, 20.05.11 - 8-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Папкестан "папкелүүлөргө" сыйлык ыйгарат
ПаПкестан пародиялары 26
Уйкудагы сулуу

Жыйырма жыл жылмая күлүп, кем акыл ажолорду мурдунан жетелеп алып, мурундарына мурунтук салып, жондоруна ээр токуп, үстүнө шап минип, мыйзамдын эки тизгин, бир чылбырын колуна кармап, эки ажону кыдыңдата минип алып, эми болсо дымы чыкпай калган
Баекова Чолпонго "Уйкудагы сулуу" номинациясы ыйгарылат.


Муш-көтөр

Чочойгон чоңдугуна карабай, чогулушту уруп ойнобой, чоң жыйындарда элдин барын чоочулатып, чоң муштумун көтөрө чуркап,бирде тумшугун талкалай коюп,бирде тумшугун талкалаткан мушкатер.
Ташиев Камчыбекке "Муш-көтөр" номинациясы ыйгарылат.


"Акжолтой"
Акаевдин убагында ак ун сатып, Бакиевдин убагында "Акун" сатып, Атамбаевдин шайлоосунун жүгүн көтөрүп анны Акүйдүн премьерлигине алып келген Акунчу
Турсунбеков Чыныбайга "Ак жолтой" номинациясы ыйгарылат.


Кара жолтой
Акаев менен колтукташып кыргызды соруп, ажого жетем деп, абакка жетип, Бакиев менен колтукташып барын соруп, элди дүрбөтүп коюп, жең ичинен коньяк ичип, жеңилгендиги үчүн миниГЭСти алып, ооз ачып сүйлөй албай, корголоп жашынып жаткан кезде бийлик алмашып, коңулдан чыккан коңуздай, котур ташын койнунан алып чыгып, парламентке жеткен соң элге жагынуу максатында опурталдуу сөздөрдү сүйлөгөндүгү үчүнар дайым канжар, фронт деген каралуу сөздөрдү айтып элдин жүрөгүнүн үшүн алганы үчүн
Кулов Феликске "Кара жолтой" номинациясы ыйгарылат.
Кыргызча түшүнбөгөн киргиздерге эскертүү:
"Кара жолтой" на русском "Чёрноносец".


Таарынчак
"Таарынсаң Таласка бар" дейт Кубат мырза таарынса эле, "Де-Фактону" камчыланып чыга калат, таарынычы жазылса "Де-Факто" унутулат. Коркутуп койсо Вашингтонго кире качат. Азыр аны эч ким коркуткан жок, бирок таарынтып койгондугу үчүн "Де-Факто" пайда болду.
Байболов Кубатка "Таарынчак" номинациясы ыйгарылат


Жер тыңшаар Маамыт

Акаевдин убагында шейхтер менен жүрүп, Максимдин убагында сейфке бекинип алып, Мадумаров Манаска тийишип жатканда "молчать" этип, эми жерди караган жүзү менен "Кум-Төрдү" муунткусу келип, элди караган жүзү менен "Манас" демиш болуп капысынан жер тешип чыга калган эрдиги үчүн
Самаков Карганбекке "Жер тыңшаар Маамыт" номинациясы ыйгарылат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