, 20.05.11 - 6-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Ба!
Баягылар келатат…
Деги Россияда бийлик барбы?
Сочиде 2014-жылдагы Кышкы олимпиаданын отун жандырыш үчүн, эмитеден эле президенттик так талаш баштала турган болду. Ал эми ошол эле Сочиге курулушка барган жездем архитектор Исмаилов Кербендердин сөөгү жакында мекенине келди. Россия дегенде ичкен ашын койгон Кербендер архитектор катары Сочиге курулушка жөнөп кеткен. Ага Кыргызстанда деле иш бар болчу. Бирок тагдырдын жазмышы экен ажалын Сочиден тапты. Буга орус бийлиги да, кыргыз бийлиги да түкүрүп койгон жок. Кыргызстандын жараны Россияда киши колдуу болуп каза болуп атса эмне үчүн бийлик тарап кош көңүл мамиле жасайт? Биздин Россиядагы канчалаган жарандарыбыздын сөөгү келип атат? Деги Россияда бийлик барбы?
Бакиевчилер келди, Бакиевдер качан келет?
Кыргызстандагы демократиянын шарданы менен Бакиевдин таманын жалап жүргөн бакиевчилердин көпчүлүгү бийликке келди. Алар эмки президенттин деле тамандарын жалашмак, бирок апрель революциясы Кыргызстанга жаңы бийликти алып келди. Муну Акаевдин жана Бакиевдин убагында таман жалап жүрүп элдин ырыскысына тоюп алгандар куп пайдаланышты. Алар бир-эки ай чээнде жашынып жатышып, парламенттик шайлоого катышууга болоорун түшүнгөндөн кийин, чээнден чыгып алышып Россияга чейин боортоктоп барышты.Бакиевди кубалап чыккан Россия бакиевчилерди бооруна тартты. Демек Россия бийлигинин саясаты абдан ыплас саясат экен. Аны туурап биздин саясатчылар да абдан ыплас жолго түшүп баратышат. Азыр ишенүүгө болбойт. Мындайча айтканда Россияда деле президенттик шайлоодо "киттер" кармаша турган болду. Кокус Владимир Путин менен Дмитрий Медведев эмки жылдагы президенттик шайлоодо ат салыша турган болсо, алардын салмагы бирдей.Качан бирдей салмак болгон учурда акча негизги күчтү ойнойт. Акча кимдердин колунда? Акча криминалдардын,Акаев, Бакиевке окшогон элди талап-тоноп жегендердин колунда. Россияга окшогон зор мамлекетте Акаев,Бакиевдер пешка. Бирок пешка да оюнга катышат эмеспи. Кокус ал "пешкалар" оюнга катышып утуп кетишсе эмне үчүн колкосуна Мекенине кайтууну сурабай коймок эле. Эми аларда президент шайлангыча, бизде да президент өзгөрүп калат. Ким президент болсо да Россияга күнү түшөт. Анан Россия Акаев менен Бакиевди Кыргызстанга жиберип атса моюн толгоп көрсүн.Моюну толгонгон бойдон калат. Ошол үчүн, оо кыргыз эли Акаев менен Бакиевди күткүлө, жакында келет.
Үчүнчү революция болобу?
Эртеби, кечпи үчүнчү революция сөзсүз болот. Бул революция маани, маңызы жагынан таптакыр башкача болот. Март революциясы Бакиевди алып келди, апрель революциясы бакиевчилерди алып келди.Эл эмнени тапты? Эл баягы эле кымбатчылыктын "акырынан" бошоно алган жок. Бирок кыргыз эли революция жасаганды куп үйрөнүп алышты.Эми муну башка коңшуларга да үйрөтөт.Анткени кыргыздардан революцияны үйрөнгөн Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка революцияны кайра өзүбүздү көздөй жөнөтөт. Бизге азырынча революциянын кереги жок. Бирок коңшулаш "Картаңбайлар" башкарган мамлекеттердин элдери үчүн революция аба менен суудай керек. "Картаңбайлар" канча жылдардан бери бийликке жабышып турушат. Эмне калкы жыргап кетиптирби. Чокусуна союл тийип, союз кездеги эле бийликтин алдына чөгөлөө менен жашап келатышпайбы. Дал ушундай бийлик диктатурасы орногон мамлекеттерде революциялар болуп жатат.
Кыргыз эки-үч бийлик алмашууну баштан өткөрдүк. Арийне, бийлик алмашкан менен эл оңолуп кетпейт экен.Эми бийлик алмаштырбай эле, байлык талоо революциясы болот. Жакырданып жаалданган жаштар чыгышса, эми жер-жерлерди элдин эсебинен байыгандардын байлыгын талашат. Апрель революциясынын идеясына сугарылган жаштардын жаңы мууну келатат. Алар хандан да,бектен да кайра тартышпайт! Эй, байлыкка тоюп көпкөндөр элди ойлогула.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ





Жанкечтиликтен коомду кантип сактоого болот?

