, 03.06.11 - 14-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Алыстап кеттим аруулук деген өлкөдөн

Ххх
Бир кезде такыр ачуу сөз жакын жолотпой,
Бапестеп баккан кенжеңдин көөнүн дарт чалган.
Сен айткан жомок коштошуп кеткен коноктой,
Айланта курчап жалгыздык менен ый калган.

Жалынсаң, апа, кызыңды гүлгө теңебе,
Карарган дарак өзөгүн өксүк өрттөгөн.
Жашаган жери коюну муздак каардуу түн,
Суурулуп чыккан аруулук деген өлкөдөн.

Ххх
Көздөрүндө ойноок кыял удургуп,
Этегиңден кармап калбай ээрчиген.
Баёо кенжең бүгүн ыйга жуурулуп,
Көргөн түштөй ал күн чыккан эсинен.

Дүйнөсү ач адамдарды көз көрүп,
Көкүрөгүн кат - кат санаа мыжыккан.
Кызың бүгүн такыр башка өзгөрүп,
Жашоо - жомок деген ою сызылган.

Бул күндөрдүн болоор бекен аягы,
Апа, далбас урсам дагы канчалык,
Турмуш шардын агымында тура албай,
Төмөн чөгүп кетээриме аз калды...

Ххх
Каалга ачсам эки жигит тең курак,
Бала кезден бир айылда өскөнбүз.
Жалтангандай аяр сүйлөйт, кирдеген
Закымдарга сиңип оттор көздөгү.

Экөөнүн тең энелери эртелеп,
Көз жумушкан кара күнгө камынбай.
Аталары үйлөнүштү жыл өтпөй,
Көздөн учуп көп күттүргөн жаш аял.

Бир туугандар очогуна бүлүнүп,
Кайрылышпай алысташып кетишкен.
Ушул экөө камкордуксуз, мээримсиз,
Ыйлап - сыктап эрезеге жетишкен.

Аталары аңдабайт да, карабайт,
Уулу кандай күндү көрүп жүргөнүн.
Оо, Жараткан, энелерди эрте алба,
Балакайдын жансыз кылып жүрөгүн?!

Шаардан жумуш издеп бүгүн келишип,
Шыбыртынан чоочуп төргө өтүштү.
Көздөрү муң, көкүрөгү ыйлаган,
Энеси жок азап күндү көрүштү.

Ххх
Мен бүгүн таң атаарда көзүмдү ачып,
Жашыма да бир жашты кошуп алдым.
Өмүрдүн да бир жылын артка таштап,
Өлүмгө да бир жылга жакын калдым.

Өмүрлөр өргө жылып баратабы,
Өйдөңкү муундар улам ылдый кулап.
Көрсөтпөй жакындардын жамандыгын,
Жараткан, алсаң алгын жанымды уурдап!..

Ххх
Мен сизди телефон чалат деп,
Кайгыга кабылган маалымда
Күтүнгөм.
А бирок мелтейди телефон...

Каалгама жумшак кол урунуп,
Жылуу жүз босого аттайт деп
Камынгам.
А бирок томсорду босогом.

Үч ай өттү.
Жаштыктай жайдары жаз келди.
Буркуюп бурулбайт таарыныч.
"Номериң унутуп..." деген сөз
Курулай актануу... Болду тынч.

Үйүмдө, жумушта - телефон
Чырылдайт: "Сен мага керексиң".
Керекмин -
Жардамга зарыгып калдыңбы?
....Пастыкка кейитип тим болду
Кечиккен телефон шыңгыры.
.
Ххх
Өлбө десем, өлбөйм такыр дечү эле,
"Кыздарыңа жомок айтам, коркпогун".
Таятаңды тартуу кылдым Теңирге,
Жокто уулум, жокто кызым, жоктогун.

"Орун - очок алганыңды көрмөйүн,
Көнбөйм ажал алдоосуна, берекем", -
Бүгүнкү таң таятаңсыз жаркыды,
Эчкир - ыйла, кыялдагы кенедей.

Жүрөгүнө бекем катып, жашырып,
Көп болчу анын камдап жүргөн жомогу.
Жокто чүрпөм, жомокторду айтылбас,
Душман көргүн ажалдын ач бороонун...

