п»ї
Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыкка көрсөтүлгөн акындын "Жан күйөөрү" - Ата Журт
Акын бул опоосуз дүйнөдөгү гөрпенденин аз өмүрүнүн кайгы, муңун, кубанычын, арман-асыретин, сүйүүсүн поэзиянын көркөм тилине салганда, көбүн эсе өзү баштан кечирип жаткан учурдун агымынан таасир алып, анан ойлонууга кудурети жеткен окурманга тартуулайт. Жарык дүйнөнүн баркын, акылга бай, жан-дүйнөсүнүн байлыгы көп адам гана билет. Менмин деп эрдемсингендин баары эле поэзия менен музыканын назик тилин түшүнө бербейт, ага кудурети жетпейт, дүйнө параздар аны байлыкка караганда баасы төмөн, кээде гана көңүл ачуучу нерседей сезип, андагы залкар ойлорду, сулуулукту, акылды, кеңешти түшүнбөй, "сен үчүн өлөм, кара көзүңө ашыкмын" дегендей апыртмалуу, кыйкырыкка толгон саптарды жаттап алганга чейин барат. Ал саптарды да акын жаратканын башынан чыгарып, байлык чачылган той-тамашаларда өзүнүн сөзү кылып бакылдай берет….


Акындын, алсыздап, жан-дүйнөсү рухий байлыкка толгон бирок, колунда жок залкар адамдардын жан күйөөрү ким? Мына ушундай чечилбес түйүндүү суроолорго акын Манап Алиев көп жылдардан бери жооп табалбай изденип келе жаткан эле, эми анын "Жан күйөөр" деген кийинки жыйнагында бул суроого жооп тапкандыгы байкалып турат.
Ата Журтчул намыс күчөп ар деген
атың турса: "Ачык мүнөз шар" деген,-
кандай жакшы, эл оозунда айтылып,-
"жалгыз жандын жан күйөөрү бар" деген.
Ооба акындын, жалгыздын Жан күйөөрү - Ата Журт. Акын муну купуя сезип, купуя айтып атат. Ал эми Ата Журттун анын Жан күйөөрү да акын экенин, ал төмөнкү саптарында, ага суктанып, сулуулугуна жүрөгү эрип, эргип ашып, ташып турат.
Денең жылып, жүрүп турган каныңдай,
Ыйык туткан Ата Журтуң жаныңдай:
Кеч бар бекен, Ата Журттун кечиндей?!
Таң бар бекен, Ата Журттун таңындай?!
Мына ал Ата Журттун ыйыктыгын, ажайып сулуулугун да суктанып айтып салды. Туулган жерин сүйбөгөн, кыргыз деп какшап ыр жазбаган акын улуттун акыны боло албайт. Эл арасында айтылып атагы чыгып калган кээ бир акындардын чыгармаларында кыргыз деген Ата Журту даңазаланбай, өткөн замандын таасириненби улуу "агасын" мактаган ырларды көрүп, окуп, бул башка жактан ооп келген неме эмеспи деп эки анжы ойлорго батам.
Манап акын Ата Журтсуз, кыргызсыз жашай албаган акын, анын эли кыргыз, башка эли жок. Бул жерде биз Кыргызстандагы жашап жаткан бөтөн улуттарды жактырбайт деген ойдон алыспыз, ар кандай бала өгөй энесинен, өз энесин артык көрөт эмеспи, анын өз энеси кыргыз, Ата Журту. Дүйнөдөгү поэзиянын өтүп кеткен нечен залкарлары өз улутун даңазалап өткөн, азыр да тирүүлөрү ошол жолдон карыш чыкпай ырдап келе жатат.
Акын "Эл ушул" деген ырында:
Манасын берген - эл ушул,
Саякбай айтып жашыган.

