п»ї
Бакытбек Калмаматов, ЖКнын депутаты, "Ата мекен" фракциясы:
"Өкмөт АКШнын алдында Россиянын чогун кармоодо"
- "СДПК"чы депутат Т.Туманов төрагалык кылган депутаттык комиссия, андагы маалыматтар такталган жок, т.а. "Байболов калп айткан" деген тыянагын жарыя кылды. Буга сиздин пикириңиз?
- Кыргызстанда 20 жылдык саясат "чоң кызматта турсаң, же чоң кызматтагылар менен жакшы болсоң сага жаза жок, сени мыйзам башкара албайт, мыйзамга караганда сенин кыймыл-аракетиң үстөмдүгүң күчтүүлүк кылат" дегенди алып келген жана бизге сабак иретинде далилдеп берди. Бул кырдаал бүгүн дале күчүндө. Эл эки ирет революция жасады. Адамды эмес мамлекеттеги системаны, мамлекеттеги башкаруу тартибин өзгөртөбүз дедик. Буларды албетте, өзгөрттүк, бирок, мамлекетти башкаруу тартибине жараша мамлекеттеги адамдар өзгөрбөстөн ошол боюнча калды. Бүгүн бийлик бутактарында революция кылып бийликке келген адамдардын санына караганда бакиевчилердин саны көп. Система өзгөргөнүнө карабастан бийликтегилер көнгөн адаттарына салып, мурунку иш-аракеттерин улантып жатышууда. Мындай көрүнүштө Кыргыз мамлекетинде эч бир чындыктын түбүнө жетүү жок экенин ар бир адам байкаса болот. К.Байболов жумуштан кеткен соң парламентте өлкө жетекчилигинде турган бир топ адамдарга каршы сын-пикир айтып, аларга карата кылмыш иштерин козготуп, алардын орду түрмө экендигин айтты. Бирок, Байболов "камалыш керек" деп айткан адамдар бүгүн да мурдагы эле кызматта олтурушат. Бул деген Байболовдун чындыкка болгон аракети ишке ашпайт дегенди түшүндүрөт. Бүгүн Кыргызстандын ишенген жогорку бийлик бутагынын бири болгон УКМКнын башчысына каршы ким айта алат, ким анын ишин тескеп жөнгө сала алат? Эч ким! Тилекке каршы, бул кызмат Президентке түздөн-түз караган күндө да президент ага чечкиндүү түрдө юридикалык оң же терс баа бергенден алыс турат.
- Бир жыл ичи УКМКга өтө көп ар тараптуу айтылган сындар бир топ болду. Бирок, негедир Президент сиз айткандай ушул мезгилге чейин Дүйшөбаев жөнүндө ак деп да, көк деп да койгон жок. Эмне себептен, мында кандайдыр бир сыр жаткансыган жокпу?
- 7-апрелден кийин бийликке келген адамдар заманды оңдойбуз деп кайра эле эски, баягы Бакиевдердин кол астында иштеген адамдардын кылган аракеттерине барымтага туткун болуп кармалып калышты. Мындай туткун болгон адамдардын арасында өзүнүн акыл-эси менен, өзүнүн каалоосу, эрки менен кайсы бир ишти аягына жеткизүү өтө аябагандай татаал схема. Президент өзүнө караштуу, өзүнүн жоопкерчилигинде турган УКМКнын жетекчиси К.Дүйшөбаевге юридикалык, моралдык-этикалык баа бере албай жаткандыгы да ушунун бирден бир далили.
- Ушул эле маселе боюнча "атамекенчи" депутат Ө.Абдрахманов жетектеген депкомиссия бүгүн-эртең өз жыйынтыгын чыгаруу алдында турат. Айрым булактарга караганда бул комиссия У+ мүчөлөрүнүн, УКМКнын олуттуу күнөөлөрү бар экендигин жарыялайт дешет… Мындай болсо коомчулук кайсынысына ишенүү керек?
