, 20.05.11 - 13-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Караңгы бөлмөдөгү караңгы ойлордон
Өч алуунун бийик жолу - жашоону улантуу

Бакыт деген эмне экенин ушул түнү билдим мен. Капталыңдан капыстан берилген соккудан теңселе жаздап, бирок жыгылбоого жанталашып, денең эмес, жүрөгүң ооруп турган кезде телефондон кайсалабай, кандай ойлоп калат деп арасатка кабылбай, кенен тере турган номериң болсо. Терилген номердин ары жагындагы адам ар дайым, мезгилге, аба ырайына: мейли жамгыр, мейли кар борошолоп уруп турсун, мейли жайдын бейпил айы болсун, сыртта үрөйдү учурган түн турабы, сүттөй жарык күн турабы жардамга шашып келип,ырайы суук жалгыздыктан арачалап калууга дарамети жетсе. Жок дегенде маанайыңды көтөрө мээримдүү үнү менен кобурап азга, азга болсо да сен жалгыз эмес экениңди туюндурса. Бирок андай номер чанда кездешет. Карачы, бет маңдайдагы көп кабаттуу үйдү. Ошондо жашагандардын баары бактылуу деп ойлойсуңбу? Ошолордун баарында күнбү, түнбү мага жооп берет, деген ишеним менен эркин тере ала турган номер бар дейсиңби? Кыйсыпыр түшкөн жашоодо адамзаттын канча пайызы ошондой жан тумар номерди табышты экен. А мен азыр колумда телефонумду кармап отурам. Алай - дүлөй шамал уруп, төрт тарабымды эптеп кураштырып бекемдеп алган коргонуучумду уратып кетип, мезгил менен арбашып атам. Кенен чалынчу номер издеп таппай койдум.
Мен жалгыздык эмне экенин ушул түнү билдим. Жалгыздык сенин жалгыз үйүңдө эмес, жалгыздык адамдардын арасында. Адамдар болбогондо мен эч качан жалгыздыгымды сезбейт элем. Күндүз аралашып жүрөсүң, сүйлөшөсүң, күлөсүң, кечке маал жападан жалгыз каласың. Томсоргон дубал, муздак терезе, нуру алыска чачырай албаган жарык. Арасына кирээриң менен күндүз топтоп алган жакшы маанайың аздан кемип отуруп, таң менен таптакыр бошоп ойгоносуң. Сүйлөшүү, адамдардын арасында жүрүү жалгыздыкты туюндурат. Маугли сыяктуу адамзаттын изи жетпеген жерде жашаганыңда жалгыздык эмне экенин билбеген бойдон төрт дүйнөң түгөл жашай берет элең. Жалгыздык жуп жашоодо да жок эмес. Бир төшөктө жаткан жубайың менен түшүнүгүң, каалооң, ички дүйнөң караманча каршы чыкса, бир үйдө топураган адам жүрүп, жаздыгыңдын бири бош калбаган учурда да жан кыйнаган жалгыздыкка учурайсың. Бир үйдө жашап тетири кийилген батинкедей эки башка тарапты караткан жашоодон сактасын.
Мен кээде баарынан кече жаздачудай болуп, жүрүп бараткан машинанын алдына жүгүрүп кирип кетким келгендей учурларга кабылсам да тирүүлүктү сүйө турганымды бүгүн түшүндүм. Жарыгын чачкан күн менен сүрүн арткан түн да мага бирдей кымбат экен. Тагдыр күйдүргөн сайын күлгөнүм, мүдүрүлткөн сайын алдыга жүткүнгөнүм, таарынткан сайын тамашалаганым көрсө сүйүүмдүн белгиси экен.
Мени жашоого милдеттендирген бир адам бардыгын ушул түнү түшүндүм. Ал берген өмүрдү кор кылбашка, ал көрсөткөн ар бир таңды аруу тосуп алууга, ал тартуулаган тирүүлүктү мен да кимдир бирөөгө тартуулоо үчүн дагы да жашашым керектигин билдим. Бирок ага жан карайып турган кезде чалалбайм. Өзүм кайгынын ордосунда турсам да аны кайгыдан коргогум келет.
