, 03.06.11 - 2-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

МЕЗГИЛ.АДАМДАР.ОКУЯЛАР
Мамытов: Июнь коогасында кан төгүлүшүнө Батыровдун салымы зор
Бул тууралуу июнь коогасын иликтеген депутаттык комиссия төрагасы, депутат Токон Мамытов Жогорку Кеңеште комиссия тыянагын талкуулаган учурда билдирди. Анын айтымында, июнь коогасы Кадыржан Батыров, Иномжан Абдурасулов жана башка адамдар тарабынан алдын ала уюштурулган. Мындан сырткары 7-апрелде бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиев жана жакындары, криминалдык күчтөр окуянын өнүгүшүнө таасир тийгизген. "Айрым чек ара, ИИМ кызматкерлери курал-жарактын элдин колуна өтүп кетишине жол берген. Айрым өзбек жарандар биринчи кол салган. Социалдык-саясий кырдаалдын чыңалышы, май айында Жалал-Абадда өзгөчө кырдаалдын алынып салынышы да ушуга алып келген", - деди Мамытов.
Парламент жыйынында июнь коогасын иликтеген депутаттык комиссия тыянагына Исмаил Исаков макул эместигин айтып чыкты. Ал 7-апрель болбогондо июнь коогасы болмок эместигин, коогалаңдын келип чыгуу себептери, күнөөлүүлөр комиссия тыянагында ачык, акыйкат көрсөтүлбөгөнүн сындады. Исаков июнь коогасынын келип чыгышына экс-президент Курманбек Бакиев жана анын туугандары күнөөлүү деп эсептейт.
Комиссия бардык фракциянын депуттары болуп 25 адамдан турат. Алардан үчөө комиссиянын корутундусуна кол койгон эмес. Алар: Исмаил Исаков, Жылдызкан Жолдошева, Ширин Айтматова.

Кыргыздын улуттук кийимдеринин көргөзмөсү өтөт
Бишкектеги Тарых музейинде 6-июнда XIX кылымдын аягы жана XX кылымдын башындагы кыргыздардын улуттук кийимдеринин көргөзмөсү ачылат. Музейден маалымдашкандай, бул кийимдер 1920-жылдардын аягында чогултулган. Анда жүндөн жана териден жасалган аял-эркектин кийимдери коюлмакчы. Бир катар жаштар уюмдарынын демилгеси менен Кыргызстанда ушул жылы май айынын башында улуттук кийимдер жумалыгы өткөн болчу.
Нарында катуу шамал мектептин чатырын учурду
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 31-майда Нарын облусунун Кызыл-Октябрь айылында күчү 8ден 17 метрге чейин жеткен шамал мектептин 30 даана чатырын учуруп кеткен. Мындан сырткары Чаек айылында катуу шамалдын айынан дарак мектепке кулап, мектептин айнектери сынган. Ушул тапта келтирилген чыгымдын көлөмү такталууда.

Түрк Дүйнөсү Жаштарынын Жолугушуусу
19-20-май күндөрү Ахмет Йесеви Улуттар аралык Түрк-Казак Университети жана Түрк Дүйнөсү Студенттери Коомунун демилгеси менен "19-май Түрк Дүйнөсү Жаштарынын Жолугушуусу" аттуу иш-чара өткөрүлдү.
19-май Түрк Дүйнөсү Жаштарынын Жолугушуусунун биринчи күнүндө Түрк Дүйнөсүнүн орток баалуулуктары болгон: Түркиянын Чанаккале, Кыргызстандын Ата-Бейит, Казакстандын Ахмет Йесеви, Азербайжандын Хожалы, Түндүк Кипр Түркия Республикасынын мемориалдык комплекстеринен алынып келинген топурактар, Түрк Дүйнөсүнүн Казакстандагы руханий борбору эсептелинген, Түркистан шаарындагы Хожа Ахмет Йесеви мавзолейине ташталды. Топурактар ташталган жерге жалпы Түрк Дүйнөсүнө кайрылган эстелик орнотуу макулдашылды. Иш-чаранын аягында 9 пунктан турган токтом кабыл алынды.

Боом капчыгайындагы жолду оңдоого 1 млн. доллар керектелет
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин жыйынында транспорт жана байланыш министри Эркин Исаков билдирди. Анын айтымында, 1 млн. доллар Боом капчыгайындагы төрт катар чоң жолду курууга керектелет. Ал эми Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун калган бөлүктөрү 700-800 миң долларга бааланууда. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлады.




ИИМ: Жаштар арасында кылмыштуулук күчөөдө
Жаштар иштери жана спорт боюнча Жогорку Кеңеш комитетинин жыйынында өкмөткө 1-августка дейре жаштар арасында кылмыштуулукту тизгиндөө үчүн атайын программа иштеп чыгуу сунушу берилди. Комитет жыйынында ата-энелер жоопкерчилигин күчөтүү үчүн атайын мыйзам иштеп чыгуу демилгеси көтөрүлдү. Ага ылайык, баласы кылмыштуулукка барган ата-эне айып пулга жыгылышы мүмкүн. Депутаттар муну менен жашы жетелектер арасында кылмыштуулук азаят деген үмүттө.
Жаштар иштери жана спорт боюнча Жогорку Кеңеш комитетинин жыйынында ИИМдин Коомдук коопсуздук башкармалыгынын директору Эркин Баев 2011-жылы 18-28 жаш курагындагылар тарабынан 1773 кылмыш жасалганын маалымдады

