п»ї
  Сапар кайрык

86 карат алмаз сакталган жай
Стамбул шаары Түркиянын башка шаарларынан айырмаланып эки бөлүктөн турат. Европа бөлүгү жана Азия бөлүгү. Стамбулдуктардын өздөрүнүн айтымына караганда шаардын эки бөлүгү бир-биринен абдан эле айырмаланып турат. Эгер шаардын Европа бөлүгүндө тарыхый мааниси чоң эски имараттар орун алган болсо, Азия бөлүгүндө анчейин тарыхый эстелик, имараттарды кездештирүү кыйын. Бирок, Азия бөлүгүн "жаңы курулуп жаткан шаар" деп да атап коюшат. Анткени шаардын бул жарымына асман тиреген бийик имараттар көп курула баштады. Анан калса Азия бөлүгүндө туристтерди сейрек кездештиресиң. Европа бөлүгүнө салыштырмалуу тынч. Ошондуктан бул аймакты көбүн эсе "капчыктуу" стамбулдуктар байырлашат. Ансыз мегаполистен машинанын агымынан, көчөлөргө батпаган туристтерден эс алым үчүн бул аймак абдан эле ыңгайлуу экени сезилип турат. Эгер Стамбул шаарынын Азия бөлүгүн биздин борбор калаабыз менен салыштыра келсек, Жал, Асанбай микрорайондору орун алган аймактарга окшош келет. Тоо таянып барып отурукташкан Жал жана Асанбай микрорайондору сыяктуу абасы салкын. Стамбулдун Азия бөлүгүндө тоонун чокусунда орун алган атайын чакан ресторан орун алган. Ал жактан Стамбулдун Европа бөлүгү алаканга салгандай болуп көрүнүп турат.

Стамбулдун Азия менен Европа бөлүктөрүн бириктирип турган асма көпүрөлөрдүн бири Ататүрк атындагы көпүрө. Бул көпүрөнүн узундугу 1510 м, туурасы 39м, бийиктиги 64 м. Ататүрк көпүрөсү курулуп бүткөн убакта эң узун көпүрөлөрдүн катарынан 4-орунду ээлеген. 64м. бийиктик анын алдынан океанда сүзгөн чоң кемелердин дагы өтүүсүн камсыздай алат. Көпүрөнүн ачылышы 1973-жылдын 29-октябрында Түркия мамлекетинин 50 жылдык мааракесине карата ачылган. Көпүрө Стамбулдун Европа аймагынан Ортакёй жана Азия бөлүгүнөн Бейлербей райондорун бириктирип турат. Асма көпүрөнү куруу үчүн 35 инженер жана 400 жумушчу тартылган. Аны курууга 200 миллион доллар сарпталган. Күн сайын көпүрөдөн 180 000 транспорт өтөт. 1997-жылдын 29-декабрында көпүрөдөн миллиончу транспорт өткөн. Ал эми "часпик" учурунда көпүрө 90 см.ге чейин ылдый түшөт.
Стамбулда болгон 3 күндүк сапар маалында Топкапы султан сарайында да болдук. Биринчи эле султан сарайы өзүнүн ээлеген аянты менен таң калтырды. Сарайдын жалпы ээлеген аянты 70 гектар. Сарайдын ичине курулган ар бир имарат өзүнүн кооздугу менен көз жоосун алат. Ал жерде атайын ашканадан тартып атайын чет элдик конокторду кабыл ала турган чакан бөлмөлөргө чейин бар. 1453-жылы Стамбулду түрктөр кайрадан өздөрүнүн карамагына алганда падыша Султан Мехмет Рим империясынан калган шаарды кайрадан куруп чугууга буйрук берет. 19-кылымга чейин бул сарай курулуп, толукталып келген. Сарайдын алгачкы аталышы "Сара-и-Жедиде-и-Амире" деп аталган.
1923-жылы Мустафа Кемалдын атайын токтому менен Топкапы сарайы жана бир катар султандарга тиешелүү сарайлар музей макамын алган. Топкапы музей сарай комплексинде Түркиянын тарыхындагы атактуу султандардын жана жакынкы чыгышка атагы чыккан императорлордун колдонуп жүргөн асыл буюмдары да орун алган. Топкапы музейинде коюлган экспонаттар австриялык Габсбург, белгилүү орус падышаларынын белгилүү азем буюмдары менен теңтайлашып, дүйнөдөгү эң сейрек кездешкен азем буюмдар боюнча 3-орунда турат. Коюлган экспонаттардын саны 65 000гө жетет. Бирок, музейдин жетекчилигинин айтымында булар падыша сарайынын казынасынын болгону ондон бир гана бөлүгү. Казынанын калган буюмдары атайын көргөзмө залдары тартыштыгынан улам коюлбай турат дешет. 3-залда коюлган эң баалуу экспонат болуп "алмаз кашыкчы" алмазы эсептелет. Бул азем буюм 86 карат жана ал 49 бриллиант менен шөкөттөлгөн.
Кийинки сандан Түркиянын Гавайиси болгон Анталья шаары тууралуу окуй аласыздар.
Расул Үсөналиев




Өкмөт: Атайын-эскертмелер аткарууга тийиш
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет: Акыркы мезгилдерде жаан-чачындар Республикабыздын аймагында бир топ материалдык чыгымдарды алып келди. Айтсак, Талас облусунун Манас районунун Покровка жана Үчкоргон айыл округдарында жамгыр аралаш жааган мөндүр айыл чарба жерлерине зыянын тийгизсе, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Туу жана Кара-Суу айылдык округдарында 350 дөн ашык мал-жандыктарды агызып кеткен. Ал эми аба-ырайынын жаан-чачындуу болушу менен Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айылдык округунда Кызыл-Булак-Тамаша унаа жолунда шагыл аралаш таштар түшүп, жол каттамын убактылуу токтотууга дуушар кылган. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында башкача айтканда Бишкек-Ош унаа жолунун 261-чакырымында 2011-жылдын 11-май күнү жүргөн жер көчкүсү жолдун жээгине салынган тамактануучу жайда иштеген 1954-жылы туулган Анарбай Шаршеновдун өмүрүн алып кетти.


