, 27.05.11 - 7-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

"Саясатка аралашкан он жылым саясаттын нагыз театр экенин түшүндүрдү"
(Башталышы 5-бетте)
Улуу кызым жеке фирмада иштейт, уулум менен кичүү кызым окуп атат, аларга депутатмынбы, депутат эмесминби айырмасы жок. Саясий ишиме аралашышкан эмес, кызыгышпайт дагы. Бизди да атам саясаттан алыс кармап тарбиялаган. Ошондон улам 1991 - жылы атам пенсияга чыкканда жашообузда өзгөрүү болгон жок, мурда кандай болсо ошондой эле уланта бердик. А башка президенттердин балдары атасы кызматтан кеткенде эмне болушту? Адам баласы жакшылыкка тез көнөт, атасындай болгон адамдар алдында бөйпөлөктөп, айтканы менен боло берсе жаш неме андан да тез көнө түшөт да, атасынын бийликтен кетиши менен абалы оорлошот. Саясатчылар балдарынын келечегин ойлошсо өз ишинен алыс кармап өстүргөнгө аракет кылыш керек.
- Бала чагыңыз кандай өттү эле, мамлекеттин биринчи катчысынын баласы өз замандаштарынан өзгөчөлүү жашаганбы?
- Фрунзе шаарында №27 - мектепти аяктагам. Ага чейин Таш - Көмүрдө, Ошто окуганбыз. Жөнөкөй бала бакча, жөнөкөй мектеп, жөнөкөй университет менен эрезеге жетилдик. Бала чакта жыл сайын 25 - майда атам иним экөөбүздү чачтарачканага алып барып, чачыбызды алдырчу да айылга чоң энебиздин колуна жөнөтүп жиберчү. Ошол бойдон үч ай өрүк терип, тамеки тизип жүрүп, 25 - августта шаарга келээр элек. 10 - классты бүткүчө жыл сайын ушул нерсе кайталанды. Лагерь деген эмне экенин билген эмеспиз. Айылда өткөн бала чагым шайлоодо жардам берди, айылдагылар мени жакшы таанышчу.
- Абсамат Масалиевдин коопсуздугун канча атайын кызматкер коргоочу?
- Атамдын жанында бир жардамчысы боло турган, чет өлкөгө барганда дагы бирөөсү кошулчу. Болду. Жан сактагыч деген нерсе болгон эмес. Машинасынын алдында МАИнин бир машинасы жүрчү. Ал дагы 74 - жылы Белорусиянын жетекчиси авариядан каза болгондон кийин мамлекеттердин биринчи катчыларына кайтаруучуларды күчөткөндөгүлөрү эле. Атамдын кызматынан үй - бүлөгө арналып машина бөлүнгөн, бирок атам уруксат бермейин айдай алчу эмеспиз. Анда мен университетте иштечүмүн, чынында машинанын мага зарылчылыгы да жок болчу. Атамдын кызматынан "Аа, бул Масалиевдин баласы тура", деген элдин сый - урматынан башка материалдык пайда көргөн жокпуз.
- Азыр көпчүлүктүн дагы бир нааразычылыгы улам кийинки президенттин жан сакчылары көбөйүп, жол кыймылын улам көбүрөөк токтотуп тургандыктары болуп атат. Кайтаруучулардын көпчүлүгү коомдо коопсуздуктун азайып баратканынын белгисиби?
- Адам качан жан сактагыч алат, качан жанынан корккондо. Качан жанынан коркот, качан байлыгы көбөйгөндө. Качан байлыгы көбөйөт, бирөөнүн байлыгын тартып алганда, же туура эмес жол менен пайда тапканда. Башка учур болбойт.
- Саясатка аралашып, депутатка талапкерликти койгонуңузду атаңыз колдогонбу?