Зулпукаров: ажылык сапарды уюштурууда кыңыр иштер болгон
Ажылык сапар боюнча кыңыр иштерди иликтеп жаткан депутаттык комиссия 30-майда соңку жыйынга чогулду. Комиссиянын мүчөсү, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров былтыркы ажылык сапарды уюштурууда мыйзамсыз иштер жасалганын, азыр ал иштерге кимдердин катыштыгы бар экени иликтенип жатканын билдирди. Анын айтымында, талкууга президенттик администрациянын башчысы Эмил Каптагаев катышты. Анда өзүн Каптагаевдин жардамчысы деп тааныштырган, ажылык сапарды уюштурууга аралашып жүргөн Бакыт аттуу адам тууралуу сөз болгонун, ал азыр камакта экени маалым болду, дейт Зулпукаров.
Эмил Каптагаевдин Тышкы иштер министрлигинде иштеген уулу Кубанычбек Каптагаев аны ажылылык сапардагы кыңыр иштерге аралашкан деп айыптап жаткан Борбор Азиядагы мусулмандар конгрессинин жетекчиси Бакыт Нурдинов менен соттошуп атат.

Адам укуктары боюнча эл аралык федерация Килюнендин отчетун колдоду
Адам укуктары боюнча эл аралык федерация жана ага мүчө Кыргызстандагы тартип коргоо уюмдары кыргыз бийликтерине кайрылып, былтыркы июнь коогасын дыкат иликтөөгө чакырды. Таратылган кайрылууда, Ошто былтыр 11-12-13-июнда орун алган окуялардын масштабы "адамгерчиликке каршы кылмыштарга" барабар экендиги айтылат. Укук коргоочулар июнь коогасынан кийинки соттук териштирүүлөр эл аралык мыйзамдарга жооп бербегендигин айтышууда.
Кайрылууда Килюнен башында турган эл аралык комиссия отчетунда июнь коогасына чейинки жана андан кийинки кыргыз бийликтеринин катачылыктары көрсөтүлгөнү айтылат. Адам укуктары боюнча эл аралык федерация президенти Суэр Белассен кыргыз бийликтерин июнь коогасы боюнча ачык, бейтарап териштирүү жүргүзүүгө чакырып, укуктук өлкө принциптерин карманууга үндөдү.





Москвадагы сынакта кыргыз дизайнери баш байгени алды
Москвада өткөн "Жылдын кутюрьеси - 2011" модельер-дизайнерлердин эл аралык сынагында кыргызстандык модельер-дизайнер Ассоль Молдокматова КМШ өлкөлөрүнүн дизайнерлеринин ичинен эң мыкты болуп табылды. Ал Москвада "Стиль" коллекциясын тартуулаган. Гран-приге ээ болгон Молдокматова Лас-Вегаска саякат жасоо жана дизайнер Пьер Карден менен тамактануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмокчу. Бул тууралуу маалыматты жеңүүчү өзүнүн социалдык интернет баракчасына жайгаштырган.
Молдокматова эл аралык сынакта Борбор Азия чөлкөмүнөн жалгыз эле өкүл болгон.

Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттады
Экономикалык тескөө министри өлкөдөгү бааларга байкоо жүргүзгөн. Ага ылайык, бир аптанын ичинде күйүүчү майдын баасы 0,7% 1,2% чейин кымбаттаган. Мындан сырткары картошка, туз, сабиз, эт жана буудайдын баасы өскөн. Ал эми ун, күрүч, пияз, шекер, сүт жана жумуртка арзандаган. Аталган министрлик баалардын өсүшүн сезонго байланыштырууда. Күйүүчү жана майлоочу майдын кымбатташы болсо Орусияда мунайзат тартыш болуп жатышы менен түшүндүрүлүүдө.

Бишкекте мектеп рэкетчилиги боюнча 53 факты катталды
Маалымат жыйында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Капар Батырканов кабарлады. Анын айтымында, беш айдын ичинде катталган фактылардын айрымдарына кылмыш иши ачылган. Маалыматка ылайык, мектеп рэкетчилигине 6-7-8-класстын улан-кыздары көбүрөөк дуушар болот. Чоң класстар өздөрүнөн кичүүлөргө 10 сомдон 500 сомго чейин "салык" салышат.
Бишкек шаарында жалпысынынан 93 мектеп болсо, өспүрүм балдар менен иштөө инспекциясында 72 кызматкер иштейт.
Мындан эки апта мурда өткөн жыйында мектеп рэкетчилиги боюнча 39 факты катталганы айтылган эле. ИИМ былтыр мектептерде рэкетчилик күчөп, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук 25 пайызга көбөйгөнүн маалымдаган.
"Азаттык"




Объявление
ПССИ Свердловского района г.Бишкек объявляет повторные торги на часть домостроения по адресу: г.Бишкек ул. Запандная №44 принадлежащее на праве собственности Айтматову Талантбеку Маратовичу пол. Пл. 36 кв. м, жилой пл. 21,6 кв. м на земельном участке общего пользования мерою 418 кв.м.
Торги сост. 05.07.2011г. в 10 часов по месту нахождения имущества со стартов. стоимос. 709350 сом.
Для участия в торгах необходимо внести 10% от стартов. стоим. на депозитный счет ПССИ Свердловского района г. Бишкек.
Справки по тел.: 31 32 35