п»ї
Беш
бармак
Абдыганы Эркебаев
Алп таланты менен вулкандай атырылып чыккан Абдыганы Эркебаев, учурунда союздун эрке баласы деле болгон жок.Анткени ал сынга толгон замбирегин дүрмөттөп алып, жаштарга гана эмес , кыргыз Корифейлери Аалы, Түгөлбай, Чыңгызга да багыттап жиберүүчү.Сынды эле ким сүйүп атсын, ошондуктан анын "демократиялык жүрөгүнүн" согуп турганын билишсе да, партократтар өз "акырларына" чакырышкан жок. Туура кылышты, арийне, чакырышса да чыныгы демократ Эркебаев жолоп коймок эмес. Партиялык система менен "кашык каны калгыча" салгылашууну көздөгөн Абдыганы мырза өз муратына жетти. Түштүктүк акеси Масалиевди жакасынан сүйрөп тактан түшүрдү да, ал мезгилде демократ көрүнгөн, "кой терисин жамынган" "лжедемократ" Акаевди бийликке алып келди. Элге карап мылжыйып, аркасын көрсөткөн Акаев алгач демократиянын принциби менен бара жатты. Ошондуктан Отунбаева,Эркебаев, Муралиев сыяктуу кыргыздын "мээлери" аны колдоп кетишти. Бийлик "жеңесинин" колуна өткөн соң, анын алдында "куурчак" болбой Абдыганы мырза четтей баштады. Муну Эркебаев эркелетип жараткан "Кыргыз Руху" гезити лып түшүндү да Акаевке туш-тараптан сокку ура баштады. Түштүктүн тың жигити Эркебаевди кызматтан таптакыр четтетүүгө Акаевдин жүрөгү дааган жок. Бирок Эркебаевке далысын салып турганы чындык. Эркебаевке эмне, бийликтин алдына чөгөлөп барса Масалиев акесинен деле мансап алмак. Анын жүрөгү кошоматчылык үчүн жаралган эмес.Анын жүрөгү элдин талабын аткарыш керек эле. Акаевдин заманында президентке №1 талапкер Эркебаев болгон. Лекин, паракор Бакиев жеңесине пара берип атып, алдыга атырылып чыкты. Бакиев ким эле, Эркебаев министр болуп турганда, бир совхоздун, тоюз, кичинекей заводдун директору болчу.Ошондуктан Бакиевдик бийликти Эркебаев "признать" эткен жок. Ал эми Убактылуу Өкмөттү кош колдоп колдоп берди. Бир гана Сариевдин "Ак шумкары" уча албай калды. Эркебаев хандын мекени болгон Алайдын Келдибеков-Селдибеков, Султанов-Пултанов сыяктууларга эталон болуп берди.Мунусу менен ал Алайдын бийлик плеядасын түздү. Алайдын гана эмес Түштүктүн десек болот. Эркебаев "М" жакка баратса кагаз ала чуркаган "кол баласы" Мадумаров Бакиевдин заманында канча даражага жетти?
Бүбүкан Досалиева
Бүбүкан бийкечтин үнүн радиодон уккан жаш жигиттердин бары анын үнүн угуп алып эле ашык болуп калышчу. Ал эми аны теле берүүдөн көргөн соң канча кыргыз жигиттери Мажнун болуп талаалап кеткенинин эсеби жок. Муну миграция министрлиги эсептээр. Арийне, сулуугу менен ааламды багындыра турган кесиптешибиз, эң оор жолду тандап алды. Бакиевдик бийлик сулууну да, улууну да карамак эмес. Танк менен тебелеп кеткендей тебелеп кете бермек. Эркек сөрөйдүн бары аялдарынын дамбалдарына баштарын катып, же болбосо дыргаяктаган бойдон чет өлкөлөргө качып атканда, акыйкатты сүйлөгөн сулуу бийкечтин үнү ободо жаңырып турду. Бакиев качкан соң "баатырлар" жамгырдан кийинки козу карындай жабалактап чыкты. Кайда эле ошол "баатырлар" Бакиевдер бийликте турганда? Бакиевке каршы талбастан күрөшкөн "бир ууч" адамдын бири Бүбүкан бийкеч. Муну ошол заманда "Кыргыз Руху" гезити дайым баалап, "Жылдын мыкты адамы" наамын ыйгарып турчубуз. Акыйкатты издеген эл Бүбүкан бийкечтин үнүн уккусу келчү. Ал эми анын үнү таң атпай эле булбулдай таңшый баштоочу. Аны Бакиевдик жексурлар өчүргүсү келди. Бирок кыз Сайкалдай каарман жүрөк Досалиеванын үнүн ким өчүрө алат? Эмне 2010-жылдын 7-апрелинде жаштар Путиндин акчасына көтөрүлүптүрбү? Жок! Жаштар өздөрү туу тутуп, ашык болгон Бүбүкан бийкечтин үнү менен көтөрүлдү. Анын мукам добушу дал ошол күнү муңдуу чыгып, элди күрөшкө чакырып турду. Бүбүкан бийкечке ашык болгон далай жигиттер желдеттердин огуна учту.Арийне, бийкечтин үнүнө ашык боло турган наристелер төрөлүп жатат. Кызыгы ушул көпчүлүк анын үнүн таппай калды. Каяктасыз Бүбүкан бийкеч? Күкүк?
