п»ї
  Эрнест Мусаев, фотожурналист:

"Кыргыз Руху" үчүн ашпаган ашуу, кечпеген суу калбады"
Үрпөйгөн чачтуу башкы редактор
"Кыргыз Рухун" силердин улантып кеткениңер абдан жакшы болду. Ушул гезитти түптөйбүз деп Султан экөөбүз ашпаган ашууларды, кечпеген сууларды кечтик. Кыргызстанды бүтүндөй кыдырып чыктык. Өткөн саныңардын биринде чыккан Султандын маегин окудум да, мени да атап кеткенинен улам аа, унутпаган экен деп ойлоп койдум. Султан экөөбүздүн "Дон Кихоттогу" Санчо менен Панчого окшоштурушуп, ошондой атап коюшчу. Узундуу - кыскалуу болуп далай ээрчиштик. Эсимде, бир ирет палван менен Ат - Башыга барып калдым, Ат - Башынын күйөө баласы экен да, аны да кийин билип жүрбөйүмбү, бирок биз барганда кайын журту тааныбай калышкан. Чачы узун болуп өскөн, жинсы куртка менен шым кийип, колун чөнтөгүнө салып алган. А байкең болсо дайым костюм - шымчан жүрөт, галстукту бала кезимден тагынам, аны тагынбай калсам көйнөксүз жүргөндөй өзүмдү ыңгайсыз сезмейим бар. Почтанын начальнигине жолугушубуз керек эле, кабинетин каккылап кирели деп умтулсак бир карап эле кыйкырды, "Баргылачы ары, жапкыла эшикти, үрпөйбөй - сүрпөйбөй, кайдан келген хулигансыңар!", деп. таптакыр кабыл алгысы жок. Анан Султан: "Байке, сиз кирбесеңиз болбой калды окшойт, мен көрүнбөй эле туруп турайын, сиздин галстугуңуз, шляпаңыз бар", деди мага. Кирдим да айттым: "Азыр эле сиз "үрпөйгөн" деп атаган жигит "Кыргыз Руху" деген гезиттин редактору болот", дедим. Ошенткенимден кийин гана палванды кайын журту таанып, анан сый - урматын башташпадыбы.
Кыргызстандын ар бурчунда калган издер
"Подписка" жасайбыз деп жүрүп, бул жагы Көлдүн ар бир булуңу, ары жагы Алай, тээ төмөнү Чаткал, Талас, Баткен, деги койчу, гастролго чыккан артисттерден бетер тоо - талаалап Кыргызстандын ар бир бурчуна бутубуздун изин жакшы эле калтырдык. Кубанганым кайсы жерге барбайлы, жазылуу укмуш жакшы жүрчү. "Кыргыз Руху" окурмандардын таламайына түшкөн анык доорун башынан өткөрдү го.
Жөөттөр алаканга салынып, кыргыздар басынган советтик доор
Фотожурналистика тармагына киргенимдин көп себеби бар, айылда жүргөн кезимде эле сүрөткө тартуу өнөрүнө кызыкчумун. Кийин шаарга келгенимде да кызыгуумдан ары аттап кете албадым. "Советтик Кыргызстан" гезитине фотожурналист болуп ишке орноштум. Тегерегимдин баары еврейлер, биз жөөттөр деп коет эмеспизби, ошолор болчу. Биздин чоңдордун бир кемчилиги бар эле, өзүбүздөн чыккан кадрларга таяныч болуунун ордуна Ленинград, Москвадан келген еврейлерге бардык шартты түзүп, алакандарына салып алышчу. Келдиби, квартира керекпи, квартира даяр, аял керек десе ал да даяр, Германиянын, Япониянын мыкты аппараттарын колдоруна беришчү. А биздики жөнөкөй фотоаппарат. Пленка, краска... ошондо да моюн берген жокмун, ичимден ызалансам да сыртымдан сыр билгизбей иштей бердим. Жөөттөр акчасын чөнтөгүнө салып, алчу сыйлыгын алгандан кийин кетишти, а биз калдык.