Учурда терроризмге баардыгы: саясат, экономика жана дин бири-бири менен абдан аралашып кеткендигин бул багыттагы серепчилер белгилеп келишет. Жанкечтилер менен жасалган терроризм акыркы 30 жылда болуп көрбөгөндөй көбөйгөнүн статистикалык сандар далилдеп турат.
Жанкечтилерди "Аль-Каида", "Хесболла", "Хамас" сыяктуу радикалдык ислам топтору гана колдонбостон, диний идеологиядан алыс турган тигил же бул кызыкчылыгын көздөгөн террористтик топтор дагы колдонушууда. Жанкечтилерди негизинен "шейит болосуң, аркы дүйнөдөн дароо бейишке чыгасың" деген сыяктуу ыкмалар менен даярдашат. Ислам дининде өзүн-өзү өлтүрүү чоң күнөөлөрдүн бири деп эсептелгенине карабай, айрым радикалдык күчтөр тарабынан "шахит культу" калктын аң-сезимине атайылап киргизилип, жанкечти-террорчуну даярдоодо психологиянын эң таасирдүү ыкмалары колдонулууда. "Жанкечтилерди даярдоочу күчтүү лагерлер КМШ мамлекеттеринин аймагында түзүлүп, калыптанып жатат",- деп Россиянын Коргоо министрлиги белгилеген. Ал эми Кыргызстан дагы мындан четте калбашы мүмкүн.

Жанкечтилерди "жылдызга" айландырышып...
"Жанкечтилерди даярдоо атайын лагерлерде жүргүзүлөт. АКШнын мамлекеттик департаменти акыркы жолу берген маалыматтарына таянсак, бир эле Ливанда 23 лагерь бар. Ал эми Палестинанын аймагында 10дон ашуун "обьект" бар. Салттуу исламда өзүн-өзү өлтүрүүгө тыюу салынганына карабай, радикалдык күчтөр калктын аң-сезимине "дин үчүн азап чегүүчүнүн" же болбосо "шахиттин" культун киргизүүгө аракет кылып жатышат. Мисалы, Палестинада калктын 70 пайызы шахит болгон адамды колдой тургандыктарын сурамжылоолордун жыйынтыгы көрсөткөн",- деп жазат россиялык "Саясий жаңылыктар агенттиги" интернет-булагы.
"Палестинда, дегеле Жакынкы Чыгышта көп учурда "каапырларга" карата өзү билип туруп жанын кыйган адам "исламдын баатыры", "даңктуу шейит" болуп эсептелет. Ал жакта шейиттин өлүмүнө көптөрү көз артышат. Себеби салттуу исламдан алыстап кеткендер "жанкечтилерди дал ушул террористтик актыны ушул киши жасап, олуялардын олуясына, ыйыктардын ыйыгына кошулуп, Аллахтын оң колу болуу даражасына жетишти, бейиште анын 72 аялы болуп, анын өлүмүнөн улам дагы 10 тууганынын күнөөсү кечирилет",- деп чын дилден ишенишет. "Шахит террорчунун" ата- энеси жана туугандары сыйлуу адамдар катары эсептелип, анын урматына брелокторду, плакаттарды, почта открыткаларын чыгарышып, террорчунун сүрөтү жаш жигиттер үчүн тумарга айланат. Террорчунун үй-бүлөсүнө 25 миң доллардан кем эмес акча төлөнүп берилет",-деп белгилейт аталган агенттик. "Планета людей" журналындагы маектен төмөнкүдөй үзүндү келтирели. "Палестиналык жети жаштагы Ишам деген бала "чоңойгондо ким болосуң? деген суроого "Шахит болом" деп жооп берди. Анын атасы мактанып, баласы дин үчүн курман болуп бейишке чыгарын айтып кубанды. "Мен бул үчүн чексиз сыймыктанам. Эгер менин балам буга татыктуу болуп жатса абдан кубанычтамын. Бизге караңыз, биз эбак эле өлгөнбүз! Биздин чачырап кеткен сөөктөрүбүздү Иерусалимдин же Тель-Авивдин көчөлөрүнөн жыйнап кетишкенден кийин гана биз чыныгы жашоону баштайбыз",- дейт Ишамдын атасы.
"Террористтик суицид" менен исламдагы "шахиттин" айырмасы эмнеде?
Салттуу ислам өз жанын кыюу таптакыр туура эмес экендигин белгилейт. Суицитке барып өз жанын кыйган адам менен диндеги ыйык согуш үчүн курман болгон адамдын айырмасы асман менен жердей деп эсептешет диний аалымдар.
"Шахит" же болбосо кыргызча "шейит" деп коебуз араб тилинен которгондо исламга, джихатка, башкача айтканда ыйык согушка берилгендиктин күбөсү деген маанини берет. Джихатты үч гана учурда жүргүзүүгө болот деп эсептешет. Биринчиси, мекениңе душман кол салган кезде, экинчиси мусулмандарга өз жөрөлгөлөрүн жасоого тыюу салынган кезде, шериктештер тарабынан тынчтык келишими бузулган кезде. Исламдын тарыхында чыныгы ыйык согуш үч гана жолу болгон",-дейт Кыргызстан мусулмандар муфтийи Чубак ажы Жалилов.
