Кыргыз гезиттери

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_5.htm on line 2

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_5.htm on line 2



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_5.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_5.htm on line 2
п»ї
  Исхак Масалиев:

"Саясатка аралашкан он жылым саясаттын нагыз театр экенин түшүндүрдү"
- Расмий түрдө бир түзүлүштөн экинчи түзүлүшкө башкача айтканда парламенттик башкарууга өттүк. А иш жүзүндө ушул сизге сезилип атабы?
- Коом, айрыкча саясий түзүлүш өзгөрдү, парламенттик башкарууга өттүк дегенибиз менен президенттиктен кеткибиз келбей турат. Бүгүнкү күндө коом түзүлүшүнүн өзгөрүшүн айрым жетекчилер мен элди башкарып атам, мен элдин атынан сүйлөп атам деген ойго гана батырып алышты. Парламенттик башкаруу биринчи кадамды жасады: Жогорку Кеңеш, коалициядагы өкмөт бекитилди. Бирок, кадамдардын баары эле туура багыт менен кетип аткан жок. Мисалы, парламенттик башкаруу дегенде жаңы шайланган депутаттар коалиция түзүп, өкмөттү бекитет, ал эми биздин депутаттарыбыз өкмөттү эле эмес, айыл өкмөтүнө чейин бекитип жиберип атышат. Партиялардан келген айрым депутаттарды карап туруп 1 - класска барган балдарга окшоп алгач дубал сүзүп анан үйрөнүшөт окшойт деп ойлоп атам. Бирок алардын үйрөнгөнүн коомубуз күтө албайт, антүүгө убакыт аз. Убактылуу Өкмөт бийликке тендерди берип, анын кесепетинен бүгүнкү күндө мамлекеттеги нарк бир топ өсө түштү. Муну эми дүйнөлүк тенденция деп коет, дүйнөлүк кризистин жыйынтыгы, бирок айылда жашаган жөнөкөй жаранга Америкада эмне болуп атат, Лондондо эмне болуп атат, кызыгы жок. Алар үчүн нарктын өскөнүнө Убактылуу Өкмөт, аткаруу бийлик, райондун, айылдын башчысы, депутаттар күнөөлүүдөй туюлат. Депутаттар шайлоо учурунда "биз силердин турмушуңарды гүлдөтөбүз, жыргатабыз" дешип атышып, моюндарына жоопкерчилик жүктөп алышат. Турмуш гүлдөбөс болчу болсо суроо пайда болот. Жакында Роза Отунбаевага, А. Келдибековго, А. Атамбаевге расмий түрдө өзүмдүн сунушумду жөнөттүм. Биздин өлкөдө коомго таасир бере турган саясатчылардын саны жүздөн ашпайт. Жүз саясатчыны балким Чоң - Арыктагы резиденцияга топтойбузбу, балким тай соебузбу, же чай эле беребизби, бир күнбү, бир жумабы, бардыгы баштарын кууштуруп, кандайдыр бир жалпы чечимге келмейинче кое бербеш керек. Мындай нерсе дүйнөлүк тарыхта болгон. Айрыкча Ватикан деген мамлекетте кайсы бир папа кеткенде ордуна башканы шайлаш керек болуп, кординалдарды топтоп хансарайдын ичине камап коюшкан шайламайын чыкпайсыңар деп. Ошондой жол менен барып көрсөк кандай болот, балким коомубузду урук - тууганчылыкка бөлүнүп кетмейден арачылап, биригүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жүз саясатчынын өздүк кызыкчылыктары өтө деле чоң масштабды камтыбайт, бир пикирге келишсе элге биригүүгө үлгү болуп беришет. Бул сунуш пикирге алар кандай карайт билбейм, бул менин коомубузду эки - үч тарапка бөлбөй сактап калууга жасаган аракетим.
- Парламенттик башкарууга оюңуз кандай, биз туура жолду тандап алдыкпы?
- Парламенттик башкарууну биздин партия эбактан эле колдоп келген. Бир адам бийлик жүргүзсө ошол адам гана эң акылдуу, эң бийиктей болуп көрүнүп калат да барып - барып мактай баштайбыз, таптакыр эле асманга чыгарып жиберебиз. Адамдын мүнөзү ошондой экен да. Андыктан парламенттик бийлик бир топ ылайыктуу. Советтик бийлик орногондо "Бардык бийлик советтерге" деген ураан бар болчу. Улуу Ата Мекендик согушка чейин Ленин, Сталин жалпы жонунан башкарса, жер жерлерде ал жердин кеңешинин жетекчилери - аткаруу бийликтери башкарган. Ошого кайтып келип айылдык, райондук, областтык