Кыргыз гезиттери

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_11.htm on line 2

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_11.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_11.htm on line 2



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_11.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_11.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_11.htm on line 2
п»ї
  көз караш

Патриоттуулугуңду аялзатынан башта, кыргыз мырзасы
Бардыгы патриот, саясатчысы деле, журналисти деле, жөнөкөй жараны деле. Кыргыз десе жанын канжыгага байлап алып, кыл чайнап жиберчүдөй. Алар бир нерсени унутушту - Чыңгыз Айтматовдун айтканы бар: "Эркектин эркектиги аялзатына жасаган мамилесинен билинет". Мырзалар кайсы патриоттуулукту айтып атканын өздөрү да түшүнбөйт. Улуттун башаты энеде, аялзатында турат, алар ошол башатты өчү бардай булгап атышат да кайра эле патриоттуулукту кеп кылышат.
Агенттен бир мырза менен таанышып калдым. Блогуна жазылган "Манас, Кыргыз" деген ураандары патриот жигит экенин билгизип ичти жылытчу. Бирок, бир сөзү патриот деген эмне экенин өзү да жетиштүү билбесин байкатып койду. "Аялым бар, балам бар, бирок дагы да үйлөнүшүм керек. Кыргыз кыйын абалда турат, кыздары бузулуп баштады, үстүм - үстүм аял алып, кыздарды бузукулуктан сатабасак болбойт", дейт. "Кантип багасың көп аялды?" десем, "Өздөрүнө өздөрү багышат, аялдар деле иштеп атышпайбы, мен жалпы жонунан көзөмөлдөп турам", деп коет. Катар - катар аял алуу менен кыргызга кызмат өтөгүсү келген мырзалар бактыга каршы көп. Бул жигит агаларынан, аталарынан үлгү алган. "Аял назик жан, эркек аны коргош керек", дедим. "Коргой алам, - дейт кебелбей, - керек болсо бир учурда он беш эркек менен деле мушташа берем". Аялды коргоону кайсы бир эркек менен былчылдашуудай түшүнгөн жигитке рахмат. Аялды турмуштун ак - карасынан, бороон - чапкынан, ысык аптабынан канатын жайып, көңүлүнө бейпилдик берип коргоону айткан элем, таптакыр башка жооп алдым.
Бул жигит менен болгон сүйлөшүүдөн кийин ойлондум. Кыргыздын кыздарынын ырысына чын эле ким түкүрүп атат? Сахнага кылак этип чыга калган татынакай кыздарыбызды бир ай, эки ай өтпөй кайсы бир саясатчы, бизнесмендер "илип" кеткени тууралуу каңшаар каптай түшөт. Анан тез эле экинчи саясатчынын ысмы ал ырчыга байланышып айтыла баштайт. Таланттуу, татына кыздарыбыз тез эле ушактын кара түтүнүнө кептелип, ыш жыттанып кала беришет. Эл алдында ыш жыттанганы башка, өз жандүйнөсүндө туталанып, абийиринин сотунан кача албай, чарпылганычы. Аны менен эсептешкен эркек жок. Бир журналист мырза бар. Жазганы укмуш. Бийликтегилердин былыгын чукуп, "алып алды, жеп алды, кыргызды курутту, тиги тигинтти, бул минттиден" баштап, канткенде кыргыз оңолот дегенге чейинки акылдуу кептерин жазат. Анын жазганын окуш керек, бирок өзүн көрүүнүн кажети жок. Ошондо акылдуусунганын окшубай окуйсуң. Куйругунда байланган калдыраган калбыры толтура, анан да сунушун четке кагып койгон кыздардан калп сөзүн таратып, ак жерден айыпка тартып өчүн алчу да "мыкты" жайы бар. Ошол жигит кайсы бир көпчүлүк отурган жерде адатынча акылдуусуна, кыргызга аябай күйгөндөй кабагын бүркөп алып айтып атат: "Кыргыздын кыздарын саясатчылар бузуп атышат". Ал жигит өзүн саясатчыларга кошуп алды көрүнөт.
Мындан мурунку чакырылыштагы депутаттар арасында бир депутаттын өзгөчө "касиети" кезеги келген жерде мурдагы кесиптештери тарабынан айтылып калат. Депутат - мырза жан - жакасында иштеген кыздарды коридордон эле бура бастырбай, сунушун айтып алчу экен. Адатта кызга көзү түшкөн мырза жигит алгач жакшы сөз менен имерет, анан гүл тартуулайт (бул эми биздин мырзаларга таптакыр жат көрүнүш, гүлдөй болгон аялзатына гүл тартуулоого аз сандагылардын гана башы жетет) анан гана айтчусун айтат, кокус терс жооп укса, кекетпей эле жигиттик сабырына салып экинчи кыздын тынчын албайт эмеспи. А тиги депутат дароо эле "Бүгүн түнү мени менен болосуңбу?" дечү экен. Бийлик колдо, акча чөнтөктө, менин сөзүм сөз деген дымагы болсо керек да.
Алгачкы бир ырынан кийин эле эл оозуна алына түшкөн ырчы кыз өз оозу менен айтып берген. Кайсы бир тойдо таанышып калышкан саясатчы ырчы кыздын татына келбетин, ташкындаган талантын жарым саат мактагандан кийин "ырларыңды жаздырып берейин, сендей кыздан кантип жардамыбызды аямак элек", деп али белгилүүлүктүн тепкичтеринин аки - чүкүсүн билелек кызды жакшы сөз менен жибитип ресторанга чакырат да тамагын жегизип, ичкизчүсүн ичкизгенден кийин жанаша отурган жеринен эле ырчы кыздын юбкасына колун соймоңдотуп жибериптир. "Бул эмне кылганыңыз?!" деп чоочуган кыздын уккан жообу бул болуптур: "Жөн отура берсең, мен сага кө - өп акча берем".
