п»ї
Бакиевдик бийликтин биз билбеген "былыктары" четинен ачыла баштадыбы?
Дүйнөнү бир көтөрүп, америкалык бийликтин ар кандай кылмыштуу да, "сыйкырдуу" да жасап жаткан иштерин ашкерелеген "Wikileaks" сайты акыркы убактарда ар кайсыл мамлекеттердин бийлик төбөлдөрү жасап жаткан туура эмес иштерин ашкерелеп келет. "КырТаг" маалымат агенттиги тараткан маалыматка караганда "Wikileaks" сайты кезектеги жарыялаган маалыматында Кыргызстандагы банк системасы Бакиевдик доордо кантип чакан банктарды өзүнүн карамагына каратып алгандыгы жазылат. Албетте, ошол убактагы Кыргызстандын финансы айдыңында болуп жаткан мындай аракеттерге Кыргызстандагы АКШнын элчилиги дыкаттык менен көз салып турган. Бакиевдин "эрке баласынын" жасап жаткан жоруктарын Вашингтонго кат аркылуу кабарлап турганы айтылат. 2008-жылдын 18-апрелинде жөнөтүлгөн катта "Кыргызөнөржайкурулуш" жана "Кыргызкредитбанкы" Максим Бакиевдин карамагына өткөндүгү тууралуу маалымат жазылган. Ошол убакта Улуттук банк Бакиевдердин гана айтканын аткарып, жогорудагы банктардын ээлеринин алмашуусуна көмөктөшкөн деп да жазылат.
Атайын өкүлдүн жазганына караганда бул эки банк ошол убакты АУБ (Азия Универсал Банк) көзөмөлдөгөн банктардын катарын толуктаган. Бул банктар аркылуу арам акчаларды адалдоо иштери жүргөн. Муну менен катар Улуттук банктын өз алдынча иш жасай албай жаткандыгын да белгиленген.
Карапайым калкка анчейин түшүнүксүз болгону менен финансы тармагы менен тааныш адамдар кандай аракеттер болуп жатканын түшүнүп турушкан.
"Кыргызөнөржайкурулуш" банкын кандай жол менен тартылып алынганы да айтылат. 2007-жылы социалдык фонд сакталуудагы өзүнүн активдеринин дээрлик баардыгын бул банктан чыгарып кеткен. Алсыз болуп калган банк башка өнөктөштөрүнөн каражат сурап кайрылган. Бирок, сырткы күчтөрдүн таасиринен улам эч бир банк аларга жардам берүүгө даап бара алган эмес. Аргасыздан өзүнүн 70-75 пайыз активин АУБга өткөрүп берүүгө мажбур болгон. Компенсация катары Ысык-Көлдөн бир санаторий жана калган активдери сыйлык катары өзүлөрүндө калган.
Мына ушундай эле жагдай "Ысык-Көл инвест банкы" да туш болгон. Ошол убактагы банктын жетекчиси Болот Байкожоев "Азаттык" үналгысына айткандары боюнча иштер төмөндөгүдөй болгон.
- Эми биринчи менден башташкан. Менден баштап "Кыргызкредитти" алды, "Курулушөнөржайбанкын" алды. Анан соңунда БТА банкын алып бүтүп калышкан. Анан 7-апрель болуп калбадыбы. Булардын баары тең прокуратура, сот, Улуттук банк, бардык мамлекеттик машинанын алар үчүн иштешинен келип чыккан. Менин кызымды коркутуп камап, менин үстүмөн иш козгошкон. Анан "оппозицияга кирсең сени өлтүрөбүз" дегенге чейин барышкан.
Банк иштетем десең 500 миң доллар бер
"КырТаг" агенттигинин "Wikileaks" сайтына шилтеме берип маалымдаганы боюнча Бакиевдик башкаруу доорунда банк ишмердигин жүргүзүү үчүн бериле турчу лицензияны алууга 500 миң доллар пара берүү керек болгон. Кыргызстанда калкка микрокредиттерди берип келе жаткан "Компаньон" микрокредиттик компаниясы убагында банк болууга аракет жасашып, бирок, банк болуп түзүлүү үчүн кеминде эле 500 миң доллар керек болгонун белгилешет. Банк ишмердүүлүгүн жүргүзүү лицензиясы Максим Бакиевдин уруксатысыз берилбей тургандыгы 2008-жылдын18-апрелинде Вашингтонго жазылган катта айтылган.
Акыркы маалыматтар боюнча азыр Кыргызстанда 22 коммерциялык банк өз ишмердиктерин жүргүзүп келет. Бакиевдик бийлик маалында финансылык рынокту толук өзүнүн кол алдына топтоого аракет кылган "АУБ" банкы улутташтырылып анын активдеринен түзүлгөн "Залкар" банкы да ишмердигин жүргүзүп келет.
Расул Үсөналиев