кеңештерди күчөтсөк бул да жакшы натыйжасын берип, бир топ маселелерди алдын ала чечип коймок. Ошондуктан биздин партия парламенттик республиканы колдогон, бирок кечээги шайланган парламент коркунуч жарата түштү. Мисал катары айта кетейин, көпчүлүк фракциялар партия эмес, шайлоого карата түзлгөн топтор. Ошондуктан шайлоо учурунда кандай убада берсе аны аткарууга аракет жасап атышат. Жыйынтыктап айтсак, кызмат бөлүштүрүү болуп атат. Саясий жетекчилерди алмаштыруу мүмкүн, бирок министрликтин аппаратындагы кызматкерлер былк этпей иштөөгө тийиш эле. Бирок кыргызда башкача түшүнүк жаралган, бул баланча партияда, бул баланча жактан, биздин партияны колдогон эмес, деген таарынычтар, кээде тескерисинче кубанычтар пайда боло калып атат. Бул өтө чоң катачылык. Парламенттик түзүлүштөгү толук кандуу башкарууну орнотуу үчүн бери дегенде Жогорку Кеңештин үч чакырылышындагы убакыт керек. Ошондо гана үйрөндүк дегенибизге болот.
- Парламенттик шайлоодо Коммунисттер партиясынын аз добуш алып калганынын себебин эмнеден издейсиз?
- Шайлоодо биздин партия чоң соккуга учураганын тана албайм. Керектүү добуш чогултууга жетишмек тургай, караандай албай калдык. Өлкө боюнча болгону жети жарым миң добуш алганыбыз, биз үчүн өтө жагымсыз окуя. Ошол учурда мен башкарбасам деле, шайлоого катышпасам деле партиянын ишине кейип атам. Буйруса 4 - июнда партиянын кезектеги сьезддин өткөрөбүз да, анда алдыда болуучу иш - чаралар тууралуу сүйлөшөбүз. Программабызга, уставыбызга өзгөртүү киргизүүгө жумушчу топ түздүк, аны да сьездде карайбыз. Шартка жараша программабыз 1992 - жылдан бери өзгөртүүсүз келаткан, эми коомдун өнүгүү деңгээлине жараша бизде да өнүгүү болушу зарыл болуп турат. Жыл сайын жаңылануу, алдыга жылуу болот, жаңылануу менен алдыга жылууда жашап атып бир кадамда кадалып туруп калуу да болбойт экен.
- Президенттик шайлоого катышасыздарбы?
- Эгерде сьездге чейин президенттик иштер башталса анда ич ара сүйлөшүү, талкуунун негизинде биздин партиянын атынан барчу талапкер көрсөтөбүз. Кокус ага чейин уруксат берилбесе анда президенттик шайлоо дайындалгандан кийин гана бул темада партиялаштар пикир алмашабыз. Биздин партия эң чоң партиялардын бири, идеологиябыз, тарыхыбыз бар, жасагандарыбызды эл көрүп атат. Бир "кемчилик" - завод - фабрикаларды ээлеп алууга үлгүргөн чириген байларыбыздын жоктугу. Материалдык жактан кээ бир партияларга теңделе албайбыз. Бирок мен ойлоп атам эл акча - тыйынга алданбаган заман келди, чындык кайсы тарапта экенин түшүнүп, элибиз сабаттуу боло баштады. Коммунисттер партиясы шайлоого буйруса катышабыз. Ким талапкер болот аны жакындаганда айтабыз. Саясый зарылдыкты эске алганда да катышышыбыз керек. Буйруса, соттук иштерим аягына чыкса июнь айынан тартып элди аралап, теледен тепкилешкендерге жооп кылып чындыкты айткан китеп жазып Кыргызстанды кыдыруу оюмда бар.
- Быйыл эгемендүүлүктүн 20 жылдыгы эмеспи, бул жылдар аралыгында эмнеге ээ болдук да, эмнени жоготтук?
- Буга бир сөз менен жооп берүүгө болот, Кыргызстандын 500 миң жараны чет элге кетти. 280 - 300 миңге чамалуу жумушсуздардын саны каптады. Булар 20 жылдын жыйынтыгы болсо мындай жылдар керек эмес мага. Башка мамлекеттердин саясий таасиринин алдында калып, өлкөбүз өзүнүн эгемендүүлүгүн жоготту. Америка алгач Манас аэропортунда ачты базасын, эми түштүккө кезек жетти, анда ачабыз дешип атышат. Бул эмненин белгиси? Американын саясатчылары базаны орнотуу менен ал жакта туруп бу жердеги болгон кыймылдарды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк алышат. Бул жердегилердин айрым аракеттери жакпай калса, ал жактагы саясий технологдор оңой эле алмаштырып кое алышат. А биз 5 миллион калкы бар кичинекей мамлекетпиз, курал потенциалыбыз жок болгондуктан тез эле көз каранды болуп калабыз. Ушулардан улам 20 жылды жыйынтыктоодо бир суроо жаралат, биз туура жол менен кетип баратабызбы?