Легендарлуу парламенттин бир депутаты Жогорку Кеңештин сессиясында, журналист, камералардын курчоосунда өзүнүн эркектик деңгээлин, кыргызга болгон сүйүүсүнүн температурасын бир ооз сөзү менен эле өзү да байкабай далилдеп алган экен. Ошол учурда Түндүк Электрону сатуу тууралуу токтомду талкуулап жатышканда жанталашып трибунага чыга калган депутат: "Биз кыздарды кантип алдайбыз, баары жакшы болот, мен сени таштабайм, мен сени жакшы көрөм, дейбиз да ишибиз бүткөндөн кийин бурулбай басып кетебиз. Булар да бизди ушинтип алдап атышкан жокпу?" деп балп эттирген. Мына, бийликтин бир бутагында туруп жакшы жагы менен инилерине жол көрсөтчъ жигит тескерисинче өзүнүн деңгээлин, ички дүйнөсүнүн чабалдыгын айгинелеп салганы.
Мурунку замандын (мурунку бийликтин дегенибиз) бир министри түштүк тарапка иш сапары менен барып калып, кайсы бир кабылдамада отурган жаш кызга көзү түшүп калыптыр. Сыртка чыгаары менен ал мекеменин жетекчисине айтып, өзү шаардын сыртындагы эс алуучу жайга кетет. Артынан саат өткөрбөй баягы кызды дегдеңдетип жетелеп жардамчылары жете келишет. Түнү көзүнө жакшы көрүнгөн кызга эртең менен министр мырза галстугун тагынып: "Сен кайдан келген эмесиң? Бул жерде эмне турасың, кетпейсиңби?!" деп күчтүү тон менен айтып кекирейе басып чыгып кеткенин күбө болгондор айтып жүрүшөт.
Мындай мисалдар толтура. Чекесин гана чертип чыктык, калганын калпып убара болуштун кажети жок, эки - үч эпизод эле кыргыздын атка минер мырзаларынын көрөңгө деңгээли канчалык экенин ачып бергенге жетиштүү.
Союз убагында бир чоң кызматты ээлеп турган адам тууралуу икая бар. Ал адам эчак маркум болуп кетти, арбагын козгобош үчүн атын атабай эле коелу. Эч убакта пара алчу эмес экен, өзүнөн чоңдордун да чийинден чыккан суранычына быш этип койбой, канча деген жетекчилер ага жагынуунун жолун издешчү дешет. Бирок, ал аксакалдын бир таалуу жери - аялзаты болгон экен. Паранын, тааныштын ордуна аялзатын алчу дешет. Убактылуу көңүл ачканга сулуу, жаш кыздар менен тааныштырган кол алдындагы жетекчилерди апааттан аман алып калчу тура. Бирок, кыргыз кыздарын эмес. Эпадам адашып кыргыз кызы менен тааныштырып алган жетекчинин ошол күнү жетекчиликтеги өмүрү бүтчү экен. Башка улуттун кыздарын каалашыңча тааныштыр, бирок кыргыз кыздарын жанына да жолотпо. Бул анын кыргыз кыздарын жактырбагандыктан эмес, тескерисинче өтө барктап, аяр тутканынан. Улуттун эртеңи аялзатына байланыштуу болоорун, аялзаты гана улуттун тукумун үзбөй урпак жаратып, энелик сүтү менен эне тилин оозантып, кыргызга кыргыз кошорун билген да, аны өтө бийик көтөргөн.
Кыргызды кыргыз кылгысы келген мырзалар бир нерсени унутуп атышат - алар күйүп - бышкан сөздөрү менен эмес, аялзатына болгон урматы, татыктуу мамилеси менен кыргызды сактап калышмак. Улутту саябанында калкалаган дарак болуп турган аялзатынын бутагын сындырып, жалбырагын жулуудан ырахат алган мырзалары бар эл кантип аруулукка умтулат да, кантип жоголуу коркунучунан арылат? Өзүнүн улутунун энесин тебелеп - тепсеп аткан мырза кыргызга күйгөндүн ордуна өзүнүн туура эмес калыптанган дилине күйсүн да, биринчи анысын оңдоп алсын. Табият аялзатына ишенчээктик жароокер мүнөздү, назиктик менен алсыздыкты ыроологон болсо эркекке ошол назиктикти коргоочу күчтү берген. Биздин мырзалар табият ак тилек менен берген күчтү, өзгөчөлүктү назиктиктин тамырын кыркууга жумшап атышат. Улутун чын дилинен сүйгөн эркек улутунун аялзатына татыктуу мамиле жасоо менен баштайт. Патриотсуңбу, алдагыдай "Кыргызым", "менин элим" деп калптан көөдөн күйгүзбөй, жөн гана аялды арам ойлоруңардан бийик коюп койгула, көп сандаган жеңил сөздөн ушул бийик. Эгерде кыздын тагдырынын жоопкерчилигин моюнуңа арта албасаң, артууга чама - чаркың, дараметиң жетпесе, коркоктугуң ашынган болсо, тула боюңду өрдөп келген ит кумарыңды күч менен басып кой. Сен кыргыздын мырзасысың, алп Манастын тукумусуң, элиңе ак дилден кызмат кылууга, көр дүнүйө топтоо азгырыгынан бийик болууга, кызмат үчүн кырчылдашуудан артка тартууга күчүң жетпесе дагы, жок дегенде ит кумарды басып коюуга күч тап. Анте албасаң "Кыргыз" деген кыйкырыгыңды да жогот, кыргыз аялзатын күнүмдүк кумар катары карагандан соң жеке кызыкчылыгың үчүн патриоттуулуктун караанына жашынууга акың жок!
Үмүт Баян