Жогорудагы катталган кырсыктардын көпчүлүгү тийиштүү жетекчилердин жана жарандарыбыздын кайдыгерлигинен улам болуп жаткандыгын баса белгилеп айтмакчыбыз. Албетте жаратылыш кырсыктары айттырбай келет, бирок Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг департаментинин кырсыктардын болжолдуу алдын ала айткан эскертмелерине тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жаткандыгы да ачуу чындык. Анын бир эле мисалы катары Токтогул районунда Анарбай Шаршеновдун өмүрүн кыйган жер көчкүсүн айтсак болот. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын буйрутмасы (заказы) менен 2000-жылы Кыргыз Республикасынын бардык аймактарына (анын ичинде Чычкан капчыгайына да) адистер тарабынан инженердик-геологиялык чалгындоо жүргүзүлүп, кооптуу аймактар жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, тиешелүү мамлекеттик органдарга китеп кылып чыгарылып жөнөтүлгөн. Аталган китептеги эскертме маалыматтар министрликтин мониторинг департаменти тарабынан жыл сайын иликтенип, жаңыртылып, тиешелүү жактарга таркатылып турулат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг департаменти тарабынан жөнөтүлгөн эскертмелердин негизинде ар бир мамлекеттик мекеме-ишканалар, жеке ишкерлер менен жарандар өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө милдеттүү. Эгер жогоруда белгиленген тартипте жумуш алып барылганда, балким Токтогул районундагы жер көчкүдөн Анарбай Шаршенов каза болбой калуусу да мүмкүн эле.
Жогорудагы маалыматка кошумча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг департаменти Токтогул районунун Чычкан капчыгайынын ичиндеги 260-161-чакырымдарынын аралыгында жайгашкан Н.Тешебаевге таандык "Ак өргөө", Р.Молдахуновага таандык "Динара", Т.Ниязовага таандык "Аблез ата", С.Молдахуновго таандык "Салей", Д.Баатырбековага таандык "Маатказы ата", М.Чодошовага таандык "Нурсултан" жана башка жалпысынан 11 тамактануучу жайлар кар көчкү коркунучунан кооптуу жайда иштеп жатышкандыгы жөнүндө 2009-жылдын 15-январында эле эскертмелер берилип, бирок алар өздөрүнүн ишмердүүлүктөрүн токтотпой жатышат. Андан сырткары 2000-жылы жүргүзүлгөн инженердик-геологиялык чалгындоодо да Бишкек-Ош унаажолунун 223-чакырымынан 277-чакырымына чейинки аралыктарынын 45 участкалары кар көчкүлөрүнөн, жер көчкүлөрүнөн, кум-шагылдардын агып түшүүсүнөн кооптуу экендиги белгиленген. Атайын эскертмелер Токтогул райондук мамлекеттик администрациясына жана Жаңыжол айылдык округуна тапшырылган.
Жогоруда жөнөтүлгөн эскертмелердин аткарылуусун көзөмөлгө алуу зарылдыгы боюнча 2011-жылдын 2-марты күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким С.Арстанбековго Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан "Атайын-Эскертме" жөнөтүлгөн. Аталган эскертмеде 2010-жылдын 1-октябрынан 2011-жылдын 31-январына чейинки 4 айдын ичинде жааган жаан-чачын жер көчкүлөрдүн орточо активдешүүсүнө шарт түзгөндүгү белгиленген. Ошондой эле Токтогул районунун аймагында 1994-жылдан 2011-жылдын 1-январына чейин 162 үй бүлөөнү коопсуз аймактарга көчүрүп чыгуу боюнча эскертме берилип, анын ичинен 14 гана үй бүлөө көчүрүлүп, 148 үй бүлөө дагы деле кооптуу аймактарда жашап жаткандыгы айтылган. Кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандарды керек болсо милдеттүү түрдө көчүрүп чыгуу чараларын көрүүгө чейин баруу зарылдыгы эскертмеде баса көрсөтүлгөн. Ушундай эле эскертмелер Кыргыз Республикасынын бардык жергиликтүү бийлик органдарына жөнөтүлүп турулат.
Эгерде жогорудагы эскертме өз убагында аткарылган болсо балким адам өмүрү кыйылбайт эле дегенибиздин негизи ушул болуп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын облустук, райондук, шаардык мамлекеттик администрация башчыларына, айыл округдардын башчыларына жана баардык жарандарга кайрылат: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана министрликтин мониторинг департаменти тарабынан берилген АТАЙЫН-ЭСКЕРТМЕЛЕРДИН негизинде көрсөтүлгөн мөөнөтүндө ыкчам чараларды көрүү зарыл. Эскертмеде коюлган милдеттерди аткаруу менен жарандарыбыздын өмүрүн сактап калуу жана материалдык чыгымдарды азайтуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлөөрүн унутпоо керек.
ӨКМнин басма сөз кызматы
Тел: (03222) 7-63-10. (0770) 22-31-36.







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??