Кыргыз гезиттери

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_10.htm on line 2

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_10.htm on line 2



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_10.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_10.htm on line 2
п»ї
Кыргызды көтөргөн
"МАНАС"
Дастан коомдо маданияттын жанданышын камсыз кылат. Башкача айтканда ал улуттук маданиятты, каада-салт, үрп-адатты өзү менен чогуу алып жүрүп отуруп, укумдан-тукумга өткөрүп берүүдө маанилүү роль ойнойт. Оозеки чыгармачылыктын булагы болгон эпос, дастан, жөө жомоктор улуттун маданиятын сактап, муундун-муунга өткөрүп берүү менен ал улуттун келечегин камсыз кылат. Мисалга алсак Манас эпосу кылымдын-кылымга оозеки түрдө берилип отуруп, кыргыздардын каада-салтынын, маданиятынын да сакталып, укумдан-тукумга берилишин камсыз кылган. Ошол эле мезгилде Манас эпосу аркылуу биз кыргыздардын жалпы маданиятынын, жашоо шартынын кандай болгонун жаземдебей баамдай алабыз.
Дүйнөлүк адабияттарга назар салсак, оозеки чыгармачылыктын булагы болгон дастандардын ички мазмуну боюнча көбүнесе бири-бирине окшош экенин байкайбыз. Эпос, дастандар негизинен белгилүү бир каармандын күнүмдүк жашоо-турмушу аркылуу бүткүл улуттун, коомдун аң-сезимин, дүйнө-таанымын, каада-салтын, маданиятын, тарыхын чагылдырган ыр сап түрүндөгү көлөмдүү чыгарма болуп саналат. Ошол эле мезгилде дастандар бир эле улутту ачып бербестен, ал улутка тамыры түптөш, туугандаш улуттардын да орток маданияты, орток руханий байлыктары, эрежелери, жашоо шарттары тууралуу маалымат берүү менен коомдун тарыхын, келечегин көрсөтө алат. Ушундай өзгөчөлүктөрү менен эпос, дастандар дүйнөлүк адабиятта маанилүү орунда турушат.
Манас эпосу кыргыздарга таандык чыгарма болуп саналат. 400.000 ыр сабынан куралган бул эпос негизинен кыргыздар менен калмактар арасындагы айыгышкан күрөштү чагылдырат. Эпос салгылаш тууралуу гана маалымат бербестен ошол мезгилде Енисей жээгинде жашаган кыргыздардын жашоо-турмушун да чагылдырып берет. Тарыхый булактарга караганда бул эпостун IX кылымда Кыргыз Хандыгы курулган мезгилде жаралгандыгы тууралуу да маалыматтар айтылып жүрөт. Манас эпосу дүйнөдө Геродоттун "Одиссеясы" менен "Илиадасынан" кийинки эле эң көлөмдүү чыгарма болуп саналат.
Эпостун ички мазмунун изилдеп көргөндө кыргыздын ким экендигин даана көрө алабыз. Кыргыздардын улуттук көз-караштары, дүйнө таанымы Манас эпосунда кеңири чагылдырылган. Манас эпосу аркылуу кыргыздардын бүтүн каада-салттарын жана үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын, башка элдер менен болгон мамилелерин жана адеп-ахлактарын кеңири көрө алабыз. Чындыгында Манас эпосу кыргыздардын энциклопедиясы болуп саналат. Манас эпосун айткандар манасчылар деп аталышат. Манасчылар Манас айтып жаткан учурда өздөрүн ошол убактагы болуп жаткан окуялардын ичинде жүргөндөй сезишкенин, ошончолук берилүү менен айтышкандыгын байкай алабыз. Чындыгында эле манасчылар манас айтууну чеберчилик менен аткарышат.
Түрк дастандарынын бири болгон Манас эпосу муундан-муунга оозеки түрдө өткөрүлүп берилип отуруп, бүгүнкү күнгө чейин келип жетти. Албетте бул эпос аркылуу биз ислам динине чейинки кыргыз маданиятын, кыргыздардын диний ишенимдерин, каада-салт, үрп-адаттарын даана көрүшүбүз мүмкүн. Чындыгында эле эпос болсун, дастан болсун же жөнөкөй эле бир көркөм чыгарма болсун жашоодон алынып жазылат. Жашоодон алынып жазылгандыгы үчүн да көбүнесе чыныгы болуп өткөн окуяларды көркөм чагылдырып берет. Ушул жол аркылуу адамдарга эмненин туура, эмнени туура эмес экенин көрсөтөт жана аларды таалим-тарбияга үгүттөйт. Мисалы Манас эпосунда жана Чынгыз Айтматовдун чыгармасында "маңкурт" сөзүн кездештиришибиз мүмкүн. IX кылымда жазылган Манас дастаны келечекти күн мурунтан сезгендей жаңы муунду маңкуртташып кетпөөгө үндөгөн. Чындыгында эле маңкуртташуу-бул өзүнүн маданиятынан алыстап, башка маданиятка кул болуп, башкаларга кызмат кылуу дегенди түшүндүрөт.
Бүгүнкү күндө Батыштын өнүккөн мамлекеттери башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү жеке көзөмөлүнө алуу, башкаруу максатында чыгарган кинолору, музыкалары, теле-радио программалары аркылуу өзүнүн маданиятын, каада-салттарын жайылтууда. Албетте бир улутту багындыруу үчүн алгач ал улуттун дилин, тилин, маданиятын багындыруу керек. Бүгүнкү күндө батыш дүйнөсү бул тактиканы аябай усталык менен колдонууда жана өздөрүнүн "популярдуу" маданиятын жана каада-салттарын жайылтып жаштарды маңкуртташтырууда.