Тирүүчүлүк -алдануу да, алдамай

Ххх
Тээ качанкы аруу жигит ойдогу,
Ошол бойдон кезигишпей койбоппуз.
Сен да, мен да ташыркабай, тайгылбай,
Сүйүүнүн да даңгыр болмок жолдору.

Кезигишип, кейип көңүл калгыча,
Көрүшүүнү жомок кылып өтсөк не.
Жакшы сөзгө, жаман сөзгө баргыча,
Кыялдарда, түштө гана көрсөк не.

Жакшы дегем, бийик дегем таптаза,
Балким сен да мени ойлоп башкача.
Зарыгышып, сагынышып кетсекчи,
Аруу ойлорду жабыктырып алганча.

Ххх
Сен башкасың, башкасың сен
көздөрүң муздак, а менин жаным
мээримдүү болчу - ырдап да, ыйлап,
сезимтал жигит табылбай калды.

Жашоодо жашап турчу эле, сендей
асмандан сүйлөп, асмандап күлбөй.
Кооздукту сүйчү, кирпигин тартса
каректен кылт деп кубаныч ирмей.

Ххх
Майыштырган тагдыр ойноп желкемде,
Маанисиз бир таңды тоскон кездерде,
Жакындабы, алыстабы ар дайым,
Бирөө мени издегенин сезчү элем.

Сен жолуктуң - бактым дедим магдырай,
Тирүүчүлүк - алдануу да, алдамай.
Кол кармашып чыктык турмуш сапарга,
...Бирок мени бирөө издейт ак таңда...

Болалбадым сен күткөндөй жарымың,
Жарымымды издеп карек талыды.
Жалгыз бойдон жашап бүттүм жаныңда,
Жалгыз бойдон калды сенин жарыгың.

Ххх
Жүрөк кескен катуу сөзүң айтпагын,
Кайда сенин кечээги эле аптабың.
Жалгыздыгым унутам деп урунган,
Жуп жашоодон болдубу ушул тапканым.

Сүйүүбү бул - бирди экиге кынаган?
Сүйүүбү бул - суук - ысыкка чыдаган?
…Карегимден көрсөң башка каректи,
Илебиңден сезем башка илепти...

Сүйүү эмес - эрте - кечте жанашкан!
Сүйүү эмес - колдор мобул кармашкан!
Жүрөгүңдү жүзгө бөлгөн бирөө бар,
Менде дагы кусалык бар... күнөө бар...

Ххх
Чачымды жайып койдум,
Чачыла чачкан сымал.
Эркиндик издеп бүгүн,
Эртелеп үйдөн чыккам.

Күтпөстөн кайрылат деп,
Күндөрүң арыштай бер.
Көөнөргөн өмүрлөрдүн
Көңүлүн ачайын деп,
Эркиндик издеп чыктым…










Жаркыным саа жолукканды жектебейм

Ххх
Түшүнүп артын көздөй келеби деп,
Түңүлбөй дүпөйүлдүү түндө күттүм.
Дөңгөлөк өмүрлөрдө тегеренип,
Тар жолдон кезигебиз, эстей жүргүн.

Өмүрдөн таппай огум, күздүн күнү
Сүрмө топ кубанчымды ташып кетти.
Алданбайм деген эле, алданыптыр,
Жүрөгүм жыя берип жылуу кепти.

Өкүндүм - өткөндөрүм көздөн кетпей,
Кээ күнү карааныңа кайра бардым.
Жүрөктүн жүгү болуп алгандан соң,
Томсоруп тигилбечи, агатайым...

Ххх
Күүгүм келди. Үйгө чырак жакпадым,
Мейли азга конок болсун коюу түн.
Бир жек көрүп кайра сени жактадым,
Ушул түндөй коногусуң Бүгүндүн.

Сынын бузбай сырдуу карайт муздак түн,
Сен да түнсүң, түнсүң - муздак, жарыксыз!
Мейли экөөңөр жайымды ээлеп алгыла,
Мени жекте, а сезимим жазыксыз.

Ххх
Унутуп баратканда жаңы гана,
Жаныма неге келип алдың экен.
Кайрадан кыялдарга ылым санап,
Кайрадан мээрим күтүп калдым сенден.