- Атам эч бир колдогон жок. 2000 - жылы шайлоого барганда Кадамжай районуна бир да барбай койду. Алдын ала мага өтпөй калсаң капа болбо, балам деп айткан эле. А мен өтүп кеттим. Шайлоочулардын 99 пайызы атамдын урматы үчүн аксакалдын баласы деп добуштарын беришкен. Атам шайлоочуларыма барып баласын мактаганына мыйзам деле жол бермек, бирок барган жок.
- Барбай койгонуна таарындыңыз беле?
- Ичимден барып койсо деле болмок деп ойлонгонум болду. Чай - пай ичип отуруп, бир - эки сөз айтып койсо деле болмок да, дегем бирок түшүндүм. Бармак тургай, дагы бирөө бирдеме дебесин деп шайлоо бүткүчө эч кимге көрүнбөй бекинип жүргөн. Ички тарбиясы ушундай болчу. Депутат болуп келгенимде албетте сыймыктанды. Жума сайын чакырып, кылган - эткенимди сурап саясый отчет алып турчу. Пикирин айтчу.
- Атаңыздын бийликте турган кезде атын пайдаланган учуруңуз болгонбу?
- Атама үнүм окшош болчу. Телефонду ала койсом Абсамат Масалиев деп кайрылып алышчу. 2000 - жылга чейин Ошто жашадым да, бир жылдары Бишкекке келип, кайра Ошко учканга билет таппай калдым. Атамдан депутаттык тейлөө менен учуруңуз дейин деп, анан өзүм депутаттык тейлөөгө чалдым, "Бул мен Масалиев", десем, "О аксакал кандайсыз? Жакшысызбы?" деп калды. "Исхак Ошко учуш керек эле, жардам бере аласыңарбы", дедим. "Келе берсин, байке", деди. Барып "чалыштыбы?" деп сурасам, ооба дешти, билет алдым да учуп кеттим.
- Атаңызга айттыңызбы анан?
- Кийин айткам. Мен эч кимди алдабадым, телефон чалганда "Мен Абсамат Масалиев" деген жокмун да, жөн гана "Масалиев" дедим. Телефондогу адам үнүмдү атамдыкына окшоштуруп адашып алды.
Гүлмайрам Турусбекова





Жай. Туризм. Президенттик шайлоо.
Быйыл жай айында туристтер өлкөбүзгө коркпой келе алышабы? Албетте мындай суроонун туулушу турган иш. Анткени былтыр орун алган коогалар туристтердин келүүсүнө бир топ тоскоолдук жаратканы белгилүү. Апрель окуясы, андан кийин июнь окуясы туристтердин келүүсүнө кандайдыр бир деңгээлде таасир берди. Былтыр көл калаасынын тургундары жылдагыдай киреше таппай калган. Анын бирден бир себеби, мамлекеттеги саясий стабилдүүлүктүн жоктугу. Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлгө өз жарандарынын келип эс алуусуна чет мамлекеттин туроператорлору менен бийлиги бир аз этияттык менен мамиле жасоосун эскертишкен.
Былтыр коогаларга карабастан кыргызстанга 1 млн. 224 миң турист келген. Бул 2009-жылга салыштырмалуу 1 млн. туристке аздык кылат. 2009-жылы 2 млн. 808 миң турист келген. 2010-жылы туристтерден 271 млн. доллар түшкөн болсо, бул көрсөткүч 2009-жылга салыштырмалуу 173 млн. долларга аз. Статистикалык маалыматтарга караганда туризмден түшкөн каражат жалпы казынага түшчү каражаттын 5 пайызын дагы түзбөйт.

Кооптонууга негиз жок, бирок…
Саясый талдоочу Марс Сариевдин баамынында быйыл туристтердин келүүсү былтыркы жылга салыштырмалуу арбын болот.
"Азыр путевкалардын баарын талап кетип жатат, ошол эле Казакстандан, Россиядан. Мына баарыбыз эле байкап, көрүп тургандай жакынкы чыгыш мамлекеттеринде эмнелер болууда. Ошондуктан быйыл Кыргызстанга келе турчу туристтердин саны кыйла арбын болот".