Ичилбей калган ачылган шампан
"Кыргыз Рухунун"кыргыздын рухун көтөргөн бийик атын Абдыганы Эркебаев коюп, палван командасы менен көтөрүп кете алат деп ишенип Султанга тапшырган эле. Биринчи номерди чыгарган күнү Султан жаңы иштин башталганынын жөрөлгөсүн жасап шампан ачты. Жетөөбүз отурганбыз, бирибиз да ичпейт экенбиз, ошол шампан ошол бойдон ичилбей калды. "Мен батамды берейин, жетөөнүн бири кыдыр дейт, гезитти жетөөбз баштадык, болгондо да жетөөбүз тең ичкиликке жок экенбиз, Кудайдын бергени ушул. Буйруса Гезиттин жүзү оор болуп, сапары узак - узак жылдарды карытсынат", дедим эле...
5 жылдык
Гезиттин 5 жылдыгына катыша албай калдым. Өзүмдүн спектаклим менен түштүк тарапты көздөй кеткен элем. Жакшы өтүптүр, кийин уктум.
Балдарды эстегенде көзүмдөн жаш кылгырат
"Кыргыз Рухунда" а деп алгачкы номери чыккандан баштап 2002 - жылга чейин иштедим. Экинчи үйүм, анда иштеген балдар экинчи үй - бүлөм катары эсептелип калган. Бирок, мезгилдин айтканына баш ийесиң, убакыт - сааты келгендиктен Жогорку Кеңеште сүрөтчү болуп кетүүгө туура келди. Бирок андан кийин деле "Рух" жүрөгүмө сүймөнчүлүгүн жоготкон жок. Андагы балдарды эстегенде азыр да көзүмдөн жаш куюлат. Не деген гана жакшы балдар иштеген жок. Айбек Түмөнбаев, Бекен, дагы бир болтойгон бала бар болчу, атын эстей албай турам...
Жалаң акылдуулар иштеген гезит
Гезитти жаңы чыгарып баштаган күндөрдө эң сонун ирмемдер калып кетти. Андагы биз иштегендей азыр эч ким иштебесе керек. Гезитке байланышкан ар бир ишти бул сеники, сенин милдетиң, же менин милдетим болчу деп түртө салбай, бөлүштүрбөй, жан жабыла башыбызды коюп иштечү элек. Сапаттуу чыкса экен, окурмандарга жагып аброй күтсө экен деген тилек ар бирибиздин көкүрөгүбүздө жашачу. Гезит чыккан күнү, анда "Эркин Тоо" басмасынан чыкчу, баарыбыз ээрчишип алып ал жакта жүрөбүз. Катаны укмуш карачубуз, бир ката үчүн жан берип деле жиберчүбүз. "Рух" деген сөз өзүнчө бир жакшы жышаана берди окурмандарга, жаштар да, пенсионерлер да окурмандарынан болушту. Бир жолу айылга барып калдым, аялдамадан түшүп, үйдү көздөй кетип баратсам кыркалекей тартып айыл аксакалдары отурушуптур, кыйкырып калышты: "Ай, эмне салам бербейсиң? Кайдан келатасың?" дешет. Шаардан келатканымды айтсам, дароо эле: "Кыргыз Руху" деген гезитти ала келдиңби?" деп сурашпадыбы. Алардын окуй турганын кайдан билейин, билгенимде көтөрө барбайт белем. "Жакшы гезит чыгыптыр, аты да, ичиндеги макалалары да жакшы экен. Жашоону мына ошолордон үйрөнүш керек, жалаң акылдуулар иштешет окшойт", деп оозумду да ачырышкан, жүрөгүмдү да жылытышкан.