"Ислам жашоонун жана анын артыкчылыктарын белгилейт. Шейит өзүнө өлүмдү издебейт, ал адамдагы эң баалуу нерсе анын жашоосу экенин түшүнөт. Исламда террористтик жанкечтиликке баруу керек деген түшүнүк жок",- дейт Кыргызстан Ислам университетинин ректорунун орун басары Бакытбек Ниязов.
Кыргызстанда дин кызматкерлери менен калктын тыгыз кызматташуусу гана жогоркудай диний түшүнүктөрдү алмаштырып алуудан сактайт. "Молдокелер өзүнчө бир аалам, калк өзүнчө бир аалам болбой салттуу исламдын түшүнүктөрүн элге жеткирүүдө тыгыз иштешибиз керек",-дейт Ч. Жалилов.
Жанкечтинин психологиясы
Жанкечтилерди даярдоо атайын лагерлерде инсанды өзгөртүүгө алып келүүчү тынымсыз психологиялык окутуулардан улам ишке ашырылат. Жанкечтилерди кантип тандашат? Ар бир адамды эле тарбияласа жанкечти болуп кетеби? Мындан коомду кантип сакташ керек?
"Жанкечтилерди колдонуу менен терроризм жасоо өзгөчөлүгү өткөн кылымдын 80-жылдарынан тартып көбөйгөн. Тарыхта душманды жок кылуу үчүн өзүн курмандыкка чалган учурлар көп кездешет. Мисалы, Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы япон камикадзелерин айтсак болот. Бирок суициддик терроризм салыштырмалуу жаңы көрүнүш болуп эсептелет. Психологдорду жанкечтиликке баруунун социалдык көрүнүшү гана эмес, террористтин инсандыгы, теракт жасоого түрткү болгон мотивдери дагы кызыктырып келет. Жанкечтинин психологиясында коркунуч, депрессиялык абал, эгоцентризм, фрустрация, жашоого болгон кызыкчылыгын жоготуу ж. б. сыяктуу көптөгөн психологиялык абалдар басымдуулук кылуусу мүмкүн. Мындай адамдарды тигил же бул идеологияга манипуляциялоо, башкача айтканда атайлап "өз кызыкчылыгына пайдалануу жолу" менен жанкечтиге айландырса болот",- деп белгилейт "Коомдук коммуникациялар институту" фондунун эксперти, психолог Венера Джунусова. Айрым адистердин айтымында социалдык-экономикалык жактан жакыр өлкөлөрдө гана жанкечтилерди даярдоо мүмкүн. "Бирок теориялык жактан алганда ар бир эле адам кайсыл бир психо-эмоционалдык абал менен жабыркаса мисалы, узакка созулган депрессияга кабылса суицидге баруусу мүмкүн. Демек кандайдыр бир ыңгайлуу шарттар түзүлүп калса, мисалы ошол эле адам көп убакыт бою радикалдык жамаат менен бирге окутулса бул адам жанкечтиликке баруусу да мүмкүн.Теориялык жактан алганда кайсыл гана адамды болбосун, айрыкча жаштарды жанкечти кылып тарбиялап чыкса болот. Ошондуктан, өсүп келе жаткан муунду, жаштарды тигил же бул топтун манипуляциялоосунан өзүн коргоого үйрөтүү зарыл",-дейт В. Джунусова.
Кыскартып айтканда, жанкечтилик бул өтө татаал психологиялык абал. Ага баруу үчүн адамга көптөгөн факторлор таасир берүүсү керек. Белгилей кетчү дагы бир жагдай, 465 жанкечтинин биографиясын камтыган "Эки дарыянын ыйык азап чегүүчүлөрү" деген документтин талдоолору көрсөткөндөй, "шахиттердин" баары ар башка социалдык-психологиялык абалдарда болгондоруна карабай эки окшош жалпылыкка ээ болушкан. Биринчиси : социалдык байланыштардын жоктугу, башкача айтканда кайсыл бир идеяга гана баш ийүү менен коомдон бөлүнүүчүлүк. Экинчиси: сырткы таасирлерге бат берилип кетүүчүлүк.
Террористтик жанкечтилик дүйнөлүк экономикалык теңсалмаксыздык үстөмдүк кылып жаткан жыйырма биринчи кылымда жакыр өлкөлөрдүн арасында кеңири жайылуу кооптуулугу бар. Жаштарга туура тарбия берүү жана калктын социалдык абалын жакшыртуу менен гана бул билинип-билинбей дүйнөгө тамырын жайып бара жаткан көрүнүштөн сактанууга болот. "Шахит" болууну даңазалган коркунучтуу, туура эмес көз караштарды элге жайылтып жаткан радикалдык топторго салттуу исламдын өкүлдөрү коомго диний түшүнүктөрдү туура жеткирүү менен да каршы тура алат.
Гүлнур Жумалиева "Инфоцентр "Антитеррор" сайты