Мени жашоого шыктандырып, окуп бүтпөгөн кызыктуу китептей улам жаңы барагын ачууга шаштырган бир адам бардыгын ушул түнү билдим. Көздөрүмдү аны көрүп туруш үчүн аяйм, кадамымды ага жетиш үчүн тездетем, денемди ошол адам үчүн аруу сактайм. Карегимдин нурун көпкө төккүм келбейт, анткени ал адам өтө жарыкка татыктуу, мээримимди бөлөк бирөөдөн кызганам, анткени ал адам өтө жылуулукка муктаж. Жүрөгүмдүн ысыгын, көңүлүмдүн тазасын, сөздөрүмдүн жумшагын ага арнашым керектигин, ал адам гана башка көп сандаган адамдардан айырмаланып, ар бир сөзү жашоонун добушун көчүрүп, ар бир кыймылы кубанычтын куржунун көтөрүп, ар бир карашы бакыттын да, кээде кайгынын да кабарын сездирип күндөрүмө келип тураарын аңдадым. Бакыт менен кайгы. Анын көздөрүнөн так ушул карама каршы бири бирине коошпогон эки учкунду кармайсың. Жашоодо бул эки нерсе коошпосо да энчилеш жүрөт. Жалаң бакыт гана тартуулай берсе жашоо реалдуу болбой калбайбы. Бирок ал тартуулаган капалык да жагымдуу, денең оорубайт, көңүлүң суз тартат, түшүнгөн адамга бийик койгон адамың жиберген капалык өзүнчө кереметин берет. Бирок, ал адамга да чалалбайм. Анткени анын телефону ар дайым өчүрүлүү...
М
ен ушул түнү мени алдыда күтүп аткан жакын, эң эле жакын адамдарым бардыгын түшүндүм. Алар мени көп жылдан бери күтүп атышат, мен да аларга басып эмес, чуркап баратам, бирок үмүт мезгилдин улам бир бүктөмүнөн көрүнө калып, кайра кайып болуп адаштырып баратат. Качандыр бир жетеримди билем, андыктан кайгырбайм да, камсанабайм. Жалгыздыгымдан куткарса бир ошолор куткарат. Жүрөгүмдүн алдына топтоп, кемитип албайын деп күкүмүн да бапестеп сактап келген энелик мээримимди төгүп алсам ал чуркаса мен да такымдап чуркаган мезгилдин агымынан саамга алыста-ай түшүп, дүйнөнү беймарал тиктей алаарымды, тирүүлүктүн көздөрүнө кайпактабай тик багып, мына мен да тирүүлүккө тирүүлүк коштум, жарыктыкка дагы бир адам жараттым, деген сыймык менен күндөрүмдү бирөөнүн көмөгүсүз эле өзүм кооздоп алаарымды сездим.
Ушул түнү мен дагы бир нерсени түшүндүм - сага зыян келтирген, үмүтүңдү уурдап алып, дымагыңды басып, тирүүлүктүн бир түпкүрүнө камап салгысы келген адамдардан өч алуунун өтө бийик жолу бар. Ал - эч нерсеге карабай, артка кылчайбай, зыянга тайгаланбай, капалыкка алдырбай, жашооңдо жаман эч нерсе болуп өтпөгөндөй жашоону улантуу. Жөн гана жашоону улантуу...

Гүлбарчын




  Жандүйнө

Мезгил бизди эки жээкке бөлүптүр
Экөөбүз... Сен жана Мен. Бирок бул жөн гана кыял менен биргебиз, жашоодо экөөбүз таптакыр эки бөлөк адамбыз. Сени таза, аруу, балалык сезим менен жакшы көрүптүрмүн. Эч кимге билгизбегеним менен тааныш карааныңды издеген көздөрүм, көргөндө тайсалдап кеткеним башкаларга жүрөктөгү жашыруун сырымды ачып коёрун байкаган эмес экемин. Аруулук, тазалык ар бир адамдын жандүйнөсүндө жашаса анда сүйүшкөн жандарда чексиз бактылуулук доорону өкүм сүрмөк. Балким пендечилик менен аны да барктап, баалай албай калат белек. Түшүмө киргениңден кийин эки-үч күн эсимен кетпей кыйнайсың. Эмне үчүн түшүмө кирди экен дейм, балким сен да мени ойлоорсуң, же... Биздин сырыбыз да, жашырылган сүйүүбүз да тээ балалыктын айылында калды. Айылыма бараарда бир кезде сени көргүм келип дегдеген сезим кайрылып келип жүрөгүмдүн башына конуп алгансый берет.