- Коом негизинен тигил же бул комиссиянын чечимине эмес, көзү менен көрүп, кулагы менен угуп жаткан маалыматтарга ишениши абзел. Комиссиянын курамына оппозициянын өкүлү Абдрахмановдун кирип калганы чечүүчү ролго ээ эмес. Коалициялык фракциялардан кирген депутаттар бар. Алардын чечими кандай болот, комиссиянын чечими да ошого да байланыштуу болушу мүмкүн. Мисалы, Ө.Абдрахманов "Мегаком" боюнча чырга Ө.Бабановдун тиешеси бар деп жатат. Координациялык жыйын болуп жатканда өзүм катышкам, төрага А.Келдибеков "Бабанов Москвадагы бирөөлөрдөн "Мегакомдун" ишин токтотуу үчүн 50 млн. доллар пара сураптыр, кечээ барганда бизди жарга такашты. Мамилени эми жакшы жолго коюп жатканда, биздин атыбыздан бирөөлөр барып мындай пара сурагандыгы өлкөбүзгө кандайдыр бир доо кетиргени калды, ушуну чечишип алалы, Бабановдон сурасам "жок андай болгон эмес" деген" деди. Тилекке каршы, Ө.Бабанов ошол күндүн эртеси эртең менен Москвага учуп кетти. Билесиңер, кийин ошол иштер боюнча биздин өлкөгө госдуманын эки депутаты келип, "Бабановдун Пензада 134 миллион долларга курулган заводу бар", "Мегаком" боюнча бизден 50 млн.доллар пара сурап жатат" дегендей бир топ ачык маалымат таратты. Алар кандай жол менен, эмне үчүн дал ЖКга келди? Аларга журналисттердин баарын ким жыйып, өлкөдөгү тийишелүү органдардын жетекчилерин ким чакырып берди ЖКга? Маселе бул жагында жатат. Алар келип ошондой биздин чоң "Өнөрдү" жарыялап жатканда мамлекет каякты карап турду? Алар "Бабанов мындай", "Бабанов тигиндей" деп чоң күнөөлөрдү коюп жатат. Бабанов мамлекеттеги 2-3-адам катары тургандыктан ага коюлган бардык күнөөлөр-жалпы кыргыз элине коюлган күнөөлөр. Орой айтканда эки депутат Бабанов аркылуу кыргыз элинин бетине какырып-түкүрүп кетти. Биздин бийлик, ТИМ ошол кыргыздын бетине түкүргөн түкүрүктү алып койгонго да жараган жок. ТИМ, ошол эле түзүлүп жаткан комиссиялар эмне үчүн официалдуу түрдө Госдумага, РФ жетекчилигине нота жиберип "силердин депутаттарыңар келип, ушундай маалыматтарды таркатты. Ошондой болгону ыраспы, же жокпу?" деп эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин далилденбейт? Мамлекеттер аралык иштер жүрүп турганда буга мамлекет кайдыгер карабашы керек. Мен депутат катары А.Жапаров жетектеген комиссия түзүлгөндө "ЖКнын төрагасы А.Келдибековдон сурап койгула. Ал кайдан угуп келип, эмне үчүн айткан муну? Чырдын баары ошондон башталды", "Эмне үчүн ЖК төрагасы ЖКнын имаратында Госдуманын депутаттарына мындай мүмкүнчүлүк түзүп берди?" ушуну тактап сурап койгула деген сунушту киргизгем. Бизге бомждор эмес, бир өлкөнүн депутаттары келди. Алар биздин бийликти сындады. Демек, биздин бийлик абийирдүү, намыстуу болсо, күнөөсү жок экендигин билип турса, эмне үчүн ошону кат аркылуу нота менен далилдеп берип койбойт бүгүнкү күнгө чейин. Себеби, далилдей алышпайт. Алардын айткан сөзүндө дагы бир чоң мандем, сөздөрүнүн кандайдыр бир деңгээлде орду бар. Алардын айыптоолорун мамлекеттик деңгээлде эки өлкө ортосунда кат алмашуу жолу менен далилдей албай жатышканы демек, Бабановдун кандайдыр бир деңгээлде илинчектери бар экендигинен кабар берип жатат. Ошондуктан, Ө.Абдрахманов жетектеген убактылуу комиссия дагы так маалыматтарды алып чыга албай калышы мүмкүн. Мисалы, азыр Бабановго каршы көзү менен көрүп, кулагы менен угуп турса дагы эч ким көрсөтмө бербейт. Андай күнү ал жумушсуз калат, же саясый куугунтукка дуушар болот. Муну өлкөбүздүн 20 жылдык саясаты көрсөткөн бизге. Биздин мамлекет Бабанов, Дүйшөбаевдерге каршы чыныгы фактыларды айтып бере турган адамдын коопсуздугуна мамлекет кепилдик бере албайт.