- Өлкөнү ички, тышкы миграциянын чоң толкунунун таасиринен кантип куткарып калууга болот? Ушул эки нерсенин толкуну элдин нааразычылыгын жаратып аткан жокпу?
- 7 - апрелдин алдында Коммунисттер партиясы түштүк эли менен жолугушуп келдик. Элдин нааразычылыгы күчөгөнү сезилди. Бирок жөнөкөй элдин нааразычылыгы бакиевдик, акаевдик режимге эмес, турмушка карата болуп атат. Бишкекке келген кыргыз жарандарын эле көчөдөн милиция кармап кетип атканын айтышат. Алыска барбайын, кечээ жакында эле менин тууганымды милициялар кармап паспорту бар болсо да, шаардык каттоо жок экен деп бир топ убакыт кармашты. Мен чалгыча кое бербей турушту. Россияда канча жараныбыз иштеп жүрүшөт, ал жактын улутчул жаштарынын тобу бар, азияттарды кармаган жеринен эле басып салышат. Кыргыздар такси менен жүрүүгө аргасыз. Бир жолу Москвага барып калдым, тосуп алганы балдар такси менен келишиптир. Акчаңар көп турбайбы, такси менен жүрсөңөр, десем, айла жок, метрого кире албайбыз коркобуз, дешет. Бул жакшылыктын белгиси эмес. Кыргызстандан Россияга барган жарандар ал жактын атуулдугун алганга аракет кылышат. Анткени атуулдук менен иш табуу оңой болот, карыганда пенсия менен камсыз болушат. А ошол жарандар биздин атуулдугубуздан чыгыша элек. Бул өтө чоң көйгөй. Кеткен жарандарыбыздын ордуна кимдер келет, Тажикстандан, Өзбекстандан келгендер алардын ордун толуктап атабы? Азыр элеске албай атабыз, бирок дагы он жылдан кийин кокуй биздин жарандарыбыз кайда деп кыйкырып баштаарыбыз айдан ачык. Россия, Казакстан сыяктуу эле бизде да СССРден калган завод - фабрикалар талоонго учурабай, иштеп турганда ошол жарандарыбыз ушул жерде эле жан багып жүрүшмөк.
Жалпысынан 150 партия каттоодон өткөн. катталбай калганы да бар. Чакан мамлекет үчүн мынча сумма ашыкчалык кылбайбы? Эмнеге партиялар баштарын кууштура алышпайт?
- Барган жерден сурашат, эмнеге партиялар башыңарды бириктирбейсиңер, жүздөн ашык партия бар, жок дегенде элүү болбойсуңарбы деп. Эмнеге партиялар кошулбайт? Себеби лидерлердин - бир - эки жолу депутат болгон киши башка бирөөнү өзүнөн өйдө турат деп эсептебей калмай өзгөчөлүгү бар. Министр болуп анча мынча күрөшкө катышып калган кишилер эч кимди укпайт да, аялынан башка эч кимден коркпой калат. Бирок ошондо да кичинекей топторго болсо да биригүүгө аракет жасашыбыз керек. Жогоруда айткандай аларды да бир жерге чогултуп туруп, мамлекеттин, элдин тынчтыгы үчүн бир тилге, бир пикирге келбесеңер, бирикпейбиз деп кежирленгениңерди элге жеткизебиз деш керек. Болбосо кызмат үчүн биз мамлекетти жоготуп алуу коркунучуна улам ылдый батып баратабыз.
- Кызмат үчүн сиз дагы күрөшкө чыгып көрдүңүз беле?
- Мага кызмат керек эмес, керек болсо учуру келгенде өзүм алганга кудуретим жетет. Кызматсыз калдым деп капа тарткан да жерим жок. Ал эми кээ бирлерге кызмат керек, адамдын мүнөзү ар кандай болот да, кээ бир адамдар кызматты наркозаттай эле кабыл алып калышкан, ансыз жашай алышпайт. Баланча жерге начальник кыл, же баланча тармакка министр кыл иштеп берем дегендер бар. Бериш керек буларга. Иштеп берем деген адам иштеп берсин. Бул реалдуу жол, бирок оор. Чыр болот, урушат - талашат, акыр аягында жыйынтыкка келишет. Кызматтагылардын ар бир сөзүн теледен көрсөтүп, элге жарыялай бериш керек. Анан адам өзү сүйлөрдөн мурун ойлоно турган болуп калат. Көп нерсе элге ачык жетпегендиктен сыртынан салмактуу сүйлөп койсо ишенип калышат. Тарыхты унутпай эске ала жүрүү керек. Коммунисттер эч качан өз позициябыздан тайбайбыз, алдыга ушуну менен барабыз.
