п»ї

  Акыркы коңгуроого карай…

Жибек эжеке
25-Май! Акыркы коңгуроо. Мектепти бүтүрүү салтанаты. 10 жылдык маараке. 20 жылдык маараке. 30 жылдык… Куттуктоолор, коштошуулар, учурашуулар… Айтор, бул күнү катардагы карапайымдан тартып Президентке чейин кааласа да каалабаса да, өткөн өмүрүнө бир саресеп салып окуучулук күндөрүн, агай-эжекелерин, классташтарын көз алдынан өткөрүүгө аргасыз. Бул көз ирмемдерде он жыл окуткан агай-эжекелерибиздин арасында биринчи мугалим өзгөчө орунду ээлерин, бир айылдагы "классташ" институтун түзүүгө кошкон салымы зор экендигин эч кимибиз тана албастырбыз.
Бул күнү мектепти бүткөнүбүзгө 20 жыл болуп турган мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биринчи мугалимибиздин өмүрүн өрнөк кылып, азыноолак болсо да кеп салууну эп көрдүк.

Жибек Абдиева -өз өмүрүнүн 30 жылдан ашуун мезгилин эл агартуу тармагына арнаган, мугалимдик бул өмүрдү бир айылда, бир мектепте бир нече муунга сыйдырып, ак эмгеги менен эл кадырына ээ болгон инсан. Эл агартуунун отличниги. Учурда Аксы районундагы Малкалды айылында турмуштун 75-жазын өткөрүп турган чагы.