Үчүнчү революциянын профилактикасы
Кийинки төңкөрүштү болтурбоо үчүн облустарды жоюп, бийликти элге бериш керек Аймак менен байракты алмаштырыш керек деген суроолор улам кызый баштаганына караганда кээ бир азаматтардын башында идеялар кайнап, кайдан гана жарып чыга калсак экен деген шекилдүү. Бир чети бул деле туура маселе, анткени илгертен эле облустун чоңдору ормон-опуза менен жашап, алыскы райондордун шорун куруткандар. "Обком келатыр" дегенде илгери тээ тоолуу райондордун райкомдору отура калышчу коркконунан. Олураңдаган бу обкомдорду майлап-жайлап, жашик-жашик арак берип, казан-казан эт асып атып, араң бел ашырып жүрбөдүкпү убагында. Оо, агезде бу обком дегендер тим эле укмуш көрүнчү да - каардуу, галстуктуу, сүрдүү чоңдор эле. Атаңгөрү, тээ маңдайдан кара уазы келатканда эле айыл будуң чаң болуп, машаяк келаткандай тим эле сапырылып жатып калчык. Азыр ойлосом, бу обкомдоруң деле пенделер, болгондо да алдым-жуттум теориясын мыкты өздөштүрүп, майлап-шайлап, кошомат менен ошондой "даражага" жеткендер тура.



Ошондуктан облустарды жоюуну туура эсептейм. Облус жоюлса эзүүчү таптын бир катмары шыпырылып, тазаланып, райондун эли бир кабатка жогору чыгып калышат. Жергиликтүү өзүн өзү башкарууга дагы бир кадам жасалып, райондун жоопкерчилиги чоңоет. Эгер мурда райком обкомго, обком борборкомго шылтап, элди алдап жаткан болсо, эми эл түптүз барып эле райкомдун кокосунан алат. Райком да жоопкерчиликти сезип, элинин кызыкчылыгын көбүрөөк ойлойт. Ошондо эл жабыла келип, ОБОНдорун агүйдүн темир торуна сүлүк курттардай жармаштырып, күндө бишкектиктердин да итиркейин келтиришпей калышат. Эгер райкомун да эл өзү шайлап ала тургандай кыла турган болсо, анда Кыргызстан Американы тез эле кууп жетип, ашып да кетиши мүмкүн. Баса, Америкада кабат-кабат бийлик жок экен. Ал тургай университет да өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илет экен.
Ал эми райондорду бириктиребиз дегенге мен каршымын. Анткени кээ бир райондор борборунан алыс болуп, баягы сүрдүү чоңдор дагы пайда болот. Мисалы, Чаткал, Токтогул, Тогуз-Торо деген райондор бар тээ тоолордун арасында. Чаткал районун ар кандай кызыкчылыктар менен Кыргызстан жаралгандан бери ары-бери тоголото бергенден ал жердин эли эч бир пайда тапкан жок. Бир кездерде тээ 180 км чубалган серпантин жолдун аркы учундагы борборго көз каранды кылышып, эл менен бийликтин ортосун чокусу асман тиреген тоо менен бөлүштү. Эми аны кайра ошол Таласка же Ала-Букага бириктирсек, анда бул акылга сыйбас иш болот. Же, Манастын уруусу - ногойду ушунча жылдан бери сактап, батырып келе жаткан эл өзүн өзү башкара албайбы?
Айтайын дегеним - бийлик менен элдин ажырымын кыскартуу керек. Буга биринчи кадам - облустарды жоюу, ал эми райондорго жоопкерчиликти жүктөп, өзүн өзү башкарууга шарт түзүп берүү.
А. Мамбеталиев, изилдөөчү








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??