Мисалы, былтыркы ажылык сапарын уюштуруудагы махинацияларды териштирүү боюнча комиссиянын жетекчиси катары айтайын. Чындыкты айтам деп Дин иштери боюнча комиссиянын орун басары ЖКга келип "бул иштерге Каптагаевдердин кандайдыр бирдеңгээлде тиешелери бар" деген көрсөтмөлөрдү бергенден кийин түндө үйүнө барып буту-колдорун, башынын аркаларын чаап кетти, аз жерден өлүп кала жаздады. 3-4 күн мурда барып аны менен дагы бир жолу сүйлөшүп келдик. Жаналгыч көргөндөй бизден коркот "бул мага эскертүү болду, эми дагы көрсөтмө берсем өлтүрүп коюшу мүмкүн" дейт. Ырас, мамлекет алардын жеке коопсуздугуна кепилдик бере албагандан кийин андай адамдардан чындыкты сураштан өзүң да тартынасың, анын чындыгын жазып коюп, кимдир бирөөнүн өлүмүнө себепкер болуп калышты эч ким каалабайт.
- Демек, мындай шартта кандай гана комиссия түзүлбөсүн, мейли пропозициялык, мейли оппозициялык болбосун баары бир чындыкка бу жакынкы күндөрү эч кимиси жетпейт экен да?..
- Мисалы, 7-апрелдеги революциянын демилгечилеринин, авторунун бири болгон А.Атамбаев аза күтүүдө "ушулардын арбактарын сыйлап, туура иштебесек Кудай уруп кетет го" деген адамдардын бири. Кана, Кудай урганы? Урбай эле жакшынакай болуп теңирден тескери иштеп жатпайбы. Коалициянын түзүлгөнүнө беш ай болду. Бул мезгил ичи өкмөт экономикалык, өнүгүү туурасында, дегеле мамлекетти алдыга сүйрөй турган бирдиктүү программасы жок. Бул деген сөз алар эски системанын туткуну болуп, акчаны көргөндө акылдары аңтарылып жатат. Аткаруу, иштөө тартиптерин өзгөртүп, ошого жараша кандайдыр бир бир жазалар, жоопкерчиликтер болушу керек эле. ЖКда оппозиция күн сайын чырылдап айтып жатат "азык-түлүк коопсуздугун карап койгоула, эртеңки күнүбүз эмне болот?" деп. Айыл-чарба министри бул жерге келип алып 2-класстын окуучуларын алдагандай кылып айыл өкмөттүн, акимдин жалган сатистикаларын кабинетинде толтуруп алып "комбайн, тракторлор баары даяр, үрөндөрдү бекер таркатып жатабыз, күйүүчү майлар эчак жеткен, жер семирткичтерди берип койду" деп каратып туруп калп айтып жатат. Азыр "биз элдин кызыкчылыгын ойлойбуз, эл үчүн иштейбиз" деген бийликтеги адамдар буту-колу жерге тийбей президенттик шайлоого жанталашып көрүнгөн мамлекеттин босогосун сагалап, бажы союзуна эки колун көтөрүп киребиз деп жүгүрүп жүрөт. "Дордой", "Кара-Суу" базарларына барып көргүлө, кечээки эле 500 сомдук товар бүгүн 800-1000 сомго чыкты. "Эмнеге мындай болду?" десек, "биз үч айдан кийин Бажы союзуна кирсек Кытай чек арасы жабылат, ошого чейин иштеп калалы" дешет. Мына, адамдарды кандай бурчка алып барып такап жатышат. Булар өкмөткө баруу үчүн депутат болушкан, ошол адамдар өзгөрөт экен деп алардын жалган сөздөрүнө ишенип элдер добуш берген. Ошондуктан мамлекет жашоосу, элдин турмушу бул түздөн-түз элдин тандоосуна байланыштуу. Эл кандай тандаса ошол тандаган адамдар ошого жараша мамлекетти башкарганга кудурети жетет. Муну бүгүнкү Өкмөттүн ишин карап баамдап алса болот. Муну эми баары эле билип турат. Депутаттар Өкмөттү таанып-тааныбаса деле курай берген. Бүгүнкү Өкмөт элдин жашоосун жакшыртуу, мамлекетти алдыга сүрөө үчүн эмес, "шайлоодо сен баланча добуш алып берсең, мен түкүндөй кызматка коём" деген ыплас убадаларды аткаруу үчүн гана түзүлүп калган.
