, 27.05.11 - 2-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Кыргыз тилдүү журналистиканын стилистикасы боюнча алгачкы практикалык колдонмо чыкты
Кыргыз тилдүү журналистиканын стилистикасы боюнча алгачкы практикалык колдонмо чыкты. "Жазганыбыз жакшы окулсун десек..." деп аталган китептин автору - белгилүү журналист Жыргалбек Касаболотов.
Колдонмо жогорку окуу жайларынын журналистика факультеттеринин студенттерине, жаш журналисттерге арналган. Анда кыргыз тилдүү журналистиканын стилистикасы, айрым эрежелери боюнча бир катар пайдалуу кеңештер, байкоолор жана тыянактар бар. Алсак, сүйлөмдүн грамматикасын так сактоо, сөздүн ыгы, кыргыздын төл сөздөрү, макал-лакаптарды колдонуунун ыгы боюнча кеңештер берилген.
"Жазганыбыз жакшы окулсун десек..." китеби "Журналисттер" коомдук бирикмеси тарабынан "Internews Network" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен чыгарылды.

Бабанов Валерий Хонду сотко берет
Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов "мага Бабановдун коргоо кызматкерлери кол салды" деген айыптоолору үчүн Валерий Хонду сотко берүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Бабанов парламент комитетинде билдирди.
Вице-премьер-министр Бабанов Хонду белгисиз бирөөлөр башка уруп кеткенин депутат Асия Сасыкбаевадан укканын айтып, ишкерге кимдер кол салганы тууралуу маалыматы жоктугун кошумчалады. Бул окуя боюнча күнөөлүүлөр өз жазасын алышы керектигине токтолгон Бабанов, "негизсиз айыптоолор үчүн жооп бериш керек" деп белгиледи.

Жибек Сакеева 10 жылга эркинен ажыратылды
Индонезияда маңзат менен кармалган кыргызстандык Жибек Сакеева 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бандунг шаарында кыргызстандык Жибек Сакееванын иши боюнча сот жыйыны өтүп, анда кыргыз кызы маңзат аткезчилигине катышкан деп табылган. Сакеевага 1 миллиард 100 миң индонезиялык рупий өлчөмүндө айып пул салынып, 10 жылга эркинен ажыратылды. Ага карата коюлган айып пулду төлөй албасын эске алып, сот Сакееваны кошумча 6 ай эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.
Сакееванын жактоочусу Рики Гунаван кыргызстандык Жибек Сакеева сот чечимине макул эместигин билдирип, Индонезиянын Жогорку Сотуна апелляциялык арыз менен кайрылганын билдирди. Индонезиянын Жогорку Соту жыйын өткөрбөй чечим чыгаруу укугуна ээ. Сакееванын иши боюнча акыркы чечим 3-6 ай аралыгында чыгып калары күтүлүүдө.

Жүн ийриген жалгыз ишканага өкмөт жардам берет
Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев жүн ийриген жападан жалгыз ишкана - "Касиет" ачык акционердик коомуна мамлекеттен жардам берүү тууралуу жардыкка кол койду. Аталган ишкана 1997-жылы Германиядан техникалык кредит алган, натыйжада анын карызы өсүп отуруп 406 миң еврого жеткен. Өкмөт бул карызды төлөп бергени жатат. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, карызы жоюлгандан кийин ишкананын өндүрүмдүүлүгү 6 эсе өсөт жана 900гө жакын адам туруктуу иш орду менен камсыз болмокчу.