"Чөөлөр саатынын" уландысы
же кыргыздарды шылдыңдаган отчет
(Башталышы 3-бетте)
"Узбеки мало представлены в общественной культуре и исторических записях современного Кыргызстана. Музеи в Оше не делают ссылок на узбеков и их культур..." (90п.) деп Кадыржан Батыров баш болгон чөнтөгү калың өзүбектер сүйлөп жүргөн сөздү жазып жатпайбы. Ушуга удаа эле отчеттун 3-пунктунда "...большинством жертв являлись этнические узбеки. ...около 111,000 (жүз он бир миң) человек оказались перемещены в Узбекистан и еще 300,000 (үч жүз миң) оказались внутренне перемещенными. Также имело место значительное повреждение имущество, прежде всего непропорционально большего количества собственности, принадлежащей этническим узбекам", - деп коогалаңды уюштуруучулар кимдер экенин, анын себебин көрсөтпөй, баланча оокат-мүлк жоголду деп, өзүбектердин өлүк мүлкү жөнүндө кеп кылышат. Мамлекеттин бүтүндүгүнө колсалынып жатса, өлүк-мүлк эмне болуп кетиптир...
Өзүбектерге жантартып, алардын кызыкчылыгын коргоо маселеси 79-пунктта ачык көрүнөт. Анда "Как сказано выше, население южного Кыргызстана традиционно было в большинстве узбекским. Миграция кыргызов в новые индустриализированные южные города началась в 1960-ых годах. После обретения независимости в 1991 году начались новые волны миграции..." (79п.) деп тээ байыртадан бери эле Түштүк Кыргызстанда өзүбектер жашаган, кыргыздар ал жерде болбогон деген акылга сыйбас ой айтылат. Албетте, комиссия мүчөлөрү муну билбейт, билгиси да келбегени көрүнүп турат. Биринчиден, 1924-жылдарга чейин өзүбек деген аталыштагы улут бар беле, аларды сарт дешчи эмес беле, экинчиден, Ош, Жалалабадды жөн кой бүтүндөй Фергана өрөөнү, Ташкентке чейин тарыхый жактан Кыргыздар жердеп, жашап, андагы өз мезгилинин саясий абалына Кыргыздар таасир этип турчу эмес беле.
Отчетту окуп отуруп Түштүк алааматын Кыргыздар баштагандай ой калды, себеби өзүбек көп өлдү, өзүбектин мүлкү таланды, аял-кыздары зордукталды, махаллалары өрттөлдү, аскерлер, милийсалар курал берди кыргыздарга, алар куралданып даярданып чыгышыптыр деген сыяктуу сандырактаган ойлор айтылат.
Беш мечиттен мезгилсиз азан чакырып, өзүбектер күргүштөп кыргыздарды 10 июндан 11 июнга караган түнү кырганы, мурдатан эле даярданышып, машиналарды брондоп, ок атчу тешиктерди жасашы, SOS деп үйлөрүнүн үстүнө жазып койгондору Ош тв, Мезон ТВ аркылуу Кадыржан Батыровдун сүйлөгөн сөздөрү, 20 жыл күттүк эле ушуну деп эл ичинде айткан кеби, автономия талап кылганы, өзүбек тилине мамлекеттик тил статусун берүү талабы, Кыргыз Республикасынын улуттук, мамлекеттик желегинин өрттөлүшү, тебелениши, мамлекеттин, официалдуу бийликтин куралсыз өкүлдөрүн мазактап өлтүрүшү, муну менен мамлекетке, бийликке колсалгандыктары жөнүндө эч кеп кылбайт, кеп кылса да аларды жумшартып, жөн эле атап, стилдик боёксуз, эмоциясыз кургак сөздөр менен констатация гана кылып коёт.