- Учурда Кыргызстандагы саясаттын чордону президенттик шайлоого бурулганы турат. Шайлоочуларыбыз мурунку шайлоолордон кандайдыр бир сабактарды ала алышат болду бекен?
- Мурдагы президенттик башкарууга каршы чыккан адамдардын арасында бүгүн президентикте колдоо табыш үчүн "бүгүнкүсү эмне болсо болсун, бирок, мен президент болоюн" деп бүгүнкү парламенттик башкаруу системасын өзгөртүп жибергенге да кайыл болгондору да бар. Эки революциядан адамдар сабак алышыбыз керек эле. 2005-жылкы революциядан сабак алышпаган келесоолор 2010-жылкы революциянын болуп чыгышына жол беришти. Эгерде ушундай ахыбалда өзгөрбөй кете турган болсок, үчүнчүсү да болуп кетишине мен толук ишенем. Эл айбан эмес, тизгиндеп эле кага бергенде элдин да чыдамы кетет. Азыркы Өкмөт бүгүн Американын алдында Россиянын чогун кармап бергендей болуп жатат. Биздин өлө албай жаткан Өкмөткө бирөөнүн алдында чок кармаганды ким коюптур. Өзүнүн этеген эптеп жаба албай жатат, анан дагы бирөөгө болушуп колуна чок көтөрүп жүрөт. Өкмөттүн мындай кылыгын эки ойноштун ортосунда шам кармап турган адамга теңейм.
- Президенттик шайлоо демекчи, "Ата Мекендин" анабашы Ө.Текебаев Бакыт Калмаматовду президентикке таптап жатыптыр. Ал үчүн Башмыйзамга өзгөртүүнү караштырууда" деген пикирлер чыга баштады? ..
- Мен дагы бүгүн окудум гезиттен бул боюнча. Чындыгында бул жөнүндө менин кабарым жок. Бирок, мага жер-жерлерде жаштар "Азыркы бийликтеги адамдар менен биздин мамлекет жакшы бийиктиктерге чыга албайбыз. Биз, шайлоочулардын миллиондон ашыгын түзгөн жаштар, өзүнчө бир канат болуп чыгып, саясаттын башкача түрүн көрсөтүшүбүз керек. Ошондуктан жаштардан бир депутат алып чыккыла. Сиз өзүңүз коюңуз" дегенде мен мыйзам боюнча президенттиккке коё турган талапкердин жашы 35 жаштан кем болбошу керек деген жери бар, азыр 27 жаштамын" дегенде жаштар кол топтоп Конституциянын ошол жерин "ЖКнын депутаты үчүн Президентикке талапкер болууда чектелбейт" деп өзгөртүү киргизүүнү айтып чыгышканын билемин. Жаштардын минтип мамлекеттин келечеги үчүн күйүп-жанып тургандарына ичимден кубанам. Бул чоң кадамдарды таштоого болуп жаткан аракеттер. Бул -жаштардын азыркы саясатчылардан тажаганын, мындан ары такыр ишеним жок экендигин түшүндүрөт.
Тилекке каршы бүгүнкү күндө менин жашым жетпейт, Эгерде, жаштар мындай демилге көтөрүп мыйзамга өзгөртүү кирип кала турган болсо, анда жаштар менен дагы бир ирет кеңешип, ошолордун каалоо, тандоосуна карата кандайдыр бир чечим чыгарса болот. Бирок, бүгүн андай чечим чыгарууга Башмыйзам жол бербейт.
- Бул боюнча ЖКнын жаш депутаттары да өзүңөрчө чогулуп бир чечимге келгенсиңер го?..
- Туура, жаш депутаттар чогулуп сүйлөшүүлөр болду. Бирок, ал жыйын болуп жаткан учурда мен иш сапары менен Ош областына кетип катыша алган жокмун. Ал эми кесиптештерим кандай чечимге келгениндигин азырынча мен билбейт экенмин.
Бакыт Молдалиев








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??