Жылына 800 миңдей паспорт берилет
Бул тууралуу "Паспорт тууралуу" мыйзам долбоорду иштеп жаткан жумушчу топтун жетекчиси, "Ата Мекен" фракциясынан депутат Равшан Жээнбеков топтун жыйынында билдирди. Анын айтымында, паспорт алуунун жол-жоболору мүмкүн болушунча оңойлоштурулушу керек. Жээнбековдун айтымында, азыркы паспортто керексиз жерлери көп, ошондуктан жашаган дареги, үй-бүлөлүк абалы өзгөргөн учурда кайта-кайта алмаштырууга туура келет. Четте жүргөн кыргызстандык жарандарга Интернет аркылуу паспорт алууга, же алмаштырууга шарт түзүлүшү зарыл.
Ушул айдын башында паспортторду даярдап басып чыгаруу менен алектенген "Интел Линкс" ишканасынын жетекчиси Таалайбек Жумадылов өкмөт чукул чара көрбөсө күзгө карай Кыргызстанда паспорт тартыштыгы күчөшү ыктымал экенин эскерткен. Анын айтымында ID карта үчүн керектүү материалдар сентябрь айынын башында, ал эми паспорт алуу үчүн толтуруучу кагаздар сентябрь айынын этегинде түгөнөт.





Өмүрбек Абдрахмановдун өмүргө тете катасы
"Ата Мекендин" мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов "Манас деген ким өзү? Ал бир бандит" деп кыргыздын тарыхы, руху болгон Манаска жеке сыпаттамасын ачыкка чыгарды. Адам болом десең тарыхыңды тааны дейт, Өмүрбек мырза Манасты бандитке чыгаруу менен катуу чалынды. Бутунан мүдүрүлсө туруп кетмек, а бирок ооз-дон жаңылуу эзели өйдөгө тургузбайт эле, эми кантээр экен. Абдрахманов Манасты бандит атаса, Манастын руху башынан эле "Ата Мекенге" болгон мээринен артка кайткансыйт. Партиянын мүчөлөрү биринен артынан бири чалынып, эл ичиндеги аброюн күбүп башташты. Алгач Текебаев анан барып Байболов ойлонбой сүйлөгөнүнүн азабын тартты, эми минтип Абдрахманову болгондо да кыргыздын баатырын бандитке теңеп, өзү тарбия көрбөгөн, тарыхты уруп ойнобогон нагыз бандиттигин көрсөттү. Америка сыртынан мекенчил аталган партияга ык тарта баштаганы, алар антсе булар таптакыр эле жантыгынан жата калганы жашыруун эмес. Кыргыздын рухун басып Батыш өзүнүн рухун жөнөткүсү келип, минтип өз урпактарын өз бабасына каршы коюп коюшту. Манасты кайдагы бир бандит санаса Өмүрбек мырза "Манас" коомун эмнеге тегеренип жүрөт? Ал жакка жарым метр жакындатпай, кыргыз туруп кыргыздын рухуна шек келтирген адамдын коомдогу өмүрү ушуну менен соңуна чыгышы керек. Американын таасирине арбалып, Манаска каршы сөз сүйлөөгө батынган "мекенчилдин" акылдуусуна сүйлөгөнү керек эмес, андан көрө талаага чыгып кетмен чапсын да, бош убактысында "Манас" үчилтигин окуп чыксын.

Жаңы китеп саамалыгы
Кыргыз тарыхында элчи жана элчилик жөнүндөгү булактар аздыгына карабай алар алиге толук изилденип бүтө элек. Бул жыйнак-хрестоматиянын башкы максаты Нышаа баатыр элчи жана анын доору, замандаштары аркылуу XVII жана XVIII кылымдын биринчи жарымына чейинки кыргыз тарыхын санжыра жана орус, кытай, казак булактары негизинде көргөзүү жана аларды соңку иликтөөлөр менен толуктоо. Басылма санжырага, тарыхка, эл аралык мамилеге, өзгөчө элчиликке кызыккандарга, ошондой эле окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган.