Султан Раев
"Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй" дегендей эле, "Кыргыз боюу Раевдин боюндай" болсо жарашмак. Алп денелүү Султан Раев бекер жеринен "палван" деген жогору даражаны алган эмес экен.Анын "палвандыгы" ушунда, "Кыргыз Руху" гезитин түптөп жалпы кыргыз элине тартуулаган. Албетте, гезиттин "крестный отеци" Абдыганы Эркебаев болсо дагы өз "отеци" Раев болгон. Раевдин мектебинен кимдер гана өтпөдү? Бүгүнкү Кыргызстандагы Эшимкановдун жулунган журналисттерин эсептебегенде, мыкты журналисттердин бардыгы "Кыргыз Рухунда" Раевдин мектебинен тарбияланып чыгышкан. Султан палвандын авантюристтик жөндөмдүүлүгүнө караганда дипломатиялык жөндөмдүүлүгү жогору. Ал министр болсо деле, министрден түшүп көчөдө калса деле бир калыптан жазбай жүрөт. Бирок кошоматчылардыкы жаман да, ал министр болсо айланчыктап жанынан чыкпайт. Министрден түшөөр менен жерге житип кетишет. Раевдин улуугу анын бийлигинде эмес, Раевдин улуулугу анын таланттында. Муну кыргыз эли Россия Федерациясы да билет. Чыңгызга окшогон зор таланттан айрылып, кыргыз эли өксүп турганда талантыңызды ташкындатып, Россияны гана эмес ааламды көздөй чабыттай бериңиз. "Ичтери күйгөндөр туз жаласын".
Иса Өмүркулов
Чын эле кээ бирлер Иса мырзанын аракетине таң калышып жаткан чак. Тынч эле иштей бербейби деп. Арийне, барыбыз тең тынч эле иштей берсек , анда Кыргызстанды ким көтөрөт. Иса Өмүркуловдун Ош базарын жакшыртууга кылган аракети бул накта мекенчилдиги. Себеби, Акаев, Бакиевдин заманында арзаныраак окат алып алайын деп Ош базарга баргандар бул көйгөйдү түшүнүшөт. Баса турган жолдун тардыгынан, кадимкидей эле "пробкада" калган "аптобустай" болуп, элдин ортосуна тыгылып калып баса албай калган күндөр канча болду. Чаркырап ыйлаган балдар, эси ооп жыгылган чалдар, эптеп түртүшүп-сүртүшүп отуруп чыгып кеткен киши "өх" дешчү, андан чыгып алып башка жерге кыпчылып, кыйын эле болчу кыргызга. Мына азыр Ош базарга барсаңыз таксидей сызып кетесиз. Иса мырзадан башка адам болгондо "Тойдум байдын кызына" деп кол шилтеп коймок.Бакиевдин заманында деле элдин бары "Ак жол" деп турганда парламентте эл үчүн Отунбаева менен Өмүркуловдун гана үнү жаңырып турбадыбы. Кана ошол парламент? Эл үчүн иштеген экөөнүн бири президент, бири мэр. Эй, кыргыздар экиге бөлүнөлү.
Акмактарыбыз Бишкек оңолбосун десин, калгандарыбыз Бишкек оңолсун дейли. Ошондо көрөбүз ким акмак, ким акмак эмес экенин. Мен акмак эмесмин дегендер жаркыраган Бишкек үчүн.
Аскар Салымбеков
Өз эмгеги менен ишкерчиликтин жогорку чөйрөсүнө жеткен Аскар мырзаны "тёзкасынын" заманында да, андан кийинки заманда көрө албагандар көп болгон.Анткени алар бийликтин жардамы менен ашап жеп байыгысы келишсе да, алдында таза эмгеги менен бизнес жасап жаткан Салымбеков турса эмне кылат. Салымбековдун элге жасаган кызматын санабай эле коёлу, анткени барагыбыз жетпейт. Ал үчүн жүз барактуу гезит болуш керек.Ал Бакиевдин заманында эле ага каршы чыккан жердеш нарындык мекенчилерди колдогону эле канчалык жүк. Апрель революциясынан кийин элдин коопсуздугун коргогон жигиттерди өз демилгеси менен колдоп, канчалаган материалдык жардам берип турду. Ушундай эл үчүн кымбатчылык заманда датын айтып, жардам сурап баргандардан жардамын эч аябайт дешет. Ошол үчүн кыргызда мындай макал пайда болуптур, "Даттангың келсе Салымбековко бар, мактангың келсе Алымбековко бар" деген. Эркинбек Алымбековдун мактанчаак экенин шайлоодон кийин бүт эл билет дечи, арийне Салымбековдун эл үчүн жасаган кээ бир иштери элге жетпей аткансыйт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??