Болбосун менде болбосун…
Журтумду Кудай колдосун,
Комузун, кыргыз, колго алып,
Комузун кыргыз толгосун.
Жөп-жөнөкөй эле ойкуштанбай, жүрөгүндөгү тилегин элине айтып коюп жатат, жазма акын эмес, төкмө ырчынын тили менен Кудайдан кыргызды колдой көрсө экен деп дилинен суранууда.
Акын бир топ ырларында улут болуп сакталып калыш үчүн эң биринчи тилдин, эне тилдин керектигин, кыргызды эртеңки келе жаткан оош, кыйыш замандарга, доорлорго улуттун бай тили, "Манасы" жеткирерин күйүп, бышып ырдайт. Айрыкча Манастын улуулугун, теңдеши жок экендигин даңазалайт, ошол Манасты жараткан кыргыз тилин сактайлы, жоготуп салбайлы деп бүгүнкү муунга чакырык таштайт.
Акылың, ырың бир тыйын…
Мансаптын жүрүп арааны
Түйшүгүн элдин көтөргөн
Бар бекен эрдин карааны?!

Оюңдан чыгып "кылт" этип,
Мансабың колдун кири де.
Жөлөгүң - элиң бар болуп,
Өз тилиң болсун ириде!
Ал бүгүнкү күндүн "Мансапкөй" муундары, мансабың колдун кири экенин түшүнүп, тилиңди жаныщдан чыгарбоо парзың, ал сенин жөлөгүң, таянычың дейт.
Замандын жайыл дасторкон боло албай, акын байлыгын, бей-бечералардын, картайып бараткан муун адамдар биздин мамлекетти түптөгөнүн, алардын чогулткан байлыгын талап-тоноп, келемиштей кемирип жаткандарды, атуулдардан ыйман кетип, тос-топол түшүп жаткан мезгилдин шумпайларын да акын чымчып, сөзү менен келекелеп өткөн саптары окурманды кайдыгер калтырбайт. Түбөлүктүүлүктүн катарында утурумдук элге уйгактай жабышкан бул көрүнүштөрдү "Пара алганын жактайсың", "Баркың билбес нааданга барың тыйын", "Жарыгын күндүн чачпадык", "Сөздөн мурун "бөз" дедик" деген ырларынан окууга болот.
Колдонуп күчүң алып,
топчу үзүп… бүчүң алып,
заманың кайыр сурап
бергенин бүтүн алып - дейт акын.
"Алганың төлөмүң бар" деген ырында чынында эле "заманың жылдан жылга, жоготуп зоболосун" деген кашкайган саптарда бул ыр 2009-жылы жазылса да бүгүн күчүн жоготпой келе жатат.
Акындын "Жан күйөөрү" деген бул ырлар жыйнагына адабиятын эреже-тартибин жакшы билген, поэзиянын тунуктугуна сыймыктанып, ылайланса жаны күйгөн сынчылар өз пикирин окуп чыгышса, кыргыз журтчулугунун таразасына салаар. Мен акындын айрым ырларына гана токтолдум. Чынында чыныгы акын гана ушундай китепти жарата алат. Олчойгон 300-400 беттен турган поэзия деп атамыш болгон китептер азыр көбөйгөндөн көбөйүп, ондон ашык бетиндеги ырларын окуганда эле көңүлүң кайт болуп, китептин көлөмү чоңойуп, нагыз поэзия жоголуп бараткан күндөргө туш болду кыргыз окурмандары. Ошондуктанбы алардын саны азайып баратат. Эл китеп окубайт деп какшанбай акын, жазуучулар элди тамшантып, жанын жыргаткан жакшы чыгармаларды жазыш керек.
Манап Алиевдин "Жан күйөөрү" мамлекеттик Токтогул атындагы адабий сыйлыкка көрсөтүлүптүр, аны газетадан окуп, радиодон угуп, "Жан күйөөрдү" көңүл коюп окуп чыксам, олчойгон китептерге караганда он эсе бийик экен. Акын жаш, андай-мындай деген шылтоону таба койбой элүүдөн эчак ашкан акынга сыйлыкты берип койсо куп жарашкыдай.
Төлөгөн Мамеев





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??