Бирок бир-эки адамдын кылган кылык-жоругу аркылуу жалпы коомду баалап коюуга болбойт. Албетте улуттун келечегине кайдыгер карабаган билимдүү адамдар, жаштар да бар. Алар өзүнүн улуттук баалуулуктарын, эпос, дастандарын көздүн карегиндей сактап, кези келгенде улуту үчүн, эли үчүн өлүп бергенге да даяр. Мисалга алсак Түрк дүйнөсүнүн баалуу жазуучусу Мухтар Ауезовдун Кыргыз Коммунисттик Партиясынын кезектеги отуруму маалында сүйлөгөн сөздөрүнөн даана байкасак болот. Ч.Айтматов менен М.Шахановдун чогуу жазган "Аскада калган мергенчинин көз жашы" аттуу чыгармасында бул окуя тууралуу кеңири берилген.
Ооба, ал мезгил Совет бийлигинин мезгили болчу. Ал убакта хандыкка, бектикке каршы күрөш жүрүп, бай адамдар кулакка тартылып, мал-мүлкү алынып, элинен айдалган учур болчу. Эпостун баш каарманы Манас да Жакып хандын жалгыз баласы болуп "хан" наамын алып жүргөн. Элүүнчү жылдардын башында Кыргыз Автономиялык Республикасынын Басма сөз органы тарабынан Манас эпосунун хандык заманды чагылдырган чыгарма экени жана коомдук кызыкчылыкка карама-каршы келээри айтылып, анын басылып чыгуусуна тыюу салуу кааланган.
Ушул маселенин тегерегинде Кыргыз Коммунисттик Партиясынын кезектеги съездинде Манастын тагдырын талкуулаган отурум болот. Албетте сөзгө чыккандар Совет бийлигинин көзүнө көрүнүү максатында Манас эпосуна каршы сүйлөшөт. Бир улуттун баалуу эмгегинин жоголуп кетүү, бир эле эмгек эмес улуттук аң-сезимдин жоголуп кетүү коркунучу аларды ойлондуруп да койбойт. Биринин артынан бири чыгып Манасты жамандап сүйлөп жаткандарды сабырдуулук менен тыңшап отурган Мухтар Ауезов унчукпастан баарын жазып отурат. Ал эми Айтматовдун көздөрү да бир гана Мухтар Ауезовдо, анткени анын улутка күйгөн чыныгы адам экендигин сезип турат. Акырында сөз алгaн Ауезов уй мүйүз тартып отурган элдин унчукпай эле баш ийип беришээрин байкайт. Анан "Эмне, чындыгында эле Манас эпосунан кол жууп калабызбы?" деп сөз баштайт да бул жерде бир чыгарманын эмес, бир улуттун тагдыры чечилип жатканын, адамдардын кичине болсо да ойлонушу керектигин баса белгилейт. Ошону менен бирге төмөнкү сөздөрдү сүйлөйт: "Манас, бир улуттун маданиятын муундан-муунга өткөрүп келген ыр сап түрүндөгү көлөмдүү чыгарма. Ал бир улуттун тарыхы, тагдыры. Ал эми Манас эпосун кыргыз элинен алыстатуу, бир улуттун тилин кесип салуу менен барабар эмеспи? Бөрк ал десе баш алган мамилелер бизден качан жок болот?" Ушул сөздөр менен ар бир кыргыздын аккан каны, тамган көз жашынан жаралган улуу эпосту сактап, коргоп калганга жетишкен.
Ошол күндөн ушул күнгө чейин сакталып, муундан-муунга берилип келген Манас эпосу өзү менен чогуу улуу элдин маданиятын да, тилин да, дилин да сактап келет. Чындыгында Манас эпосу кыргыз маданиятынын документалдуу көрсөткүчү болуп саналат. Ошондуктан анын кыргыз калкы үчүн мааниси аябагандай чоң. Азыркы учурда Кыргызстанда кичинекей балдарга Манас аты берилип жатат. Мындан тышкары Манас айылы, Манас университети, Манас көчөсү, Манас кинотеатры жана башка ушул сыяктуу аталыштардын баары Манастын ысымы менен байланышкан. Манас дегенибизде Кыргызстан эсибизге келет. Тарыхтан ушул күнгө чейин келген бул эпос, чындыгында кыргыз маданияты үчүн чоң мааниге ээ.
Ал эми тарыхы улуу эл ар качан улуу чыгармаларды жарата берет. Руханий дөөлөттөргө бай кыргыз калкы канчалаган эпосторду жараткан, мындан ары да канчалаган эпосторду жана Чыңгыз Айтматовторду жарата бермекчи.

Ак калпактуу, ак жүрөктүү,
Беш миллион Кыргыз эли.
Маданияты Манас менен,
Дүйнөгө жактырып тараткан.

1.5 миллиард элге коңшу болуп,
Баатырлыгын көрсөткөн.
500 миң сап дастанды жаратып,
Маданиятын өнүктүрүп сактаган.

Чыңгыздын жазган эмгектери,
72 элге жаңырып жактырылган.
Кыргыз, бул маданий байлыгын,
Дүйнөгө үлгү кылып калтырган.
Өмер Чакын
Кыргыз-Түрк Манас Университетинин кызматкары





Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_10.htm on line 48

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_10.htm on line 48

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_10.htm on line 48

кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_10.htm on line 48

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_10.htm on line 48

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0527_10.htm on line 48




а ­е¦Є.НҐй«