Анан ушундан кийин өлгөн кыргыздар ыйлабай ким ыйлайт. Тирүү кыргыздар ыйлабайт, анткени аларга баары бир, бул отчетту карап да коюшпайт, өзгөчө жетекчилерибиз, алар нигилист, космополит, суу жүрөк, коркок, колдорунан эч нерсе келбейт, улуттун, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы дегенди түшүнүшпөйт, өзгө караганда алар өзгөнү, башканы жакшы көрүшөт, башкалардын добушун алууга жанталашат, элдин кызыкчылыгын туу туткан мекенчил жигит-кыздарыбызды баса калганга даяр, "жаман айгыр энесине тап" болушуп. Эгер чычаласаңар андай эмес экендиңерди көрсөткүлө, далилдегиле элге...
Албетте, отчетто көп маселе боюнча сөз болот, ошол мезгилдеги кырдаалды билбей туруп убактылуу өкмөттү, органдын адамдарын, алардын жетекчилерин негизсиз күнөөлөйт. "Бирөөнү акташ үчүн башканы күнөөлө" принцибин колдонуу менен, комиссия жыйынтыктыгын чыгарат. Буга өкмөт өз комментарийин берет, бирок сыйпалатып, жумшак тайсалдап берет, аз-аздан кемчилигин көрсөтөт. Муну Р.Отунбаева бир ооз сөзү менен жокко чыгарат: "Рекомендации комиссии будут полностью учтены", - деп. Бул эмне дегендик. Эмне Р.Отунбаева комиссия сунуш кылган "Государству следует вернуть название "Республика Кыргызстан" как лучше соответствующее гражданской основе национального строительства, чем название "Кыргызская Республика""(402п.) дегенди, отчеттун 94, 107-пунктарында өзүбектер талап кылган "переименование государства в "Республику Кыргызстан", "... придание официального статуса узбекскому языку" (82, 91, 403п.) дегендерди, Кадыржан Батыровдун сепаратисттик идеянын уюгу болгон Университети "...должен быть отстранен заново и получить лицензию на преподавание" (404п) деген рекомендацияларды "будут учтены" деп ишке ашырганы турабы...
Кыскасы, эларалык көзкарандысыз комиссиянын отчетун окуп чыгып, бул комиссия өз максатынан четтеп, Кадыржан Батыров менен бат-баттан кездешип, анын сөздөрүнө гана ишенип, адвокат катары аны актап-жактап, өзүбектердин таламын, кызыкчылыгын коргоп, Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүнө колсалган сепаратисттик маанайды көрмөксөнгө салып, мамлекетти ичинен ыдыратып, бөлүп-жарып, укуктук негиз салып, мамлекетибизди бир да жолу официалдуу аты менен Кыргызская Республика дебей, Кыргызстан деп атап, өзүбектерден Премьер-министр, коргоо министрин койсо эмне болмок эле (120п) деген кыязда ички ишке кийлигишкен отчет болуптур деген жыйынтыкка келдим. Ушундай жыйынтыкты, рекомендацияны колдогон Президентке аябай таң калдым. Жанагы "Час шакалов" деген китептин Финляндияда жазылышы, басылып чыгышы да ушул отчет менен үндөшүп турабы, отчет ошол китептин "уландысы" эмеспи деген арам ойду да жаратты...

С.Ж.Мусаев
КР УИАнын корреспондент-мүчөсү,
Илим жана техника боюнча
КР мамлекеттик сыйлыгынын ээси,
филология илимдеринин доктору, профессор





Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_11.htm on line 50

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_11.htm on line 50

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_11.htm on line 50

кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_11.htm on line 50

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_11.htm on line 50

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_11.htm on line 50




а ­е¦Є.НҐй«