п»ї

Президент болуш үчүн А.Атамбаевге канча жан керек,
же
Бабанов - премьер-министр, Келдибеков - спикер, Атамбаев - президент.
Президенттик шайлоо жакындаган сайын президент болот дегендердин саны арбып баратат. Түрмөгө түшкөнү үчүн саясий аброю арткан Исхак Масалиевден баштап Марат Султанов, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов өңдүү ооздон түшпөгөн талапкерлерди айтпаганда да Турсунбай Бакир, Токтайым Үмөталиева, Нурлан Мотуев өңдүү түбөлүк талапкерлер дагы деле көңүлдөрү бар экенин жашырышпайт. А түгүл Оштун мэри Мелис Мырзакматовдон "президентикке кайсыл талапкерди колдойсуз" деген журналисттин суроосуна "өзүмдү сынап көрсөмбү" дегенине караганда баары эле өзүн шер ойлойт. Мелис Мырзакматов президентикке коёрдон мурун Кыргызстандын түндүгүнө бир саякаттатып, бул жерде Нарын, бул жерде Талас, бул жерде Балыкчы, бул жерде Кара-Балта деген шаарлар бар деп тааныштырып келбесең, ал Кыргызстанды бир эле Ош деп ойлойт. Ошол эле сыңары кээ бир талапкерлерди Сокулуктун же Лейлектин, айтор бир райондун элине эле президент кылып шайлабасак, андан ары аброю өтмөк түгүл, атын киши тааныбайт. Ал эми элдин көңүлү алардын баарынан калып бүткөн. Оппозициянын көңүлү эч качан бирикпей калды. Буларды Акаев, Бакиевге окшогон жекебасар бийлик эле бириктирбесе, башканы кой, бир партиянын ичинде беш алтыдан талапкер так талашууга даяр.


Бабановдун жаны - (+1)
Ал эми бийлик тактап айтканда учурдагы премьер-министр Алмазбек Атамбаев да өз күчүн бекемдөө менен алек. Бул үчүн президентикке күчтүү талапкер алып чыгуучу "Ата мекен" менен "Республиканын" "Республикасын" тандап, Өмүрбек Бабановду өз тарабына тартууда. Президент болууга күчтүү талапкер Өмүрбек Бабанов Атамбаев үчүн иштөөгө макул болот, бир гана шартта. Ал Атамбаевдин ордунда премьер-министр болуп калыш керек. Эгер андай болсо, баягыл жомоктогу жанына улам бир жаныбардын жанын кошкон сыяктуу мындай учурда Алмазбек Атамбаевге Өмүрбек Бабановдун жаш, энергиялуу, күчтүү жаны кошулат.
Келдибековдун жаны - (+1)
Андан ары Алмазбек Атамбаев Акматбек Келдибековду өз тарабына тартса, түштүктөн 100 миң кишиден кол топтоп, рекорд койгон Акматбек Келдибеков бир топ күч болуп бере алат. Ал да буга макул болушу мүмкүн. Ал үчүн Келдибеков Алмазбек Атамбаевден өзү бир кезде президенттик башкаруу болсун деген оюна 180% каршы чыгып, "сиз саякатчы президент гана болуңуз, мен спикер катары парламенттик республиканы гана каалайм" десе керек. Мындай келишим да жакшы. Мындай болгондо А.Атамбаевге дагы бир маанилүү, Кыргызстандын картасынын жарымын, элинин көбүн түзгөн, жана А.Атамбаев өтө кадыры төмөн болгон түштүктүн канын алып жүрүүчү Акматбек Келдибековдун жаны кошулат.