Саясый серепчи Токтогул Какчекеевдин айтуусуна караганда быйыл туристтердин келүүсүнө эч кандай коркунуч жок.
"Туристтердин келүүсүнө эч кандай коркунуч дагы, тоскоолдук дагы жок. Себеби, көл тарапта тынч. Ал жакта башка аймактарга караганда жаңжал, уруш-талаш аз болот. Муну менен катар кыргыздын тамактары дагы туристтердин кызыгуусун жаратат. Анткени биздин тамактар эч кандай химиялык заттардын кошулмасысыз, таза шартта өстүрүлгөн. Мына ушунун баары алар үчүн кызык болот болуш керек",-деген пикирде.
Ал эми Марат Казакбаевдин баамында боло турчу президенттик шайлоонун алдындагы агитациялык кампаниянын иштери туристтердин келүүсүнө өз таасирин тийгизиши мүмкүн.
"Шайлоо болор алдында өлкөдөгү кырдаал каалабасак дагы кичине чыңалуу болот да. Бирок, акыбал былтыркы жылга салыштырмалуу курч эмес. Менин өзүмдүн божомолумда туристтер былтыркы жылга салыштырмалуу аз эле болот го. Себеби, шайлоо алдында баары бир чет жактан келе турган туристтерде кооптонуу болот"
Президенттик шайлоо жакындаган сайын жайында дагы күтүлбөгөн окуялар болуп кетиши мүмкүн деген кептер коом арасында айтылып келүүдө. Чынында эле ушундай күтүлбөгөн окуялар болуп кетиши мүмкүн деп кооптонгондор да жок эмес. Бул багытта Марс Сариев мындай оюн билдирди.
"Чет мамлекеттер кандайдыр бир долбоорлорду түзүп дестабилизация кылбаса, мен ойлойм биздин элита, саясатчылар азыр түшүнүп калды. Андыктан андай деле күтүлбөстүктөр болуп кетет деп чочулоого болбойт" -, дейт ал.
Укук коргоочу Азиза Абдрасулова туризмдин өнүгүшү жана алардын келиши боло турчу президенттик шайлоодон эч кандай көз каранды эмес.
"Мен Кыргызстанга туристтердин келишин, туризмдин өнүгүшүн эч кандай шайлоо менен байланыштырбайт элем. Болгону туризмдин өнүгүүсү түздөн-түз мамлекеттеги саясый жана экономикалык стабилдүүлүктөн көз каранды",- дейт ал.
Туристерди тейлөөдө чабал болуп жатабыз
Статистикалык маалыматтарга караганда туризмден түшкөн киреше мамлекеттик бюджеттин 5 пайызын дагы түзбөйт. Мындай абалдын жаралышына Туризм агенттигинин тарап кетиши да туризм тармагын бир топ аксатып жатат дейт Т.Какчекеев.
"Туризм агенттигинин тарап кетиши бул тармактын аксап жатышына бирден бир таасир берүүчү болуп жатат. Мамлекеттин бул багытта аныкталган так программасы болбогондугу өз таасирин берип жатат".
Бизде туристтерге көргөзүлүп жаткан кызмат дагы төмөн. Андыктан бул жагдай дагы туризмдин өнүүсүнө терс таасир берип жатат. Саясый серепчи Марат Казакбаевдын айтуусунда "биздин туризм тармагындагы инфраструктура да анчейин эмес. Жолдорду оңдошубуз керек, пансионаттарды да оңдоо керек. Алар совет маалынан бери оңдоло элек дегендей. Мына өкмөт жетекчилери дагы айтып жатышат туризм тармагын колдоо керек, ал жакка инвестиция жумшаш керек деп".
Туристтерди Кыргызстанга тартуу үчүн биздин жетекчилердин жасап жаткан иштери чабалыраак дейт Т.Какчекеев "Туристтерди тартуу үчүн ошол жергиликтүү бийликтен тартып, жогорку жакта отурган чиновниктерге чейин иштеши керек. Баягы жөн гана иштеди деп эмес, ошону каалап, чын жүрөктөн аткарса эле баары ойдогудай болот. Ал үчүн бизде тазалык болуш керек, туристтерди тейлөөдө жогорку маданият керек.