ЖК комитети Турусбековду кызматтан убактылуу четтетүүнү чечти
23-май күнү Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана коргонуу комитети Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара кызматынын төрага орун басары Чолпонбек Турусбековдун ишине байланыштуу талкуу курду. Анда келип түшкөн арыздар териштирилип жаткан чакта Турусбековду кызматтан убактылуу четтетүү тууралуу чечим кабыл алынды. Маалыматтарга караганда комитет чечимин эми өлкө президентине жана УКМКнын төрагасына жөнөткөнү жатат. Турусбековдун ишине байланыштуу түшкөн арыздарды УКМК иликтеген. Атайын кызматтын төрага орун басары Марат Иманкулов комитет жыйынында анын жүрүшүндө арызда айтылгандар тастыкталбаганын билдирди. Бирок Аскер прокурорунун орун басары Нуркамал Набиев чек ара кызматынын төрага орун басары бир топ мыйзам бузууларга жол берген деп айтты. ЖКнын комитети УКМК жүргүзгөн иликтөөнүн негизинде Башкы прокуратурага дагы териштирүү жүргүзүүнү тапшырды.




  Өкмөт сүйлөйт

В.Путин А.Атамбаевди чакырды
Минск шаарында КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги отурумунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Өкмөт башчысы Владимир Путин жана Казакстандын премьер-министри Карим Масимовдор менен жолугушту.Жолугушуу учурунда тараптар эки тараптуу кызматташуунун абалын, мамлекеттер ортосунда мурда жетишилген макулдашууларды жүзөгө ашыруунун жүрүшү жана мамлекеттер аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, Владимир Путин Алмаз Атамбаевди ушул жылдын 16-18-июнунда " Лидерлер жаңы заман үчүн " девизинин алдында Санкт-Петербург шаарында өтө турган Эл аралык экономикалык форумга катышууга чакырды.

Экономикалык кырдаал турукташууда
Кыргызстанда экономикалык кырдаал турукташып келе жатат. Германиядан келген инвесторлор 4 млн. долларга чейин долбоорлорун сунуштап жатканын Өкмөт башчы А.Атамбаев Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын башчысы Томас Миров менен жолугушуусунда билдирди.
ЕРӨБдүн президенти да бул жолугушууда жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүлөөрүн, кийинки айда айнек чыгаруучу "Интергласс" ишканасын оңдоого 8 миллион евро көлөмүндө каржылоо маселеси чечилээрин жана финансы министрлигинде Кыргызстандын түштүк аймагын суу менен жабдуу, көчөлөрдүн жарыгын камсыздоо долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкууланганын ырастады.

Таш-Көмүрдүн "Кристалы" жанданат
Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев бул жөнүндө Таш-Көмүрдөгү жарым өткөргүч материалдар заводунун базасында заводдун курулушуна кызыккан "Riche group" жана германиянын белгилүү "SСНМID" компаниясы инвесторлордун тобу менен жолугушту. Жолугушууда инвесторлор, "Кристалл" заводунун базасында такыр жаңы заводду куруу долбоорун ишке ашырууну сунуштады.
Болжолдуу инвестициянын алгачкы суммасы 800 миллиондон ашык евро, заводдун өзүндө 2000 жаңы жумуш орундары түзүлүп, кийин анда 10 000 ден ашык жумуш орундары түзүлмөкчү.

Германиянын "Тиссен-Крупп" концерни
Кыргызстанга кызыгууда
Кыргызстандын Өкмөт башчысы Алмазбек Атабаев менен дүйнөдөгү ири концерндердин бири "Тиссен-Крупп" сыяктуу дөө-шааларынын өкүлдөрү жолугушту.
Буга чейин Кыргызстанга Европа континентиндеги ири компаниялар анчейин кызыкчу эмес эле, эми кыязы республикабыздын инвестициялык мүмкүнчүлүгү алардын назарына түшкөн сыяктуу.
ФРГдан келген инвесторлор минералдык сырьелорду иштетүүгө кызыгаарын маалымдады. Германиялык ишкерле жергиликтүү сырьеролорду - көмүр чаңдарын, таштарын жана кварцитти пайдаланууга ык коюуда.