Мезгил ыйманы
Эжекебиз 1936-жылы Аксы районунун Тегене кыштагында төрөлүптүр. Үйдө жети уулдун арасынан жалгыз кыз. Балалык кези согуш учуруна туш келип далай кыйынчылыктар менен чоңоюп, анын кесепетинен мектепке да кечирээк барып калган. "Мен эс тартып калганымда согуш башталып кетти. Ойноо дегенди билбей калдык, "айдап кел", "байлап келге" жарагандын баары эле фронт үчүн бир иш кылуу, жеңиш эртерээк келсе деген эле тилек. Ал кезде жарытылуу кийим кийиш деген деле жок, этек-башты жапкан эле көйнөк болсо болду болчу. Балдар жылаңайлак, жылаңбаш эле дикилдеп жүрө беришчү. Курсактын тойгонуна сүйүнчү элек. Негедир ал кезде адамдар да ыймандуу болушуп, бири-бирине ушунчалык боорукер, кайрымдуу мамиле жасашаар эле. Үйдү бекитмей, тамакты бекитмей жок эле. Тапканды ортодон чогуу жеп, чогуу ичип жашачубуз.
Тигил үйдөн, бул үйдөн болуп эки күндүн биринде эле согушка жөнөтмөй, ызы-чуу. Көргөнүбүз эле ушул болду" деп балалык оор күндөрүн эжеке өзү жазган "Энеңер баскан жол" аттуу китебинде баса белгилейт.
Лидер окуучу
Эжеке мектепте алгачкы күндөрдөн эле зиректигин көрсөтүп жакшы бааларга окуду. Ар нерсеге дилгирлиги, сезимталдыгы менен окуудан сырткары мектептин коомдук иштерине активдүү катышып жүрүп 5-классында эле комсомолдун катарына кабыл алынып, туура бир жылдан кийин комсомолдук уюмдун секретары болгон. Өзү окуучу болуп туруп, мектептеги мыкты окуган окуучуларды комсомолго даярдап, аларды райондун борборуна алып барып комсомолго өткөрүп келчү экен. Ал мезгилде машина деген жок, район борборуна ат менен каттап, комсомолдун райондук, областтык конференцияларында жалындуу сөздөрү менен уккандарды таасирлентип, жаштардын бир далай көйгөйлөрүн чечүүгө жараган. Сталин атындагы мектептин жетинчи классынын окуучусу Жибек Абдиева Кыргыз ССринин агартуу министрлиги тарабынан Ардак грамота менен сыйланганда мектеп гана эмес, бүт айыл кубанган дешет. Бул грамотанын кадыры азыркы Өкмөттүн Ардак грамотасынан күчтүү болсо, ал эми комсомол уюмуна өтүү, анын секретарлыгына Жогорку Кеңештин депутаттыгына өтүүдөн кыйынга турганын кийинкилер билбесе да мурунку муун унута электир.
Тегене айылындагы 7 жылдык мектепти аяктаган соң азыркы Малкалды(Жаңы-Жол) айылына келип "Ленинчил жаш" (Ж.Мамытбеков атындагы)орто мектебинин кечки бөлүмүнөн андан аркы билимин уланткан.
Таасири тагдыр бургандар
Бир кезде өзү окуп бүтүргөн "Ленинчил жаш" орто мектебинин алдындагы интернатка 1966-жылы тарбиячы болуп иштөө менен андан ары мугалимдик кесипти аркалап калышы, бул да болсо тагдырдын күтүүсүз бурулуштарынын бири болчу.
Согуш бүтүп, катаал турмуш аз-аздан унутулуп, эл күткөн социалисттик теңчилик өкүм сүрүп жаткан күндөрдүн биринде тагдыр Жибек эжекени Чүйдүн кулуну, сот тармагында иштеген өмүрлүк жолдошу Кадыр Абдиевге капыстан жолуктурду. Оор күндөр артта калып, бактылуу турмуш жолу башталды. Жолдошунун жумушуна байланыштуу жерден-жер которуп, үйдөн-үйгө көчүп, балдары менен бапырап жай турмуш өтө берди. Бирок, турмуш баары бир бир нукта кетпейт экен. Ошол күндөрдүн биринде Жибек эжекеге турмуш дагы бир ирет соккусун уруп, өмүрлүк тиреги Кадыр Абдиевди күтүүсүз ажал алып кетти. "Өлгөндүн артынан өлмөк жок" дегендей улуусу он жашка чыга элек, кичүүсү боюнда мезгилинде чиедей алты баласы менен чыркырап эжеке кала берди. Анда эжеке болгону 29 жашта болчу. Үстүндө үйрүп алаар үйү, же иштеген жумушу жок кайрадан кыйынчылык күндөр тооруп калды. Кантсе да эл деген эл эмеспи, касиеттүү Малкалды айылынын эли эжекени таштап коюшкан жок. Жакындан кошуна-колоң, алыстан тууган-урук, кайын-журт ар тараптан колдоп, канаты сынган бул бүлөнү тагдыр сыноосуна сындыртып коюшпады. Өзүнүн эскерүүсүндө ал кыйынчылык мезгилде эл колун созуп, кандай кыйынчылыктар болбосун колдорунан келген жардамдарын беришкен. Райкомдун 1-секретары Махмуд Касымов, совхоздун директору Матен Сыдыковдордун көмөктөрү менен үйлүү болуп, кошуналарынын жылуу мамилелери анын турмушка болгон үмүтүн өчүрбөй турушканын ыраазы болуу менен эскерет. Кийинчерээк турмуш оңолуп, эжеке да эл катары Малкалды айылынын ортосунан участка алып өз үйүн кура баштады. Дал ушул күндөрдүн биринде бир кездери кошуна турушкан райкомдун секретары Жамийла