"Биздин дагы өздөштүрө турган жагыбыз болуп бул тейлөө кызматы. Чынында сырттан келген конокторго биз алар күткөндөй тейлөө кызматын көргөзө алган жокпуз", дейт Марат Казакбаев.
Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын баамында саясий, экономикалык жактан стабилдүү болгон өлкө туристтердин келүүсүнө эч кандай тоскоолдук жаратпайт.
"Биз былтыркы болгон окуяны баягы өтүп кеткен окуядай карабашыбыз керек. Себеби, былтыркы болгон окуялар туризмге кандайдыр бир деңгээлде болсо дагы таасир берет. Экинчиден ошол гана окуя таасир этпестен, аларга болгон биздин мамилебиз дагы таасир берет. Чет элдиктерге болгон жергиликтүү калктын, айрыкча бийлик тарабынан, укук коргоо органдары тарабынан болгон мамиле аларга таасир этет. Кыргызда жакшы макал бар "Эшигин көрүп төрүнө өт" деген. Биздин эшигибиз каяк? Биздин эшигибиз аэропорт, автовокзалдар да. Туристтер биринчи ошол жерге келишет. Ошол жерден баштап Кыргызстан аларды кандай кабыл алып жатат? Чет жактан келген туристтер жөн эле келбейт да, алар үстүртөдөн болсо да биздин мыйзамдарды карап туруп келишет. Мыйзам чет жактагыларга кандай укуктарды берген, кандай милдеттерди жүктөгөн ошолорду карап туруп келишет. Бул жакка келгенден кийин мыйзамдан чыгып кеткен мамилени көргөндө таң калып түшүнбөй жатышат. Мыйзамда мындай жазылган, мамиле мындай болуп жатат деп. Качан гана мыйзамдын негизинде иш аткарылганда гана биз туризмди өнүктүрө алабыз",-дейт ал.
Ошондой эле укук коргоочунун айтымына караганда бизде жетиштүү деңгээлдеги музейлердин жоктугу да өзүнчө бир көйгөй.
"Биздин Кыргызстанга келген туристтерге көрсөтө турчу тарыхый, кооз жерлерибиз аябай көп. Бирок, ошолордун тарыхын көргөзө турган музейлерибиз жок",- дейт.
Былтыр болгон жагымсыз окуялар Кыргызстандын имиджине бир топ эле көө сыйпады. Европанын бир топ турагенттиктери өздөрүнүн сайттарына Кыргызстанга убактылуу барбай турууну эскерткен жарыяларды коюшкан. Албетте, мындай жарыялар туристтердин келүүсүнө бир топ бут тосуу жаратканы айтпаса да белгилүү. Кыргызстандын имиджин кайра калыбына келтирүү үчүн кандай аракеттерди жасоосу керек? Бул багытта Марс Сариевдин ою мындай:
"Эң башкысы мамлекетте саясый стабилдүүлүк болсо туристтер дага инвесторлор дагы келет. Алардын баарын кабатырланткан нерсе ошол тынчтык гана болуп жатпайбы. Баардык аракеттер мыйзам чегинде болсо, коррупция менен күрөшүү да оң жолго коюлса, бизде жасалып жаткан бул иштер тууралуу инвесторлор дагы кабардар болуп, өздөрүнүн ишмердигин келип бизде жүргүзө баштайт. Мына ошентип кыргызстандын аброю башка мамлекеттерде да бийик болот", дейт ал.
Кандай болгон күндө да быйылкы жайкы сезонду татыктуу өткөрүп, коомчулугубуз дагы туристтерди жетиштүү деңгээлде кабыл алат деп ишенели. Бардык нерсе тажрыйбадан улам өнүккөндүктөн Кыргызстан балким келечекте Орто Азияда туризмдин чордону болуп, коңшу мамлекеттерге үлгү болуп калаар.
Расул Үсөналиев