Мырзакматовдун жаны - (+1)
Бирок, Алмазбек Атамбаев Акматбек Келдибеков менен эле түштүктү алып койдум десе чоң жаңылышат. Түштүктө азыр А.Келдибеков менен К.Ташиевдин кадырына караганда Адахан Мадумаров менен Мелис Мырзакматовдун кадыры жогорурак. Буга себеп, ар качан чырылдаган депутаттардан элдин аллергиясы келип турганы А.Келдибеков менен чырдан башы чыкпаган К.Ташиевге бир топ эле минус алып келди. Ошол эле учурда эл жеңилген тарапты колдоорун эске алсак, Адахан Мадумаровдун күтүү позициясы өзүн актап экөөнө караганда аброю өсүп турган чак. Мелис Мырзакматовдун аброю деле ошондой. Бийлик бутагында туруп бийликке каяша айткан чиновниктердин эң анабашында Мелис Мырзакматов турат. Эл өзгөчө азыркы бийликке аллергиясы бар түштүк электораты бул үчүн Оштун мэрине өзгөчө ыраазы. Ошонусуна таянган мэр оозуна келгенди оттоп, мэр болуп туруп губернаторду жаш баладай тоготпой жүрөт да. Ал губернатор түгүл "президент Отунбаеваны тоготпойт" деген сөзгө семирип жүргөн кези. Андыктан түштүгүнө жорго минип дөөгүрсүп турган бул мэрди Алмазбек Атамбаев өз тарабына тартса, жанына жан кошулат, түртсө, жанынан жан суурулуп кетет. Айталы, Келдибековдун эсебинен кошуп алган жанды Мырзакматов кайра сууруп алышы мүмкүн.
Кулов - (+0,1)
Ошол эле учурда азыр бийликке жан тартып, өз көмөчүнө күл тартып калалы деген күчтөр бар. Ал "Ар-намыс" партиясы жана жетекчиси Феликс Кулов. Алмазбек Атамбаевдин фронтуна иштеп берүүгө Кулов да кызыкдар. Адегенде он депутатын, анан калганын коалицияга кошом деген Кулов премьер-министрлик креслону Атамбаев берем десе, депутаттарынын баарын эмес, эчак темирден жешилип жыгач болуп калган генералдык аброюн берүүгө даяр болсо керек. Бирок, эси болсо, А.Атамбаев андай соодалашууга барбайт. Себеби, ХИПКтен башка реалдуу программасы жок, премьер-министрлик мономахтын шапкасын көтөрө албай койгон өткөн чак Феликс Куловго караганда, келечек болгон Өмүрбек Бабанов төөлүк өйдө болсо керек. Жок эле дегенде "абышканы пенсияга, жашты ишке" деген принцип менен караганда деле. Андыктан Куловдун 0,1 жанына кызыгып, Бабановдун бир жанынан ажырап калуу күнөө болсо керек.
"Ата мекен" - (+1, -1)
Ошондо Атамбаев үчүн бир гана "Ата Мекен" оппозиция болот. Аны өз тарабына тартуунун эч кажети жок. Себеби "Ата мекен" түбөлүк оппозиция. Аны сатып алуу, соодалашуу пайдага караганда зыян гана алып келет. Андыктан соодалашам деп уяты чыккандан көрө, бийликти тазалаганга санитарлар да керек деп өз арбайын сого бергени маанилүү болсо керек.
Президент - дүңүнөн жан кошуу
Бийликтин жогорудай биригүүсүн учурдагы президент Роза Отунбаева да кааласа керек. Себеби, өлкөдөгү башаламандыкта бийликтин чачырабай биригип турушу, өз полномочиесин тынч жол менен татыктуу өткөрүп берүү азыркы президент Роза Исаковнага да жакса керек. Анан калса, дайым колдоп жүргөн Өмүрбек Бабанов менен Алмазбек Атамбаевдин бир фронтто болушун баарынан биринчи президент каалайт. Экөө эки фронтто жакалашканда, кимисине жан тартарын билбей айласы кетпейби. Андыктан биригүү жөнүндөгү биздин идея үчүн президент А.Атамбаевге жашыл жарык берет. Башкача айтканда мураскор катары алып чыгат. Муну дүңүнөн жан кошулуу деп бааласа болот.
Айзада АБАЗОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??