Керимбаева эже капысынан жолугуп эжекенин андан аркы тагдырына чоң бурулуш жасап жиберет. Анын жардамы менен бүтпөй жаткан үйү бүтүп, ал түгүл мектептеги интернатка тарбиячы болуп жумушка орношуп калат. Муну эжеке өзү "жакшынын шарапаты деген ушул" деп али күнчө эстейт. Себеби, андан аркы мугалимдик тагдырынын башаты ушундан башталган эле. Тарбиячы болуп жумушка алгач кирген интернаттагы ата-энеси жанында эмес малчылардын жана каттап окууга мүмкүнчүлүктөрү болбогон алыскы айылдан келген балдарга эне ордуна энелик камкордук көрсөтүү, энелик мээримин төгүүү, андагы 55 баланын 55 мүнөзүн өздөштүрүү түйшүгү, албетте, оңойго турбады. Бир чети бир мезгилдери жолдошу Кадыр Абдиевдин жумушуна байланыштуу Токтогул районунда туруп калышканда ак таңдай акындардын акыркы могикандарынан болгон Токтосун Тыныбеков, Эстебес Турсуналиев, Саркунандар менен үй-бүлөлүк катташ кылып калышканы, эл ырчысы, кадимки Коргоол акындын булардын үйүнө тез-тез каттап, эжеке алардын кептерине, ырларына таасирленип элдик педагогикадан "билим алып" калгандыгынын да пайдасы тийбей койгон жок.
Билимден билимге карай
Бир жыл ичи тарбиялык багытта балдар менен болгон мамилеси тереңдеп, балдар дүйнөсүнө сүңгүп кирген эжеке андан аркы эмгегин бирото балдарга арноону чечти да башталгыч класстардын окуучуларына сабак бере баштады. Бирок, баары бир билим албаса болбостугун убагында туюп, алгач Жалал-Абаддагы А.СПушкин атындагы педагогикалык окуу жайын мыкты деген баалар менен бүтүп келип, 1969-жылдан тарта кайрадан башталгыч класстарга сабак бере баштайт. Андан көп өтпөй демине-дем кошулуп, билимин дагы жогорулатуу максатында Ош педагогикалык институтуна тапшырып, жогорку билим алууга да үлгүрөт. Институтту бүтүп келген соң "Ленинчил жаш" орто мектебиндеги башталгыч класстардын мугалимдеринин тажрыйбасын арттыруунун үстүндө иштеп, башталгыч класстар боюнча секцияны жетектеди, бара-бара башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчылыгына жетти.
Мээнет менен келген кадыр-барк
Ал мезгилде окутууга, мугалимдерге талап күчтүү болуп, ар бир сабак көрсөтмө куралдарысыз өтпөгөндүктөн, үйүндө сүрөткө шыктуу кыздары менен биргеликте колго даярдаган көрсөтмө куралдардан сырткары, атайын Москва, Киев, Ленинград шаарларынан заказ менен алдыраар эле. Башталгыч класстын тажрыйбалуу мугалимдери Умар Эргешов, Тууганбай Молдобаев, Жоробек Мамытбековдордун өз иштерине болгон жоопкерчиликтери Жибек эжекеге окшогон жаш мугалимдерди шыктандырып турду. Ал инсандардан көптү үйрөндү. Эмгек кадамын "Ленинчил жаш" орто мектебине аттаганда директор Тажимырза Култаев, окуу бөлүмүнүн башчысы Айталы Нурболотов агайлар жетекчилик жана адамдык мыкты сапаттары менен татаал жана ал мезгилде өтө барктуу саналган бул кесиптин ички дүйнөнсүнө карай туура багыт берип турушту. Ар кандай кырдаалдарда, ар кайсы жагдайларда жакшы адамдардын шарапатын көп көргөн эжеке өзү да адамдарга көп жакшылык иштерди жасоого үйрөндү. Турмуш ошону үйрөттү. Отуз жыл ичи эжеке окуткан окуучулар аталган мектептин отличник-ударниктеринин басымдуу бөлүгүн түзүп турушту. Мезгилинде ал даярдап, жетектеп алып барган мектептин бир нече мугалимдери конкурстарда алдыңкы орундарды ээлешип, мектептин атын даңазалап чыгарып турушканы бар. Иштеген ак иши менен бир гана мектеп жамааты, окуучулары арасында гана эмес, айыл ичинде кадыр-барк таба алды. Эс алууга (пенсияга) жашы жеткенден кийин да мектеп жамаатынын, директордун өтүнүчү менен жаш мугалимдерге үлгү көрсөтүп үч жыл эмгек кылып берди.
Чейрек кылымдан ашык өмүрүн жоопкерчиликтүү, ардактуу бул кесипке арнаганына кубанып, сыймыктанат.
Ардактуу эс алууда болсо да айылдын коомдук-социалдык турмушуна активдүү аралашып, карыялар кеңешинде, кыз-келиндер комитетинде, мектептин ата-энелер комитеттеринде эмгектенип, айыл жаштарын тарбиялоодо жакшы таасирлерди калтырып келет.
Эжекебиздин окуткан окуучулар учурда өлкөнүн туш тарабында ар кайсы кесиптин ээлери болуп үзүрлүү эмгектенишүүдө.
Эне жолун жолдоп үч кызы педагогикалык кесиптин ээлери болушту. Бирөөсү Эл агартуунун отличниги.
Учурда 22 небереси, 6 чеберенин бактылуу энеси.
Бакыт Молдалиев





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??