- Ички саясатыбызга Россия сыяктуу ири мамлекеттердин таасири тийеби?
- Сөзсүз. Россиянын Биринчи каналынан кайсы бир талапкерди мактап чыкчу болсо айрыкча шаарда жашап аткан орустарга, же башка улуттарга сөзсүз таасир берет. Бирок добуш берүү кабинасына келгенде Кремль сен үчүн добуш бере албайт. Россия, Америка, Казакстан болобу, жардам берсе каражат жагынан жардам береттир, бирок түзмө түз жардам бере албайт. Менин билишимче Москвадан же Астанадан бир убакта эле үч - төрт талапкерге сени колдойбуз деп коюшат экен. Кимисинде күч көбүрөөк топтолуп атканын байкашат да анан ага ыктап башташат. Бир адамга ымала санап, тобокелчиликке бара алышпайт. Аларга варианттын көп болгону ыңгайлуу. Азыр бир саясатчы Москвага барып келсе уу, дейбиз, Астанага барса оо, дейбиз, Америкага барчу болсо таптакыр эле оозубузду ачып калабыз. Андыктан таасир берет.
- Шайлоого чейин убадалар жаап, шайлоодон кийин унутулганы мыйзам ченемдүү нерсе болуп калды окшойт. Сиз дагы кайсы убадаларыңызды унутта калтырдыңыз эле?
- Шайлоо деген шоу. Мен шайлоочу болсом эки талапкер сөз сүйлөп атасыңар дейли. Сиз Путин менен досмун, ага барып Кыргызстанга акча алып келем, деп койсоңуз ишенбесем да сөзүңүз жага түшөт да мага. Шайлоо - театр сыяктуу, бир - эки ай утушта жүрөт, бир күн добуш берилет, анан беш жыл күтүш керек. Бардык айтылган убадалар эле чындык боло бербейт, мына жарыкты өз наркы менен беребиз дешкен, бериштиби? Ооба, жарандарга арзандатып коюшту, бирок өндүрүш керектөөлөрүнө 1 сом 50 тыйын бойдон турат. Жарандардыкын төмөндөткөн менен өндүрүш кымбаттаса ал чыгарган нан менен майдын акчасы да көтөрүлөт. Кайра эле айланып баштагы абалга кептелип калып атабыз. Жарыктын өз баасы 24 тыйындан, ошол бойдон берсе болбойбу, убада берилгенден бери жарым жыл өттү, кайда убада? Беш жылдан кийин шайлоо мезгилинде унутпай сураш керек, сен тигини айттың эле аткарбадың, калпычы турбайсыңбы деп. Кыргызда бир мүнөз бар, мейли өзүбүздүн жигит эле, дагы бир колдоп коелу дешип ишенчээктикке салып көбүнө көз жуумп салышат. Он жылдан бери саясатта аралашып жүрүп саясаттын нагыз эле театр экенин түшүндүм. Айрым саясатчылар сахнага чыкчудай эртеңки элдин алдында сүйлөчү сөзүн күзгүнү карап репетиция кылып, ага ылайык костюмун дайындап даярданышканын билем, бул нерсе саясаттын театр экенин дагы бир ирет далилдеп турат. Мен эч убакта аткарылбай турган куру убадаларды берген эмесмин. Ачык эле жолуңарды асфальттап бере албайм, көпүрөңөрдү салып бере албайм, бирок мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген мыйзамдарга терс баамды, туура келгенине добушумду берем. Ар бир талкууга активдүү катышам дегем.
- 20 жылдагы болуп өткөн окуялардан кийин элдин корккону бийликке аралашкандардын саясый амбициясы эмес, үй - бүлөсү болуп калды. Сиздин балдарыңыздан саясатка жакыны барбы?
- Аялым президенттик администрациянын сыйлык берүү комиссиясынын жетекчиси болуп иштечү, эч нерсе дебей эле ордуна башка бирөөнү коюп, иштен бошотуп коюшту.

(Уландысы 7-бетте)




Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_5.htm on line 42

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_5.htm on line 42

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_5.htm on line 42

кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_5.htm on line 42

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_5.htm on line 42

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_5.htm on line 42




а ­е¦Є.НҐй«