п»ї
Бишкектиктер ысык суу үчүн 200 миллион сом карыз
Бул тууралуу Бишкек жылуулук борборунун башчысы Мирбек Батаканов билдирди. Анын айтымында, суунун 30 пайызы да уурдалып кетет.
Бишкекте 10-майдан тарта ысык суу бир айга өчүрүлдү. Бул убакыт аралыгында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлмөкчү. Батакановдун айтымында, бул кышка даярдык болуп эсептелет жана оңдоп-түзөө иштерине 20 миллион сомго жакын акча коротулат.
Шаардыктарды ысык суу менен камсыз кылган жападан жалгыз система 45 жылдан бери иштеп жатат.
Коогалаңда набыт болгон жана жоголгондордун жакындары 1 млн. сом алат
Буга байланыштуу токтомго премьер-министр Алмазбек Атамбаев 10-майда кол койду. Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, токтом 2010-жылы орун алган июнь коогасында набыт болгон жана дайынсыз жоголгондордун жакындарына материалдык жардам көрсөтүү максатында кабыл алынды. Ушул эле токтомго ылайык, июнь коогалаңында жабыркагандар 50 миң сомдон жардам алышат.
2010-жылы июнь айындагы улуттар аралык жаңжал учурунда 400дөн ашуун адам каза болуп, эки миңден ашууну жараат алган. Ондогон адамдар ушул убакытка чейин дайынсыз.
Башкы прокуратура Индонезияда кармалган Сакеевага жардам көрсөтөт
Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Талант Конокбаевдин "Азаттыкка" тастыкташынча, Индонезияда маң зат менен кармалган кыргызстандык Жибек Сакеевага укуктук жана юридикалык жактан жардам берүү аракети көрүлүүдө. Маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын эл аралык-укуктук бөлүмүнүн башчысы Сакееванын котормочусу менен байланышып, жардам көрсөтүү маселелери сүйлөшүлгөн. Түштүк Африка өлкөсүнүн жараны, Сакеевага маң зат салынган сумкасын берген Окалии Палийнус Набуйкенин процессуалдык документтери электрондук байланыш аркылуу прокуратурага жөнөтүлгөн. Учурда издөөдө жүргөн Африка жаранынын кылмыш иши Кыргызстандын баңгизатты көзөмөлдөө кызматы тарабынан иликтенүүдө. Мындан сырткары Тышкы иштер министрлигине жана Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине Сакеевага мүмкүн болгон жардамды көрсөтүү боюнча кат жөнөтүлдү.
Өткөн жылдын октябрь айында Индонезияда маңзат менен колго түшүп, азыр бөтөн жерде камакта сурак берип жаткан Сакееванын тагдырын "Азаттык" биринчи жазып чыккан. Сакеева сумкада маңзат болгонун билбегенин айтууда.
Акыйкатчы Турсунбек Акундун билдиришинче, мамлекеттик айыптоочу Сакееваны 15 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат, ал эми жактоочулар 5 жылга кесүүнү өтүнүшүүдө. ТИМ аны Кыргызстанга кайтарууга аракет кылаарын билдирген.

"Dе-факто" гезити кайрадан чыга баштады
Бакиевдик бийликтин маалында жазып чыккан ар түрдүү курч материалдары, ошол убактагы бийликтин жасаган жашыруун иштерин ашкерелегендиги үчүн Бакиевдик бийлик тарабынан кысым болуп, гезит жабылууга аргасыз болгон. Мына эми көптөн күткөн "Dе-факто" гезити 12-май күнү 5 миң 700 нуска менен чыгып, Кыргызстандын бардык аймактарына таратылды. "Де-фактонун жаңы санында негизинен айыл турмушуна багытталган макалалар жарык көрдү.


"Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт"
Коомдук ишмер, куруучу Рахат Ирсалиев 9-майда өз жерине барып, ардагерлерди сыйлоо жөрөлгөсүн 9 жылдан бери жасап келет. Бул жолу өз каражатынан Кочкор райондук администрациясынын жанына эстелик монумент комплексин (Улуу Ата Мекен жана Афган согушунда, Баткен коогалаңында, 7-апрель революциясында каза болгондорго арнап) тургузду. Ачуу аземине 21 ардагер, көрүнүктүү коомдук ишмерлер - Аликбек Жекшенкулов, Бекболот Талгарбеков, ЖК депутаты Дамира Ниязалиева жана жердеш, тели-теңтуштары, достору катышышты. Досу Темирбек Асанбеков ошол күнү Москвадан учуп келгендиги белгилүү болду. Алгач ардагерлерди куттукташып, анан Рахат Ирсалиевди мактап, "Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт" деп алкап жатышты. 7-апрель окуясынын катышуучусу Жолот Дүйшембиев былтыр Кочкор районуна беш бала каза болгонун айтып, алардын өлүмү текке кетпей, саясатчылардын жүрөгүнөн ыйман беришин тиледи. "Бир кишини алдаган киши - аферист, он кишини алдаган киши - мошенник, жүз кишини алдаган бул саясатчы" дейт. Саясатчылар Рахат мырзадай иш кылышса" деди. Ал эми администрация жетекчилери Рахат Ирсалиевдин башына калпак кийгизип, үстүнө чепкен жапты. Рахат мырза 2002-жылы 212 болгонун, андан 21и гана калганын айтып, кейиди. Кочкор жеринен Улуу Ата Мекендик согушка 5510 адам чакырылып, алардын 1380и дайынсыз, 2037и курман болуп, 1052 адам кайтып келген экен. Бүгүнкү күндө 21 киши калыптыр. Бизге жарык заманды алып келген аталарга бир күн эле эмес, күнүгө майрам тартуулап турсак деле жарашмак.
Кыргызстанга НАТОнун өкүлчүлүгү ачылышы мүмкүн
Буга байланыштуу келишимди ратификациялоону Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана коргонуу боюнча комитети колдоду. Коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов бул келишим НАТО менен Кыргызстандын кызматташтыгын арттыруу, өз ара байланышты жакшыртуу максатында "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасынын" алкагында макулдашылганын комитет жыйынында билдирди. Эгер парламент келишимди колдоп берсе, Кыргызстанга НАТОнун өкүлчүлүгү ачылат. Азыр анын өкүлчүлүгү Казакстанда жайгашкан.
Таласта 230 гектар кант кызылча аянты мөндүрдөн жабыр тартты
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун билдиришинче, 7-майда Талас облусунун Манас районунда мөндүр аралаш жаан жаап, бир канча гектар айдоо аянттарын бүлгүнгө учураткан. Министрликтин Таластагы башкармалыгы жана райондук жарандык коргоо комиссиясынын алдын ала тактоолору боюнча, Покровка жана Үч-Коргон айылдарында жалпысынан кант кызылчасы эгилген 230 гектар, төө буурчак айдалган 180 гектар аянт мөндүр аралаш жааган жаандан жабыр тарткан. Учурда анын чыгымдары такталууда.
Кыргызстанда 5-майдан бери бир катар аймактарда маал-маалы менен нөшөрлөп жаан жаап жатат. Аба ырайын маалымдоочу борбор 10-майга дейре өлкөдө кээ бир аймактарда сел жүрүп, кыян капташы жана кар жаап, үшүк жүрүшү ыктымал экенин эскерткен.
Эне-бала өлүмү 30 пайыздай азайганы айтылууда
10-майда Бишкектеги перинаталдык борбордо кош бойлуу айымдарды төрөткө даярдоо жана дарыгерлерди окутуу мектеби ачылды. Иш-чарага саламаттыкты сактоо министри, ЮСАИДдин өкүлдөрү катышмакчы. Кош бойлууларга кам көрүү долбоорун ЮСАИД каржылап жатат. Аталган эл аралык уюм 2006-жылдан бери Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте Кыргызстандагы төрөт үйлөрүндө кам көрүүнү жакшыртууну колго алып келет. Бул программа эне-баланын өлүмүн азайтууга багытталган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, 2010-жылы эне менен ымыркайдын өлүмү 33,7 пайызга азайды.


  Өкмөт сүйлөйт

Алмазбек Атамбаев жаңы тапшырма берди
Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине биолабораториянын курулушуна ботаникалык бактан башка жерден ылайыктуу жер үлүшүн табуу боюнча тапшырма берди.
Анткени мындай биолабораториясыз Кыргызстан келечекте кыйла аксап калаары талашсыз. Биолабораториясы жок биз биокоопсуздук жана биокоргоо тармактарында башка мамлекеттерге көз каранды болуп калмакчыбыз.
Айтмакчы, мындай биолабораториялар Астана, Ташкен сыяктуу ири шаарларда алда качан эле курулган. Ал эми Канаданын Виннипег шаарында мындай лаборатория мэрияга коңшу жайгашкан экен.
Биолабораториянын курулушуна Канада өкмөтү 60 млн. доллар грант бөлүп бермекчи.

Жапа чеккендер миллион сомдон алышат
Өткөн жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад капсалаңында каза тапкандардын жана жапа чеккендердин үй-бүлөлөрүнө Кыргызстан Өкмөтү 1 000 000 сомдон материалдык жардам көрсөтүү боюнча чечим кабыл алды.
Каза тапкан жарандар, аскер, укук коргоо органдарынын каза тапкан кызматкерлери, катуу жарат алгандардын үй-бүлөлөрү миллион сомдон жардам алышат. Ал эми жеңил жарат алган жарандар 500 000 сомдон материалдык колдоо алышат.
Бир жолку материалдык жардамды төлөп берүүнүн атайын тартиби иштелип чыгып, ошонун негизинде каражат бөлүнмөкчү.

Премьер туу менен гимнди өзгөртүүгө каршы
Мындай оюн Алмазбек Атамбаев жакында коомдук телеканалга берген интервьюсунда ачыкка чыгарды.
Өкмөт башчысынын пикири боюнча тууну жана гимнди өзгөртүүгө азырынча тиешелүү негиз жок. Мамлекеттик символдор улам өзгөртүлө бербестен, стабилдүү болууга тийиш.

Эми шекерибиз арзандайт
Кыргызстандыктардын жылдык шекерге болгон муктаждыктары 125 миң тонна, маселен былтыр өлкөбүздүн дыйкандары 14 миң тонна эле шекер өндүргөн, же шекерге болгон муктаждыктын 11 пайызын эле камсыздалган. Быйыл кыргызстандыктардын шекерге болгон муктаждыктарын 15 пайыга жеткирүү айыл чарба министрлиги тарбынан пландалган. Быйыл мындай таңкыстыкты жоюу үчүн, арзандатуу максатында Өкмөттүн сунушу менен Жогорку Кеңеш сырттан кире турган шекерге мамлекеттик 30 пайыздык алымды алып салды.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда өлкө боюнча ушу күнгө 7000 гектарга чейин кант кызылчасы эгилди. Быйыл пландоо боюнча 9500 гектарга жеткирүү милдети турат. Былтыр 8500 гектарга чукул кант кызылчасы эгилген. Быйыл министрлик азык-түлүккө болгон муктаждыкты чечүүнү колго алып, кызылчанын 45 тонна уругун дыйкандарга бекер таратууга жетишти. Таластык дыйкандарга 10 тонна, 35 тонна урукту Чүй областындагы дыйкандарга таратылды.


Көңүл айтуу
Кесиптешибиз Жылдыз Муканованын атасы мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
"Кыргыз Руху







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??