Баш катырган "күйөө бала"
Фотожурналисттердин жумушу таптакыр тынчы жок. Жогорку Кеңештин бир экинчи, бир биринчи, анан үчүнчү - төртүнчү болуп кабаттан кабатка "секирип" жүрө бермей. Эки жакты кароого убактың жок. Ошентип атып гезиттен алыстап кетиптирмин, бир күнү эле жаңы санын колума алсам, негедир кандайдыр бир өзгөрүү боло түшкөндөй сезилди. Дароо эле паспортун карадым, мурдагы балдар жок, башка ысымдар. Эмне болуп кетти деп, чогуу иштешкен балдардын бирине чалдым, "Ай, "Кыргыз Рухунда" силер жоксуңар, кайдасыңар? Гезитке эмне болду?" десем, "А-а, аны Султан күйөө баласына сатып жиберди. Ал эми башка адамга таандык, ээси ошол, ошол бийлейт", деп койду. Султандын кыздары кичинекей экенин билем, карындаштарын да жакшы тааныйм, кайдагы күйөө баласы болуп кетти деп далай күн башымды катырдым. Көрсө, азыркы директоруңардын кайнатасынын да ысмы Султан турбайбы. Балдар мага тамаша - чынга аралаштыра айтып коюшкан экен. Башка адамдын колуна кеткенин угуп, жашырганда эмне бир аз ичим да ачыша түшкөн. Кантсе да балапандай чагынан коюнубузга катып, суук сөз, суук көздөн калкалап чыгарган гезитибиз эмеспи. Султанга жолугуп, сурасам "чыгармачылык менен эле кеткеним оң болуп турат", деди. Турмуштун агымына жараша өзгөрчү нерсе өзгөрөт экен. Кандай коллектив келди экен, кандай адам жетекчи болду экен, эмнеси болсо да көтөрүп кетишсе кен, деп кайра сооронгом. Азыр болсо кубанып калам, башка бирөөнүн колуна тийгенде балким, бул кезге чейин "Кыргыз Руху" деген гезиттин бардыгы да окурмандардын эсинен биротоло чыгып кетет беле, биз чырпык кылып сайган гезитти чынарга айлантып 20 жылдыгын өткөрөбүз деп камылга тартып, ысыгына күйүп, суугуна тоңгон адамын тапканына кантип кубанбай кое алам?
Коллаж менен коомчулукка алындык
Кыргызстанда коллажды эң биринчи жолу "Рухтан" баштадык. Султан менен Бекен айтып калышты "Байке, сиздин керегиңиз даана тиймей болду", дешип. Сизде архив бар, коллаж жасайлы дешкендеринен бул ой мага да жагып, үчөөлөп, "Бурлаки" деген Москвадагы Третьяков галереясында илинип турчу картинадан баштадык баштаганда да. Акаевдин, анын командасынын сүрөттөрүнүн баштарын картинадагы сүрөттүн размерине чактап кесип алып, клейлеп жабыштырып, убараландык. Убарабыз текке кеткен жок, биринчи жолкусунда эле коллажыбыз коомчулук тарабынан кызыгуу, жактыруу менен кабыл алынды.
Оргиналдуу логотип кылымдарга кызматын өтөсүн
Бекен сүрөт окуу жайын аяктаган, сүрөтчү эмеспи, гезиттеги эмгеги өтө чоң болду. "Кыргыз Руху" деген логотипти ал жасаган. Өтө оргиналдуу болду. "Асаба" деле чыкты, "Дыйкандар" да чыкты, "Кыргыз Рухунун" "экинчиси" да чыкты, бирок логотиптери таптакыр окшободу. Композициялык түзүлүшү, нукура көркөмдүгү адамдын көңүлүнө жагып турат. Беш жылбы, онбу, элүү, жүз жылбы, гезит канча өмүр сүрсө ошончо жыл бул логотипти өзгөртпөш керек. "Кыргыз Руху" турган турпаты менен бийик.
Султандай теманы эч ким кое албайт
Редакцияда ар ким өз ишибиз менен алек боло, ызы - чуу, же пикир келишпестик жаралчу деле эмес. Султандай макаланын аталышын эч ким кое албайт. Ал макаланы окуп келатып эле тык токточу да, сонун тема коюп койчу. Тим эле ташка тамга баскандай.