* * *
Жамгырлуу түн. Сырттагы шуулдаган шамалдын дабышы, жамгырдын күмүш тамчыларынын өзүнө таандык, эч бир музыка чебери окшоштура албаган мукам обонду жаратып жаткан добушун тыңшап, ыргагына кошула термеле ойго бата бердим. Өткөн күндөргө келечекке болгон кыял аралаша калып бир калыпта келе жаткан таттуу оюмду чаташтырып жиберди. Кайра башынан түштүм. Кыялкечтик мүнөз бала кезимен калыптанып калгандыкыбы, андан таптакыр ажырай албайм. Тып-тып-тып... Бул жамгырдын тамчысынан жаралган обон. Шуу-шуу эткени шамалга термелген теректердин үнү. Аларга кошулуп үйдөгү жымжырттыкты бузуп табияттын музыкасына коошпой турганы менин дем алуум тура. Уйкум качып кетти, сыртка чыккым келди. Демейде оронуп-чулганып алчу үшүкчөн жаныма түнкү чыйрыгуу жагып турду. Мен чарчаган экемин, кимден, эмнеден деп бөлбөй баарынан. Жашообузда болуп жаткан бейтынч жашоо агымы мени эмес баардык адам баласын чарчатты көрүнөт. Бир мезгилде ушундай түн койнунда жакшы көргөн жамгырлуу түндө жүрөк сырын чечишчү убак артта калып бүгүн эртеңки күндүн тынчтыгын, балдарыбыздын амандыгын Кудайдан тиленип жаттым.
* * *
Бир мезгилдеги эрке кыялымды кызыман, өжөрлүгүмдү уулуман көрөм. Балдарыбызга жашоо берип жаратпастан баскан жолубузду улантканы, алардан өзүбүздү көрүп ата-эненин баркын билгени тукум улайт экенбиз деген ойго муюдум. Жанымда балдарым, сүйгөн жарым бар экенине карабастан ата-энемди, алыста калган айылымды, айылымда элес болуп сакталып калган балалыгымды сагынып, кусаландым. Канатым болсо эмне деп кыялданам, күндүз кечке балдарымдын жанында болуп, алар таттуу уйкуга батканда учуп ата-энеме жетип алардын уйкусун бузбастан шыбырт алдырбай жандарына жатып мага тааныш жытынан моокум кана жыттап таң агарып кеткиче кайтып келип калаар элем. Чарчап-чаалыкканыма кайыл болуп балдарым менен ата-энемди жүрөгүмө бек кысып бала жыты менен атамдын тер, апамдын сүт жыттанган керемет жытын искөөдөн өткөн бакыт барбы. Бир канатым- ата-энем, бир канатым- балдарым менен алардын атасы. Мени көккө көкөлөткөн да, келечекти карай алга сүрөгөн да ушул кош канатым эмеспи. Адам баласынын канаты кайрылбасын.
* * *
Артта калган учурларда болгон сырымды күндөлүгүм менен бөлүшчүмүн, бүгүн ага кайрылып сырдашуудан четтеп калдым. Жаштыкты жандаган сезимдин күчү ал күндөрдү ак баракка калтырып эстелик кылып тартуулаган экен. Окуган сайын ошол күндөргө кайрылып барып келгенсип жеңилдей түшөм. Бирок баары алмашкан, азыр менда, күндөлүктө ысымы калган адам да өз жашообузду улап кеттик. Күндөр уланууда, мезгил шары менен биз эки башка агымга туш болуп тирүүлүктө жашап келебиз. Мен жана сен жөн гана дептердин барагында сакталып калган эскерме сындуу туюлабыз.
Ажар