программасынын кыргызча вариантын жасоого катыштым. Андан кийин тагдыр экен, дымактуу чоң максаттарды алдыга коюп бирге иштештик, партияны чогуу түптөдүк, партиялык турмуштун ысык-суугун көрдүк, чыйралдык дегендей.
Мухтар ири ишкер болгону менен карапайым калкка жакын, социалдык багытка көп ык койгон инсан болучу. Саясый шартка байланыштуу бир жылдан ашуун "Замандаш"партиясынын төрайымынын милдетин аткарып калдым. Ошондо күн сайын андан жардам сурап келген адамдардын санына чек жок эле. Өнөр адамдары, чыгармачыл чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, спортсмендер, майыптар, жетим-жесирлер, керек учурда мамлекеттик кызматта иштегендер да колдоо сурап кайрылышчу. Чиеленген маселелерин башка жактан чече албагандар да жооп издеп келишчү. Маданият, өнөр багытындагы чоң-чоң долбоорлорду жалгыз өзү эле каржылап койчу. Мухтар баарына жардам берчү. Мен таң калчумун. "Тапканыңды минтип эл менен бөлүшүп турбасаң болбойт, жаныңдагы замандашың кыйналып турса, кантип чыдайсың",- дечү. Чоң адамгерчилик, ыйман Мухтарда чексиз эле. Ал башкаларчылап балдарга бир балмуздак берип койсо да теледен ошонусун көрсөткөндөрдөн эмес эле. Ал муктаждарга берген жардамын эч качан жамы журтка шардана кыла берчү эмес.
Мухтардын көкүрөгүндөгү тазалык сыртына чыгып, адам менен сүйлөшкөндө жүзүнөн нур чачырап турар эле. "Сизди бир тууган эжемдей көрөм" деген сөзү али да кулагымда жаңырып турат. Өткөн жылы туулган күнүн белгилеп жатып: " ...жаңы конуштагылар, базарда иштегендер кечээ жакынга дейре эле мени "шым саткан бала" деп жүрүштү" деп айтканы бар. Апасы тигип, өзү үтүктөп базарга алып барган он шымдан башталган ишкерлик, чын эле таман акы, маңдай тер менен жаралган эле.
Акыркы жылдары Мухтар Өмүракунов саясатчы, коомдук ишмер катары кыйла такшалып калган. Өзү катышып өткөргөн акыркы съездде өзүнө катарлаш тең төрагаларды сунуштап, биздин партия бир адамга жамынган партия эмес, "Замандаш" менен максатташ болгондор үчүн эшигибиз дайым кенен ачык деп айтып, ошол күнү съездден кийинки сый тамак үстүндө: "Мен бүгүндөн баштап, бардык башка иштеримди токтотуп, саясатка баш-отум менен кирдим",- деген. Ал "Замандаш" партиясынын реформасы тууралуу баалуу сунуштарын киргизип, алар четинен ишке ашып келаткан. Эл ичинде жылдызы жанып, саясый середе барааны ашып, билек түрүнүп кызмат кылып жаткан чагы эле.
Замандашым Мухтар, сендей асыл инсанды сактай албай калдык, кечир, мен да сени бир тууганымдай көрчүмүн. Жат жердин кайдагы бир жапайы, дейди толкунуна сени тарттырып койдук. Бирок, сен өлгөн жоксуң, кыргыз эли, "Замандашың" турганда ысымың жүрөктө жашай берет. Сени эч качан унутпайбыз! Жаткан жериң жайлуу болсун!


Юристанбек Шыгаев, Кыргыз эл сүрөтчүсү:
- Былтыр апрель айында мен Иркутск шаарында сүрөт көргөзмөмдү өткөрдүм. Мухтарбек ошол жактагы кыргыз диаспораларын уюштуруп, чоң колдоо көрсөттү. 6-апрель күнү кечке эки чөнтөк телефону тынган жок. Бирине жооп берип бүтсө, экинчиси шыңгырайт. Сен ушунча сүйлөшөсүңбү деп мен таң калсам, "байке, жакында элибиз үчүн чоң жакшы кабар болот, сиз мага көңүл буруп, алагды болбоңуз", -деп күлүп койду. Биз губернатордун резиденциясына жайгашкан болчубуз. Ошол күнү түн бир оокумга чейин сүйлөшүп олтуруп, бакиевдердин үй-бүлөлүк башкаруусу кулаарына аз калганын айтты.
Эртеси көргөзмөгө келген областтын элитасынын алдында Чыңгыз Айтматов тууралуу жана мен жөнүндө да жакшы сүйлөп берди. Екатеринбург, Красноярск шаарындагы диаспоралардын өкүлдөрү келишкенине мен да абдан ыраазы болдум. Бир убакта эле күтүүсүздөн Мухтарбек: "байке, кечээки сизге айткан иш-чара башталып калды, мен тезинен Кыргызстанга кетпесем болбойт, таарынбаңыз",- деп жөнөп кетти. Ошондон кийин мен Мухтарбектин чоң иштерге аралашып жүргөнүн туйдум.
Мухтарбектин кандай жумуштарды аткарганын кыргызстандыктардын баары билет. Бизнесте, саясатта болобу таза иштеп, таза жүрдү. Артынан эч кандай жаман сөз ээрчиген жок. "Замандаштын" жылда өткөрүүчү "Жыл мыктылары" сынагы менен коомдун бардык катмарындагы татыктуу инсандарды таап чыгып, алдыга сүрөгөнү эле канчалык?! Эми биз Мухтарбектин жакшылыгын ушинтип даңазалагандан башка аргабыз жок…