Кесиптердин эң оору - журналистика
Университетти аяктагандан кийин иштеп да, иштеген учурда студенттерге сабак да берип жүрдүм. Абдыганы Эркебаев менен журналистика кафедрасында чогуу иштешип да калдым. Журналист адисин даярдоодо студентке үч суроого жооп таап бериш керек, журналист деген ким? Укуктары, милдеттери кайсы? Журналист эмнени айтыш керек да, эмнени айтпаш керек? Негизи эле журналистика кесиптердин эң татаалы. Көптөрү муну түшүнө беришпейт, жазып коет, болду, дешет. Сен жазган информация элдин жүрөгүнө жетеби, окуган маалда кандай кабыл алат, андан кийин кандай ойлонот, пайдасы барбы, керекпи деп ойлош керек кичинекей макала жазып атсаң да. Бирөө менен маектешсең суроо да, жооп да так болуш керек. Мен сабакты башка ыкма менен өтчүмүн, сабак учурунда студенттерди аудиторияга камабай, көргөзмөлөргө алып кетчүмүн. Студенттер тойго барчудай сүйүнүшчү. Ар бир картинага абай салдырам, бул мындай тартылган, тиги тигиндей, бул жерде мобуну көрсөтүүгө аракет жасаган, деп. Менин сабагыма башка курстун да балдары келип катышышчу. Бир ирет кафедра башчысы Мамбетсариев агай үй мүйүз айтып калды: "Жолдош Мусаев, сенин сабагыңа 5 - курстун да студенттери келип катышат экен, а мен аларды өзүмдүн сабагыма тилим тешилгиче сайрап атып да катыштыра албайм", деп. Менин сабагым нагыз практикалык өтчү. Отурганда да блок блокко бөлүнүп албай кыркалекей тартып тизилип, экөөбүз сүйлөшүп отургандай эле эркин маек менен сүйлөшчүмүн. Кааласаң угуп ал, кааласаң тартып, эң негизгиси сүрөтүң жандуу болсун, гезиттин суусаганы ушул. гезитти ачканда биринчи сүрөт, анан тема көрүнөт. Сүрөттү оригиналдуу тартыш керек. Оригиналдуу болгондо кандай? Адамдын адамдык образы ачылыш керек. Кайсы убакта адам күлөт, кайсы убакта жылмаят, кайсы убакта капаланат. Аны билип, ошондой моментти кармап алуу үчүн театрга көп баруу зарыл. Көчөдөн көрсөң бардыгы эле зыңкыйган адамдар. Аларды ошол турушунда тартсаң кадимки бир сүрөт. Адамдын кебетесиндеги эң орчундуу моментти кармап калууну театрдан үйрөнүүгө болот.
Сүрөткө тартуу - өзүнчө бир искусство
Азыркы кыргыз гезиттери көп учурда өздөрү тарткан сүрөттөрдү колдонушат. Гезиттин сүрөттөрүнө көп көңүл бурам, анан зээним кейийт. Азыр техниканын өнүккөн заманы, фотоаппараттардын да кандай гана мыкты үлгүлөрү чыкпады. Ошондой мүмкүнчүлүк колдорунда туруп да мыкты сүрөткө жетише алышпаганы кейиштүү. Кээ бир гезиттердеги сүрөттөр менин үч жаштагы неберем деле тартып койчу сүрөттөрдөн болуп атат. Сүрөт тартуу өзүнчө бир искусство экенин билишпейт.
Кыргыздын рухун жүктөнгөн "Кыргыз Руху"
"Кыргыз Рухуна" жакшы тилектерим бар. Мындай деп айтаар элем, кыргыз эли үчүн кыргыздын руху эң оор жана эң керектүү, ушундай жүктү көтөрүп келатканыңар үчүн силерге рахмат. Мындан ары да кыргыздын рухун жүктөнгөн кербенди муундан муунга өткөрүп беришиңерди каалайм. Мындай нерсе бир гана журналисттердин колунан келет, эл бийлеген саясатчылар чөнтөгүн толтуруп алгандан соң же басып кетет, же качып кетет, ал эми журналисттердин калеминен тарыхтын канча моменттери укумдан тукумга калды. Бар болгула, баарыңар бир болгула, өзүңөр да ынтымактуу болуп анан элди да ынтымакка, биримдикке чакырып багыт бере бергиле.
Гүлмайрам Турусбекова,








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??