Мен неге келдим сенин маңдайыңа,
Кол үзүп өткөнүңдөн калганыңда.
Жарым күн жылмайыштык, анан кайра
Жоолашып чыктык сезим майданына.

Көрүшпөс күндөрдү көп тилегем не,
Мына эми жеттим десем тилегиме,
Тааныштай карегиңди кадап койдуң,
Апапак көйнөк камдап кийериме.

Ххх
Сары барик бут алдымда жанчылды,
Сагынычтан дир - дир этип кан чыкты.
Сизди сүйгөн жүрөгүмдө не жазык,
Сизди күткөн күндөр мага бак чыны.

Жаралгандан тунук сүйүү издегем,
Жаралангам, жазыктуудай жетпегем.
Жаркын өмүр кала берсин актай бүт,
Жаркыным саа жолукканды жектебейм!


Ххх
Үнсүздүктөн... жымжырттыктан чарчаган
Дүйнөм ушул... өрүп айды, жылдарды
Сага жеттим - жеттим көңүл көксөөмө
Жансыз турам... жаңы жолго жылбадым...

Сага гана жетүүнү мен ойлогом,
Кыялдардан түзүп сезим дастанын.
... Кучагыңыз куйкаласа, мөлт этип,
Бир мен эмес, өмүр ээрип кетчүдөй,
Андан ары не болоорун жазбапмын...

Ххх
Жакшыдайсың - жаман ойдон куткарган,
Жакындайсың - тамашалап, суз тартсам,
Жанымдайсың - каректерди белекке
Берип ийген...
Мен баралек мезгилдерди тузактап...

Алыстайсың - аралыгы өлчөнбөс,
Ыраактайсың ай көрүшүп, күндө эмес.
Жаңы ырымсың - жазган саатта кайталап
Окуп анан...
Отко ыргытып, күлгө айланткан түн деген...

Ххх
Чыдай албайм, чыдоого да жок күчүм,
Телефондон бердим сага чакырык.
Үнүң алсыз, ыйлай берип чарчаган,
Наристедей ыкшоо тартып калыптыр.

Кайыл боло барына да, жогуна,
Үркүп оюң, үмүттү үзүп койдуңбу.
Мен сүйүүнүн ыйыктыгын сездирип,
Сүйүүм менен дарылаймын ооруңду!..

Даярдаган элем айтчу сөзүмдү,
Бири калбай чар тарапка чачылып,
Жараткандан чарчы жаның тиленип,
Мен өзүмчө түтөп ыйлап басылдым.

Ххх
Кучактап жаттың, коюнуңа бекем ыктадым,
Арманга баткан азаптуу жүзүң уктады.
Дартыңдын баарын өткөрүп алып өзүмө,
Өрттөп бир салгым келди да бирок... ыйладым.

Ххх
Түн кирди. Бөлмө ичи күүгүмдөнөт,
Түнөргөн түпсүз санаа мээлеп мени.
Карааның карегимди кайпып жүрөт,
Кайрадан түнөгүмдү ээлегени.

Жолобо, бүгүн мага жолбочу,
Кусалык запкысынан сынып турам.
Көз жашым төгүлбөчү, коробочу,
Аарчыбайт тааныш колдор бизди улам.


Ххх
Кыялымсыз!
Сиз менин кыялымсыз,
Кыял менен жашоомо сыярымсыз!
Узун түнү жаныма караан болуп,
Жаман ойдон калкалап тураарымсыз.

Кээде мелүүн, кез кезде албууттанып,
Чаң сапырган шашма адат шамалымсыз.
Кээде түнсүз! Кезинде Күндөй жылуу,
Керек кезде жаркырап жанаарымсыз.

Кээде сургулт, кээде ачык асманымсыз,
Куйкалаган саратан аптабымсыз.
Кээде кышсыз, кезинде жазга айланып,
Жашылданып, көрктөнүп калаарымсыз.

Арманымсыз, азабым, шорум да сиз!
Көз тамчыдан чакалап сунаарымсыз.
Анткен менен бак жыты сизден келет,
Сизсиз күндө күйүгүп кулаарым чын!